Салыштырма таблица



Дата30.06.2016
өлшемі131.93 Kb.
#168816
Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА




Конституциянын колдонуудагы жоболору


Мыйзам долбоору сунуш кылган жоболору


Конституциялык мыйзамдар, мамалекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча Комитеттин сунушу



Комитеттин сунушун эске алган Мыйзам долбоору


46-берене

1. Президент:

6) Мамлекеттик катчыны дайындайт, анын статусун жана ыйгарым укуктарын аныктайт; өзүнүн ишин камсыз кылуучу Президенттин Администрациясын түзөт;

7) Коопсуздук кеңешин жана башка координациялоочу органдарды түзөт жана башчылык кылат;

8) өзүнө баш ийген Мамлекеттик күзөт кызматын жана Улуттук гвардияны түзөт;

4. Президент:

3) жогорку аскердик наамдарды, дипломатиялык рангдарды, класстык чендерди жана башка атайын наамдарды ыйгарат;

10. Президент коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылат, Премьер-министрдин сунушу боюнча алар жөнүндө жобону бекитет; алардын жетекчилерин жана жетекчилердин орунбасарларын дайындайт жана бошотот.




1. 46-беренеде:

- 1-пунктта:

6-8-пунктчалар төмөнкү редакцияда баяндалсын:

“6) Президенттик кеңешмени жана башка кеңешүү органдарын түзөт; алар жөнүндө жоболорду бекитет;

7) координациялоо органдарын түзөт, жоет жана кайра уюштурат; алар жөнүндө жоболорду бекитет;

8) ага баш ийген Мамлекеттик күзөт кызматын түзөт, жоет жана кайра уюштурат”;


- 4-пункттун 3-пунктчасындагы “, класстык чендерди” деген сөздөр алып салынсын;


- 10-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

“10. Президент коргоо, коопсуздук, тышкы иштер, ички иштер маселелерин тескеген мамлекеттик органдарга жалпы жетекчилик кылат, алардын жетекчилерин жана жетекчилердин орун басарларын дайындайт жана бошотот. Премьер-министрдин сунушу боюнча коргоо жана ички иштер маселелерин тескеген органдар жөнүндө жоболорду бекитет.”.







46-берене

1. Президент:

6) Президенттик кеңешмени жана башка кеңешүү органдарын түзөт; алар жөнүндө жоболорду бекитет;

7) координациялоо органдарын түзөт, жоет жана кайра уюштурат; алар жөнүндө жоболорду бекитет;

8) ага баш ийген Мамлекеттик күзөт кызматын түзөт, жоет жана кайра уюштурат;

4. Президент:

3) жогорку аскердик наамдарды, дипломатиялык рангдарды жана башка атайын наамдарды ыйгарат;
10. Президент коргоо, коопсуздук, тышкы иштер, ички иштер маселелерин тескеген мамлекеттик органдарга жалпы жетекчилик кылат, алардын жетекчилерин жана жетекчилердин орун басарларын дайындайт жана бошотот. Премьер-министрдин сунушу боюнча коргоо жана ички иштер маселелерин тескеген органдар жөнүндө жоболорду бекитет.


52-берене

1. Ушул Конституцияда көрсөтүлгөн себептер боюнча Президент өзүнүн ыйгарым укуктарын аткара албай калган учурда жаңы Президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарат. Президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарууга мүмкүнчүлүк болбой калган учурда Президенттин ыйгарым укуктарын Премьер-министр аткарат. Мындай учурда жаңы Президентти шайлоо Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган учурдан тартып үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбей өткөрүлүүгө тийиш.

2. Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан кызмат адамдары Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоого, референдум дайындоого, Өкмөттүн ыйгарым укуктарын токтотууга, ошондой эле Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө сунуш киргизүүгө укуксуз.


2. 52-беренеде:

- 1-пунктта:

биринчи сүйлөмдөгү “Жогорку Кеңештин Төрагасы” деген сөздөр “Президенттик кеңешме аныктаган адам” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

экинчи сүйлөм төмөнкү редакцияда баяндалсын: “Президенттин ыйгарым укуктарын аткара турган адамды аныктоо жөнүндө чечим Президенттик кеңешме тарабынан Президенттик кеңешменин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.”;


- 2-пункттагы “аткарып жаткан кызмат адамдары” деген сөздөр “аткарып жаткан адам” деген сөздөр менен алмаштырылсын.




Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-пункттунда:

- үчүнчү абзацтагы «Президенттик кеңешме» деген сөздөр «курамында Жогорку Кеңештин Төрагасы, Премьер-министр жана Президенттик кеңешменин мүчөлөрү кирген мына ушул максатта гана үч күндүн ичинде чакырылган Мамлекеттик кеңеш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- төртүнчү абзацтагы «Президенттик кеңешме тарабынан Президенттик кеңешменин» деген сөздөр «Мамлекеттик кеңеш тарабынан Мамлекеттик кеңештин» деген сөздөр менен алмаштырылсын.


52-берене

1. Ушул Конституцияда көрсөтүлгөн себептер боюнча Президент өзүнүн ыйгарым укуктарын аткара албай калган учурда жаңы Президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын курамында Жогорку Кеңештин Төрагасы, Премьер-министр жана Президенттик кеңешменин мүчөлөрү кирген мына ушул максатта гана үч күндүн ичинде чакырылган Мамлекеттик кеңеш аныктаган адам аткарат. Президенттин ыйгарым укуктарын аткара турган адамды аныктоо жөнүндө чечим Мамлекеттик кеңеш тарабынан Мамлекеттик кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Жаңы Президентти шайлоо Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган учурдан тартып үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбей өткөрүлүүгө тийиш.

2. Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан адам Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоого, референдум дайындоого, Өкмөттүн ыйгарым укуктарын токтотууга, ошондой эле Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө сунуш киргизүүгө укуксуз.


58-берене

1. Жогорку Кеңештин карамагына төмөнкүлөр кирет:

26) Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, дипломатиялык рангдарын, класстык чендерин жана башка атайын наамдарын белгилөө;


3. 58-берененин 1-пунктунун 26-пунктчасындагы

“, класстык чендерин” деген сөздөр алып салынсын.







58-берене

1. Жогорку Кеңештин карамагына төмөнкүлөр кирет:

26) Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, дипломатиялык рангдарын жана башка атайын наамдарын белгилөө;


68-берене

1. Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин Өкмөт, ага баш ийген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин дагы башка органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ишке ашырат.

3. Өкмөттүн ишине Премьер-министр жетекчилик кылат. Өкмөт Премьер-министрден, вице-премьер-министрлерден, министрлерден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турат.

Өкмөттүн түзүмүн Премьер-министр аныктайт жана өзүнө Кыргыз Республикасынын министрликтерин жана мамлекеттик комитеттерин камтыйт. Өкмөттүн түзүмү Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет.




4. 68-беренеде:

- 1-пункттагы “министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор” жана “башка” деген сөздөр алып салынсын;

- 3-пунктта:

биринчи абзацтын экинчи сүйлөмүндөгү “, министрлерден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан” деген сөздөр “жана башка Өкмөт мүчөлөрүнөн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

экинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:

“Өкмөттүн түзүмү Премьер-министр тарабынан аныкталат жана Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет.”.







68-берене

1. Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин Өкмөт, ага баш ийген аткаруу бийлигинин башка органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ишке ашырат.

3. Өкмөттүн ишине Премьер-министр жетекчилик кылат. Өкмөт Премьер-министрден, вице-премьер-министрлерден жана башка Өкмөт мүчөлөрүнөн турат.

Өкмөттүн түзүмү Премьер-министр тарабынан аныкталат жана Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет.




69-берене

2. Дайындалган Премьер-министр Өкмөттүн түзүмүн жана Өкмөт мүчөлөрүнүн кызмат орундарына талапкерлерди аныктайт.

Премьер-министр өзү дайындалган күндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде Өкмөттүн түзүмүн Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө киргизет. Коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселелерин тейлеген Өкмөт мүчөлөрүнөн башка Өкмөт мүчөлөрүнүн кызмат орундарына талапкерлер Өкмөттүн түзүмү бекитилген күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде Президентке киргизилет.

Президент талапкерлер сунушталган күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен Өкмөт мүчөлөрүн дайындайт.




5. 69-берененин 2-пунктундагы

“улуттук коопсуздук,” жана “тышкы иштер” деген сөздөр алып салынсын.








69-берене

2. Дайындалган Премьер-министр Өкмөттүн түзүмүн жана Өкмөт мүчөлөрүнүн кызмат орундарына талапкерлерди аныктайт.

Премьер-министр өзү дайындалган күндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде Өкмөттүн түзүмүн Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө киргизет. Коргоо, ички иштер маселелерин тейлеген Өкмөт мүчөлөрүнөн башка Өкмөт мүчөлөрүнүн кызмат орундарына талапкерлер Өкмөттүн түзүмү бекитилген күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде Президентке киргизилет.

Президент талапкерлер сунушталган күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен Өкмөт мүчөлөрүн дайындайт.




72-берене

2. Премьер-министрдин кызматтан кетишин кабыл алуу Өкмөттүн жана администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин кызматтан кетишине алып келет.

Өкмөттүн кызматтан кетишин кабыл алуу Өкмөттүн бүткүл курамынын жана администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин кызматтан кетишине алып келет.

3. Өкмөт түзүлгөнгө жана администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери дайындалганга чейин Премьер-министр, Өкмөт мүчөлөрү, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин жана башка органдарынын жетекчилери өзүнүн милдеттерин аткарууну улантат.




6. 72-беренеде:

- 2-пункттагы “администрациялык ведомстволордун жана” деген сөздөр алып салынсын;

3-пункттагы “администрациялык ведомстволордун жана” деген сөздөр алып салынсын.





72-берене

2. Премьер-министрдин кызматтан кетишин кабыл алуу Өкмөттүн жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин кызматтан кетишине алып келет.

Өкмөттүн кызматтан кетишин кабыл алуу Өкмөттүн бүткүл курамынын жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин кызматтан кетишине алып келет.

3. Өкмөт түзүлгөнгө жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери дайындалганга чейин Премьер-министр, Өкмөт мүчөлөрү, аткаруу бийлигинин жана башка органдарынын жетекчилери өзүнүн милдеттерин аткарууну улантат.




73-берене

1. Өкмөт ушул Конституцияда жана мыйзамдарда Президенттин жана Жогорку Кеңештин компетенциясына киргизилген ыйгарым укуктардан башка мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин чечет.


2. Өкмөт:

1) Конституциянын жана мыйзамдардын, Президенттин ченемдик-укуктук актыларынын, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн токтомдорунун аткарылышын, мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын ишке ашырылышын камсыз кылат;

2) мыйзамдуулукту, жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат;

3) финансы, баа, тариф, инвестиция жана салык саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат;

4) республикалык бюджетти иштеп чыгат жана Жогорку Кеңешке сунуштайт жана анын аткарылышын камсыз кылат; республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Жогорку Кеңешке отчет берет;

5) социалдык-экономикалык жана маданий чөйрөдө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;

6) экономикалык, социалдык, илимий-техникалык жана маданий өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

7) менчиктин бардык түрлөрүн өнүктүрүүнүн жана аларды коргоонун бирдей шарттарын камсыз кылуу боюнча, мамлекеттик менчик объекттерин башкаруу боюнча чараларды ишке ашырат;

8) мамлекеттин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүштү сактоо боюнча, ошондой эле коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук жана коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат;

9) тышкы экономикалык иштерди жүргүзүүнү уюштурат жана камсыз кылат;

10) жарандык коом менен эриш-аркак иштешүүнү камсыз кылат;

11) Конституция жана мыйзамдар, Президенттин жарлыктары менен өзүнө берилген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.


7. 73-беренеде:

- 1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

“1. Ушул Конституция жана мыйзамдар менен Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөткө баш ийбеген башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирген маселелерди кошпогондо Өкмөт мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин чечет.”;

- 2-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

“2. Өкмөт өз ишин бийликтин башка бутактары, Өкмөткө баш ийбеген мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен эриш-аркак жүргүзөт.”.





73-берене

1. Ушул Конституция жана мыйзамдар менен Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөткө баш ийбеген башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирген маселелерди кошпогондо Өкмөт мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин чечет.

2. Өкмөт өз ишин бийликтин башка бутактары, Өкмөткө баш ийбеген мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен эриш-аркак жүргүзөт.


74-берене

3. Өкмөт министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, министрликтердин жана мамлекеттик комитеттердин түзүмүнө кирбеген аткаруу бийлигинин, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялык органдардын ишине жетекчилик кылат.

4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары өз кызмат укуктарынын чегинде, Конституциянын жана мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Жогорку Кеңештин токтомдорунун, Өкмөттүн токтомдору менен буйруктарынын негизинде жана аларды аткаруу максатында буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын уюштурат, текшерет жана камсыз кылат.

5. Өкмөт министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын отчетторун угат жана алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген актыларын жокко чыгарат.




8. 74-беренеде:

3-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

3. Өкмөт өзүнө баш ийген аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишине жетекчилик кылат.”;

- 4-пункттагы “Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор,” деген сөздөр “Аткаруу бийлик органдары” деген сөздөр менен алмаштырылсын;


- 5-пункттагы “министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун” жана “башка” деген сөздөр алып салынсын.







74-берене

3. Өкмөт өзүнө баш ийген аткаруу бийлик органдарынын, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрация органдарынын ишине жетекчилик кылат.

4. Аткаруу бийлик органдары өз кызмат укуктарынын чегинде, Конституциянын жана мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Жогорку Кеңештин токтомдорунун, Өкмөттүн токтомдору менен буйруктарынын негизинде жана аларды аткаруу максатында буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын уюштурат, текшерет жана камсыз кылат.

5. Өкмөт аткаруу бийлигинин органдарынын жетекчилеринин, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын отчетторун угат жана алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген актыларын жокко чыгарат.











Достарыңызбен бөлісу:




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет