Тилдердин генеологиялык классификациясы



жүктеу 61.26 Kb.
Дата22.06.2016
өлшемі61.26 Kb.
ТИЛДЕРДИН ГЕНЕОЛОГИЯЛЫК КЛАССИФИКАЦИЯСЫ

Азыркы мезгилде жер шарында 3 миңден ашык тилдер бар деп айтылып келет. Ал эми алардан келип чыккан диалектилик, территориялык өзгөчөлүктөрүн эске ала турган болсок тилдердин саны дагы көбөйгөнү турат. Мындан тышкары ушул кезге чейин Азиянын, Африканын дагы башка өлкөлөрдүн катаал жерлеринде жашаган жергиликтүү элдердин тилдери бизге белгисиз бойдон калып келет. Илимде азыркы сүйлөнүп, колдонулуп жүргөн тилдерди «тирүү» ал эми азыр сүйлөнүп,азыр кандайдыр бир себептер менен сүйлөнбөй калган тилдерди «өлүү» же «унутулган» тилдер деп өз ара ажыратып коюшат. «Өлүү» же «унутулган» тилдердин мисалы катары латын, байыркы грек, классикалык араб, санскрит, байыркы түрк тилин ж.б айтууга болот. Кээ бир тилдери өз ара көп окшоштуктардан турат экен. Кээ бир тилдер көп жалпылыгы менен, маселен тарыхый жактан же сөздөрдүн лексикалык маанилеринин окшоштугу морфологиялык каражаттардын бирдейлиги, сөздөрдүн тыбыштык угулушунун жакындыгы менен айырмаланат. Бул окшоштуктарды салыштыра келгенде ошол тилдердин теги боюнча жакындыгы байкалат. Мындай жол менен тилдерди өз ара бөлүштүрүү генеалогиялык классификация деп аталат.

Адам баласынын тилдери өз ара көп окшоштуктардан турат. Кээ бир тилдер бири - бири менен жакын болсо айрым тилдер такыр окшошпойт. Мына ушундай окшоштуктарды салыштыра келгенде тилдердин теги боюнча жакындыгы байкалат. Грекче «генеология» родословная, теги боюнча жалпылык дегенди түшүндүрөт. Бул классификацияда салыштырма тилдер тарыхый методиканын жардамы менен бөлүштүрүлөт.

Тектеш тилдер төмөндөгүдөй топторго бөлүнгөн. 14 топко анын ичинен бутактарга бөлүнөт.

I. Тилдердин Индоевропа тобу (8бутак)

II. Тилдердин Алтай же Түрк Монгол тобу (3бутак)

III. Тилдердин Семити - Хамит тобу (2 бутак)

IV. Тилдердин Угро - Финт тобу (3 бутак)

V. Тилдердин Иберии - Кавказ тобу (4бутак)

VI. Тилдердин Кытай - Тибет тобу(4 бутак)

VII. Тилдердин Дравит тобу (1 бутак)

VIII. Тилдердин Малай - Полинезия тобу (3бутак)

IX. Полиазиат тилдери (1бутак)

X. Полеоафрика тобу (1бутак)

XI. Эскимос - алеут тилдери(1бутак)

XII. Япон - Карей тилдери:

XIII. Судан жана Банту тилдери: (2бутак)

XIV. Америкалык индеецтердин тилдери:(2бутак)

Мындан тышкары изилденбеген чыгыш теги белгисиз Австралия, Океания, Африка, Жаны Зеландия тилдери кирет

Тилдердин индоевропа тобу 8 бутактан жана өзүнчө турган бир нече тилдерден турат:

1.Индия группасы: өлүү тилдер( байыркы индия, санскрит, пракрит) жана хинди, урду, бенгал, пенжаб, раджастани, гуджарати, маратхи, непал, ассам, Кашмир, цыган,ж.б.

2. Иран группасы: өлүү тилдер(байыркы перс, авеста) жана

Перс,курб, афган, тажик,осетин, тат,белуджи,ж.б.


  1. Словян группасы: унутулган тилдер (эски словян, байыркы орус, полаб ж.б.) жана

А) чыгыш словян тилдери: орус, Украина, беларус.

Б) Батыш словян тилдери: поляк, чех, словак, кашуб.

В) Түштүк словян тилдери: словен, серб - хорват, болгар, македон.

4. Балтика группасы: Литва, латыш, өлүү тили: Пруссия тили.

5. Герман группасы: өлүү т: (вестгот, остгот) жана

А) түндүк Герман же сканлинавия группасы: датчан, швед, норбегия, исланд, фриз, фарер.

Б) батыш Герман подгруппасы: англис, голландия, немис,фламанд, идиш, африкаанс.

6. Роман группасы: өлүү т: (латын) жана Италия, француз, ировансал, испан, португал, ретороман, румын, молдован, котолон.

7. Кельд группасы: ирлант, шотланд, бретон.

8.Өзүнчө группаларды түзөт: грек, албан, армян.

2)Тилдердин Алтай же түрк монгол тобу:

1.Түрк группасы: түрк, азербайжан, гагаус, татар. Башкырт, чуваш, казак, өзбек, кыргыз, каракалпак, уйгур. Алтай, хакас, Тува, якут, кумук, карачай, балгар, караим ж.б.

2. Монгол группасы: бурят, калмак, монгол.

3. Тунгус - манжур группасы: тунгус, эвенк, эвен, манжур, ульча, ороч, удэгей, сибо.

Өлүү тилдер булгар, казар, половец, Огуз, эски өзбек, байыркы түрк.

3) Тилдердин семит - хамит тобу:

1. Семит группасы: унутулган (Аккад же ассировавилон, арамей) жана араб, иврит, Сирия, амхар, тигринья.

2. Хамит группасы: унутулган ( байыркы Египет, Конт ) жана

А) кушит подгруппасы: галла, сидамо, беджа, сахо.

Б) бербер подгуппасы: туареги, кабил, риф, шлех.

В) чад подгруппасы: хауса, ангас, муибл, сохор, Суахили, йоруба.
4) Тилдердин угро – фин тобу:

1. Фин группасы : фин эстон карел, ижор, вепс.

2. Угор группасы: венгр, ханты, манси.

3. Коми - пермяк группасы: коми, пермяк, удмурт, Марий, мордвин.

5) Тилдердин ибери - кавказ тобу:

1. Иберий - Картвель группасы: грузин, лаз.

2. Батыш группасы: абхаз, абазин, адыгей, кабардин.

3. Нах группасы: Черкес, чечен, ингуш, бацбий.

4. Дагестан группасы: авар, даргин, лезгин, лак, табасаран

6) Тилдердин кытай – тибет тобу:

1.Тай - кытай группасы: кытай, дунган, Сиам, мяо.

2. Тибет - бирма группасы: Тибет, Бирма, невар, лису, лаху, наси, хани.

3. Чжуан – тай группасы: чжуан, тай, Лаос, шан, Карен, кхамти.

4. Мон - кмер группасы: мон, кмер, кава.

7) Тилдердин дравит тобу: - тамил, телугу, малаялам, канар, Тулу.

8) Тилдердин малай - Полинезия тобу :

1) Индонезия группасы: Индонезия, аче, Ява, сунда. Мадура, тораджи, тагаль, миканас ж.б.

2. Полинезия группасы: маори, гаваи, Самоа, таити.

3. Меланезия группасы: Фиджи, батак, буготу, уолио, макассар.

9) Полеазиат тилдери: Чукча, коряк, ительмен. Юкагир, нивх.

10) Полеоафрика тилдери: бушмен, готтентот.

11) Эскимос - Алеут тилдери: Эскимос, Алеут.

12) Япон жана Корей тилдери:

13) Судан ( волоф, фульбе, моси, эва ж.б.) жана

Банту (Конго, луба, сото, зулу, чвана) тилдери ар бири өзүнчө топту түзүшөт.

14) Америкалык индеецтердин тилдери: алконкин, оджибве, кри, сиу, ирокес, аравак ж. б. (Түндүк Америка)

Кечуа, аймара, сапотек, гуарани, (Борбордук жана Түштүк Америка)

Мындан тышкары изилденбеген, чыгыш теги белгисиз Австралия, Океания, Африка, Жаны Зеландия тилдери кирет.

ТИЛДЕРДИН МОРФОЛОГИЯЛЫК КЛАССИФИКАЦИЯСЫ
Тил илиминде жүз жылдан ашык убакыттан бери тилдердин морфологиялык классификациясы өкүм сүрүп келет. Бул идея биринчи жолу 1836-жылы Вильгельм Гумбольдт тарабынан сунуш кылынган, кийин ал башка бир немец окумуштуусу Август Шлейхер тарабынан иштелип чыккан. Бул бөлүштүрүүнүн негизинде дүйнөдөгү тилдерди алардын морфологиялык белгилерине карата жана сөздөрдүн структуралык түзүлүшүнө ылайык өз ара ажыратуу принциби сакталган. Ошентип бүгүнкү күндөгү морфологиялык классификация тилдердин төмөнкү группалардын же типтерин бөлүп карайт.

1) Уңгу же аморфтук тилдер. Бул тилдердин сөздүгү негизинен бир муундуу сөздөрдөн же уңгулардан турат. Сөздөргө уланган аффикстер же мүчөлөр болбойт. Демек сөздөрдү сөз түркүмүнө ажырата турган морфемалары да жок. Өзүнчө турган сөз же уңгу ар кандай контексте заттык, сындык, тактоочтук, этиштик мааниде колдонула бериши мүмкүн. Сөздүн мааниси анын ордуна жана кайсы сөздөн мурун, кийин, бирге келген тартибине ылайык өзгөрүлүп кете бериши мүмкүн. Мындай тилдердин негизги өкүлү катары кытай тилин алууга болот. Сөздүн уңгусу эч убакта өзгөрүлбөйт, жөндөлбөйт, жана жакталбайт, алардын грамматикалык, лексикалык, маанилери сөздөрдүн орун тартиби жана толуп жаткан жардамчы сөздөрдүн басым менен интонациясы катышы аркылуу берилет


Маселен кытай тилинде: хао жень - жакшы Адам

Сию хао – жакшылык кылуу

Дзио хао – эски дос ж. б.

2) Агглюнативдүү тилдердин негизги өкүлү катары түрк тилдерин алып кароого болот. Маселен кыргыз тилиндеги ишчилерге деген сөздү иш деген уңгуга, ага уланган кесипти билдирүүчү -чы мүчөсүнө көптүк маанини билдирүүчү -лөр жана барыш жөндөмөдө турган -га мүчөлөрүнө ажыратууга болот. Бул аффикстер башка маанини билдире албайт жана ушул сыяктуу заттык маанидеги бардык сөздөргө жалгана алат.

3) Флективдүү тилдер (лат флексио – сындыруу, өзгөрүү) уңгунун составындагы айрым тыбыштык орун алмашуулар грамматикалык жаны маанилердин келип чыгышына алып келет. Маселен орус тилиндеги нести, ноша, брожу ж.б. сыяктуу сөздөрдөгү уңгунун тыбыштык составындагы өзгөрүүлөрдү ички флекция деп коюшат.

4) Америка материгинде жана Азиянын түндүгүндө жашаган айрым элдердин тилинде жеке турган сөздөрдү өз ара кошулуп отуруп биздин тилдердеги татаал сөздөрдүн же сүйлөмдөрдүн маанисин билдирүүгө болот. Мындай тилдерди полисинтетикалык же инкорпоративдик тилдер деп коюшат. Мисалга Чукот тилинен алынган төмөнкү сүйлөмдү алууга болот.

Тыатакаанмынмыркын мен семиз бугуларды атып жатамын.

деп которулат. Бул сүйлөмдү морфемаларга ажыратканда төмөнкүдөй маанилерге ээ болобуз: ты - биринчи жактын аффикс, ата- семиз, каа -бугу, нмы - атуу, мркын - учур, чакты корсотуучу аффикс болуп которулат.


(«С. Ибрагимов. «Тил илиминин негиздери»)


©dereksiz.org 2016
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет