Улан дүЙШөналы-марипат кыргызстандын жалпыжарандык идеологиясы – жарандык улут, социалдык гуманизм жана социалдык гуманизмдин түБӨЛҮк режими, педагогикалык аң-сезим, маданияттын руханий аң-сезими, чынчылдык



жүктеу 2.74 Mb.
бет1/15
Дата17.06.2016
өлшемі2.74 Mb.
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   15



УЛАН ДүЙШөНАЛЫ-МАРИПАТ

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАЛПЫЖАРАНДЫК ИДЕОЛОГИЯСЫ – ЖАРАНДЫК УЛУТ, СОЦИАЛДЫК ГУМАНИЗМ ЖАНА СОЦИАЛДЫК ГУМАНИЗМДИН ТҮБӨЛҮК РЕЖИМИ, ПЕДАГОГИКАЛЫК АҢ-СЕЗИМ, МАДАНИЯТТЫН РУХАНИЙ АҢ-СЕЗИМИ, ЧЫНЧЫЛДЫК, ЭКОЛОГИЯЛЫК ЫЙМАН ЖАНА Жетектөөчү этнос

МАЗМУНУ
өКМөТ МЕНЕН КАТ АЛМАШУУ, ПИКИРЛЕР ЖАНА БАШКАЛАР.....

Сөз башы.....

ТРАНСУЛУТТУК ЦИВИЛИЗАЦИЯ ЖАНА ПЛАНЕТАРДЫК АУРА.....

ПАТРИОТТУУЛУКТУН БОРБОРДУК ОБЪЕКТТЕРИ

Биринчи концепция – Жарандык улут.....

Улуттук кызыкчылыктардын гармониясы.....

Улуттар аралык достуктун үлгүлүү мисалы.....

Интернационализмдин улутчулдугу………….

Кыргыз элинин достугунун символу – кош тилдүүлүк.....

Кош- жана үч тилдүүлүктүн күнү-түнкү программасы.....

Экинчи концепция – Социалдык гуманизм жана социалдык гуманизмдин түбөлүк режими.....

Социалдык гуманизм жана социалдык гуманизмдин объекттери….

Коомдук жашоонун гармониялуу режими: жумуш убактысын жана жеке турмушту ажыратуу, жумуш убактысын кыскартуу...........

Рыноктук экономика – геноцид….

Жаңы коомдук-экономикалык формация: социалдык гуманизмдин экономикалык модели….

Үчүнчү концепция – Педагогикалык аң-сезим.....

Педагогикалык аң-сезим жөнүндө.....

Жаштар жөнүндө.....

Билим берүү………………………………

Экран цивилизациясынын нравалык нигилизми………

Учурдун «Нравалык издөөлөрү» же нравалуулуктун механикалык альтернативасы………

төртүнчү концепция – маданияттын руханий аң-сезими.....

Маданияттын руханий аң-сезими.....

Расмий-мамлекеттик маданият.....

бешинчи концепция – чынчылдык.....

алтынчы КОНЦЕПЦИЯ – ЭКОЛОГИЯЛЫК ЫЙМАН.....

Жетинчи концепция – Жетектөөчү этнос...

Руханий Синтез: тарыхый эстутум жана заманбаптык.....

Кыргыз элинин бирдиктүү психологиясы жана ош диалектин жоюу.....

Патриоттуулук жөнүндө.....

ПАТРИОТТУУЛУКТУН ПЕРИФЕРИЯЛЫК ОБЪЕКТТЕРИ

КАДРЛАР ИЕРАРХИЯСЫ ЖАНА МАМЛЕКЕТТИН ЭЛИТАЛЫК КАДРЛАРЫ, САЯСАТТАГЫ КАДР МАСЕЛЕСИ, ЖАШТАР САЯСАТТА……….....

Кадрлар иерархиясы.....

Массалык маалымат каражаттарынын кадрлар стратегиясы.....

Күч структураларындагы кадрлар стратегиясы.....

Мамлекеттин элиталык кадрлары (Улуттук кадрлардын прообразы).....

Правителдин образы (Мамлекет башчысынын образы).....

Саясаттагы кадр маселеси…………..

Жаштар саясатта…………..

КООМДУК ЖАШООНУН ТОТАЛДЫК ПРОГРЕССИ ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУНУН НУКУРА ИЛИМДИГИ: "ЖЫРГАЛЧЫЛЫК ҮЧҮН БААРЫ ЖАНА БҮТ БААРЫ" ЖЕ "ТОТАЛДЫК КӨҢҮЛ БУРУУНУН ПРИНЦИБИ".....

Тоталдык илимий көңүл буруу……

Декреттик убакыт…………

Кыргызстанда жылаңач жанрын эмне кылуу керек?........

Телефон-автоматтар……..

Телекөрсөтүүдөгү рекламалык дүрбөлөң – адамдарды одоно зордоо…………..

«ИЛИМДИН ПРЕЗИДЕНТИ» АСКАР АКАЕВ……

ЭКОНОМИКАНЫН СУБСТАНЦИЯСЫ.....

ЭКОНОМИКАНЫ КЫЙРАТУУ – ЭКОНОМИКА МЕНЕН КҮРӨШҮҮ……..

ШАЙЛОО СИСТЕМАСЫ.....

ШААРДЫК АЙЫЛ ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРА……..

САЯСАТТАШТЫРУУДАН ИШКЕ, БАШКАРУУ ФОРМАСЫ ЖАНА ДЕМОКРАТИЯ ЭГОЦЕНТРИЗМ КАТАРЫ…..

Ар бир адам өз иши менен алектениши керек......

Башкаруу формасы тууралуу……

Демократия эгоцентризм катары……..

КУРУЛТАЙ……………..

ИДЕОЛОГИЯЛЫК НАСААТ...

ТУРИЗМДИН ТАЛУУ АТРИБУТТАРЫ……

аскер РЕФОРМАсы…….



ИДЕОЛОГИЯНЫ ЖАРЫМ-ЖАРТЫЛАЙ ЖүЗөГө АШЫРУУ ЫКМАЛАРЫНЫН БИРИ КАТАРЫ ИДЕОЛОГИЯНЫН МОТИВИ БОЮНЧА Эң ЭЛЕ МААНИЛүү ЖОБОЛОРУНАН КРНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНА СУНУШ-СТАТЬЯЛАР.....

өКМөТ МЕНЕН КАТ АЛМАШУУ, ПИКИРЛЕР ЖАНА БАШКАЛАР
Рецензия
Жаш ойчул, таланттуу прозачы-фантаст У.Дүйшөналынын "Жалпыжарандык идеологиясы", ал 2002-жылы "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" адистиги боюнча I курста окуп жаткан студенттик мезгилинде жазылып эң биринчи версиясы ошол эле жылы Өкмөткө жиберилген.

Анын эмгегинде шексиз түрдө өзгөчө өз алдынчалык, философиялык көрөгөчтүк, креативдик ой жүгүртүү, кругозор, мол жаңычылдык, бай бирок бирдиктүү жана бүтүн тематика, КРнын маданиятын өнүктүрүү боюнча болжолдуу экономикалык эсептери бар конкреттүү сунуштары таасын байкалат. "Мамлекеттин элиталык кадрлары" бөлүмү улуттук кадрлардын прообразын чагылдырып бул маселе боюнча мыкты жетишкендиги, "улуттук кадрлар" интернационалдык курамында көрсөтүлүп күч бирдикте өз өлкөсүн өстүрүп-өнүктүрүүгө тартылган. Аталган бөлүмүндө эл чарбасынын бардык тармактарын туруктуу кепилдик менен интернационалдык курамында гана атамекен кадрлар менен камсыз кылуу программасы каралып ушул жерде жаш ойчулдун Кыргызстан элдеринин улуттук кызыкчылыктарын акылмандык менен гармонияга келтире ала тургандыгы шексиз көрүнүп турат. "Идеология" сүйүүнү таржымалдоонун "Ойчулдун түбөлүк жаркыроосу" аттуу илимий-фантастикалык романынын бөлүгү болгону, тактап айтканда ушул романдын эпилогунун 3-бөлүмүндө орун алганы "Идеологиянын" олуттуу документ болушуна жана нукура илимий стилди сактап калуусуна тоскоол болбоду. У.Дүйшөналынын "Идеологиясынын" платформасы, КРнын өкмөтүнүн алдында Жумушчу тобу иштеп чыккан "Кыргызстандын жалпы улуттук идеясына салыштырмалуу алда канча мыктыраак. Муну ырастоочу факт – У.Дүйшөналынын "Жумушчу тобу иштеп чыккан "Идеясына" карата жазылган анын компетенттүү сын пикири жана, албетте, эки идеологиялардын материалдарын салыштырып көрүү. Улан Дүйшөналынын "Идеологиясы" боюнча иш жүзүнө ашыруу ыкмасы катары негизги жоболор КРнын Конституциясына статьялар формасында кыскача топтоштурулуп берилди.

У.Дүйшөналынын идеологиясынын фрагменттери ар кайсы жылдары "Вечерний Бишкек" гезитинде, "Шоокум" аттуу жаштардын илим, турмуш жана маданият журналында жарык көргөн. 2006-жылдын мартында 5-курстун студенти У.Дүйшөналы НБТ телеканалынын "Личность" деген берүүсүндө жана 2007-жылдын 17-апрелинде 5-каналдын "Майдан" берүүсүндө идеология темасы боюнча түз эфирге катышкан. Ошондой эле У.Дүйшөналы илимий конференцияларга өзүнүн "Идеологиясынын" айрым концепцияларынан же темаларынан алып чыгып грамота жана дипломдорду жеңип алууда. 2007-жылдын 27-апрелинде КМУУда өткөн"Илим жана билим берүү: проблемалар жана перспективалар" аттуу жаш окумуштуулардын конференциясына катышып, өзүнүн "Идеологиясынын" "Педагогикалык аң-сезим" концепциясын алып чыгып I орунду жеңип алды. 2002-жылдын 13-июлунда идеологияны иштеп чыгуучу катары Кыргызстандын саясий лидерлеринин I форумуна жана эки жолу Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын Курултайларына чакырылган. У.Дүйшөналынын эмгектерин, "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" адистиги боюнча окуу жайын артыкчылык диплому менен аякташын эске алып У.Дүйшөналы чынчыл жана акылман мамлекеттик ишмер болууга татыктуу деп айтууга негиз бар.

Жалпысынан жаш ойчул жана таланттуу прозачы-фантаст У.Дүйшөналынын "Жалпыжарандык идологиясы" концетуалдуу, идеологиянын функцияларын толук кандуу чагылдырат, ал эми парадоксалдуу суроолорду билгичтик, тактикалуу жана ачык чечет. Ошентип, жаш окумуштуу Кыргызстандын бардык элдери үчүн патриоттуулуктун бирдиктүү объекттерин гармониялуу жаратуунун эсебинен Кыргызстандын көп улуттуу калкын акылмандык менен бириктирет.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу У.Дүйшөналыга соискателдин курсуна кирип кийинчерээк өзүнүн мамлекеттик идеологиясы боюнча эмгегинин негизинде философия боюнча диссертация жакташын сунуш кыламын.
Закирбек ЭРАЛИЕВ,

тарых илимдеринин доктору, профессор,

КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер,

Ж.Баласагын атындгы КМУУнун социалдык илимдер институнун директору,

Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын заведующийи

2007-ж., 18-май

Урматтуу Улан Дүйшөналы!
Кыргызстандын жаштары өз элинин, улутунун жана өлкөсүнүн тагдырына кош көңүл эместиги мени кубандырат.

Трансулуттук цивилизацияны куруу жөнүндөгү Сиздин концепцияларыңыз, бул идеяларды жүзөгө ашырууга абдан көп убакыт, жылдар жана кылымдар талап кылынса да абдан кызыктуу.

Ооба, мамлекеттин өнүгүшү үчүн баарынан мурда күчтүү өндүрүш жана күчтүү экономика эмес, коомду патриоттуулуктун жана ишенимдин духунда тарбиялаган, миңдеген жылдар бою муундан муундан өтүп келген салт-санаалар өңдүү биздин маданият түрүндөгү кандай дөөлөткө ээ экендигибизди канчалык көрө билгенибиз зарыл. Бирок СССР ыдырагандан кийин биз Кыргызстан элдеринин менталитетин жана нравын эске албай, руханийлүүлүктүн жана маданияттын белгилүү бир өнүгүү жолунун жоктугуна байланыштуу биз бирде батыштын, бирде башка өнүккөн өлкөлөрдүн маданиятын алып жаттык. Ушундан улам кылымдар бою биздин ата-бабалардан келаткан руханий маданиятыбыз үзгүлтүккө учурады. Сиздин эмгегиңизде чагылдырылган Жарандык улут, Социалдык гуманизм жана социалдык гуманизмдин түбөлүк режими, Педагогикалык аң-сезим, Маданияттын руханий аң-сезими, Чынчылдык, Экологиялык ыйман, Жетектөөчү этнос концепциялары, биздин коомдо ушунчалык жетишпей жаткан нерсе деп эсептеймин. Сиздин эмгегиңиз басылбай калктын калың катмарына жетпей жатканы өкүнүчтүү. Бирок жакынкы убакта биз жана биздин жарандар Сиздин эмгегиңиз менен тааныша ала тургандыгы кубандырарлык нерсе. Жана ишенем, мектептерде жана бала бакчаларында Сиздин улутту кайра жаратуу идеяларыңызды жетекчиликке алышат деп айрыкча андагы үчүнчү – Педагогикалык аң-сезим концепциясы менен, анткени патриоттуулуктун жана нарвтсвенносттун духунда тарбиялоону адамдын эң жаш курагында баштоо керек.

Сиздин китебиңиз адамдардын жүрөгүндө улутту кайра жаратуу отун күйгүзө ала турган китеп болуп каларына ишенебиз.

Урматтоом менен,

Жылдыз ЖОЛДОШОВА,

Курманжан Датка атындагы фондунун Төрайымы

Прессадан фрагмент
"...Бүгүн биз сиздердин сыныңыздарга, Бишкек шаарынын тургуну, БГУнун алдындагы ИНОнун 1 курсунун студенти Улан Дуйшеналы иштеп чыккан, шарттуу аталышы "Үч бирдиктеги максат" деген идеологиялык платформанын оригиналдуу вариантынын фрагментин Кыргызстандын көп улуттуу элине тартуулоону чечитик".
"Вечерний Бишкек",

145, 2002-жыл, 30-июль.



7-бет

01-13/347 от 22 мая 2007 года


Урматтуу Улан Дуйшеналы,
Неподдельный кызыгуу менен Сиздин чыгармаңыз (Идеология) менен таанышып чыгып анда өзгөчө стиль жана ачып бериле турган темага аналитикалык ык жасалганын байкадым. Бирок терең тилекке каршы илимий жетекчиликке квотанын коюлганына байланыштуу Сиздин илимий жетекчиңиз боло албастгым тууралуу кабар кыламын.

Урматтоо менен,

А.БЕКБОЕВ,

профессор,

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университенинин ректору

Д-1662, 20.03.06


Урматтуу Улан Дүйшөналы,
Сиздин коомго пайдалуу болууга жана гүлдөгөн Кыргызстанды жаратып жана өнүктүрүүгө өзүңүздүн салымыңызды кошууга умтулууңуз эң чоң алкоого татыктуу.

Сиз жиберген материалдар (Идеология) үчүн биз Сизге ыраазыбыз. Сиздин бардык идеяларыңыз жана сунуштарыңыз Улуттук жана мамлекеттик идеологиянын концепциясын иштеп чыгуу боюнча Жумушчу тобу тарабынан эске алынат. Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин кызыкчылыктары үчүн Сиздин ишмердигиңизге ийгиликтерди каалаймын.
Урматтоом менен,

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы,

Д.Сарыгулов
Жогорудагы катка комментарий: КРнын Президенти К.Бакиевдин жана КРнын Премьер-министри Ф.Куловдун атына жиберилип бирок Д.Сарыгуловго тийген материлдардын көчүрмөлөрү ошол эле кезде көпчүлүк гезиттерге жана телекөрсөтүүлөргө жиберилип бирок бир да гезитке чыккан эмес.
Бирок Шаршеналиев Тимур Маратбекович деген таланттуу жана зээндүү тележурналист аркылуу НБТ телеканалынын колдоосу болгон. Анан 2006-жылдын 28-мартында НБТ телеканалынын "Личность" деп аталган жарым сааттык коомдук-саясий телеберүүсүнө мамлекеттик идеология темасында катышкам. Тааныш телекөрүүчүлөрдүн жана университеттеги урматтуу мугалимим А.Укуеванын пикирлери оң болду. Видеозапись сакталган.
2006-жылдын августунда КРнын Президенти К.Бакиевдин атына 2006-жылдын 7-августундагы №2487 катын жиберип Улуттук жана мамлекеттик идеологиянын концепциясын иштеп чыгуу боюнча Жумушчу тобуна кабыл алуусун сурангам. Белгилүү болгондой кат жаңы мамлекеттик катчы А.Мадумаровго жиберилип ал Президенттин администрациясынын социалдык-экономикалык экспертиза секторунун жетекчиси Ш.Утебаевге кароого жиберген. Анан 26-августта Утебаевге сүйлөшүүгө чакырылгам. Ал менин мамлекеттик идеологиянын платформасы менен таанышып оң баа берип мени Жумушчу тобуна алуу сунушу менен А.Мадумаровдун атына кат жиберет. Мадумаров көпкө дейре жооп бербеген (ооруп калып, чолосу тийбей, команидровкаларга жана башка жактарга кетип). Отуз күн өткөндөн кийин гана (сентябрда) менин катуу өтүнүчүм менен Мадумаровдун жардамчысынан оозэки түрүндө төмөнкүдөй жооп келген: "Жумушчу тобу ишин аяктап калды. У.Дүйшөналыны Жумушчу тобуна алуу үчүн Президент Жумушчу тобунун курамын түзүү үчүн кайрадан указ чыгарышы керек. Идеологиянын платформасы иштелип чыккан жана эки күндөн кийин массалык маалымат каражаттарында жарыяланат. Мына ошондо жалпы эл катары талкууга катыша берсе болот. Мына ошон үчүн биз жооп бербей жүргөнбүз". Болду ошону менен.

Бирок Жумушчу тобу иштеп чыккан Жалпы улуттук идея ушул кезге чейин жарыялана элек эле. Акыркы варианты декабрда гана даяр болуп менин суранычым боюнча Ш.Утебаев ал материалды мага алып берди. Баса, бир жолу Ш.Утебаев менен болгон кезектеги иштиктүү жолугушуулардын биринде ал мага Кыргызстандын маданиятын кантип өнүктүрүү тууралуу ойлонуп көрүүмдү сунуш кылып калды. Анан мен бул маселеге абдан кызыгып буюрса "Маданияттын руханий аң-сезими" аттуу концепция жазып чыктым. Андан тышкары анын сунушу менен Жумушчу тобу иштеп чыккан Кыргызстандын Жалпы улуттук идеясына өзүмдүн пикиримди жазып бергем:

Жумушчу тобу иштеп чыккан



Кыргызстандын Жалпы улуттук идеясы боюнча
Менин пикирим
Нукура демократиялык жана укуктук мамлекетти өнүктүрүү ушул Жалпы улуттук идеянын пафосу катары байкалып жатканы кубандырарлык нерсе. Бирок эске ала турган нерсе, демократия башка проблемаларды жаратат жана аларды чечүү керек. Сиздердин материалдарыңыздарда мындай проблемаларды чечүү ыкмалары жок экен. (Сунуш кыла аламын).

Глобализация процессине экономиканы, илимий-техникалык прогрессти интеграциялап ал эми тил жана руханий маданиятты сактап калуу керек деп эң туура айтылыптыр. Бирок тилди жана башка нерселерди сактоонун конкреттүү механизмдери жок экен. (Илимий макалалардын жыйнагына чыккан абдан кызыктуу жана чындап ишке ашырса боло турган идеямды сунуш кыла аламын).

Кадрлар саясаты тууралуу маселе абдан туура көтөрүлгөн. Бирок бул багытта уникалдык жана атайын программа жок экен. (Сунуш кыла аламын).

Жалпы-жонунан Кыргызстандын Жалпы улуттук идеясындагы максаттар жакшы. Кемчиликтери декларациялардын көптүгү жана көптөгөн баалуу идеяларды жүзөгө ашыруу ыкмалары абдан аз. Жетиштүү философиялык ыктын жоктугуна байланыштуу кээ бир моменттери ийгиликсиз жана прогрессивдүүлүк жок.

Төмөндө Кыргызстандын Жалпы улуттук идеясына кээ бир комментарийлер:

Мекен тууралуу. Жарандык, патриоттук сезим өзгөчө титулдук кыргыз улутуна тийиштүү деп жакшы айтылган жери, бир жагынан, кыргыз эмес туугандарыбыздын жарандык-патриоттук сезимин жана алардын патриоттук демилгесин ого бетер солгундатат.

Шайлоо системасы тууралуу. Шайлоолор демократияны деструктуризациялоо булагы болбошу үчүн, элдин биримдигин бузган нерсе, арам күрөштүн аренасы жана башкалар болбошу үчүн шайлоо системасын өзгөртүү керек деп эң туура айтылган. Бирок толугу менен партиялык тизмеге өтпөө керек. Болбосо бул чынчылдардын жолуна бөгөт болуп калат... (Илимий-практикалык конференцияда грамота утуп алган шайлоонун жаңы системасын сунуш кыла аламын).

"Кыргызстандын тагдыры сенин колуңда лозунгу" – жакшы чакырык. Бирок ар бир жаранды ал өзү да жалгыз өзүнүн өлкөсүнүн өнүгүшүнө салым кошо алат деген ойготуу жана ынандыруу механизми жок экен. Мисалы, адамды "биз экөбүз эч нерсе кыла албайбыз" өңдүү чыйыр пессимизмден бошотуп мына мындай нерсени кошууну сунуш кыламын: "Мен болбосом, ким анан".

3.3.5 Жаштарды мамлекеттик башкарууга тартуу – ырааттуу прогресс болушу керек болгон жакшы идея.

3.3.6. "Адам бардык коомдук догмалардан жана социалдык-психологиялык өнөкөт жана табулардан эркин болгондо гана адамдын эркиндиги камсыз болот" деп жазылган жер. Комментарий: догмалардан жана башкалардан эркин болуу, албетте, эркин прогресстин өбөлгөсү. Бирок бул сүйлөм, машиналдык абалда гана максат үчүн гана максат кылууга алып келе турган коркунучту камтыйт жана табу жаатында адеп-ахлак адашуусуна алып келет.

Сөз эркиндиги тууралуу. Сөз эркиндиги башка проблемаларды жаратат жана алар чечилиши керек. (Жакшы механизмдерди сунуш кыла аламын).

өзүмдүн ушул Пикиримде көп кызык идеяларды сунуш кылып Кыргызстандын ушул Жалпы улуттук идеясын мазмундуу жана уникалдуу кылып бермекмин. Себеби абройлуу окумуштуулардын объективдүү пикирлерине караганда мен иштеп чыккан Мамлекеттик жана улуттук идеологиянын платформасы уникалдуу. Бирок антпегенимдин төмөндөгү себептери: – буга дейре Идеология жана Конституция боюнча өзүмдүн сунуштарымды тийиштүү жерлерге жибергем, бирок эске алышпаган; – ММКларга бергем, оң баа беришкени менен жарыкка чыгарышпады; – идеология боюнча эмгегим менин илимий-фантастикалык романымдын эпилогунун үчүнчү бөлүгүнө кирет жана китебимди демөөрчү жок болгону үчүн жарыкка чыгара албай жатамын (автордук укук). Ошон үчүн Жалпы улуттук идеология иштеп чыгарган Жумушчу тобуна кабыл алынсам адилеттүүрөөк болоор эле да мен ал жерде өзүмдүн бардык идеяларымды сунуш кылып активдүү катышаар элем. Анан акыры, жаштар да коомду цивилизациялап көрүшсүн.

Урматтоом менен,

У. Дүйшөналы
Жумушчу тобу (Комиссия) Кыргызстандын Жалпы улуттук идеясын биротоло иштеп бүтүрүп Президентке жибергенде урматтуу Ш.Утебаев аталган Жалпы улуттук идеянын текстин мага берип пикир жазып келсең деп сунуш кылган:

Жумушчу тобу (комиссия) тарабынан аягына чыгарылып КРнын Президентине жиберилген Кыргызстандын Жалпы улуттук идеясынын вариантына менин


Кийинки пикирим
Биринчиден, мурдакысына караганда эч нерсеси жакшыртылбай эч кандай прогресс берилбептир.

Экинчиден, бул материал идеологияга окшобостон, мүнөздүү түрдө саясат таануу предметин чагылдырып илимий макалага окшоп калган.

Үчүнчүдөн, идея деп аталбастан, идеология деп аталышы керек. Анткени идея жалгызсыраган ой бойдон калып эч нерсени жыйындабайт. Ал эми идеология деген сөздүн жакшы жагы, ал руханий, нравалык-этикалык, философиялык, социалдык, экономикалык, саясий жана башка ориентир сыяктуу коомдун баалуулуктарын жыйындайт (совокупляет). Андан сырткары идеология деген сөз маңызында салмактуураак да системдүүрөөк. Анын салмактуулугу жакшы үгүттөө катары адамдардын аң-сезиминде бекемирээк отурат. Ал эми анын системдүүлүгү керек болгон бөлүктөрдүн бүтүндүүлүгүн камсыз кылат.

Төртүнчүдөн, демократия жана сөз эркиндиги деген сөздөргө ашкере көп басым жасалып аң-сезими кем же саясий-укуктук маданияты жок адамдар, өздөрүнүн демократиялык укуктарын жүзөгө ашырып жатып же адатта жазасыз калтырылчу ушак-айым сөздөрдү айтууну пайдаланып башка ыйман көйгөйлөрүн жаратары боюнча кымындай да көрөгөчтүк жок.

Бешинчиден, сезилип, көрүнүп турганы жана түшүнүктүү жана белгилүү эле нерсе, бул идеологияны коомдо салмактуу статусу бар жана эң кеминде стабилдүү кирешеси бар жана дурус турмуш-тиричилик шартында жашап бирок көпчүлүк жарандар дарылануунун, электроэнергиянын кымбаттыгынан, шок болгон коммуналдык кызматтардын асман чапчыган бааларынан, турак үй проблемаларынан, сапатсыз ичи бопбош "воздушный" нандан жана башка нерселерден жапа чегерин билишпеген курсагы ток кайгысы жок адамдардын иштеп чыкканы. Сыягы ошон үчүн Жумушчу тобунун идеологиясында, идеологиянын ажырагыс функциясы болгон социалдык база чагылдырылбаган. Идеологиянын дагы башка функциялары: элди бириктирүү, муунду жана бүтүндөй элди да тарбиялоо, патриоттуулук темасы жана башкалар. Бир жолу Президенттин администрациясынын бир кызматкери менен телефон аркылуу, Жумушчу тобунун иштеп чыккан идеологиясында социалдык базанын жоктугу тууралуу сүйлөшкөнүбүздө ал бул жагдайга мындай комментарий берген: "Жумушчу тобунун мүчөлөрү, биз майда-барат нерселерге түшпөйбүз, анткени идеология кыска жана так болуп чакырык, башкача айтканда лозунгдар менен толтурулушу керек деп айтышкан", – деди. Бул сөздөр, албетте, бай жашаган чиновниктердин мүнөздүү түшүнүктөрү. Биринчиден, Жумушчу тобунун мүчөлөрү бул жооптуу иш үчүн интеллигенциянын алдыңкы өкүлдөрү катары тандалып алынса да, идеологиянын функциясын билишпей компетенттүү эместигин көрсөтүп алышты. Экинчиден, алар коомдун социалдык проблемаларын майда-барат нерсе деп кош көңүлдүүлүгүн көрсөтүштү. Жакшы жашаган авторитеттүү окумуштууларга, башкача айтканда Жумушчу тобунун катарына патриоттук сезими бар жана турмуштагы социалдык проблемалардын айынан ачка калган жырткычтай кичине каарданып калышкан жана сабаттуу жарандарды кошуп коюу ашыктык кылбас эле.

Алтынчыдан, трайбализм, коррупция жана башка проблемаларын кейип-кепчип куру констатациялап жана чагылдырылган мындай проблемаларды чечүүнүн стратегиялык жана практикалык ыкмаларынын такыр жоктугу. Бул тууралуу жазылган жери гезиттик макалага окшоп кетет.

Корутунду. Идеология сөзсүз эле абройлуу окумуштуу, политологдор, атактуу жазуучулар, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү өңдүү коомдун жогорулатылган катмары тарабынан иштелип чыгышы зарыл эмес. Ал эми кабинеттик интеллигенттерди жолото да көрбөш керек, анткени алардын көпчүлүгү адатынча катардагы адамдардын жан кашайткан проблемаларын биле беришпейт. Идеология Исхак Раззаков, Султан Ибраимов, Жусуп Абдрахманов, Жусуп Баласагын аттуу улуу тарыхый инсандар тарабынан иштелип чыгышы керек... Ал эми бүгүн болсо мындай миссияны кичине ачка жүргөн, кичине үшүп жүргөн, кичине жөө басып жүрүшкөн жана коомдук транспорттордо кысылып-демигип какап-чакап жүрүшкөн, кичине ойчулдук дарамети бар, бирок формалдуу философтор эмес, бар болгону кичине эле ойчулдар жана ординарду эмес ой жүгүртүүсү жана жан дүйнөсүнүн аялуу кыйкырыгы бар, анан да эң негизгиси – кичине чынчылдарга кайрадан буюурулуп берилиши керек.

Урматтоом менен,

У.Дүйшөналы

05.03.2007-жыл, № 73


Бишкек шаарынын мэриясынын турак-жай-коммуналдык жана отун-энергетикалык комплексинин департаменти Сиздин катыңыз менен таанышып чыкты жана экология проблемалары боюнча Сиздин сунуштарыңыз биз тараптан көңүлгө алынып биздин ишибизде пайдаланылат.
Генералдык директордун

милдетин аткаруучу,

М.ЧЫМЫРБАЕВ

СӨЗ БАШЫ
Кандай гана коом же өлкө болбосун, өлкө өзүнүн мамлекеттик идеологиясы, же улуттук, же мамлекеттик жана улуттук идеологиясы менен дайыма толо болуп турганы абдан зарыл нерсе. Айрыкча мамлекет өткөөл мезгилди башынан өткөрүп жатканда бул шарт өзгөчө зарыл. Болбосо негативдүү нерселер менен толуп кала турган идеологиялык вакуумдун пайда болуу коркунучу бар болот. Анда коомдук аң-сезим туура эмес багыт алып гуманизмге, альтруизмге жана башка жакшы нерселерге карама каршы келген терс баалуулуктар менен куралданып алышы мүмкүн. Бул нерселерди, чынчыл эмгектенүү принцибин түп тамырынан бери чанган коомдук аң-сезимдин бөтөнчө материалдык ориентир алган факторунда байкап көрүүгө болот. Бул жерде ошол эле гуманизм, инсандын ыйман касиеттеринин идеалдарына ишенүү жок болгон.

Жалпыга белгилүү эле идеология – бул адамдарды, образдуу айтканда алдыга жана өйдөгө сүйрөп Жолкөрсөтмө Жылдыз болгон тигил же бул коомдун баалуулуктары, идеалдары болуп саналат. Ошондой эле идеология деп белгилүү бир коомдун, класстын, адамдардын тобунун же мамлекет жана башкалардын руханий, философиялык, саясий, социалдык жана ушул сыяктуу системалардын жыйындысы деп түшүндүрүлөт.

Идеологиянын функциясы элди бириктирип турат да коом – улут жана диний жагынан канчалык ар түрдүү болгон сайын жана өлкөдө социумдар канчалык көп болгон сайын, бириктирүү функциясынын мааниси ошончолук жогору. Экинчи функциясы – калктын бардык катмарлары үчүн туруктуу социалдык стратегияны иштеп чыгаруу менен түшүндүрүлөт. Үчүнчү функциясы – патриоттуулук объекттерин аныктоо менен түшүндүрүлүп көп улуттуу Кыргызстандын шартында мындай объекттердин уникалдуулугу туурасында кечирээк сөз болот.

Анан акыры келип акыркы функция элди тарбиялоо менен сыпатталат. Кыргызстан эли чындыгында эле тарбияланууга муктаж. Бул тууралуу шайлоо сыяктуу коомдук саясий турмуштун формасы күбөлөндүрөт. Шайлоо компанияларында калктын жүрүм-турумунун ачуу чындыгы, кандидаттар элдин акылын кем көрүп алдоосу, шайлоочулардын сатылып кетүүсү, трагедиялык трайбализм өңдүү жана башка нерселер жаатында кыргызстандыктардын аң-сезиминин нукура деңгээли ачылат. Ошондой эле элди тарбиялоо муктаждыгы тууралуу элдин демократия эрежелерин туура эмес чечмелөөсү айтып жатат. Мисалы калк бийликтерге каршы позициясын билдирүүнүн аң-сезимдүү, маданий жана цивилизациялуураак ыкмасын табууга амалы жетпей тескерисинче өздөрүнүн эле мекендештеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын тебелеп калктын башка бөлүгүнө каардуу, ырайымсыз зордукчул душман болуп чыга келип жолдорду тосконучу. Маселен Кыргызстандын саясий тарыхында мындай окуя болгону белгилүү. Калктын айрым бөлүгү өлкөнүн туризмине, демек экономикасына жана Кыргызстан элинин дүйнөлүк коомчулук алдындагы имиджине кедергисин тийгизип Ысык-Көлгө жолду тосконучу.

Ошентип эл демократия дегенде өзүнүн аракети же аракетсиздигинин ыкмалары үчүн моралдык жоопкерчилик, өздөрүнүн мекендештерин сыйлоо, аракети же аракетсиздигинин ыкмасынын гуманизми жана коомдук этикасы деп түшүнүшү керек.

Ушул идеологиялык платформа, Бишкек гуманитардык университетинин үзгүлтүксүз билим берүү институтунун сырттан окуу формасынын 1-курсунун студентинин (У.Дүйшөналы) акылында 2001-2002-жылдары жаралып өсүп-өнүгүп отурган. 2002-жылдын жазында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы О.Ибраимовго, мамлекеттин колдонуусуна алуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунушу менен жиберилген (окумуштуулук дараметим жок болуп бар болгону 1-курстун студенти болгонума карабай). Ошондой эле ушул эле жылдын жазында БГУда "Эларалык терроризм жана жаштардын саясий ориентациясы" темасында өткөн республикалык илимий-практикалык конференцияда ооз эки окулуп берилген. Бирок студенттик тажрыйбасыздыктан улам жана регламент жөнүндөгү түшүнүктүн жоктугунан, тексттин артыкча көлөмдүүлүгүнөн, эч кандай ийгиликке жетишүү болгон жок. Анан 2002-жылдын июлунда Кыргызстандын саясий лидерлеринин 1-форумунун уюштуруучуларына көрсөтүлүп анан чакыруу берилген. Бирок Форумга катышуучулардын алдына чыгып сүйлөөгө макулдук берилбеди, анткени эч кандай илимий же саясий аброю жок студентке аттуу-баштуу дөө-шаалардан орун тийбей калды.

Ошондой эле ушул эле 2002-жылдын 30-июлунда "Вечерний Бишкек" гезитинде кыскартылып, нукура мазмуну өзгөртүлүп "Триединая цель" деген ат менен басылып чыккан. 2003-жылы Улуттук дөөлөттү сактоо жана өнүктүрүү "Теңир ордо" Коомдук фонду уюштурган жаштардын илимий-практикалык конференциясына катышып ушул идеологиялык платформадан алынган "Мамлекеттик кыргыз жана расмий орус тилдеринин карым-катнашы" темасын алып чыгып экинчи даражадагы диплом менен сыйлангам. Дипломго аталган коомдук фондунун Бакай кеңешинин ардактуу аксакалы, академик А.Алдашев кол койгон. 2004-жылы "Вестник БГУ" журналына сунушталган. Тилекке каршы окумуштуу философ А.Чотоновдун, кемчиликтерин, стилдин илимий эместигин жана мазмунуна терс баа берилген рецензиясына ылайык басылып чыкпай калды. 2005-жылы КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясында өткөрүлгөн "Кыргызстандын өнүгүүсүнүн азыркы этабы: мүмкүнчүлүктөр жана перспективалар" аттуу жождор аралык студенттик илимий-практикалык конференцияга катышып анда ушул идеологиялык платформада иштелип чыккан шайлоонун жаңы системасын презентациялап доклад кылып окуп "Стандарттык эмес ой жүгүртүү" номинациясында грамота жеңип алгам.

Ушул мезгилден бери бул идеологиялык иштин аты көп жолу өзгөрүлүп келген: "Вечерний Бишкекке" чыкканга чейин "Кыргызстан элинин кыскача идеологиясы". Кийинчерээк "Кыргызстан элинин идеологиясы "Планетардык аура". Ошондой эле бул иш менен Абсамат Масалиев таанышып чыгып өзүнүн кесиптик оң бааларын берген.

Жаш авторлорго объективдүү баа бербей, жада калса инсандын жараткан эмгегине карабай биринчиден ким экендигине: окумуштуубу, белгилүүбү деп маселеге чыйыр карап анан гана эмгегине карашканына байланыштуу бул эмгекти гезит-журналдарга чыгаруу кыйын болуп келген. Ошон үчүн бул эмгегимди "Ойчулдун түбөлүк жаркыроосу" деген илимий-фантастикалык романыма ыктуу бириктирип киргизип койдум. Анткени романым жарыкка чыкканда идеология да жарыкка чыгып окурмандарга жетип романдын ичинде туруктуу өмүргө ээ болуп калат го деген ниетте болдум. Бул болсо роман жана идеологиянын мыйзам ченемдүү, адилеттүү жана гармониялуу синтези болуп калды. Анткени роман да идеология да цивилизацияны өнүктүрүүнүн жалпы маселеси менен байланыштуу эле. Мисалы, романда пайда болгон күчөтүлгөн фантастикалык идеялар идеологияда реалдуу көрүнүштө иштелип чыкты. Ошентип идеологиянын платформасы романдын мотиви боюнча жаралган сыяктуу болуп калды да романда эки формада орун алды: романдын прологунда кыскартылган түрдө жана бир аз көркөм формада жана романдын эпилогунун үчүнчү бөлүгүндө толук көлөмүндө мындайча айтканда реалдуу (айталы илимий стилде) стилде чагылдырылды.

Бул идеология жаралганынан бери акырындап отуруп көлөмү да, мазмуну да жана идеялык жагынан да өсүп-өнүгүп келген. Көпчүлүк эл окуп келген: жождун окутуучулары жана окумуштуулар, жазуучулар жана акындар. Айрымдары толук окушкан, айрымдар үстүртөн эле карап толук кандуу эмес баа бере беришкен. Негизинен оң жана жогорку баалар берилип келген. Кээ бирлери уникалдуу эмгек катары баалашкан. Кыргызстан элинин Ассамблеясынын жетекчилигинин окуп чыкканына байланыштуу алар уюштурган курултайга өзүмдүн суранычым боюнча чакырылгам. Бирок чыгып сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берилген жок.

Буга чейин айтылгандай массалык маалымат каражаттарына чыгаруу дайыма эле оор маселе болуп келген. Себептери ар кандай: автордук жаштык (окумуштуу эмес, белгилүү эмес ж.б.), көлөмдүүлүгү, автор жана гезиттин позициясы ортосундагы саясий көз караштагы ажырым. А балким, гезиттердин ошол кездеги өкмөттөн көз каранды болгону себеп болгондур? Адатынча ар гезиттин өз саясаты болот сыягы: кээ бирлери, макалада чындык жөнүндө көбүрөөк айтылып калганы үчүн басууга алышпай коюшат жана башка себептер. Кайсыл бир окумуштуу окуп чыгып рецензия жазып берүү маселесине келгенде бир кыйла ызага дуушар болдум. Көрсө кайсыл бир окумуштууну мындай ишке көндүрүү анын типтүү чолосунун тийбестигине байланыштуу оңой-олтоң нерсе эмес тура. А балким, жождо сырттан окуган студенттерге эч кимдин кызыгы жоктур анын үстүнө сырттан окуган студенттердин жөндөмдөрүн окутуучулар толук биле беришпейт. Менин окутуучу окумуштууга кайрылганымдагы өзгөчө жакпаган нерсе, бул анын окугандан эринип макаланы артынан алдына карап үстүртөн көз жүгүртүп чыгып анан ошого ылайык толук кандуу эмес баа бергени болду. Баарынан да өкүндүргөнү, окумуштуунун авторитеттерге сыйнып табынганы. Ал мисалы макаланы толук окуп чыкпай туруп эле, студенттер да оригиналдуу жаңы идеяларга такыр ээ боло албай тургансып, белгилүү авторитеттердин айтылып чайналып бүткөн сөздөрүн кошуп коюу сунушун какшыктап айтып турганы болду.

Идеологияны кандай жазуу керектиги тууралуу жалпы консультация берген өзүмдүн окутуучум, БГУнун мамлекеттик башкаруу кафедрасынын улук окутуучусу А.Укуевага ыраазычылыгымды билдирем. Бул 1-курста болгон. Ошондой эле идеологиялык эмгегимди толугу менен окуп чыгып, оң баа берип, жактап "Вестник БГУ" деген журналга чыгарууга жардам берүүнү ниеттенип, белгисиз себептер менен жардам бере албай калган философия илимдеринин кандидаты, БГУнун политология кафедрасынын башчысы маркум А. Асанбаевге да ыраазычылыгымды билдирем. Бул 3-курста болгон. Ошондой эле бул идеологиялык эмгегимди окуп чыгып, оң баа берип, улуттук кадрлар маселеси менен толуктап коюу керек деген акыл-насааты үчүн, БГУнун мамлекеттик башкаруу кафедрасынын башчысы Х.Абдужабаров агайыма ыраазычылыгымды билдирем. Ал агайдын улуттук кадрлар идеясы менен толуктоо керек деген кеп-кеңеши эске алынып, алда канча прогрессивдүү формада ишке ашырылды. Бул 4-курста болгон. Баса, 1-курска 2001-жылы өткөм.

Канткен менен кайсы бир окумуштууну окуп чыгып илимий жетекчи болуп же рецензия жазып берүүсүн суранганымда жалгыз калып өз алдынча иштөөгө туура келип жатат. Билбейм, балким мен начар дипломаттырмын. Балким окумуштууга кайрылуумда анын текке кеткен убактысы үчүн маяна компенсациясын сунуштоом керек беле?

Кандай гана болбосун, Кыргызстандын гуманитарий окумуштууларын чын көңүлдөн сыйлоо менен бирге 4-курстун студенти болуп жатып, илимий эмгектин, эгер бул ишти илимий эмгек деп атаса болсо, илим талаасына жалгыз чыгып жатам деп жар салууга моралдык укугум бар. Анткени айтылып жүргөн авторитеттердин жардамысыз деле көп иштер өз алдынча аткарылып көп жолдор басылып өтпөдүбү. Балким менин башыман өткөн өз алдынчалык фактору алда канча татыктуу изилдөөчү болорумду шарттар? Балким, эскирип бүткөн илимий формалдуулуктардан, кээ бир окумуштуулардын эмгегимди эринбей толук окуп чыгуунун, жана студенттин өз алдынчалыгына баа берип духун көтөрүп коюунун ордуна макалама үстүртөн көз жүгүртүп, макаланы мындан да кызыктуураак кылуу максатында дөө-шаа, белгилүү окумуштуулардын сөздөрүн кошуп кой деген акыл-насааттарынан качуу керектир? Ошондой эле кылам го – изилдөө иштеримди жалгыз улантам, сыягы. Инсандын эркин өсүп-өнүгүшүн тормоздогон стереотиптерди сызып салабыз! Мени окурмандар сындашсын жана албетте макаламдын жарыкка чыкканынан кийин окумуштуулар дагы.

Анан акыры, формалдуу авторитеттер гана эмес, жаштар да коомду анча-мынча цивилизациялап көрүшсүн деген ой.

Кээ бир стратегиялык идеялар Конституцияда бекемделип калат деп ишенгибиз келет. Баса, бул идеологиянын мотиви боюнча КРнын Конституциясына сунуш-статьялар жазылган. Анан идеология, Конституция, тармактык мыйзамдар тартибинде иерархиялык кошуп коюу болуп калганда жакшы жышаана болоор эле. Бул деген, ар бир ирет конституция жазууда мамлекеттик идеологияны жетекчиликке алышат. Же, жок дегенде, Конституция жана идеологиянын ортосунда параллель өткөрүлүп калса.


  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   15


©dereksiz.org 2016
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет