Улан дүЙШөналы-марипат кыргызстандын жалпыжарандык идеологиясы – жарандык улут, социалдык гуманизм жана социалдык гуманизмдин түБӨЛҮк режими, педагогикалык аң-сезим, маданияттын руханий аң-сезими, чынчылдык


АЛТЫНЧЫ КОНЦЕПЦИЯ – ЭКОЛОГИЯЛЫК ЫЙМАН



бет10/15
Дата17.06.2016
өлшемі0.94 Mb.
#141213
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   15

АЛТЫНЧЫ КОНЦЕПЦИЯ – ЭКОЛОГИЯЛЫК ЫЙМАН
экологиялык укукка жана айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөгү мыйзамына жана билим берүү жөнүндөгү мыйзамына – коомдун турмушуна реалдуу жүзөгө ашыруу катары жаңы идеяларды конкреттүү сунуштоо.

Экологиялык ыйман – жаратылыш чөйрөсү менен рационалдуу жана жоопкерчиликтүү мамиле, сонун экологияны жаратууга умтулуу жана өз короосунда да, комдук жайларда да тазалыкты жана тартипти сактоо жана коомдук тазалык жана тартипти бузгандыгы үчүн намыстанууну билдирген көп кырдуу түшүнүк.

Экологиялык ыймандын идеяларын жана принциптерин бүтүндөй коомдун эс тутумуна туруктуу салып, бүтүндөй коомдун аң-сезиминде бекемдөө үчүн жана аларды жүзөгө реалдуу ашыруу үчүн Экология министрлигин "Экологиялык ыймандын министрлиги" деп атоо сунушталат.

Ар бир адам бала чагынан баштап жалпы тарбиялоо чегинде экологиялык ыйман жөнүндөгү түшүнүк менен куралданат. Албетте, экологиянын үймөктүү түшүнүктөрүн наристе сөзсүз билиши зарыл эмес. Бала чагында ага өз үйүндө жана коомдук жайларда тазалыкты жана тартипти сактоонун элементардык эрежелерин билүү гана жана ушул эрежелерди бузганы үчүн намыстанып туруусу эле жетиштүү. Мисалы экологиялык ыйманы бар адам урнага жетпей жатып кагаз-магаздарды туш келди таштап коюудан намыстанып, бактыбызга азыр арабызда бар болгон момундай тартиптүү кишилердин үлгүсүн аткарышат: эгерде адам тоңдурма жеп бүткөн соң анын ороочун таштоого урна таппай калса, анда ал аны өзүнүн сумкасына салып коюп же колуна кармап ошол өзүнүн таштандысынан татыктуу түрдө арылуу мүмкүнчүлүгү пайда болгонго дейре көтөрүп жүрө берет.

Экологиялык ыйман тууралуу ар бир балага ата-энеси айтып бериши керек, андан кийин мындай түшүнүк балдар бакчасында баланын аң-сезимине бекемделип отургузулат. Анан мектепте мүмкүн же зарыл болсо кенже класстарда эле экология сабагы киргизилет.

Ишмердиктин мындай түрлөрү: "мусорщик" деген сөз "экологист" (бирок эколог эмес) деген аталышы менен, "дворник" – "косможерлин" деген аталыштар менен алмаштырылат. Ошентип "экологист", "косможерлин" жана "жашылдандыруучу" деген жумуштар мамлекет жана коом тарабынан педагогикалык жүктөмү бар ардактуу жана кадыр барктуу деп таанылып билинет. Жыйынтыгында бул кесиптин ээлери, айрыкча жаштар өздөрүнүн жумушунан уялбай өздөрүнүн куттуу кесиби менен сыймыктанып калышы керек. Кесиптердин аталыштарын жаңылоонун негиздемеси: маңызында мусорщиктер өздөрүнүн эмгек ишмердиги менен экология тармагына түздөн түз салым кошушат жана ал гана эмес. Мусорлорду кайра иштеп чыгуу заводдору курулганда алар өлкөнүн экономикасына жана башка нерселерге салым кошушат. Дворникти косможерлин деп атоонун түшүндүрмөсү: астрономия илиминин көрсөтмөлөрүнө караганда жерге космостон күнүнө он тоннага жакын космос чаңы келип түшөт. Ошентип дворниктер жердин гана чаңын шыпырбастан, космос чаңын да шыпырышат, образдуу айтканда таң эртең менен биринчилерден болуп космос дүйнөсүнүн элементтери менен контактка киришет. Ушуга байланыштуу дегеле ДВОРНИКТЕРДИН ЖАНА МУСОРЩИКТЕРДИН ИШИНИН КАДЫРЫН КӨТӨРҮҮНҮН ПАЙДАСЫНА ишмердиктин бул түрлөрүнүн жаңы аталышын кабыл алуу сунушталат.

Коомдук пикирде косможерлиндердин, экологисттердин жана жашылдандыруучулардын кесибин педагогикалык жүктөмү бар ардактуу жана беделдүү деп калыптандыруу максатында косможерлиндердин, экологисттердин жана жашылдандыруучулардын ишмердиги категориясы бар кесип даражасына чыгарылып алардын кесиптик деңгээлине жараша категориялар ыйгарылып аларды кесиптик-техникалык окуу жайларында даярдашат. Алардын эмгек акылары категориясы жана аткарган ишинин көлөмүнө жараша мектептердин педагогикалык кызматкерлеринин эмгек акысына теңдештирилет. Ал эми илимий-техникалык прогресс жаатында болсо мусорлорду чогултуп чыгаруунун техникалык ыкмалары, маданияты, жогору гигиенасы өнүктүрүлүп алардын жумушу жагымдуу болуп калышы керек. Таштанды ташыган автоунаалар кадимки автоунаалар сыяктуу эле кынтыксыз таптаза абалда жүрүшү керек.

Бул кесиптин ээлери санитариянын негизин, вирусологиянын негизин, экологиянын негизин, коомдук гигиенаны билүүгө милдеттүү болуп өздөрүнүн ишмердигинин тармагында сөзсүз түрдө педагогикалык жөндөмгөө ээ болуп коомдук тазалыктын жана тартибинин бузуучуларына кош көңүл болбой сөз иретинде моралдык-этикалык таасир эте билүүлөрү жана керек болсо өздөрү үлгү болуп жүрүшү зарыл шарт. Ушул түшүнүктөрдөн улам бул кесиптердин ээлерине жүрүм-турумдун, сүйлөө речинин үлгүсүн көрсөтүп жүрүү милдети жүктөлүп алар мамлекеттик жана коомдук педагогикалык процесстин же адамдарды экологиялык ыйман рамкасында тарбиялоонун активдүү катышуучулары болушат.

Бул кесип ээлеринин өкүлдөрүнө иш учурунда же жумуштан тышкаркы учурда экологист экендигинин (косможерлиндин, жашылдандыруучунун) тастыктамасын көргөзүп экологиялык, санитардык тартип же коомдук гигиенаны бузуучуларга эскертме берүү, кармоо жана укук коргоо органдарына өткөрүп берүү ыйгарым укугу берилиши керек.

Экологиялык ыйман, сонун экология түшүнүктөрүнө ылайык ар бир адам бул кесиптин ээлерине жана алардын куттуу эмгегине урмат-сый мамиле кылып жүрүүгө милдеттүү.

Жогоруда чагылдырылган идеялар, экологисттин, косможерлиндин жана жашылдандыруучунун эмгек ишмердиги, алардын коомдук статусу экологиялык укукта жана айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөгү мыйзамда чагылдырылып ушундай жол аркылуу реалдуу түрдө иш жүзүнө ашырылат.



Бул кесиптердин негизги жана милдеттүү принциби жыйноо территориясын демилгелүү түрдө кенен ээлеп борбордук да перифериялык да жерлерде таштанды табылбагыдай кылып иштөө. Ал эми бул принципти натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн иштөө ыкмасы активдүү, үзгүлтүксүз жана издеп табуу болуп саналат. Издеп табуу деген сөз, таштандыларды табуу үчүн жерлерди такай кыдырып туруу. Бул маселе жарандардын телефон аркылуу билдирүүсү аркылуу да чечилиши мүмкүн.

Тилекке каршы автоунаа менен такай кыдырып жүрүү күйүүчү отун, бензиндин ысырап болушу менен коштолот. Ошон үчүн мындай максатта атайын троллейбус бөлүнүп берилет, анда таштанды чогулта турган атайын салону жана экологисттердин бригадасы жайгашчу атайын орундуктар болот. Алар дайыма троллейбуста жүрүшүп таштанды тапкан жерлерде аларды чогултушат. Ал эми троллейбус линиялары жок райондордо экологисттер велосипед менен жүрө алышат да (иштөө эрежеси – дайыма райондорду кыдырып жүрүү) таштанды табышса, таштанды жыйноочу машиналарын чакырышат.

Эми бул болжолдуу гана сунуштар, ал эми экологиялык ыйман концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча ишмердиктин системасы коомдун жашоо процессинде өнүктүрүлөт.

жетинчи концепция – жетектөөчү этнос
Руханий Синтез: тарыхый эстутум жана заманбаптык
2004-жылдын 30-январында өткөн Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын IV Курултайында "Этникалык өнүгүүнүн негиздери" аттуу концепция кабыл алынган. Этникалык өнүгүүнүн Концепциясынын негизги жоболорунун ичинде этникалык аралык мамилелерди түзүүдөгү кыргыз этносунун Чечүүчү ролу чагылдырылган. Аталган параграфта кыргыз этносуна коомдогу "жетектөөчү" этнос деген функция жүктөлгөн. Мындай чечим, табиятында интернационалдык саясатты жактаган Кыргызстан калкынын Ассамблеясы тарабынан кабыл алынып жаткан соң, албетте, бул чечим маңызында жамааттык да интернационалдык да болуп саналып кыргыз элинин "жетектөөчү этнос" деген аталыштын өзү эле эч кандайча бир улуттун башка улутка артыкчылык кыларын сыпаттабайт. Болбосо биздин мамлекеттин аталышы деле кыргыз элинин аты менен Кыргызстан деп аталып жатат жана бул эч ким тарабынан арызданып алынышы мүмкүн эмес, демек, кыргыздардын Кыргызстандагы жетектөөчү этнос экендигин да эч ким танбашы тийиш. Бул нерсе жогорулатуу эмей, тескерисинче адилеттүү түрдө кыргыз элине титулдук улут катары жоопкерчилик жүгүн артуу деп каралышы керек. Башкача айтканда жетектөөчү деген фактордун өзүн эле тийиштүү жоопкерчилик менен теңдөө керек.

Кыргыз элине жоопкерчилик жүгүн артуу идеясынан улам кыргыз элинин унутта калган мыкты менталитетин жана кыргыз эли болжол менен орто кылымдарга чейин чын чынында руханий, саясий жана башка жактарынан күчтүү эл болгон тарыхый адилеттикти кайра жандандырып калыбына келтирүү тууралуу кеп кылалы. Анын үстүнө тилекке каршы "кыргыз" деген таза сөзгө шек келтирип "кыргыз" деген сөз менен чыйыр (стереотип) түрдө пунктуалдуу так эл эмес жана ушул сыяктуу көптөгөн башка терс сапаттарды байланыштырып жатышканда маселени минтип кабыргасынан коюу ого бетер адилеттүү нерсе.

Кыргыз эли жетектөөчү этнос деген өзүнүн миссиясын татыктуу жүзөгө ашырсын үчүн жана Кыргызстанда жашаган бардык улуттарды жана элдерди бириктирип улуттар аралык мамилелердин үлгүсү болсун үчүн, руханийлүүлүктүн, нравалык-этикалык тазалыктын, жогору маданияттын жана прогрессивдүү интеллектин жана башка нерселердин үлгүсү болсун үчүн кыргыз элинин космостук кубаттуу руханий нарк-насилин жаратабыз. Муну үчүн кыргыз элинин миңдеген жылдардагы тарыхынын эстутумуна кайрылып, байыркылыктын тамырынан керектүү дөөлөттөрдөн сүзүп алып жана жаңы замандын талабынан да зарылдарын иргеп алып кыргыз элинин руханий баалуулуктарынын болоттон бек ширелген Синтезин жаратабыз.

– Кыргыздардын эч качан акчага сатылбаганына орто кылымга чейинки карт тарыхыбыз күбө. Ал эми бүгүнкү күндө болсо кыргыздар башка улуттагы туугандары менен бирдикте кадыресе пара алып калышкан. Арабтар кыргыз элине ислам динин зордоп киргизип жатканда алар мындай деген экен: кыргызды эч нерсеге сатып алууга такыр эле мүмкүн эмес экен. Бирок алардын бир "кемчилиги" бар экен. Алар сөзгө терең маани беришип сөздү жогору баалашат экен. Ошон үчүн кыргыздарды сөз менен гана багындырып алса болот экен. Бул азыркы тил менен айтканда дипломатиялык айла-амалдар менен багындырып алса болот деген нерсе. Арабдардын сөзү менен эзелки кыргыз элинин эч нерсеге сатылбагандыгынын тарыхый ырастоосу мына ушундай. Ушундай мерчемдерден улам кыргыз эли үчүн төмөнкүдөй арнамыс кодексин жылдырып чыгабыз: Кыргызстанда пара алганы үчүн кыргыздарга башка улуттагы туугандарыбызга караганда артыкча катаал жазалоо жүктөлсүн. Бирок бул кыргыз эмес улутундагы жарандар пара алгандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартылбайт дегенди билдирбейт. Пара алып кармалган кыргыз улутундагы жаранга мыйзамдарда каралган жазадан башка дагы элге расмий түрдө ашкере кылып жарыялана турган төмөнкүдөй кошумча катаал моралдык жаза жүктөлөт: "Ата-бабаларыбыздын ыйык салтынын алдындагы чыккынчы жана кыргызстандык туугандардын алдында кыргыз элинин ыйык арнамысына доо кетирген кылмышкер";

– АКШда, мисалы, негроиддик расанын өкүлүнүн президент болушуна шансы азыраак экендиги жашырын эмес. Россияда да орус эмес улутундагы кишинин президент болуу шансы жокко эсе. Ошондой эле Казакстанда, өзбекстанда жана башка мамлекеттерде титулдук эмес улуттагы кишинин президент болуу мүмкүнчүлүгү күмөн. Бул деген жазылбаган мыйзам сыяктуу. Бул нерседен эч жакка качып кутула албайбыз. Улуттук аң-сезимдин өзүн өзү таануусунун жаратылышы ушундай. Кыргызстанда деле ошондой экендиги жашырын эмес. Бирок бул деле мыйзамда ачык аныкталган эмес. Тек гана бул деле жазылбаган мыйзам. Андыктан биз каалайбызбы каалабайбызбы Кыргызстанда да бүгүн, эртең жана мүмкүн эртеңден кийинки күнү да өлкөнүн президенти титулдук улуттун өкүлү болуп турары шексиз. Мындай болгон соң ал киши өзүнүн жеке инсандык сапаттары жана кесипкөйлүгүнүн даражасы үчүн бүткүл Кыргызстан элинин алдында моралдык жактан абдан жооптуу. Ошон үчүн кыргыз элине эң эле катаал талаптар коюлушу керек. Президент элдин ичинен чыгат. Эл кандай болсо, президент да ошондой. Эл өзүнүн президентине татыктуу. Ал эми президент кандай болсо, элдин турмушу да ошондой. Ошондуктан биз ишке жарабаган президентке дуушар болуп калбашыбыз үчүн Манас эпосундагы Алмамбет, жыйырманчы кылымдагы Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков, Султан Ибраимов, Абсамат Масалиев жана башкалар болгондой кыргыз элинин менталитетине, салтына жана маданиятына чынчылдык, адилеттик, акылман жана көрөгөч мамлекеттик ишмердиктин бийик идеалдары камыр-жумур болуп киргизилет;

– тарыхтан белгилүү болгондой кыргыздар жоокер эл болгон. Бирок Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн тышкы саясатты карманып турган биздин мезгилде жана Кыргызстандын армиясы коргоо жетиштүүлүгү принциби менен түзүлүп жатканда мындай жоокердик мүнөз, Кубанычбек Кудайназаров деген киши тарыхый булактардан кайра жаратып жаткан "камбартеп" деген карате сыяктуу согуштук өнөрүнө өткөрүлөт. Маданияттын руханий аң-сезими деген концепцияда жазылгандай нака кыргыздын камбартеп деген тарыхый мушташуу өнөрү мамлекет тарабынан колдоого алынып кыргыз элинин салттык машыгуусу жана бардык кыргызстандыктардын дөөлөтү болуп кыргыздын бул өнөрү дүйнөлүк масштабда популяризацияланат;

– кыргыз элинин ыйык салты болгон ата-энесин сүйүп жана аларга кам көрүүгө милдеттүү болгондой эле кыргыз улутундагы кишиге өзүнүн эне тилин сүйүп билүүсүнө катаал талап коюлат жана мындай талап сөзсүз түрдө моралдык мүнөзгө ээ жана эмгек мыйзамдарында юридикалык мүнөзгө да ээ болушу мүмкүн (иш кагаздарын мамлекеттик тилде алып баруу маселесине келгенде);

– ар бир кыргыз кишиси мектепте билим алуу аркылуу, шаарда төрөлүп-өскөн бала орус тилин кандай эркин билсе, орус тилин ошондой эле эркин жазууну жана сүйлөөнү билүүсү үчүн мамлекет программалык билим берүү шартын түзүп берет. Ар бир айылдык кыргыз орус тилинде эркин сүйлөөсү балким анчейин деле зарыл эместир жана буга жетишүү реалдуу деле эместир, бирок ар бир айылдык кыргыз орус тилинин грамматикасын ийгиликтүү өздөштүрүп алуусу зарыл. Тилдерди билүү дайыма пайдалуу экендиги кынтыксыз талашсыз эмеспи;



Кыргыз элинин бирдиктүү психологиясы жана ош диалектин жоюу
Эми кыргыз элинин көрүнүктүү проблемаларын чечүүгө бел байлайлы. Саясат аренасында да, элдин турмушунда да болуп турган кыргыз элинин мүнөздүү трайбализм проблемасына ылайык негизги приоритеттүү стратегия катары элди тарбиялап бириктирип ынтымакка чакыруу маселеси келип чыгууда.

Алгач трайбалисттерди кыргыз менталитетинин тормозу, элдин аң-сезимине караңгылыктын үрөнүн себишкен, этникалар аралык жаман стереотиптин түйүлдүгүн жараткан катары элдин душмандары же керексиз адамдары деп адилеттүү түрдө жарыялай туралы.

Өлкөнүн гармониясына доо кетирген мындай кейиштүү жагдайда кыргыз элинин бирдиктүү психологиясын иштеп чыгуу бул маселенин жолдуу кадамы болуп калаары шексиз. Муну үчүн төмөнкүдөй кадамдар сунуш кылынат:

Биринчиден, кыргыз тилин сактап өнүктүрүү саясатын дагы да кеңейтип, маанисин тереңдетип, ошол саясатка дагы кошо турган бир функция: бардык облустагы кыргыздардын тилин, диалектиси жок бир нормативге өнүктүрүп чыгуу. Анын жыйынтыгында ар бир кыргыз жаранынын сүйлөө речинен анын Кыргызстандын кайсыл жеринен келгендиги эмес, жөн гана кыргыз экендиги көрүнүп турса.

Ушул жерде Ош, Баткен жана Жалалабад облустарынын жашоочуларына кайрылгым келет:

Урматтуу жердештер! Кыргыз тилине өзбек тилинин акцентин кошуп сүйлөгөнүбүздөн уялышыбыз керек. Биз өзбек маданиятынын таасирине дуушар болгонубуз чын. Бирок мындай абал менен жарашууга болбойт. Биз тез арада өзүбүздүн тилибизди оңдой башташыбыз керек! Биз таза кыргыз тилине өтүшүбүз керек. Биз сүйлөгөн сөзүбүздө «оям», «буям», «ьаа» деген сөз бөлчөктөрүн колдонгонубуз үчүн Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облусундагы мекендештербиз адилеттүү жана керек болсо ачыктан ачык эле бизди шылдыңдап жатышат (адилеттүү шылдыңдоо). Нарын облусундагы мекендештерибиз гана кыргыз тилин кристалдай таптаза кылып сактап кала алышты.

Бирок бул жерде Ош, Жалалабад жана Баткен облустарынын айрым гана адамдары минтип айтышы мүмкүн: тескерисинче «оям-буям» деп жатып накта эне тилибизде сүйлөп жатабыз, анткени менин энем ушинтип сүйлөйт дешип.

Урматтуу жердештер! Менин ушул чакырыгыма олуттуу маани беришиңиздерди жана кыргыз элинин бирдиктүү психологиясын иштеп чыгууга анан акыры кыргыз элин ынтымакка алып келүү ишине патриоттук салым кошсоңуздар!

Экинчиден, бөлүнүп-жарылуу менен оорулуу кыргыз элинин каада-салттарынын максатка ылайыктуулугун, оң жана терс жактарын, биздин заманга ылайык келүүсүн изилдеп иликтеп рационалдуу жана бүт Кыргызстан боюнча бирдиктүү кылуу саясатын иштеп чыгуу доору келди.

Үчүнчүдөн, кадрлар саясатын кабыргасынан коюп эки критерийди алып чыгуу керек: кесипкөйлүк жана бүткүл элдик патриоттуулук. Бүткүл элдик патриоттуулукка ылайык, өзүн аң-сезимдүү адам катары көрсөтө алган, бардык региондордун өкүлүнө үлгү көрсөтүп бирдей мамиле кылган жана оптимисттик түрдө элди бул жугуштуу оорудан айыктырып тарбиялоого болоруна терең ишенип, өзү да сөзсүз түрдө мындай педагогикалык аң-сезимге ээ болсо же жок дегенде умтулуусу болсо гана кадрлар жолуна өткөрүү керек.

Кыргыз аң-сезими чындыгында эле трагедиялуу трайбализм менен шалдырап турган азыркы шартта "Түндүк" жана "Түштүк" деген сөздөрдү түп-тамырынан бери жоюп салып ал "каргашалуу" сөздөрдүн ордуна эринбестен эле областтардын конкреттүү аталыштарын эле пайдалансак. Анткени кыргыз эли туруктуу биримдиктен кур жалак болуп турганда "Түндүк" жана "Түштүк" деген сөздөр жай жана тымызын аракеттеги бомбага окшоп өлкөнүн өзүнө эле кооптуу боло турган геосаясий мааниге өтүп кетип бул түндүк-түштүк түшүнүктөрү аң-сезимсиз абалда (подсознание) кыргыздардын калдырап калган аң-сезимин деградация кылат.

Бул маселени иш жүзүнө ашырууга, бүт кыргыз элин (көп улуттуу Кыргызстан элин да) тарбиялап, бириктирип, жетелеп кете турган же акылман лидерлерибиз жок, же акылман Президентибиз жок. Элдин ичинен замандын талабына ылайык тийиштүү генийлер чыкпай жатса, Асмандан экинчи Манас түшпөй жатса кантебиз анан.

Эмесе, булар боюнча узак мөөнөттүү долбоор:

Демек, бүт кыргыз элин тарбиялап бириктирип кете турган мыкты макалаларга жана чыгармаларга жол берип кыргыз элинин аң-земинине бекем орногонго дейре жылдан жылга гезит-журналдарды, теле радио каналдардын мейкинин толтуруп туруу керек. Элдин арасынан педагогикалык аң-сезими бар, өзүнүн ыйманы таза, тартиптүү, маданияттуу, үлгүлүү, акылман, ойчул, философ Президент чыгып системдүү түрдө элге ыйман лекциясын окуп элди тарбиялап туруусу азыркы замандын акыйкат чакырыгы. Макала жана чыгармаларага "конкурс жарыялап" деп айтпай жөн гана атайын "жол берип" деп айтылгандын себеби, эгерде конкурс жарыяласаң, көпчүлүк жазмакерлер акча үчүн гана жазып калышат. Ошон үчүн конкурс уюштурбай эле нукура көөдөндөн чыккан чыныгы патриоттук материалдарга жолду кенен ачып коюу керек.

Акыйкатта, мындай долбоор кыргыз эли үчүн абдан зарыл.

Ошентип, кыргыз элин ынтымакка чакыруунун приоритеттүү багытын аныктап чыктык. Эгерде бул жерде жаңылуу болсо, жогоруда аталган приориттүү багытты, кыргыз элинин "бирдиктүү тилин жана каада-салтын иштеп чыгуу" өңдүү мазмун менен толтуруу идеясынан гана адашуу болсун. Ал эми ошол эле, кыргыз элин бириктирүү приоритеттүү багыты, оюбузча, зарыл, талашсыз туура. А эгерде баары бир жаңылуу бар болсо, бар болгону ошол приоритеттүү багытты башка идеялар менен толтуруу боюнча альтернативаны сунуш кылуу оңдур.

Канткен менен кыргыз элинин маданиятынын формасы гана бир боло бербестен, анын тил, каада-салт жана башка өңдүү элементтерден турган мазмуну да бир болсо, жыйынтыгында форманын жана мазмундун гармониясы, кыргыз элин да гармониялуу өнүгүүгө алып келеер эле.

ПАТРИОТТУУЛУК ЖӨНҮНДӨ
Эгерде кыскача формада айтсак, патриоттуулук – бул өз Ата Мекенин сүйүү болуп саналат. Ата Мекен деген сөз өзүнүн маңызында абстракттуу болуп саналып ошон үчүн бул сөздү угушканда ар кандай адамда ар кандайча ассоциацияланат. Бул түшүнүк көп сыйымдуу экенин эске алсак өзүнүн материалдык маанисин тууган жер, жаратылыш жана башка нерселерде чагылдырат. Ошондой эле Ата Мекен деген түшүнүк өз элинин тарыхын, маданиятын жана каада-салттарын камтыйт. Патриоттуулук сезими эненин сүтү менен келет. Көрүнүп тургандай булардын баары Ата Мекен болуп саналып патриоттулуктун объектине кирип, сүйүүнү жана көздүн карегиндей сакталууну талап кылат.

Кыргызстанда патриотуулуктун объективдүү керектиги жөнүндө сөз козгосок. Бардык Кыргызстан элинин жетишкен же жетишилип жаткан Бирдик баалуулуктарды же кызыкчылыктарды көздүн карегиндей сактап жана өнүктүрүү үчүн керек. Же көп улуттуу ынтымактуу Кыргызстан элинин жалпы идеалдары.

Ар бир кыргызстандыктын патриоттуулугу бул жалпы элдик идеалдарды сүйүүсү, сактоосу, алар менен сыймыктануусу, бекемдөө жана өнүктүрүүгө багытталышы керек.

Жогоруда айтылган туулган жер, элинин маданияты, каада-салттары деп көрсөтүлгөн патриоттуулуктун социалисттик объекттери өзүнүн өлкөсүндө территориалдык чектелгендей көрүнүп башка мамлекеттерден обочолонуп каралгандай туюлат. Маңызында алар жакшы нерсе жана алардан баш тартуу маңыроолук болоор. Жана алар кандайдыр бир даражада саясатташтырылганбы же жокпу, бул жөнүндө сөз учугун улоодон баш тартып туралы.

Трансулуттук цивилизациянын жана планетардык ауранын бул идеологиясына ылайык патриоттуулуктун жаңы объекттери катары жогорудагы Жарандык улут концепциясы, Социалдык гуманизм жана социалдык гуманизмдин түбөлүк режими концепцисы, Педагогикалык аң-сезим концепцисы, Маданияттын руханий аң-сезими концепциясы, Чынчылдык концепциясы, Экологиялык ыйман концепциясы, Жетектөөчү этнос концепциясы коюлат. Анткени идеологиянын эң башында белгиленгендей:

Жогоруда коюлган концепциялар патриоттуулуктун жаңы формасынын борбордук объекттерине кирет. Бул патриоттуулуктун баалуулугу Кыргызстандын ар бир жараны үчүн анын улутуна, социалдык стереотибине карабай бирдиктүү жана универсалдуу болуп калуусу керек. Анын эне тилинин, улуттук менталитетинин, өзүнүн улуттук маданиятынын колоритин индивидуалдуу сиңирип алганына карабай ар бир адамды жагымдуу ыроолоосу керек. Ошон үчүн саятташтырылбай, табигыйыраак болушу керек. Ошентип, ар бир Кыргызстандыктын патриоттук сезими адам өнүгүшүнүн эң жогорку стадиясына чейин узак өмүрдүү касиетине өтүп, кандай гана катаклизмалар болбосун – акыйкат менен алда канча окшош тутумдаш катары кебелбес болушу керек. Патриоттуулуктун мындай табияты Кыргызстандын бардык улуттарын бириктирет.

Төртүнчү жана жетинчи концепциялардын расмий-мамлекеттик маданият сыяктуу жана башка айрым моменттери гана объективдүү жок болбой турган мыйзам ченемдүү көрүнүш катары улуттук факторлорго баш ийип анан дүйнөлүк цивилизациянын өсүп-өнүгүшү менен бара-бара жалпы адамдык баалуулуктарга трансформацияланып чыгат. Улуттук факторлорго баш ийген бул моменттерди доордун кечиктиргичтери (издержки эпохи) деп атап коёлу.

Ошондой эле патриоттуулукту – ар бир жаранды мамлекет жогоруда аталган жана башка берекелер менен жыргатып өзүнүн ар бир жаранын мамлекет баалаганы үчүн патриоттуулук деген эмне дегенди – өзүнүн мамлекетин сүйүү катары караса болот. Ал эми сүйүү демекчи, мындайча айтканда эки тараптуу тең болушу керек.

Өзүнүн өлкөсү үчүн сыймыктануу тууралуу сөз кылып жатып айрым жаштардын башка өлкөнү сүйүп ошол өлкө үчүн сыймыктануу менен ошол өлкөнүн мамлекеттик желеги тартылган кийим-кечени кийип жүргөнүн байкап көрсө болот. Бирок бул ой дайыма эле туура эмес жана ушундайлар үчүн адамдарды сындаган жакшы эмес. Бирок бул көрсөткүч биздин жараныбыздын, Кыргызстандын желеги тартылган кийимди сыймыктануу менен кийип жүрө албастыгы тууралуу ыктымалдуулукту чагылдырат. Анан дагы батышка мүнөздүү болгон сырткы көрүнүштүн, батыш стилинин, батыш ой жүгүртүүсүнүн элдин арасында тарап жатышы батыш өлкөлөрүнүн маданиятын биздин өлкөгө жашырын түрдө экспансия жүргүзүп жатканынан ыктымалдуу кабар берет.

Патриоттуулуктун объекттери жогоруда белгиленген борбордук объект-концепциялар менен эле чектелип калбайт. Патриоттуулуктун объекттери коомдук жана мамлекеттик түзүлүштүн жаңы идеяларына жайылат. Алар патриоттуулуктун перифериялык объекти болуп калат, булар: "Кадрлар иерархиясы жана "Мамлекеттин элиталык кадрлары", "Коомдук жашоонун тоталдык прогресси жана мамлекеттик башкаруунун нукура илимдиги: "жыргалчылык үчүн баары жана бүт баары" же "тоталдык көңүл буруунун принциби", Экономиканын субстанциясы, Экономиканы кыйратуу – экономика менен күрөшүү, Шайлоо системасы, Идеологиялык насаат. Ушулардын баарын бирге алганда көп улуттуу Кыргызстан элинин бирдиктүү жалпы маданияты да, бирдиктүү жалпы каада-салттар катары да каралат.

Ар бир Кыргызстандыктын патриоттук сезими адам өнүгүүсүнүн жогорку стадиясына чейин түбөлүктүүлүк жана кандай гана катаклизмалар болбосун, кынтыксыз бойдон кала берүү касиетине ээ болушу керек.

Патриоттуулуктун борбордук объекттери болгон Жарандык улут, Социалдык гуманизм жана социалдык гуманизмдин түбөлүк режими, Педагогикалык аң-сезим, Маданияттын руханий аң-сезими, Чынчылдык, Экологиялык ыйман, Жетектөөчү этнос жана перифериялык объекттер элдин тарыхый өнүгүү жолунда табигый жол менен дүйнөлүк мааниге өсүп чыгат. Ошондо Кыргызстан эли эң биринчилерден болуп планетардык аң-сезимге жол баштап анын артынан бүтүндөй дүйнөлүк коомчулук жүрөт. Ошентип Жарандык улут, Социалдык гуманизм жана социалдык гуманизмдин түбөлүк режими, Педагогикалык аң-сезим, Маданияттын руханий аң-сезими, Чынчылдык, Экологиялык ыйман жана Жетектөөчү этнос эртедир-кечтир, а балким анын ичинен айрым нерселери ар кандай цивилизациялуу коом үчүн саясий эмес, тескерисинче табигый баалуулук болуп жатат чыгар.

Эгер бул келтирилген маяк космополитизм түшүнүгүнө түртүп чакырып жатса, анда аны сүйүүнү таржымалдоонун «Ойчулдун түбөлүк жаркыроосу» деген автордук илимий-фантастикалык романдын жарыгында прогрессивдүүлүктүн призмасы аркылуу космополитизмдин жаратылышын карап көрүп, патриоттуулуктун борбордук объекттерин жыйынтыктап, кийинки идеяларга өтөбүз:

(Төмөндө келтириле турган цитаталар алгач романдын орто жерлериндеги мазмунунда орун алып келип ананыраак идеологиялык иш романга киргизилгенден кийин романдын мазмунунан үзүлүп алынып идеологиялык ишке жакындатылып алынган).



"Мекен концепциясын шарттуу түрдө эки кырга бөлүп, биринчисин саясий идеологияга, экинчисин космополитизм идеологиясына ыйгарып туралы. А космополитизм болсо элдерди жана мамлекеттерди өз ара аракетке келтирип пейилдерин жакындатат да, бирок өз улутуна, салтына нигилисттик (чануу) мамиле кылууга алып барат. Ошентип, космополит киши дүйнөнүн жараны болуп жатат".

"Дүйнөнүн гражданы болуу жакшыбы? Маселен космополиттер же дүйнөнүн граждандары бири-бирин улутуна, расасына, уруусуна, туулган жерине, граждандыгына, динине карап бөлүшпөйт. Алар бири-бирин адеп-ахлак көрсөткүчтөр боюнча: жакшы – жаманга, ыймандуу – ыймансызга, чынчыл – калпычыга, мээримдүү – каардууга, адамгерчиликтүү – ала-көөдөн жана ушул сыяктуу инсандык жетилгенине карап бөлүшөт. Алар жер шарынын ар кайсы бөлүгүндө жашап алар үчүн бардык элдер чек арасыз бирдей жаркырайт да, бүт баарын бирдей сыйлап өздөрүн дүйнөлүк коомчулуктун катарына коюшат".

"Бирок космополитизм элдерди өз ара аракетке келтирип бири-бирине дос-тууган кылып жатканы менен, карагылачы, өз улутун, маданиятын жана каада-салттарын чандыра турган эки түркүн социалдык-саясий ориентациясы болуп жатпайбы? Чынында турмушта жер, суу, газ, нефть, дегеле жаратылыш ресурстарын улуттар же мамлекеттер аралык талашып ушулардын кесепетинен акмакчылыкча согушка чейин көтөрүлүп жатканыбыз айтып бүткүс трагедия! Ушул, байлык же керектүү материалдык ресурстарды талашуу фактылары – мамлекеттер аралык адам коому бири-бири менен тыгыз байланыштуулугу, бири-биринен толук бойдон бөлүнүп жашоого болбостугу, биринде нан бар болсо экинчисинде туз бар болгондугу, өз ара аласа-бересесиз жашоого мүмкүн эместигин, бүткүл дүйнөлүк адамзат бирдиктүү организмге окшоп тургандыгын ачыктан-ачык айгинелеп турат. Ошондуктан космополиттик идеологиянын бүткүл дүйнөлүк биригүү чакырыгы негизи аң-сезимдүү эле нерсе болуп турат."

"Бирок адамдар үчүн өз тилин, улуттук жүзүн, өз маданиятын сактоо да негедир зарыл болуп отурат. Ушул улуттук зарылчылыктан улам кээде касташа да кетебиз. Дегеле тилдерди, улуттарды, каада-салттарды бүткүл дүйнөлүк бирдиктүүлүккө келтирсек адам баласынын кызыгуу маңызына ылайык дүйнөлүк маданияттын бай колорити кумга сиңген суудай жок болуп баратат. Эмне кылсак? Акыры барып алыскы келечекте бүтүндөй улуттар, тилдер бир дүйнөлүк формага келет деген стратегиялык божомолдорду эске алсак. Анан дүйнө элдеринин аң-сезимдүү, акыйкатка туура келген, мындайча айтканда рационалдуу, нормалдуу гана каада-салттарын кумдан алтын издегендей иргеп алып синтездеп адамзаттын бүткүл тарых жолунда топтолуп келген бирдиктүү, эбегейсиз бай, копкооз жана өтө кызыктуу жалпы адамзаттык маданият жаратып бир дүйнөлүк логикалык тил иштеп чыгарсак".

"Чындыгында айрым каада-салттар биз биле бербеген акыйкаттарга теңделе бербейт, көпчүлүгү шарттуу, адамдар өздөрү керт башына ойлоп чыгарып алышкан. Эми, келечектеги улуттар аралык биригүү мыйзам ченемдүү эволюциясын эске алсак, «биздин тил!», «биздин улут!», «мен орусмун же кыргызмын же дунганмын» улуттук сыймыгы жана башка көйгөйлөр канчалык зарылдуу? Куралды жерге коюп бүт дүйнө эли руханий, маданий, экономикалык жана турмуштун бардык сфералары боюнча биригип ынтымакта жашап глобалдык бакытты колго алсак болбойбу?!"

"Маселен, патриоттулук жөнүндө сөз болгондо, көбүнесе бул түшүнүктү адамдын өз мекенин сырткы душмандан коргоого болгон мамилесине, аскердик милдетин сезүүсүнө байланыштырышат. Ошентип адамды патриоттук тарбиялоонун зарылдыгы кандайдыр бир мааниде согуш жана тынчтык факторунан келип чыккандай көрүнөт да, патриоттук тарбиялоо идеясы саясий мотивди чагылдырып жаткан сыяктанат".

"Адамзат согушту жаратып алганына дүйнөнүн жараны (космополит) болууну каалагандар күнөөлүү эмес. Адам өзүнүн жаш курагында дүйнөлүк көз карашка ээ болуп жатып өзүнүн дүйнө сезүүсүн чагылдырат, башкача айтканда дүйнөлүк көз караштын эмоционалдык-психологиялык жагын курчаган чөйрөгө, ошондой эле согуш жана тынчтык факторуна карата сезимдер жана көңүлдөр деңгээлинде. Адам өз өлкөсүнүн территориясын, өз өлкөсүнүн өз элин, өз өлкөсүнүн өз маданиятын артыкча сүйө бербестен, дүйнөгө болгон мамилесинде эркин болууга, Жердин бардык элдерин, планетанын бүткүл аймагын глобалдуу сүйүүгө укуктуу".

"Ал эми коммунисттик идеологияда тарбиялоонун терс жагын айтсак, тилекке каршы бул да өзүнчө шарттуу рефлексти түптөп салуу болгон да: ушинтип адамдарды догмалуу тарбиялаган, таасирленткен да рамкага салган. А адамдын аң-сезими таза жана бош болуп турганда: ал табигый, таза жана эркин өнүгүү жолунда бүт планетаны, бүт адамзатты сүйө алаар эле. Анан ал ушинтүүгө укуктуу. Адам өзүнүн алгачкы жаштарында кудайдуу да, ал эми ымыркай өсүп келе жатканда анын аң-сезимин булгашат: «ойнобо алар менен». Көрбөйсүңбү, булар ак сөөктөр, а тигилер болсо башкалар".

«Тигил же бул улутка болгон сыймыктуу тийиштүүлүк же улуттук сыймык өзүнүн улуттук коомун сактап калып өстүрүүгө өбөлгө болушу мүмкүн. Бирок, бул сезимди сөз менен ачык айтуу, – биз моралдык сезбеген улуттук дискриминацияны камтыйт. Адам өзүнүн улуттук сыймыгын билдирип жатканда, башкача айтканда өзүнүн улуттук тийиштүүлүгү менен сыймыктанып жатканда башка улуттар эмнеси менен ага терс көрүнөт?! Эгер адам башка улутта деле жарыкка келгенде төшүн жалындуу кагып ошол эле шумдукту жасамак. А эгер, ошол эле «шумдукту жасабаса» анын көз карашына караганда анын улуту начар экен да, ал эми кандайдыр бир башка улут аны үчүн сыймык болуп калмак экен. Биз бул, эгоцентристтик менен салыштырып өз улутуна артыкчылык баа берүүдөн арылышыбыз керек. Бул стереотиптик сезимдин тамыры кылымдар алмаша куурай берет».

«Тил же улут табынуусун көтөргөндө же жөн гана тилдик же улуттук барьерден азап тартканда тынчтыкта жана ынтымакта жашоого адамдардын акылы дайыма жете бербейт да».

"Анткен менен патриоттуулук, өз маданиятын жана каада-салттарын башкалардан бөлүп сүйүү негедир керек болот экен. Муну биздин эра, бүтүндөй адамзаттын глобалдуу реалдуу саясий түзүлүшү талап кылып жатат. Анан адамзаттын жашоо формасынын саясий мүнөзүнө ылайык биздин доордо космополит болуу – негизги коомдук аң-сезимдин сын көз-карашынан боштондук ыроолобойт".

«Космополитизм буржуазиялык идеология жана бул чакырык интернационализмге жат келет имиш. Ошентсе да космополитизмдин алтын үрөнүн иргеп алып, акыйкатка жетелөөчү жарык Жылдызын жандырып алышыбыз абзел. Кандай гана болбосун ал жаркырак жылдыз кылымдар бою быкшып отуруп, акыры барып жалт эте жалбырттап күйүүсү талашсыз жобо, талашсыз жобо, талашсыз жобо».
Мына ушундай прогрессивдүү-тандап алуу таржымалында космополитизмди алдын ала көргөн – сүйүүнү таржымалдоонун автордук илимий-фантастикалык романы: «Ойчулдун түбөлүк жаркыроосу». Бирок мындай планетардык аң-сезимге, КПССтин ачуу тажрыйбасынан качып коомдук аң-сезимди зордобой келишибиз керек. Советтик мезгилде бардык идеологиялар адамдардын аң-сезимине административдик-таңуулоо жана башка ыкмалары менен кийирилип, ар кандай жолдор менен прогрессивдүү сын ой жүгүртүү басмырланып адам акылына саясий табигый рефлекстерди салышкан.

Кыргызстандын аң-сезим алып жүрүүчүлөрүнө Жарандык улут, Социалдык гуманизм жана социалдык гуманизмдин түбөлүк режими, Педагогикалык аң-сезим, Маданияттын руханий аң-сезими, Чынчылдык, Экологиялык ыйман жана Жетектөөчү этнос патриоттуулук борбордук объекттерин жана патриоттуулуктун төмөнкү перифериялык объекттерин сунуштоо орундуу:




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   15




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет