Улан дүЙШөналы-марипат кыргызстандын жалпыжарандык идеологиясы – жарандык улут, социалдык гуманизм жана социалдык гуманизмдин түБӨЛҮк режими, педагогикалык аң-сезим, маданияттын руханий аң-сезими, чынчылдык


КАДР ИЕРАРХИЯСЫ, МАМЛЕКЕТТИН ЭЛИТАЛЫК КАДРЛАРЫ, САЯСАТТАГЫ КАДР МАСЕЛЕСИ, ЖАШТАР САЯСАТТА



бет11/15
Дата17.06.2016
өлшемі0.94 Mb.
#141213
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   15

КАДР ИЕРАРХИЯСЫ, МАМЛЕКЕТТИН ЭЛИТАЛЫК КАДРЛАРЫ, САЯСАТТАГЫ КАДР МАСЕЛЕСИ, ЖАШТАР САЯСАТТА
Кадр иерархиясы
Мамлекетте кадр стратегиясынын туруктуу иерархиясы бар болуусу керек. Иерархияга ылайык биринчи орунга Массалык маалымат каражаттарынын кадрлар курамын коюу керек анткени ММК бийликтин расмий эмес бутагы, мындайча айтканда төртүнчү бийлик болуп саналып коомдук аң-сезимге таасир берүүнүн кубаттуу рычагына ээ. Образдуу айтканда дүйнөнү маалымат башкарып турат эмеспи.

Иерархиялык тартипте экинчи орунга күч структураларын көтөрүп чыгуу керек. Күч структуралары адамдардын тагдырларын, керек болсо массанын тагдырларын адилеттүү же адилетсиз башкарарын эске алуу зарыл. Массаны башкарууда саясий элитанын инструменти катары чыгат.

Иерархиялык тартипте үчүнчү орунга улуттук кадрлар саясатынын прообразы сыңары мамлекеттин элиталык кадрларын коюу керек. Бул суроонун маңызы стратегиялык пландан да жогору каралат.

Анан албетте мамлекет башчысынын кадр стратегиясын да көңүлдөн сырткары калтырбоо керек. Бул суроо кийинчерээк каралат.



Массалык маалымат каражаттырынын

кадрлар стратегиясы
Принципиалдуу алганда бардык ыймансыз ушакчы журналисттерди жумуштан четтетип, мындай сапаттарын, алардын адамдык укуктарын бузбай туура так фактыларга таянып аныктап аларды идеалдуу ыйман тазалоосуна дуушар кылсак болоор эле. Андай учурда миң гезиттерге, жүздөгөн журналдарга жана ондогон радио жана телекөрсөтүүгө бир эле нече чынчыл журналисттер калып калмак. Журналистти төгүн маалымат берүү фактылары боюнча жумуштан аёосуз кетирип кайра жумушка алардын чын жана ыймандуу таза иштеши жөнүндөгү милдеттенмеси аркылуу гана жол берүү артыгыраак болуп турат.

Журналисттердин ишмердигинин тууралыгын жана ыйманын жөнгө салуу максатында эл сотун түзүү керек жана алардын туура эмес иш аракеттерин жөнгө салууну эл сотунун атайын чечимисиз мамлекеттик сот органдарына бере көрбөө зарыл. Анткени мамлекет журналисттердин иш-аракетин көзөмөлдөп жатып сөз эркиндигинин диктатору болуп алаары ыктымалдуу. Ошондуктан журналисттердин ишмердигин жана ыйманын жөнгө салуу механизми толугу менен эл сотуна өткөрүлүп берилиши зарыл. Эгерде айрым журналисттерди тартипке келтирүүгө эл сотунун дарамети жетпесе, анда эл сотунун малекетке кайрылуусу менен мамлекет андай журналисттерди кармап-камоо иш-чаралары менен камсыз кылып бериши мүмкүн. Жана дагы эл сотунун чечими менен гана журналист мамлекеттик сот органдарына өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

Массалык маалымат каражаттарында туура маалыматтарды берүүнүн кандуу жоопкерчилигин катуу коюу керек. Маалымат ресурстарында акталбаган ушак-айымдарга чечкиндүү тыюу салып жана элди алдоочуларды жалпы элдин каарына алуу зарыл. Ыймансыз журналисттерди каардуу жазалоо боюнча мыйзам нормаларын иштеп чыгуу зарыл.

Мамлекет башчысы чынчыл журналисттерден обочолонбоосу керек. Мамлекет башчысы чынчыл жана ыйманы таза болуусу менен жана "бийликтин элден бөлүнүүсүнө бөгөттүн" негизинде жана мамлекет жана укуктун мааңызынын сересинде "эл жана бийлик бирдикте, эл бийлик үчүн эмес, бийлик эл үчүн" деген эрежелер жетекчиликке алынынып мамлекет башчысы чынчыл журналисттер менен бирдикте болушу зарыл.



Чынчыл журналисттерге адилеттүүлүктү кепил кылуу.
Бул жерде мен Фрунзе аэроклубунун бүтүрүүчүсү жана Волчанскидеги окуу авиациялык борборунун мурдакы учкуч-курсанты жана Чебябинскидеги жогорку аскердик авиациялык штурмандар окуу жайынын курсанты катары кээ бир авиациялык терминдерди туура колдонуу тууралуу Кыргызстандын журналисттерине кайрылып кетүүнү туура көрүп жатам. Кыргызстандын журналисттерине өздөрүнүн кесиптик ишмердигинде аскер самолётторунун түрлөрүн туура эмес атоо мүнөздүү болуп калды. Эмнегедир Россиянын журналисттери, журналист кесиби табигый-техникалык эмес, гуманитардык билимдин тармагын чагылдырса да, мындай иштерде дайыма сабаттуураак. Мисалы Кыргызстандын журналисттери СУ-25 деген штурмовиктерди истребитель деп туура эмес атаган учурлар болуп турат. Штурмовиктердин жана истребителдердин ортосунда принципиалдуу айырмалар бар. Биринчиден, самолёттордун аталышында көрүнүп тургандай штурмовик (чабуул салуучу) штурмалайт (душмандын жердеги объекттерин), ал эми истребитель (кыргыч) душмандын самолётторун кырып-жоюп жок кылат. Экинчиден, истребителдер үндөн да тез жана стратосфералык бийиктикте учушат, ал эми штурмовиктердин ылдамдыгы үндөн азыраак жана стратосфера бийиктигинде учушпайт. Ошон үчүн самолёттордун аталыштарында жаңылуу одоно ката болуп саналат. Адатынча Россиянын журналисттери мындай маселеде кынтыксыз компетенттүү келишет.

Башка мисал. Россиянын журналисти эч качан Салижан Шарипов Харьковдогу жогорку аскердик окуу жайын бүтүрдү деп жазмак эмес. Мында гезиттин сабаттуу окурманы, космонавт Шарипов билими боюнча танкистпи, артиллеристпи же канткен менен аскердик учкучпу деп баш катырмак. Бул дагы маалыматтын толук эместиги менен одоно ката болуп саналат. Андыктан Харьковдогу жогорку аскердик авиациялык учкучтар окуу жайы же дагы да толугураак минтип жазылат: Харьковдогу Советтер Союзунун эки жолку баатыры С.И.Грицевец атындагы жогорку аскердик авиациялык Кызыл туу наамындагы учкучтар окуу жайы деп жазуу туура. Анткени аскердик окуу жайлары танкалык, артиллериялык, жалпы аскердик, аскер-деңиз жана башкалар болушу мүмкүн.

Үчүнчү мисал. Бир жолу китептен "учкуч" жана "пилот" деген терминдердин айырмасы тууралуу окуп калгам. Анда аскердик авиациянын (Аскер-аба Күчтөрүнүн) бардык учкучтары учуучу аппараттын түрүнө карабастан учкучтар деп аталат деп жазылган. Ал эми граждандык авиацияда спорттук авиациянын учкучтарын жана бир орундуу самолёттордун учкучтарын учкуч деп аташат деп жазылган. Ал эми калган бардык учкучтар "пилоттор" деп аталат деп жазылган. Мисалы, аскердик учкучтар окуу жайынын бүтүрүүчүлөрүнө жана аскердик вертолёттордун учкучтарына "учкуч", башкача айтканда "учкуч" же "учкуч-инженер" деген квалификация ыйгарылат. Ал эми граждандык авиациянын учкучтар окуу жайынын учкучтарына "пилот" же "пилот-инженер (инженер-пилот)" деген квалификация ыйгарылат. Бул эрежелерди негедир Кыргызстандын да Россиянын да журналисттери сакташпайт. Балким мен тараптан "учкуч" жана "пилот" деген терминдер боюнча ката кетип жаткандыр, бирок канткен менен сөздү тандоого зээндүүрөөк мамиле кылуу керек.

Акыркы мисал. "Галактика" деген сөз, эгерде биздин Күн системасы жайгашкан биздин Галактика тууралуу кеп болуп жатса чоң тамгадан жазылат. Ал эми башка галактикалар тууралуу кеп болгондо "галактика" деген сөз кичине тамга менен жазылат. Бул эрежелер журналисттерге гана тиешелүү эмес, башкаларга да тиешелүү.

Күч структураларындагы

кадр стратегиясы
Милицияларды кызматка алууну катуу кесиптик тандоонун талабына ылайык жүргүзүү. Формализмге бөгөт коюу. Кыргыз милициясынын эл аралык имиджи тууралуу суроону көтөрүп чыгып жол бериле турган чеги менен үлгү катары америкалык сылык-сыпаа жана немистик чынчыл полициянын образын келтирип туруш керек. МИЛИЦИОНЕРЛЕРГЕ, ПРОКУРОРЛОРГО, СОТТОРГО ЖАНА УЛУТТУК КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ сөзсүз түрдө социалдык гарантия берип, БАРДЫК МЕЗГИЛДЕ ӨЗ УЧУРУНДА БЕРИЛЕ ТУРГАН ЭҢ чоң эмгек акы коюп БЕРИП андан кийин гана адал ниеттүүлүк кызмат жана профессионалдыктын талабын жогорулатуу. Далилденген адал эмес кызматынын фактысы боюнча сөзсүз түрдө кызматтан он жылдан кем эмес мөөнөткө кетирүү (жумуштан айдоо).

Мамлекеттин элиталык кадрлары

(Улуттук кадрлардын прообразы же эл чарбасынын бардык тармактарын атамекен кадрлары менен жана мамлекетте кепилдик менен кадрлардын туруктуулугун камсыз кылуу программасы)


Бул главада улуттук кадрлар жөнүндөгү карама-каршы темага ырааттуу өтүү каралат.

Кадрлардын жеткилеңдиги жаатында мамлекет өзүнүн туруктуу таянычына ээ болушу керек. Кадрлардын жеткилеңдиги эки критерийлер боюнча ишке ашуусу керек. Биринчиси – эл чарбасынын бардык тармактары боюнча кадрлардын жеткилеңи. Экинчиси – кадрлардын мамлекеттеги туруктуулугу. Кадрлардын кесипкөйлүгү өзүнөн өзү зарыл нерсе.

Эки критерийлерди карап көрөлү.

Кадрлардын жеткилеңдиги.

Эл чарбасынын бардык тармактарында кадрлардын дайыма жетиштүү болуусуна мамлекет бардык учурда кам көрүүсү керек. Мамлекет чет өлкөдөн кадрларды ижарага алууга мажбур болбой тургандай жетиштүү болуусу керек. Болбосо мындай нерсе экономикалык бөксөөнү жана улуттук кооптуулукту жаратат. Экономикалык бөксөөлөр деген, кадрлар менен камсыз кыла турган мамлекет биздин мамлекетке финансылык жагынан пайдасыз шарттарды коюусу мүмкүн. Кандай болгон күндө да адистер боюнча чет элдик тейлөө бекерге турбайт. Мисалга, чет элдик адистердин жардамы менен алтын өндүрүү шартын алсак...

Эл чарбасынын бардык тармактары боюнча мамлекет дайыма кадрлардын сан жагына да кесипкөйлүгү жагына да статистикалык изилдөө жүргүзүп туруусу зарыл. Мындан сырткары өлкөдө жок болгон тармактарды жаратуу жана өнүктүрүү стратегиясы да жүргүзүлүүсү керек. Мисалы Кыргызстанда авиациондук жана космостук өндүрүш, аскер-өндүрүш коплекси жана башкалар жок. Эгерде Кыргызстандын космонавтикасын өнүктүрүү керек деп табылса, ал эми илимий-техникалык перспективанын кылымында бул зарыл нерсе, кийнчерээк өлкөдө бул тармак боюнча жождорду ачуу менен азыркы мезгилде космос илими боюнча адистерди даярдоо үчүн чет өлкөгө студенттерди жиберүү керек. Инженер кадрлардын жетишсиздигине көңүл буруу керек. Экономикалык жана юридикалык кесиптерге табынуу менен айкын болуп жаткан жаштарды кесип тандоодо материалдык көз караштардан (кесипти танддоодо байлык жагына карап) бери тартуу керек. "Экономфак", "юрфак" деген сөздөр модалуу болуп калганы жана бул жаштар тарабынан ушул кесипти тандоого артык берип жатышканы талашсыз нерсе. Жаштарды техникалык илимдерди сүйүүгө тарбиялоодо илимий-фантастикалык адабият өз ролун ойнойт. Аскер-аба Күчтөрүндө да, Граждандык авиацияда да учуучу кадрлар кескин жетишпейт.

Өзүбүздүн өлкөбүздө жок чет өлкөлүк адистерди тартуудагы улуттук коопсуздук жөнүндө сөз кылсак, чет өлкөлүк атайын кызматтар тарабынан шпионаж көйгөйлөрүн унутпашыбыз зарыл. Бир мамлекет башка мамлекеттин түзүлүшүн ойрон кылуу максатынан өткөн коркунучтуу нерсе жок. Мисалы батыштын атайын кызматтары СССРди кыйратуу планын иштеп чыгышканы.

Кадрлардын өлкөдөгү туруктуулугу.

Орус туугандар боордош Россияга, немис туугандар Германияга, украин туугандар Украинага жана ошондой эле башкалар башка тараптарга кетип жатышканы абдан өкүнүчтүү. Мамлекеттин кадрлар фондунун агылып кетишинен гана эмес, туугандык гуманисттик мааниде да өкүнүчтүү. Өлкөдөгү кадрлардын туруктуулугу экономиканын, илимдин жана техниканын, эл чарбачылыгынын бардык тармактарынын туруктуу жана пландуу өнүгүүсүнүн гарантиясы болуп саналат. Ошондой эле кадрлардын туруктуулугу өлкөнүн экономикалык, саясий жана башка түрдөгү коопсуздугунун кепилдиги. Тилекке каршы оор же курч кырдаалда титул эмес улуттагы туугандар өлкөнү таштап кетпөөсүнө кепилдик жок. Ансыз деле титулдук эмес улуттагы туугандардын эмиграциясы байкалып жатпайбы. Россия Кыргызстандын орус тилдүү калкын коргоп жатканы жакшы жөрөлгө. Биздин коомго, башка улуттагы туугандарыбызга сырттан кам көрүү болбогудай өзүбүздүн башка улуттагы туугандарыбызга өзүбүз эле кам көрө алгыдай жана Кыргызстан эли улуттар аралык гармонияны калыбына өзү сала турган өнүгүү керек. Титулдук эмес улуттагы өкүлдөрдүн бөтөнчөлөнүү сезими болбошу керек.

Эмиграция улантылып жатат. Биз Жарандык улут Биринчи концепциясын жана патриоттуулук системасын ишке ашырганда гана бул нерсе токтошу мүмкүн. Бирок муну үчүн убакыт, а балким бир муундун мезгили талап кылынаттыр. Ал эми ага дейре канткенде да мамлекет өлкөдөгү кадрлардын туруктуулугуна кам көрүп туруусу зарыл.

Демек, титулдук эмес улуттагы туугандардын эмиграциясы (Кыргызстанды жактырбай башка өлкөлөргө кетип калуу) жүрүп жатканда мамлекеттин кадрларынын туруктуулугуна кыргыз улутундагы титулдук улут гана кепил боло тургандай. Бул жерде кыргыздар деле чет өлкөгө биротоло жашоо үчүн качып жатканын талашып отурбайбыз. Бирок бул аз гана санда. Жогоруда айтылган миграция фактору кыргыз улутундагы кадрларды гана даярдоого жана өнүктүрүүгө муктаж кылып жатат. Бирок бул суроонун интернационалдык чечилүүсү бар. Кыргызстанда улуттар аралык көйгөйлөргө жол бербеген идеалдуу улуттар аралык атмосферанын иделогиялык маңызынан алып караганда улуттук кадрлар идеясына, башкача айтканда кыргыздардан гана турган улуттук кадрларга жол берилбегени оң көрүнгөндөй. Жана дагы мындай жөнөкөй себептен улам: кыргыздардан гана турган улуттук кадрлар идеясын көтөрүп чыкканда башка улуттардын арасынан бул улутчулдук эмес, тескерисинче өлкөнүн кызыкчыгы үчүн туура жасалып жатат, андыктан кыргыздарды сындабайлы деп объективдүү ой жүгүртө турган инсандар чыкпай калат эмеспи.

Анткени титулдук эмес улуттагы жарандар улуттук кадрлар идеясын колдоп өзүнүн улутундагыларды кыргыздарды сындабоого чакырып, бул объективдүү сратегияны келечектин кызыкчылыгында колдооруна кепил жок да. Ал эми титулдук улуттагы кыргыз өкүлү, улутчул деп күнөө коюшарына байланыштуу мындай улуттук кадрлар идеясын көтөрүүдөн тайсалдашы мүмкүн. Себеби адам баласына мындай нерсе мүнөздүү эмеспи: объективдүүлүккө карама-каршы келип баарынан мурда өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын эгоцентристтик түрдө коргоо. Мисалга боордош Украинада кыргыздар жашайт дейли. Украин туугандар украин тилине малекеттик тил статусун берип жатат дейли. Мына ошондо бир кыргыз, украин тилине мамлекеттик тил статусун берүүнү, өзүнүн салмактуу үнү менен объективдүүлүк үчүн өзүндөй кыргыздарды чакыра бербейт жана украин элин улутчул деп эсептебегиле деп украин туугандарды колдоп кыргыздарды чакырбайт да. Мына ошон үчүн мындай учурда, эгер, титулдук улуттун кичинекей болсо да интернационалдык сезими бар болсо, улуттук кадрлар маселесин көтөрүүдө оңтойсуз абалда калат жана улуттук кадрлар идеясы үчүн чечкиндүү боло албайт.

Канткен менен мамлекеттин кадрларынын жеткилеңдигинин зарылдыгы аныкталгандай, өлкөдөгү кадрлардын жетиштүүлүгү, идеалдуу улуттар аралык атмосфера куруп жаткан көп улуттуу ынтымактуу Кыргызстан элинин кызыкчылыгында объективдүү зарыл нерсе.

Жарандык улут деп аталган Биринчи концепцияга ылайык биринчи орунга жарандык баалуулукту алып биз Кыргызстандын улуттарынын гуманисттик багытын алдык. Ошон үчүн кыргыз улутунун өкүлдөрүнөн турган улуттук кадрлар саясатына каршы алдыбызда стратегиялык жана тактикалык-стратегиялык эки милдетти коёбуз.

Стратегиялык милдет.

Бул милдет Кыргызстан элин патриоттук тарбиялоону тезинен турмушка ашыруу менен сыпатталат. Биз патриоттуулук объекттерин иштеп чыкканыбыз жакшы жөрөлгө жана аны кайталап коюуну туура көрүп турабыз:

Жогорудагы концепциялар патриоттуулуктун жаңы формасына кирүүсү кажет. Бул патриоттуулуктун баалуулугу Кыргызстандын ар бир жараны үчүн анын улутуна, социалдык стереотибине карабай бирдиктүү жана универсалдуу болуп калуусу керек. Анын эне тилинин, улуттук менталитетинин, өзүнүн улуттук маданиятынын колоритин индивидуалдуу сиңирип алганына карабай ар бир адамды жагымдуу ыроолоосу керек. Ошон үчүн саятташтырылбай, табигыйыраак болушу керек. Ошентип, ар бир Кыргызстандыктын патриоттук сезими адам өнүгүшүнүн эң жогорку стадиясына чейин узак өмүрдүү касиетине өтүп, кандай гана катаклизмалар болбосун – кебелбес болушу керек.

Ошентип биз, Кыргызстандын көп улуттуу эли, бардык улуттар үчүн патриоттуулуктун бирдик формасына ээ болуп жатканыбыз көрүнүп турат. Мына ушул программаны ишке ашырганда кадрлардын сыртка агып кетүү коркунучу жоголот деп ишене алабыз. Бул мамлекеттин кадрларынын туруктуулук көйгөйлөрүнүн стратегиялык чечилүүсү.

Жарандык улуттун прогресси үчүн убакыт, керек болсо бүт муундун убактысы керек болорун капарыбызга алсак. Ошон үчүн Кыргызстан эли бирдик патриоттуулукка жетмейин бул көйгөйдү чече турган аралык (промежуточный), башкача айтканда тактикалык чечим талап кылынып жатат. Канткен менен бардыгын кадрлар чечет эмеспи. Ошон үчүн бул эң бир мөөнөттүү (срочный) көйгөй.

Ушуга байланыштуу бул көйгөйдү интернационалдуу тактикалык чечүү сунуш кылынып, бул нерсени Кыргызстандын көп улуттуу тууган элдеринин асыл баалуулугу катары элдердин достугу үчүн сыймыктануу менен сунуш кылабыз.

Мамлекет өлкөнүн улуттук, саясий, экономикалык коопсуздугу жана экономиканын, илимдин жана техниканын жана эл чарбасынын башка тармактарын кадам артынан кадам, үзгүлтүксүз өнүктүрүү үчүн туруктуу кадрлар менен өзүн өзү камсыз кылуу максатында "Мамлекеттин элиталык кадрлары" деген узак мөөнөттүү программа иштеп чыгат жана кадрларды мамлекеттин эң жогорку баалуулугу деп жар салат.

Аталган программаны ишке ашыруу – кандидаттарды тандап алып жождорго жөнөтүүдөн башталары мыйзам ченемдүү жана логикалуу.

Алдын өлкөдөгү кадрларды сан жана сапат жагынан статистикалык изилдөө жүргүзүлүп кадрларды даярдоонун узак мөөнөттүү пландаштыруу аткарылат. "Мамлекеттин элиталык кадрларынын" жобосу сөзсүз түрдөгү эки негизги стратегиялык шарттарын камтыйт: 1) программага талапкерлигин койгон кандидаттын, эгер окуу чет өлкөдө болсо, жожду бүтүрүүсү менен өз өлкөсүнө кайтып келип пенсия курагына чейин өз өлкөсү үчүн кызмат кылуу. Эгерде кадр эмгекке жарамдулугун жоготсо, каалоосу болсо чет мамлекетке туруктуу жашоого кетип калууга укуктуу. Эгерде кадр чет өлкөгө туруктуу жашоого кетүүнү кааласа, мындайча айтканда "өмүр аяккы абакты" (пожизненная тюрма) болтурбоо жана адамдын эркин абсолюттуу чектебөө максатында, акча компенсациясын же ири суммадагы айып төлөп берүү шарты менен уруксат берүүгө жол берүү керек.

Мамлекеттин элиталык кадрларынын чет өлкөгө туруктуу жашоого чыгып кетүү шарттары:

– пенсияга чыкканда гана же эмгекке жарамдуулугун жоготкон кезде;

– көрсөтүлгөн кесипте кадрлардын ашыкча болгонунда жана эксперттик божомолго караганда ал кесиптин кадрлары бир поколениеге жетиштүү болуп турса;

– саясий куугунтук. Ушундай абалдын далил фактысы аркылуу чет өлкөдө саясий коргоо берилет.

Актай турган башка себептерге (чет өлкөдө жакын туугандары жашайт жана чет өлкөдө туулгандыгы) кескин түрдө тыюу салынат.

2) Ушул эрежелерди бузуу жазык жоопкерчиликти аныктайт.

Бул шарттар мыйзам аркылуу бекитилип Бириккен улуттар уюмунун эгидасына алынышы керек. БУУнун эгидасына алынган мыйзамга ылайык "Мамлекеттин элиталык кадрлары" төмөнкүнү шарттайт:

– өмүр аягына чейин "Мамлекеттин элиталык кадрлары" деген статус берүү;

– "Мамлекеттин элиталык кадрын" улуттук басмырлоодон БУУнун эгидасына алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен коргоого алуу;

– "Мамлекеттин элиталык кадрын" улуттук басмырлаганы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын жазык жоопкерчилигине тартуу.

Башка бардык учурларда мамлекеттин элиталык кадрлары Кыргыз Республикасынын жарандары катары бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ.

"Мамлекеттин элиталык кадрлары" идеясы мыйзам ченемдүү түрдө жарандардын мамлекеттин туруктуу кадрларларынын катарына улутуна, динге ишенүүсүнө, кайсы өлкөдө туулганына жана жынысына карабай негизги эки шарттарды сөзсүз аткаруу милдети менен ыктыярдуу, жоопкерчиликти сезүү менен кирүүсүн аныктайт.

"Мамлекеттин элиталык кадрлары" программасынын жолуна өтүү жоопкерчиликти сезе билип өз ыктыяры менен чечим кабыл алуусуна байланыштуу каалоочу жарандын жашы жетилген болушу керек. Адам укуктарына кам көрүү максатында жашы жете элек балдары үчүн ата-энелер чечим кабыл алуу жоопкерчилигин мойнуна ала албайт.

Ошондой эле программанын шарттары өз өлкөсүнүн чыныгы патриотторун улутуна карабай тартып жатканы логикалуу. Дагы бир жолу белгилеп кетерибиз, интернационализм идеясы үчүн улуттук кадрлар саясатын "Мамлекеттин элиталык кадрлары" программасы менен алмаштырдык. Ошон үчүн айта кете турган нерсе, "Мамлекеттин элиталык кадрларынын" интернационалдык курамы Кыргызстандын көп улуттуу дос элдеринин кызыкчылыгында, Кыргызстан элинин биригиши үчүн, Педагогикалык өлкөнүн гүлдөшү үчүн кызмат кылуусуна арналган.

Мамлекет башчысынын образы
Өлкөгө саясатчылар эмес, мамлекеттик ишмерлер керектүүрөөк экендигинен кепти баштасак. Биздин оюбузча Улуу Октябр Социаласттик революциясынан кийинки Кыргызстандын тарыхында акыйкатта мамлекеттик ишмерлер болду деп Жусуп Абдрахмановдун, Исхак Раззаковдун жана Султан Ибраимовдун ысымдарын айтса болот. Эгерде 1930-жылдары репрессияга туш болгон мекендештерибиздин ичинде да мамлекеттик ишмерлер бар болгон болсо, алардын ысымдарын билбей калганыбызга арбактары бизди кечиришсин.

Саясатчыда көбүнесе өзүнүн саясий мансабына кам көрүүсү артыкчылык кылат. Ал өзүнүн эли жана өлкөсү үчүн чындап кам көрүүгө дайыма эле жөндөмдүү эмес. Ал кандай гана суроо берилбесин, лоялдуу, нейтралдуу жооп берүүгө абдан жолдуу. Саясатчынын бардык аракеттери, көбүнесе анын эгоцентристтик кызыкчылыктарынан келип чыгат. Саясатчы – бул жабык салгылашууда жеңип, ачык салгылашууда жеңиле турган жоокер сыяктуу.

Ал эми мамлекеттик ишмер тууралуу айтсак, ал ачык жана чын жүрөктөн чыккан сөздөрдөн качып ал деле өзүнүн сөзүндө лоялдуу, нейтралдуу жана профессионалдуу ийилчээк болушу мүмкүн. Бирок канткен менен ал баарынан да мурда акылман Жаратман. Ал чынында эле өз элине жана өлкөсүнө кызмат кылат. Адатынча мамлекеттик ишмер тарыхта алтын из калтырып өзүнүн доорунан кийинки муундарга чечилбей калган маселе калтырбайт. Адатынча кийинки муундар тарабынан мамлекеттик ишмерге анчейин доомат табыла бербейт. Мамлекеттик ишмер өзүнүн улутунун жолкөрсөтмө жарык жылдызы болуп жанат. Мамлекеттик ишмердин образын жаратып жатып, мамлекеттик ишмердин биринчи критерии катары сөздүн адамын коёр элек.

Султан Ибраимовдон кийин Кыргызстандын тарыхында акыйкатта мамлекеттик ишмер болгон эмес. Албетте башка саясатчылардын салымына тийиштүү баасын берүү керек. Бирок татыктуу түрдө мамлекеттик ишмер деп саналыш үчүн эң сейрек болчу жок дегенде чынчыл болуу керек. Же жаңы нерсенин жаратманы болуу керек.

Эми мамлекет башчысынын образын жаратабыз. Мамлекет башчысынын мындай образы муундан муунга мурас болуп өтүп турган, тарыхый калыптанган, Кыргызстан элинин маданиятында бекем орногон руханий дөөлөт болуп калышы зарыл. Коомдук пикирдин мындай механизми жарандардын акылында мектеп босогосунан калыптанып мектептин ар бир бүтүрүчүсү чынчыл мамлекеттик башкаруучунун образын кынтыксыз билүүсү керек. (Бара бара мектептеги окуу китебине окуучу үчүн атайын текст сунуш кылмакчымын).

Башкаруучу баарынан мурда эң кеминде чынчыл, анан феноменалдык мамлекеттик ишмер, акылман идеолог болушу керек. Биздин эпохада негизи өлкөдө катуу тартиптин кереги деле жоктой. Темирдей катуу тартип элдин руханий жана маданий өнүгүүсүнүн фонунда эрип жоголушу керек. Адамдардын укуктары жана эркиндиктери актуалдуу болбой, ал эми кул ээлөөчүлүк, авторитаризм, мамлекеттер аралык агрессия, адилетсиз баскынчылык согуштары коомдук-саясий турмуштун, ыймандын кадыресе нормасы болуп турганда катуу тартип эски замандарда калып калышы керектей. Азырынча элдин мүнөзүндөгү маданияттуулук жана өлкөнүн маданияты менен гана өлкөдө тартип камсыз боло тургандай дэңгээлге эл өсүп-жете элек шартта мамлекетте педагогикалык балансы бар катуу, адилеттүү "залим-тарбиячы" бар болушу керек. Сөздүктөгү "залим" деген түшүнүктөн айырмаланып бул сөз адилеттүү ченемге айланып бул сөздүн мааниси сөзсүз түрдө "-тарбиячы" деген уңгу менен коштолуп "залим-тарбиячы" маанисинде жүзөгө ашырылып турушу керек. "Залим-тарбиячы" деген түшүнүктүн функциясы – өлкөдөгү тартипти катуу көзөмөлдөп бекем тартипти орнотуу менен түшүндүрүлүп анын педагогикалык балансына ылайык элди такай тарбиялап турушу керек. Өлкөдө тартип орнотулгандан кийин залимдик-тарбиялоо педагогикалык баланска орун бошотуп берип, башкаруучу элди тарбиялап кала берүүсү керек. Бирок залимчилик-тарбиялоо магдырап уктабай өлкөдөгү тартипке сезимтал болуп көз салып зарыл болгон учурда заматта ойгонуп көтөрүлүп чыгышы керек.

Мамлекет башчысы саясий ишмердиктин кабинеттик образынан баш тартып жашоонун жеңил жайлуулук шарттарында магдырап башын жоготуп албоосу зарыл. Эгерде ал өз турмушунда карапайым адамдын кыйынчылыктарын, азабын башынан өткөргөн болсо, анда ал азап-тозоктору жүрөгүнүн жана аң-сезиминин эс тутумунда алтын фонд болуп сакталып катардагы карапайым кишинин демин сезип турушун шарттап турушу керек. А эгерде мамлекет башчысы ымыркайынан бери жайлуулук же аристократиялык шарттарда өсүп чоңойгон болсо, эч качан ачкалыктын азабын тарып көрбөгөн болсо, жана жөнөкөй адамдын кыйынчылыгын көрбөсө, анда ал коомдун катардагы мүчөсүнүн демин сезип абалын жакындан түшүнүп туруусу үчүн эки эсе акылман болушу керек. Мамлекет башчысы өзүн курчаган саткын чӨйрӨсүнӨн төгүн жана формалдуу маалыматтарды азыраак алып, буйруктарынын аткарылышын өзү жеке көзөмөлдөп буттарында чуркап, бешенесинен тер агып иштеши керек.

Массалык маалымат каражаттарында сөз эркиндигин берүү үчүн эң эле биринчи шарт катары чынчыл болушу керек. А эгерде мамлекет башчысы чынчыл болууга кудурети жетпесе, жок дегенде таза болушу керек. Мына ошол чынчыл же таза касиетине ылайык ал чындыктан, демек чынчыл журналисттерден да коркпойт. Ошентип, чынчыл же таза мамлекет башчысы – сөз эркиндигинин бирден бир шарты. Эске сала турган нерсе, сөздүн тууралыгына кандуу жоопкерчилик тууралуу өзүнчө сөз болгон.

Мамлекет башчысы элди жана бийликти бөлбөй бийлик жана элдин биримдигинин кепилдиги болуусу керек. Тескерисинче жөрөлгөсү конституцияга каршы деп эсептелүүсү керек, анткени мамлекеттин маңызына ылайык – эл бийлик үчүн эмес, бийлик эл үчүн жаралган.

Ошентип Мамлекет башчысы бийликтин жана элдин кынтыксыз тутумдаштыгынын кепилдиги болуп, сөз эркиндигинин кепилидиги катары чынчыл же таза болуп, бул талаптарды иш жүзүнө реалдуу ашырып турушу керек. Андай болбосо, мамлекеттин жана элдин душманы деп табылышы зарыл!



Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   15




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет