Улан дүЙШөналы-марипат кыргызстандын жалпыжарандык идеологиясы – жарандык улут, социалдык гуманизм жана социалдык гуманизмдин түБӨЛҮк режими, педагогикалык аң-сезим, маданияттын руханий аң-сезими, чынчылдык


Кош - жана үч тилдүүлүктүн күнү-түнкү программасы



бет3/15
Дата17.06.2016
өлшемі0.94 Mb.
#141213
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   15

Кош - жана үч тилдүүлүктүн күнү-түнкү программасы
Эми, аталган долбоорго каршы келбей, тескерисинче аны менен параллелдүү, ал түгүл бирин бири толуктап иштей турган автордук (У.Дүйшөналы) идеяны карап көрсөк.

Күнү-түнү тынымсыз иштеген окуулук радиостанция ачылып адамдын кайда гана болбосун, үйдөбү же тоодобу, сутканын каалаган мезгилинде тилдерди үйрөнө алат.

Радиоберүүнүн методикасына ылайык, мисалга, үч сааттык программага мүмкүн болушунча көбүрөөк сөз, сөз курамдары жана башкалар киргизилип, суткасына 8 жолу, ал эми айына 240 жолу кайталанат. Мындай тынымсыз кайталоонун натыйжасында окулуп жаткан сөздөр адамдын кулагына жат боло баштайт. Бир айдан кийин кийинки айдын программасы келет. Программа кассетага жазылып радиостанция автоматикалык режимде иштей берет. Программаны оптималдуу жана конкреттүүрөөк иштеп чыгууга филолог адистер жана лингвисттер керек болот.

Бул жерде бир сөз, мисалы, «апа – мама» деп эки тилде айтылган соң орус тилдүү жана кыргыз тилдүү кишилер бири-биринин тилин үйрөнө алышат.

Анан да түрдүү тармактар боюнча эл аралык байланыштардын өнүгүшүнө ылайык англис тилинин керектиги да талашсыз. Ошон үчүн бул жерге англис сөздөрүн да кошуп радиоберүүнү үч тилдүү кылса болот. Англис тилин кийирүүнүн дагы бир жөнүн, кырдаалды аналитикалык көрө билүү менен чагылдыралы. Эртедир-кечтир ушундай эле радиоыкма менен англис тилин үйрөнүү идеясы келип чыгаары шексиз. Ошентип англис тили башкы кызыкчылыкка чыгып кетип малекеттик жана официалдуу орус тили таламсыз калып калаары шексиз.

Жогорудагы логикадан улам орус, кыргыз, англис тилин бириктирип, мисалы окутуу ыкмасын төмөнкүдөй комплекстүү түрдө чагылдырса болот:

– жеке түрдө жазылышы: «отец – ата – father";

– жеке түрдө айтылышы: «атец – ата – [fa: зэ]";

– радио угуучу сөздөрдү кайталоосу үчүн пауза;

– көптүк түрдө туура жазылышы: «отцы – аталар – fathers";

– көптүк түрдө туура айтылышы: «атцы – аталар – [fa:зэс]";

– пауза.


Булардын баарын атооч жөндөмөсүндө берсе болот. Ал эми калган жөндөмөлөрдү жана башка кенен тараган маанилүү сөздөрдү кез-кези менен берип турса болот.

Сунушталган радиостанция көп улуттуу Кыргызстан элинин кызыкчылыгында филолого-лингвистикалык мааниге жана идеологиялык баалуулукка ээ болушу керек. Ошону менен бирге башка улуттардын кызыкчылыгында өз тилдерин калкка үйрөтүү максатында ушундай радиостанциянын бар болушуна эркиндик берилиши керек.

Башка тилдүү туугандардын кыргыз тилин үйрөнүү жөндөмү чектелгенин эске алганда, кыргыз тилин үйрөнүүсүн таңуулоо гумандуу эмес болуп жатат. Бул проблема Швейцариянын СIМЕRА долбооруна ылайык кийинки муунда гана оптималдуу чечилиши ыктымал. Анткени анда кош тилдүүлүк бала бакчасынан башталып балдар эки тилди тең мыкты өздөштүрүшүп жада калса кыргыз эмес балдар да кыргыз тилинде мыкты сүйлөп жатышат.

Анда, бүгүнкү муунга не десек? Бүгүнкү муунга, мисалы, турмуштук бир зарыл кырдаал сунуш кылынат. Ооруканада же түрдүү улуттагы адамдардын капилеттен чогулушуп телевизор көрүп же радио угуп жатышканда башка тилди билбегени үчүн тигил же бул каналга койгусу келбейт да бири бирине элементардык көңүл бөлүү, өз ара сыйлашууну көздүн жаздымында калтырышат. Турмушта тигил же бул тилди билгенге байланыштуу проблема ушундай радио же теле маанайда гана эмес, ар кайсы жерлерде келип чыгышы мүмкүн. Мисалы сурап билүү бюросуна телефон чалып кандайдыр бир уюмдун телефон номерин сураганда, оператор кыргыз тилин билбегенине байланыштуу кыргызча аталган уюмдун атын өзүнүн компьютеринде туура эмес тергени үчүн "Мындай уюмдун телефону бизде катталбаптыр" деп жаңылыштуу жооп берген учурлар кездешет.

Ошон үчүн Кыргызстан эли бири биринин тилин билүүсүнүн, эң алгач объективдүү кажетин моюнга алуусу зарыл. Ал эми, түшүнүктүү реалдуу мотивди бере албай: «Чучундрияда жашаган соң, чучундра тилин билишиң керек» деген кеп абстракттуу жана сандырак сөз. А кайсы тилде сүйлөө – ар бир адамдын өз эрки.

Жана да Кыргызстан элдеринин достугунун символунун реалдуулугу үчүн Кыргызстандын ар бир жараны официалдуу орус тилин сүйүп, мамлекеттик кыргыз тилине кош көңүлдүүлүк кылбай, башка улуттардын тилдерин сыйлоого парз.

Ушуну менен аздыр-көптүр Жарандык улут туурасындагы биринчи концепция менен таанышып чыктык. Кыргызстан көп улуттуу өлкө экенин эске алып, Кыргызстандын официалдуу көрсөтүлүүсүн кыргыз элинин маданияты аркылуу ишке ашыруу шарты менен, жана мамлекеттик кыргыз жана официалдуу орус тилдеринин гармониялуу карым-катнашына умтулуу менен биринчи орунга граждандык баалуулукту койсок. Мындан эч жакка качып кутула албайсың. Ушундай экен, адам баласынын маңызы: дүйнөлүк масштабда улуттук жана тилдик айырмачылыктарды жоюп, талашпай-тартышпай бакубат жашоонун ордуна тил жана улуттун айынан азап тарта беребиз.

Бирок бул бир доордун көйгөйү жана кийинки доорлордо ушундай эле болот – жалпы адамдык тил жана жалпы адамдык маданият өсүп чыгат.

Ал эми азырынча Педагогикалык аң-сезимдин өлкөсү улуттар аралык мамиленин лидери болуп өзүнүн үлгүсүн дүйнө элдерине тарата берсин.

ЭКИНЧИ КОНЦЕПЦИЯ – СОЦИАЛДЫК ГУМАНИЗМ ЖАНА СОЦИАЛДЫК ГУМАНИЗМДИН ТҮБӨЛҮК РЕЖИМИ
Социалдык гуманизм жана социалдык гуманизмдин объекттери
Социалдык гуманизм – гуманизмдин социалдык чөйрөгө бардык жагынан туруктуу өтүп кирүүсү жана коомдук-экономикалык формациянын бардык түрлөрүндө адамды жана коомду шексиз коргоо катары убакыт жана мейкинде туруктуу болуусу. Ошентип социалдык гуманизмдин функциясы катары адамды каардуу мыйзамдардан гумандуу түрдө коргоо катары каардуу рыноктук экономиканын шок болгон мыйзамдарын ооздуктоо жана чектөө, акыры барып рыноктук моделди сүрүп чыгарып жаңы коомдук-экономикалык формация жаатында социалдык гуманизмдин жаңы экономикалык моделин жаратуу болуп саналат. Социалдык гуманизм социалдык гуманизмдин объекттерин аныктап аларды социалдык гуманизмдин түбөлүк режимине киргизет. Ошондой эле социалдык гуманизмдин чегинде калкты электроэнергия жана суу менен камсыз кылууну бир эле заматка үзгүлтүккө учуратуу фактысы мыйзам түрүндө жогорку авариялык өзгөчө кырдаал деп таанылып сутканын кайсыл гана учурунда, кандай гана аба-ырайында болбосун, калкты электроэнергия жана суу менен камсыз кылууга жооптуу тийиштүү кызматтардын түзүлгөн эбегейсиз курч кырдаалга заматта жооп берүү милдети жүктөлөт. Ошондой эле социалдык гуманизм улуу инсандардын жаңы критерийлерин аныктайт... Социалдык гуманизмдин адилеттүү барометри катары өлкөдө бомждордун бар же жок болуу факты алынат... (Социалдык гуманизм деп аталган бул Концепция мен БГУнун алдындагы ИНОдо окуп жатканымда, 2002-жылдын жаз айында иштелип чыгып өкмөткө жиберилген. 2003-жылы "Акыйкат тагдыры" деген гезиттин №17(35) санына жарыяланган. 2011-жылдын 14-мартында www.open.kg сайтында бул концепциянын жаңы версиясы кыскартылып жайгаштырылды).

Социалдык гуманизмдин идеяларын жана принциптерин бүтүндөй коомдун эс тутумуна туруктуу салып, бүтүндөй коомдун аң-сезиминде бекемдөө үчүн жана аларды жүзөгө реалдуу ашыруу үчүн Социалдык коргоо министрлигин "Социалдык гуманизмдин министрлиги" деп атап ал министрликтин жүзүндө Социалдык гуманизмдин түбөлүк режимин аткарган субъектти көрүшүбүз керек. Бирок министрликтин аталыштарын утуру эле өзгөртө берүү олуттуу да эмес, адамдарга ыңгайлуу да эмес, ал түгүл кыжырын да келтирет, акыры келип жакшы деле эмес. Анткени ушундай иштерде да стабилдүүлүк болуп турушу керек да. Бирок министрликтин аталышын минтип өзгөртүү элге моралдык пайда алып келүүсү талашсыз, анткени мындай жаңы аталышта маанилүүлүктүн жүктөмү бар жана мындай аталыш белгилүү принциптерди сактоо үчүн дайыма мамлекеттин эсине да салып турат эмеспи.

Коомдук жашоону толук социалдык гуманизациялоо зарыл. Коомдун турмушуна «Социалдык гуманизмдин түбөлүк режимин» киргизип, бул режимге эч кандай коомдук-экономикалык формациянын таасири тийбеши керек. Башкача айтканда эсептөөлөк сараң рыноктун закону, сезимсиз капитализм, эгер капиталисттик түзүлүш аёосуз биздин өлкөгө кире турган болсо. Булар эч качан социалдык гуманизмдин режимин эч качан сүрүп чыкпашы керек. Демек, бул режимдин башкы атрибуту түбөлүктүүлүк болушу керек.

СОЦИАЛДЫК ГУМАНИЗМДИН ОбъектИ – СУУ:

Маселе № 1:

Суу – өмүр булагы. Бул суунун жалпыга маалым болгон биологиялык мааниси. Социалдык саясаттын көз карашы менен калкты суу менен камсыз кылуу көйгөйүн карап көрөлү. Суу жок болуп жаткан калк отурукташкан жайларга сууну жеткирүү глобалдык суроолорун экинчи маселеде карап көрөбүз. Ал эми бул жерде болсо, калктын суу түтүкчөлөрүндө (водопроводдордо) сууну өчүрүү көйгөйлөрүн карап чыгабыз.

СОЦИАЛДЫК ГУМАНИЗМДИН ЧЕГИНДЕ булар СУНУШТАЛАТ – КАЛКТЫ СУУ МЕНЕН камсыз КЫЛУУНУ БИР ЭЛЕ ЗАМАТКА ҮЗГҮЛТҮККө УЧУРАТУУ ФАКТЫСЫН, АГА ТЕң СУУ ТҮТҮКЧөЛөРҮНДө СУУНУ БИР ЭЛЕ ЗАМАТКА ТОКТОТУУ КөРҮНҮШҮ МЫЙЗАМ ТАРАБЫНАН ЖОГОРКУ АВАРИЯЛЫК өЗГөЧө КЫРДААЛ, КООМДУК МАДАНИЯТТУУ ДҮРБөЛөңДҮН ЖАРАЛЫШЫНА, КҮНөөЛҮҮЛөРДҮ ЖАЗЫК ЖАзАСЫНА ТАРТУУГА ДЕЙРЕ КААРДУУ ЖАЗАЛООГО ЧЕЧКИНДҮҮ НЕГИЗ БОЛУШУ КЕРЕК ЖАНА КАЛКТЫ СУУ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУГА ТИЙИШТҮҮ КЫЗМАТТАРДАН СУТКАНЫН АР КАЙСЫ УЧУРУНДА, КАНДАЙ ГАНА АБА-ЫРАЙЫ БОЛБОСУН ТҮЗҮЛГөН ЧУКУЛ КЫРДААЛГА ОШОЛ ЗАМАТ ЖООП КАЙТАРУУСУ ТАЛАП КЫЛЫНАТ.

Калкты суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалга жол бербөө жана калктын маданияттуу дүрбөлөңүн пайда кылбоо максатында суу маселелерине жооп берген малекеттик (муниципалдык) органдарында Кыргызстандын бүткүл аймагында «Номер 1» даярдыгы бар күнү-түнү иштеген дежурство уюштурулат. Суу токтогондо ар бир жаран тийиштүү кызматтарга эч бир тоскоолдуксуз ыкчам кабар берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн көп каналдуу оперативдүү телефон байланышы уюштурулат. Авариялык сигнал түшкөн моменттен баштап кечиктирилгис реакция пайда болуп дежурныйлар «Номер 1» даярдыгына ылайык 3 минутадан кечиктирбей авария болгон жерге тезинен жөнөп чыгышат. Эгерде суунун токтошу белгилүү болсо, анда тийиштүү кызматтар кечиктирбестен жогорку авариялык өзгөчө кырдаалды жоюга тезинен чара колдонушат.

Диспетчердик пункттарда тийиштүү кызматкерлер күнү-түнү тынымсыз дежурство алып барышат. Аталган кызматкерлер иштин оор шарттары менен макул болушу абзел. Экстрендик кырдаалдарда иштөөгө психологиялык жактан даяр болушу керек жана иштей алышы керек. Сабырдуулук менен ар бир телефондук чалууга керээли-кечке жооп бере алышы керек. Себеби суу тоткоп калган учурда ар кайсы жарандар чукул кабар берүү же суунун токтоп калу себебин билүү максатында тынымсыз телефон чалып турушу мүмкүн.

Маселе № 2:

Суу ресурсунун жетишпей жаткан учурунда бүтүндөй калкты бир эле убакта суу менен камсыз кылуу мүмкүн болбой сууну график менен кезектештирип берүүгө туура келет. Мындай учурларда түзүлгөн графиктер адилеттүү сакталып кезектин алмашышы секундага чейин так сакталышы керек. Башкача айтканда эгерде жаран алардын көчөсүнө графикке ылайык суу туптуура саат 1600 дө же түнкү саат үчтө берилерин билсе, демек суу графикке ылайык туптуура саат 1600дө же туптуура түнкү саат үчтө келе башташы керек. Албетте, суу электр тогуна окшоп заматта 1600дө же түнкү саат үчтө үйлөргө келе калбайт, аткени суу агымынын ылдамдыгы бар эмеспи. Бар болгону сууну бура турган жооптуу кызматкер графикке ылайык туптуура саат 1600дө же туптуура сат үчтө убакытты секундасына чейин так сактап сууну буруп бериши керек. Суу бөлүштүрүүчү жооптуу кызматкер графикти бузса, демек адамдардын турмуш-тиричилигине ыңгайсыздык алып келсе, мыйзамда көрсөтүлгөн чекте, керек болсо жазык жоопкерчилигине тартылат.

Көпчүлүк калк отурукташкан жайларда, советтик мезгилде иштеген крандардын издери, белгилери калганы маалым. Совет мезгилинде көчөлөрдө дээрлик ар бир кадам сайын суу бар болуп адамдардын кайсы жерде гана болбосун, таза мупмуздак суу ичүүсүнө же колдорун жууп алуусуна шарт болуп келгени көрүнүп турат. Тилекке каршы алардын көпчүлүгү талкаланып бүттү. Суу ар кандай себептер менен, анын катарында объективдүү себептер менен да чыкпай калган. Анткен менен мамлекеттин приоритеттүү милдети катары мүмкүн болушунча мурдакы крандарды калыбына келтирүү жана да Кыргызстандын жашоочусу кайсы гана жерде жүрбөсүн, капысынан сууга жолугуу мүмкүнчүлүгү бар болгудай милдетти мойнуна алышы керек.

Мамлекеттин башка приоретитеттүү милдети катары өлкөнүн бардык калк отурукташкан жерлерин ичер жана сугат суусу менен бардык мүмкүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып бул ишти жүзөгө ашырууга умтулушу керек. Суу менен камсыз кыла албоо себеби катары, адам баласынын колунан келбеген объективдүү гана себеп таанылышы мүмкүн. Ал эми калкты суу менен камсыз кыла албоонун экономикалык себептери таанылбашы керек.



Социалдык гуманизмдин объекттери – электроэнергия жана коммуналдык тейлӨӨ:

СОЦИАЛДЫК ГУМАНИЗМДИН ЧЕГИНДЕ булар СУНУШТАЛАТ – электр энергиясын берҮҮнҮ бир эле секундага ҮЗГҮЛТҮККө УЧУРАТУУ ФАКТЫСЫН, МЫЙЗАМ ТАРАБЫНАН ЖОГОРКУ АВАРИЯЛЫК өЗГөЧө КЫРДААЛ, КООМДУК МАДАНИЯТТУУ ДҮРБөЛөңДҮН ЖАРАЛЫШЫНА, КҮНөөЛҮҮЛөРДҮ ЖАЗЫК ЖАзАСЫНА ТАРТУУГА ДЕЙРЕ КААРДУУ ЖАЗАЛООГО ЧЕЧКИНДҮҮ НЕГИЗ БОЛУШУ КЕРЕК ЖАНА КАЛКТЫ электр энеригиясы МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУГА ТИЙИШТҮҮ КЫЗМАТТАРДАН СУТКАНЫН АР КАЙСЫ УЧУРУНДА, КАНДАЙ ГАНА АБА-ЫРАЙЫ БОЛБОСУН ТҮЗҮЛГөН ЧУКУЛ КЫРДААЛГА ОШОЛ ЗАМАТ ЖООП КАЙТАРУУСУ ТАЛАП КЫЛЫНАТ.


Газ, жылытуу, телефон байланышы, электроэнергия жана башкаларды пайдалануудагы коммуналдык тейлөөлөр үчүн баасы ач көздөй асмандаган мамлекеттик төлөмдөрдү чечкиндүү түрдө жоюп салуу. Эгерде коммуналдык тейлөөлөр үчүн бир айдагы төлөөлөрдүн бүт суммасы ашыгыраак коэффициент менен адамдын маңдай териси менен иштеп тапкан акчасын соруп алып татыктуу тирилик кылуу үчүн жетиштүү каражат калтырбай турса, коммуналдык тейлөөлөргө төлөө суммасы социалдык гуманизм деген принцип менен ооздукталып элдин жыргалчылыгы үчүн мамлекет тарабынан жөнгө салынат. Болбосо, эгерде, мамлекет, мисалы, адилетсиз энергетикалык саясаты менен электроэнергиянын баасын чектөөсүз көбөйтүп өзүнүн жарандарын рыноктун каардуу мыйзамдарынан коргогусу келбесе, жабыр тарткан жазыксыз эл электроэнергияны... толук моралдык укукка ээ. Анткени электроэнергияны акыйкат пайдаланууну элден талап кылуудан алдын мамлекет өзү мамлекеттик кызматчылары тарабынан өзү кынтыксыз чынчыл болушу керек. Укуктук мамлекеттин жөнөкөй концепциясында деле мамлекет менен адамдын ортосунда өз ара жоопкерчилик болушу керек деп айтылган.

Гидроэлектростанциялардын гидроресурстарын үнөмдөө шылтоосу менен электр энергиясын каардуу өчүрүүсүнүн айынан коом чексиз жапа чегүүдө. Мында дагы деле чечилбеген көйгөйлөр төмөнкүлөр болуп саналат:

– электр тогун пайдалангандыгы үчүн акы төлөбөгөн жарандардын гана жарыгын өчүрүүгө жетишпей алардын айынан бүтүндөй калктын жарыгын өчүрүү улантылып жатат. Төмөндө бул көйгөйдүн жаңы илимий-техникалык чечүү ыкмасы сунуш кылынат;

– электр энергиясын өчүрүү тууралуу алдын ала сөзсүз бериле турган тоталдык эскертүү иши жана да электр энергиясын өчүрүү графигин тажатма түрдө, бирок элге жага турган түрдө кайра-кайра жагымдуу тажатып эскерте берүү тартиби ишке ашпай турат. Төмөндө жалпы элге сөзсүз тоталдуу түрдө алдын ала эскертип туруунун генералдык системасы жана жарандарга жоопкерчилик менен дыкат мамиле кылуу жол-жобосу сунушталат;

– электр энергиясы кабыл алынган убакытта так өчүрүлбөй жатат. Мисалга, графикке ылайык электр энергиясын түнкү саат он экиде өчүрүп, ал эми эртең мененки саат жетиде бериши керек болсо, адатта графикти одоно бузушуп эртерээк өчүрүп кечирээк беришет. Немистик тактыктын сакталбаганынан улам жарандардын мээсине кан куюулуп жарык качан өчөт болду экен деп табышмак ойношуп тынчы кете башташат.

Төмөндө күнөөлүү жарандардын гана жарыгын жекече өчүрүү проблемасынын илимий-техникалык ыкмасы сунуш кылынат, себеби антпесек алардын айынан бүтүндөй калктын жарыгын өчүрүүгө туура келип калат экен.

Ар бир үйдө электр счётчиги менен столбанын аралыгында оператордун командасын кабыл ала турган электрондук радиоавтоматикалык приёмник орнотулат. Ал приёмникте үйдүн эсси операторго да команда бере турган кнопкасы бар. Кабыл алып-берүүчү радиоприборге абоненттик номер берилет. Мисалы, Кыргызстанда эки миллион түтүн үй бар болсо, ар бир үйдүн приборуна телефон номери сыяктуу өзүнчө номер берилет.

Аталган прибордун иштөө принцибин жана анын эмнеге багыттап жасалганын сүрөттөп көрөлү.

Мисалы Бишкек шаарынын № 100-үйдүн ээси карыз болуп калды. Аны өчүрүп коюу керек. Оператор же болбосо автоматташтырылган система мындай тартип бузуучуларды издеп табат да өз кабинетинде отурган оператор абоненттик номери 10005 болгон жүзүнчү үйдүн радиоприборуна радиокоманда берет. Радиокоманда боюнча ажыратуу деталы ишке кирет, башкачай айтканда бул үй электр тогунан өчүрүлөт. Ошондой эле оператор тескерисинче ошол үйдү кайрадан электр линиясына кошушу үчүн экинчи радиокоманда да каралган.

Турмушта каталар болбой койбойт. Ошон үчүн эгерде кандайдыр бир ката кетип туура эмес өчүрүү болсо бул үйдүн жашоочусу телефон аркылуу операторго кабарласа болот. Же болбосо ошол эле радиоприбордун сигнал берүүчү атайын кнопкасын басат. Сигналды кабыл алган оператор туура эмес өчүрүлгөндүгү тууралуу кабардар болот.

Эгерде оператор үйдүн эссинин радиосигналына жооп бербесе, бул үйдүн ээси авариялык ишке киргизүү укугуна ээ болот. Аны үчүн рычагдын пломбун үзүп салып рычагды жылдырып электр линиясына кошулуп алса болот. Эгерде алар чын эле карыз болбогон болсо, пломбаны үзүп рычагды пайдалангандыгы үчүн айыпка тартылбайт.

Мындай жаңы технологиянын өзгөчөлүгү, мындан ары күнөөлүү жарандардын айынан бүтүндөй көчөнүн жарыгын өчүрүү жүргүзүлбөйт. Башка артыкчылыгы болсо мына бул: эгерде электр энергиясын үнөмдөө максатында бүтүндөй калктын жарыгын өчүрүү муктаждыгы пайда болсо, айыптуулардын саны өтө көп болсо, ошолорду гана бирден терип өчүрүп чыкса ошолордун эле эсебинен балким электр линияларынын жана станциянын жүктөмүн азайтуу мүмкүнчүлүгү бар болуп калар.

Эми болсо электр энергиясын өчүрүүдө сөзсүз түрдө элге кабарлоо жол жобосун же өчүрүү графигин элге жеткиликтүү кылып кабарлоо ыкмасы тууралуу сөз кылалы.

Регионалдык элеткр тармактарында калкка кабар жеткирүүнүн генералдык схемасы штелип чыгат. Ар бир электр тармагы өзүнүн өчүрүү географиясынын чегинде өзүнүн кабарлоо схемасын иштеп чыгат. Схема мындай көрүнүштө болушу мүмкүн:

Эгерде тигил же бул аймакты өчүрүү күтүлсө, анда алдын ала (жарым саат же бир саат мурда) кабарлоо схемасы аракетке киргизилет. Дежурный, иштелип чыккан схемага ылайык байланыш каражаттары аркылуу ар бир региондун дежурныйына кабар берет (шаардын, айыл өкмөтүнүн, кварталдын жана башкалардын дежурныйына). Сигналды кабыл алган дежурный, иштелип чыккан схема же метод менен өзүнүн регионунун жашоочуларын ыкчам кабарлоого киришет. Кабарлоо схемасына ылайык громкоговорителди пайдаланып же кыска мөөнөткө кандайдыр бир үн чыгаргычты, мисалы сиренаны жүргүзүп же телефон чалуулар менен кабар берүү жолдору каралышы мүмкүн. Ошондой эле кабарлоо системасына радио жана телеберүү, ошондой эле уюлдук телефон байланыш системасы тартылышы мүмкүн.

Жалпысынан ар бир региондо кабарлоонун генералдык схемасы иштелип чыгып анда сигналдарды эстафеталык берүү, сиреналарды кыска убакытка жүргүзүү, жарандарга жана мекемелерге телефон чалуулар, радио же телекөрсөтүү аркылуу кабарлоо же уюлдук байланыш операторлоруна СМС кабарларын жиберүү варианттары каралышы мүмкүн. Кабарлоо схемасы, укпай-билбей калган жарандар болбогудай кылып бүтүндөй калк отурукташкан аймакты кучагына камтышы керек.

Эми жарыкты өчүрүү графиги тууралуу. Жарыкты өчүрүү графиги иштелип чыгат. Графиктин негизги принциби катары жарандарга массалык маалыматтар каражаттары аркылуу (радио, телекөрсөтүү, гезиттер) жана уюлдук байланыш операторлорунун СМС кабарлары аркылуу жарандарга сөзсүз шартта тоталдык түрдө кабарды жеткирүү болуп саналат.

Эгерде мисалга гезиттерди, радио жана телекөрсөтүүнү алсак, ач көз рыноктук-рекламалык кызыкчылыктарга каршы ошол эле гезитерде, радиодо жана телекөрсөтүүдө эсепчил мамиледен таза болгон коомдук кызыкчылыктардын бош мейкини орун алышы керек. Мисалы, телекөрсөтүү аркылуу, акчанын артынан түшүп бир эле рекламаны кайра-кайра кайталай беришет, бул элди тажатып жиберерин такыр эске алышпастан. Демек, коомдук кызыкчылыкты эске алып массалык маалымат каражаттары жалаң гана коммерциялык кызыкчылыктардан тышкары өздөрүнүн иш алып баруу мейкининде жарандарга электр жарыгын өчүрүү тууралуу бекер кабарлап туруу жагын да жүзөгө ашырышы тийиш. Байлыкка умтулуп рекламаны баш айландыргыдай ийгилик менен эфирге берген сыңары жарыкты өчүрүү графигин да куду ошентип элден эч аянбай кайра-кайра бере беришсе эң эле зор натыйжага жетишсе болот.

Эми графикти так сактоо жолу тууралуу кеп. Эгерде тигил же бул калк отурукташкан жерде графикке ылайык электр жарыгын түнкү саат 2400 дө өчүрүп ал эми кайрадан эртең мененки саат жетиде жандыруу каралса, ошол графикти ар бир секундага чейин так сактоо принципиалдуу түрдө абдан зарыл нерсе. Себеби графикти жеңил ойлуулук менен ар жагынан-бер жагынан 10-20-30 минутага дейре бузушса, адамдар ориентациясын жоготуп аларга абдан ыңгайсыз болуп калат. Мисалы алар элге жарыяланган графикке ылайык электр жарыгын саат 2400 дө өчүрөрүн билишсе, ошого жараша адамдар үйүндө минтип план түзүшү мүмкүн: түнкү саат 2400 дө жарыкты өчүргөнчө тезирээк тигил же бул иштерди бүтүрүп алып белгиленген убакта жарыктын өчүшүн күтүп алуу. Бирок тилекке каршы эл алданып калды, себеби графикти одоно бузушуп электр жарыгын жарым саат эрте же бар болгону 10 эле минута эрте өчүрүп коюшту. Адамдар, албетте, өздөрүнүн иштерин бүтүрүп алууга жетишпей калышты, же мисалы, өздөрүнүн ичер чайын кайнатууга үлгүрбөй калышып алданып калышты.

Ошондой эле, мисалы жарыкты эртең мененки саат жетиде бериши керек эле. Анда адам үйүндө өз убактысын минтип пландаштырышы мүмкүн: дал ошол саат жетиде чай коюп, аны убагында ичип, саат жети жарымда үйдөн чыгып саат сегизде баштала турган жумушума барып калайын деп. А эгерде эси жок диспетчерлер графикти жеңил ойлуулук менен өз элине каршы чыгып одоно бузушуп жыйырма минутага кечирээк берип койсо (ме сага деп), анда адам жумушка гана кечигип калбай андан тышкары: кышында мындай убакта күн да суук, үйдүн ичи да капкараңгы, анан адам айласыздан мындай мамлекеттик терс тартипке наалат айткандан башка аргасы калбай калат.

Эгерде пультта отуруп электр энергиясын борборлоштуруп өчүрүп жандырууга мүмкүн болбой тескерисинче электриктер электр подстанцияларына барып турууга аргасыз болушса, анда алар өздөрүнүн жолдо жүрүүсүн математикалык так эсепке салып жоопкерчилик сезим менен подстанцияга өз учурунда барып секундалык тактык менен жарыкты берип турушу керек.

А эгерде капысынан автотранспорт бузулуп калса же жолдогу пробкаларга туш келип калса, анда автомашиналардын бортунда белгиленген жерге жетип баруунун авариялык запасы каралышы керек, мисалы дайыма даяр турган шайма-шай абалдагы велосипеддер. Же болбосо башка вариант катары электр жарыгын өчүрө турган станциянын алдында чатыр тигип ошол жерде түнөп иштеш керек. Кандай гана болбосун, ар кандай жол менен, бешенеден тер агызып болсо да электр жарыгын кечиктирбей өз учурунда жүргүзүү тартиптин эң жогорку деңгээлде уюштурулушу менен жасалышы керек. Ошон үчүн бул тармакта, зарыл болгон учурда эрдик жасаганга даяр болгон адамдар гана иштеши керек (мисалы кокус буту кайрылып калса, станцияга чейин өрмөлөп барууга даяр болуу).

Анан эң эле сооп иш болор эле, эгерде жарандарга запас убактысын берип графиктен айырмалап электр жарыгын 5-10 минута эрте берип ошондой эле 5-10 минута кечирээк өчүрүп турушса. Бирок тескерисинчесине такыр жол берилбеши керек, башкача айтканда графиктен айырмалап эртерээк өчүрүп кечирээек жарык берүүгө кату тыйуу салынышы керек.

Жогоруда айтылган баамдоолордон улам электр тармактарынын кызматкерлери немистик тактыкты ыйык сактап иштеши керек. Андай болбосо коомго жапа чегүү жана ыңгайсыздык алып келишкени үчүн каардуу жазага дуушар болушу керек.

Эми болсо кеп кезеги, кокус түндөсү электр жарыгы өчүрүлгөндө жарандардын энергетиктерге телефон чалып байланыша алуу же байланыша албоо көйгөйү тууралуу болсун.

Мындай учурларда энергетиктерге телефон чалуунун жүз пайыз оперативдүү мүмкүнчүлүгү каралышы керек. Башкача айтканда энергетиктерге телефон чала албай калган көрүнүшүнө кескин түрдө жол берилбеши керек. Болбосо телефон чалуусун убагында кабыл албаган оперативдүү дежурный же диспетчер каардуу жоопкерчиликке тартылышы керек. Ысык телефон эбегейсиз ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштеши керек жана мындай телефон бирдиктүү стандарттуу номерге ээ болуп ал номер ар бир жаранга белгилүү болушу керек.

Ыкчам авариялык телефон чалууларын кабыл алуу үчүн ар бир региондо экстрендик реакциясы бар ыкчам топтору түзүлөт. Бүт өлкөдө «Номер бир даярдыктагы» системасы киргизилет (мындай түшүнүктү мен авиатор катары авиациянын издеп таап-куткаруу кызматынан алдым). Бул деген, тигил же бул региондо электр жарыгы өчүп калды деген телефон кабары түшкөн учурдан баштап «Номер бир» даярдык системасындагы экстрендик реакциясы бар ыкчам тобу сутканын ар кайсы учурунда, күнгө-түнгө, ызгаардуу суукка, эс оодарган жайдын аптабына карабастан үч минутадан кечиктирбей жарык өчкөн жерге жөнөп чыгышы керек. Телефон чалуудан кийин үч минутадан кечиктирип жолго чыгуу фактысы белгилүү болуп калса мыйзамды одоно бузуу катары каралып жазык жоопкерчилигине тартууга алып келиши керек.

Иш алып баруунун мындай системасында экстрендик реакциясы бар ыкчам тобунун адамдары аскер адамдары сыяктуу дайымкы даярдыкта турушу керек, ал эми автомашиналары ишке жарап шайма-шай абалда, ызгаардуу суукта жылуу жерде турушу керек же моторлору жылытылган абалда даяр турушу керек.

Жогоруда чагылдырылган идеялар калкты тейлөөнүн жогорку маданиятын жана мамлекет менен калктын ортосундагы өз ара мамиленин жогорку деңгээлдеги этикасын чагылдырышы керек.



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   15




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет