Улан дүЙШөналы-марипат кыргызстандын жалпыжарандык идеологиясы – жарандык улут, социалдык гуманизм жана социалдык гуманизмдин түБӨЛҮк режими, педагогикалык аң-сезим, маданияттын руханий аң-сезими, чынчылдык



жүктеу 2.74 Mb.
бет6/15
Дата17.06.2016
өлшемі2.74 Mb.
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   15

МЕДИЦИНАЛЫК ТЕЙЛӨӨ, анын ичинде операция жолу менен айыктыруунун супер-бизнесине кескин түрдө жол берБӨӨ:

Тигил же бул жаран кымбат баа турган операцияга абдан муктаж болуп, операциянын баасы астрономиялык бийик болуп, ошон үчүн үрөйдү учуруп бай адамдардын жардам беришин сурап телеберүү аркылуу кайрылуу жасашат. Анысы менен бирге банкта эсеп да ачышат.

Бул жерде ачыктан-ачык көрүнүп турган нерсе, өлүм алдында жаткан жаранга карата көрсөтүлө турган гуманизм – адамга жардамды ач көздүк менен сатуу менен алмашылганы. Башкача айтканда жардам деген нерсе товарга айланып сатыла турган болгону. Гуманизм деген нерсе айбандык менен тоюнуу кызыкчылыгы аркылуу жер менен жексен болду. Бул нерсе илимий термин менен айтканда бизнес, коммерциялык пайданы көздөө дегенди билдирет.

Ал эми акчасы жетпеген адамдын абалы эмне болот? Бул эмне, адам баласына каршы коюлган турмуштун эң каардуу эрежелериби?

Гуманисттик түшүнүктөргө ылайык Кыргызстандын медициналык укугу төмөнкү багыттар боюнча гумандаштырылат:

1. Медикаменттерге баа коюу иштеринде рыноктун, коммерциянын жана бизнестин элементтери таптакыр жоготулат. Медикаменттердин баалары минималдуу жол берилген өздүк баа принциби менен түзүлөт.

2. Медициналык тейлөө тармагында, өзгөчө стоматология тармагында рыноктун, коммерциянын жана бизнестин элементтери таптакыр жоюлат. Медициналык тейлөө тармагы артыкча гуманисттик тармак деп таанылат, таптакыр бекер болот жана жекече клиникалар, жекече стоматологиялык клиникалар, жекече медициналык борборлор, жекече ооруканалар жаатында акы төлөөнүн негизинде жекече медициналык тейлөөлөргө жол берилбейт. Бирок бул жерде жекече медициналык секторлор тейлөөнүн жогорку сапаты менен айырмаланат деген түшүктөр калыптанып калган. Ошол эле эң жогорку сапат, темирдей бекем тартип баарынан мурда бардык мамлекеттик ооруканаларда бар болушун мамлекет чечкиндүү түрдө камсыз кылууга жетишиши өзгөчө зарыл. Башкача айтканда сапаттын элементтери мамлекетке кол жеткис болуп жат көрүнүш, ал эми жекече ишканалардын символу болушуна жол берилбеши керек. Негизи мамлекет деген нерсе – коомдун турмушун уюштуруп калыпка салып туруш үчүн жаралган соң – мамлекет сапаттын символу болуп турушу сөзсүз нерсе.

Жекече ишканалар өздөрүнүн сапаты менен мамлекеттик ишкана-мекемелерден жогору турганы мамлекет үчүн маскара көрүнүш.

Ошентип жаңы коомдук-экономикалык формация жаатында Кыргызстанда медициналык тейлөө артыкча гуманисттик тармак деп таанылып абсолюттук түрдө акысыз бекер болот.

ТУРАК-ҮЙ ПРОБЛЕМАЛАРЫ:

Өлкөнүн бардык жарандарын турак-үй менен гарантиялуу камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасында турак-үйгө болгон мамлекеттик-өздүк укугу да жеке менчик укугу да киргизилет.

Турак үйгө болгон жеке менчик укугу деген, эгерде жарандардын экономикалык мүмкүнчүлүгү, башкача айтканда жетишерлик акчасы бар болсо, өз алдынча жеке менчик үй сатып алганга же курганга укугу бар болот. Ошондой жарандар жеке менчик үйүн сатууга же мураска берүүгө укуктуу. Жеке менчик үйү бар жарандар мамлекеттик-өздүк үй алганга укуксуз, башкача айтканда мындай категориядагы жарандар мамлекеттен үй ала алышпайт. Себеби мамлекеттик-өздүк үй өзүнүн жашаганга үйү жок үй-бүлөлөргө жана жарандарга гана өмүр бою берилет. Мамлекеттик-өздүк үйдүн жашоочулары көз жумса же алар башка аймакка көчө турган болушса алардын үйүн муктаж болгон башка жарандарга же үй-бүлөлөргө берүү үчүн тартылып алынат.

Мамлекеттик-өздүк йү, өмүр бою пайдаланууга алышкан жарандарга да сатылбайт. Башкача айтканда, дегеле жарандардын мамлекеттен үй алып туруу мүмкүнчүлүгү дайыма жогору болуп турушу үчүн мамлекет дайыма өзүнүн мамлекеттик-өздүк үйлөрүнүн санын көбөйтүп турууга умтулуп туруусу зарыл шарт болуп саналат.

Мамлекеттик-өздүк үйлөрдү куруунун негиздери-проблемалары тууралуу, кабаттуу үйлөрдү, жер тамдарды салуу тууралуу, адамдардын табитин эске алып үйлөрдүн түрлөрүн жаратуу тууралуу сөз кийинчерээк талкууга алынат.

«Турак-үйгө болгон мамлекеттик-өздүк менчик» деген сөздөрдүн «-өздүк» дегендин мааниси, мамлекеттен алынган турак-үй жеке пайдаланууга өтөт дегенди билдирет.

Мамлекеттик-өздүк турак-үйү менен төмөндөгүлөр камсыз болушат:

- өз үйү жок болгон үй-бүлөлөр;

- нике кыйган жаш жубайлар;

- үй-бүлө курбаган жалгыз бой эркек же жалгыз бой аял, отуз жаш курагынан өткөндөн кийин гана;

- ажырашкан жубайлардын бирөөсү. Бул жаранды үй менен камсыз кылууну гарантиялаган сөзсүз эреже.

Өз эсебинен жеке менчикке үй сатып алышкан жарандар же үй-бүлөлөр мамлекеттин эсебинен үй менен камсыз болушпайт. Айрым жарандар өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша өздөрү үй курушкан жарандар мамлекеттин алкоосуна ээ болушат. Мунун жакшы жери, мамлекеттин үйгө муктаж болгон бардык жарандарын камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн арттырат.

Мамлекеттик-өздүк үйлөр кандай учурда мамлекетке кайтарылып берилет:

- эгерде мамлекеттик-өздүк үйдү пайдаланып жаткан үй-бүлө өз эсебинен жеке менчик үй сатып алса же куруп алса;

- эгерде мамлекеттик-өздүк үйдү пайдаланып жаткан үй-бүлө башка аймакка туруктуу жашоого көчүп жатса. Мындай учурда көчүп келген аймакта мамлекеттен үй берүү эрежелери мыйзам менен аныкталат. Көчүп кеткендерден тартылып алынган мамлекеттик-өздүк үй муктаж болгон башка жаранга же муктаж болгон башка үй-бүлөгө өткөрүлүп берилет.

Мамлекеттик-өздүк үйдө жашап жаткан үй-бүлөгө, өсүп келаткан уулуна же кызына үй сатып алууга же үй куруп берүүгө жол берилбейт. Эгерде мамлекеттик-өздүк үйдө жашап жаткан үй-бүлө өсүп келаткан уулуна же өсүп келаткан кызына өз эсебинен үй куруп же сатып алып берсе бул үй-бүлөнүн «өз үйү бар» деп эсептелинет да алардын мамлекеттик үйү тартылып алынып үйгө муктаж болгон башка жаранга же үйгө муктаж болгон башка үй-бүлөгө өткөрүлүп берилет, себеби мамлекет, өсүп келаткан балдардын кези келгенде аларга өзүнчө үй берүү камын көрөт эмеспи. Эгерде үй-бүлө өсүп келаткан уулуна же өсүп келаткан кызына өз эсебинен үй сатып алса же үй куруп берсе анан алардын кызы же уулу өз алдынча жашоо үчүн дароо ата-энесинен бөлүнүп кетсе, анда мамлекеттик-өздүк үй тартылып алынбайт.

Мамлекеттин муктаж болгон жарандарга жана муктаж болгон үй-бүлөлөргө үй куруусунун экономикалык негиздери-проблемалары.

Үйгө муктаж болгон жарандар жана үй-бүлөлөр үчүн мамлекеттин жетишерлик үй куруу мүмкүнчүлүгү бар болсун үчүн цемент, кирпич, кум, тактай жана башка курулуш материалдары келерки жылдын үй куруу планына ылайык жыл сайын заводдордон мамлекеттин эсебине бөлүнүп турат. Башкача айтканда иштелип чыккан планга ылайык үйгө муктаж болгон жарандарга жана үйгө муктаж болгон үй-бүлөлөргө үй куруу үчүн жыл сайын мамлекеттин эсебинен, мисалга алсак, канча тонна цемент бөлүнүшү керектиги, кандай сандагы тактай өлкөнүн токойлорунан бөлүнүп берилиши керектиги аныкталат. Ошондой эле үйлөрдү куруунун мамлекеттик планына ылайык жыл сайын мамлекеттин эсебине курулуш материалдарынын башка түрлөрү да бөлүнүп турат.

Цемент, кирпич, кум, тактай сыяктуу негизги крулуш материалдары рынок системасынын эрежелеринен чыгарылып алардын статусу социалдаштырылып баалары жол бериле турган чегинде мүмкүн болушунча минимумга чейин түшүрүлөт. Баа проблемаларын мындай чечүү, жарандардын өздөрү менчик үй куруу мүмкүнчүлүктөрүн да жогорулатат. Бул болсо өз кезегинде үйгө муктаж болгон жарандарды жана үй-бүлөлөрдү мамлекеттин үй менен камсыз кылуусун жеңилдетет. Себеби ушуга ылайык өз эсебинен үй кура албай калган жарандардын саны азаят.

Мамлекет өзү үй куруудан сырткары жарандардын жеке менчик даяр үйлөрүн сатып алса да болот. Үйлөр Кыргызстандын бардык аймактарында пропорционалдуу түрдө курулат. Жарандардын тандоо мүмкүнчүлүгү бар болсун үчүн этаждуу жана этаждуу эмес үйлөр долбоорлонот. Бул зарыл нерсе, анткени жарандар мамлекеттик-өздүк үйдө өмүр бою жашай алышат эмеспи.

Жер шарынын калкынын тынымсыз өсүшүнө байланыштуу бара бара жарандарга жердин жетишпей калуусу айкын нерсе. Ошон үчүн этаждуу эмес бир үйдүн аянты кескин түрдө чектелиши керек. Башкача айтканда мыйзам тарабынан этаждуу эмес бир үйдүн аянтынын максималдуу чеги коюлушу керек, мисалы, төрт сотоктон ашпаган болуп. Ошон үчүн айрым бай жарандардын жеке менчик үй куруусуна жерди берүүнүн аянтын нормадан ашырууга, анын үстүнө эки-үч эселеп ашырып берүүгө катуу тыюуу салынышы керек. Ошон үчүн бай адамдар эгоисттик индивидуализмдин ордуна коллективизмди жана жер территориясынын бара-бара толуп кетерин, акыры барып жакынкы келечекте адамдарга жердин жетпей калышын моюнга алып туура түшүнүшү абзел.

Үйгө муктаж болгон жарандарды жана үй-бүлөлөрдү турак үй менен камсыз кылуу ишинде демографиялык коопсуздук түшүнүгүн эске алып Кыргызстандын борборуна карата территориалдык принцип киргизилиши керек. Башкача айтканда «адамдын укуктары жана эркиндиктери» демек ошол сыңары «жашаган жерди эркин тандап алуу укугу» сыяктуу демократиялык баалуулуктар четке кагылып борбор шаарга миграцияны чектөө негизинде мындай эркиндиктерге чечкиндүү түрдө чек коюулушу керек да борбор шаар ашкере миграциядан корголушу керек. Себеби бардык жарандар жалаң борбордо жашайбыз дешсе бул терс нерсе болуп калбайбы. Мунун кандай терс жактары бар экени айтпаса да түшүнүктүү, ошон үчүн чечмелеп отурбайлы.

Ушул өңүттөн алып караганда муктаж болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга мамлекеттик-өздүк турак-үй Кыргызстандын борборунда муктаж болгондордун төмөнкү категорияларына берилиши керек:

- эгерде алар борбор шаарда туулуп-өссө;

- эгерде алардын борбор шаарда туруктуу жумушу болсо;

- эгерде алар борбор шаарда белгилүү убакыт жашаган болушса (жашоо жылы мыйзам менен аныкталат).

Жергиликтүү жашоочу болушпаган (борбордо туулуп-өсүшпөгөн) жана борбор шаарда туруктуу жумушу болбогон бирок үйгө муктаж жарандарга жана үй-бүлөлөргө да мамлекеттик-өздүк үй берилиши мүмкүн. Бирок бул маселе борбор шаардын демографиялык абалын эске алуу менен нормага салынат (чектөө киргизилет). Борбор шаардын демографиялык коопсуздугунун кызыкчылыгын коргоо максатында борбор шаарда мамлекеттик-өздүк үйдү берүүгө чектөө коюу фактысы, борбор шаарда төрөлбөгөн жарандардын укугун бузуп жатат деп каралбашы керек.

Бирок борбордо төрөлбөгөндөргө борбордо жеке менчик үй курууга кайрадан эле борбордун демографиялык коопсуздугун эске алуу менен уруксат берилет.

Борбордун маданий көркүн сактоо үчүн көрүнүшү эстетикалык жактан начар үйлөрдү курууга жол берилбейт.

Муктаж болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга мамлекеттик-өздүк турак-үй берүүнүн социалдык-моралдык кемчиликтери:

Жеке менчик үй сатып ала алышкан же кура алышкан айрым бай, текебер жана кыйынсынган жарандар мамлекеттик үйдө жашаган жарандарга карата өздөрүн моралдык жактан жогору коюшу толук ыктымал. Мындай нерседен качып кутулууга арга жоктой, себеби социализм доорундагыдай кылып коомдук жашоонун бардык тармактарын жасалма жол менен теңдештирүү максатка ылайыксыз, кандай болсо да азырынча. Социализмде болгондой бардык адамдарга бардык нерселер жете тургандай жана бардык адамдар жакшы жашай тургандай коомду күчтөп теңдештирүү жакшыбы же жаманбы бул тууралуу ойду айтуудан оолак туруп туралы. Бирок гуманисттик ой жүгүртүүнүн доор аркылуу өсүшү менен адам коомчулугу эртедир-кечтир капиталисттик индивидуализмден баш тартып жашоонун жамааттык образына келиши талашсыз.

КОММУНАЛДЫК ТЕЙЛӨӨ ПРОБЛЕМАЛАРЫ:

Жарандардын квартираларында сууну пайдалангандыгы үчүн эсептегичтер коюлбай суу таптакыр бекер берилет.

Электр тогу, газ жана жылуу суу менен камсыздандыруу мүмкүн болушунча максималдуу социалдаштырылат.

БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОБЛЕМАЛАРЫ:

Билим берүү тармагы толугу менен рынок системасынан чыгарылат. Башкача айтканда акы төлөп билим берүүнүн бардык формалары жоюлат. Ушуга байланыштуу социалдык гуманизмдин жаңы коомдук-экономикалык формациясы жаатында Кыргыз Республикасында акылуу балдар бакчасы жана акылуу мектептер сыяктуу жекече балдар бакчасы жана мектептерди ачууга жол берилбейт.

Акылуу мектептердин билим берүүнүн жогорулатылган сапаты, акылуу мектептердин эмгек акысынын жогору болгонуна байланыштуу андагы жогорку квалификациядагы мугалимдердин бар болушу, предметтерди тереңдетип окутуу, профилдик класстар, математика жана башка сабактарга басым жасап окутуу сыяктуу бардык артыкчылыктарын мамлекеттик (муниципалдык) мектептер өзүнө камтышы керек. Ошентип мамлекеттин, ошондой эле мамлекеттик мектептердин сапаттуу билим берүүгө жөндөмдүүлүгүн кемсинтип кароого жол берилбейт. Калкка билим берүү иши мамлекеттин милдети болуп туруп эмне үчүн жекече мектептер мамлекеттик мектептерден өйдө болуп мамлекеттик мектептердин кадыр-баркын «түшүрүп» турушу керек.

Бул нерселер ушул Идеологиянын Педагогикалык аң-сезим концепциясынын жаатында өлкөдө педагогиканын жана билим берүүнүн сапатын өзгөчө көтөрүү менен жетишилет.

Башкача айтканда Педагогикалык аң-сезим концепциясынын жаатында педагогиканын жана билим берүүнүн ролу түбөлүккө мамлекеттин приоритеттүү функциясы деп жарланат.

Ушул жерден логикалык жактан да автоматикалуу түрдө да эпохалуу түрдө мугалимдердин кичинекей эмгек акысы жоюлушу көрүнүп турат. Базарлардан, жеке секторлордон, гастарбайтерлер дүйнөсүнөн жана башка тармактардан кесипкөй мугалимдерди чакыртып алуу керек да педагогдорду татыктуу эмгек акысы менен камсыз кылуу керек. Аларды чакыртып алып туруп, кыйын рынок жылдарында жакшы жашоо издеп туш тарапка чачырап кетишкен кесипкөй мугалимдердин ордун толтуруп турган дилетанттарга чын жүрөктөн чоң ракмат айтып алардын баарын мектептерден сүрүп чыгуу керек.

Мамлекеттик билим берүүнүн сапат-саны, ар түркүн артыкчылыктар жана педагогика тармагындагы темирдей катуу тартип – акылуу жеке мектептерди салуу зарылдыгын жокко чыгарат.

Жогоруда айтылгандардын баары түздөн түз балдар бакчаларына да тийиштүү.

Ошондой эле социалдык гуманизмдин идеяларына жетүү максатында орто жана жогорку билим берүү тармагында акылуу билим берүү толугу менен жоюлат. Бул жарандардын акчасы бар же жок болгонуна карабай билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Башкача айтканда билим алууну акылуу кылган рыноктун каардуу мыйзамдары мамлекеттин пайдалуу кадрларын өлүмгө учуратып жатат. Башкача айтканда билим берүүнү коммерциализациялоо – интеллектуалдык жөндөмдүү бирок каржы жагынан жөндөмсүз жарандардын билим алуусуна шарт бербей жатат. Анын үстүнө рынок экномикасынын доорунда окуу жайлары билим берүүнүн акылуу болгондугунан коммерциялык пайданы гана көздөп жатышат. Бул болсо эмгек рыногун эске албоого себепкер болуп жатат, башкача айтканда окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү кийин ишканаларга керек болуп жумушка орношо алышабы же жокпу, аларды такыр кызыктырбайт – окуу жайлары акча алышса эле болду. Натыйжада өлкөнүн жарандарынын массалык сапатсыз дипломдоштурулуусуна ээ болуп жатабыз. Бул болсо коомдук жашоонун түркүн тармактарында эмгекти бөлүштүрүү жаатында коомдук жашоонун тең салмактуулугун бузууда. Башкача айтканда массалык түрдөгү коммерциялык дипломдоштуруунун натыйжасында бүт баары жогорку билимдүү юристтер же экономисттер болуп калышса эртеңки күнү айыл чарба тармагында кимдер иштешет, эртеңки күнү айылдарда иштөө үчүн кимдер калат? Коомдун коомдук ишмердигининин гармониясынын бузулушу ачыкталып жатканы ушул.

Ошентип акылуу билим берүү очно жана сырттан окуу тармактарында тең жоюлат. Бүтүндөй өлкө боюнча факультеттердин жана окуу жайларынын санын жана кадрларды даярдоонун санын жөнгө салуу максатында төмөнкү нерселер изилденип турат: тигил же бул тармактарда качан жана канча тигил же бул адистер керек болуп турары. Ар бир жылга адистерди даярдоо санын эске алып гана факультеттердин саны жөнгө салынат жана тигил же бул адистерди даярдоо планы жөнгө салынат.

Очный жана сырттан билим берүүнүн өз ара катнашы боюнча.

Билим алуу проблемасы каражат проблемалары менен байланышпасын үчүн, айтылгандай сырттан окуу таптакыр акысыз болот. Бул болсо сырттан окуп жаткан студенттин билим алуу сапатын жогорулатат, себеби тиричилик кылуу үчүн окуудан сырткаркы убакта акча иштеп табуу муктаждыгы азайып убактысын көбүрөөк сабагын окууга жана даярдоого жумшай алат. Башкача айтканда окуп жаткан мезгилде студенттин абалын акча иштеп табуу проблемалары менен жүктөгөнгө жол бербеш керек. Студенттин күчөтүлгөн түрдө окууга көңүл коюсуна көбүрөөк убактысы болушу керек.

Мында сырттан окутуу формалары сан жагынан очно окуудан ашпашы керек. Башкача айтканда очно окутуу формасынын саны сырттан окутуунун санына караганда өлкөдө жогору болушу керек.

Педагогикалык аң-сезим концепциясынын идеяларынын рамкасында орто жана жогорку билим берүү тармагында тартип күчөтүлүп билим берүүнүн сапаты жогорулайт.



БААЛАР ПРоблемАЛАРЫ:

Рыноктук система, бир тыйындан жүз тыйынга чейинки акчаны таптакыр керектен чыгарып адамдардын жашоосун кымбаттатып жиберди. Өзгөчө рыноктук кызыкчылыктар тыйындарды баасыздандырып салды. Социалдык гуманизм шарттарында элдин экономикалык турмушу жеңилдетилиши керек. Ушул өңүттөн алып караганда тыйындар да кеңири айланып турууга кошулат.

Эми рыноктук баа коюулар артта калып товарларга болгон баалар советтик баалар стандарттарынын негизинде туруктуу болуп бекитилет. Мында, туруктуу минималдуу эмгек акысы жүз сомго барабар болуп баалардын катнашы ошого жараша туруктуу болот.

Ошентип баалар эч качан мамлекеттин эволюциясынан көз каранды болбой туруктуу болуп катталышы керек. Ал эми минималдуу эмгек акысы жүз сом болуп катталып өлкөнүн экономикасынын улам өнүгүшү менен улам өсө берет, ал эми баалар болсо туруктуу жана өзгөрүүсүз бойдон кала берет. Натыйжада коом төмөнкү дурус социалдык өнүгүүгө ээ болот – эмгек акысынын алдыга адымдаган-прогрессивдүү өсүшүнүн эсебинен товарлардын алдыга адымдаган-прогрессивдүү арзандоосу.

Экинчи рынок жоюлат, бул деген:

Жарандардын сатып алуу-сатуу негизиндеги эркин соода менен алектенүүсүнө тыюу салынат, башкача айтканда сатып алып кайра сатууга, ошого тең коммерциялык ишмердикке да тыюу салынат. Болбосо мындай ишмердик мыйзам негизинде чайкоочулук деп эсептелинет. Жарандардын жеке менчиги, жеке буюму болгон нерселерди гана сатууга уруксат берилет. Ошондой эле өзү өстүргөн түшүмүн сатууга да уруксат берилет. Мында жогоруда айтылгандай экинчи рынокко, башкача айтканда алып кайра сатууга тыюу салынат. Экинчи рыноктун ордуна Кыргызстандын бардык аймагында жетиштүү санда жана жетиштүү пропорцияда мамлекеттик гана сатуу точкалары ачылат – күндө керектелүүчү товарлардын дүкөндөрү жана дүкөндүн башка түрлөрү.

Жогорудагылардын ынанымдуу болушу үчүн буларды белгилеп кетебиз: рыноктук системанын жоюлуп социалдык гуманизмдин экономикалык моделинин орнотулганына байланыштуу жарандарга бекер турак-үй, бекер медициналык тейлөө, бекер билим берүү, бекер суу, арзан комуналдык тейлөө, арзан транспорт кызматтары, эбегейсиз төмөн баалар, анан акыры, адамдардын рыноктук эсепчил эмес, гуманисттик мамилелери кепил болуп жаткан соң ар кандай соода жана коммерцияялык ишмердиктин жана баюунун муктаждыгы жок болуп жатат.

Эмгек акысынын минималдуу 100 сомуна болгон товарларлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын катнашы:







Товарлар жана кызматтар

Баалар

Эскертме

Биринчи кезектеги азык-түлүктөр, күндө керектелүүчү товарлар жана кээ бир кызмат көрсөтүүлөр

1

Стандарт нан

15 тыйындан баштап




2

Стандарт набай нан

Иштелип чыга элек




3

1 кап ун

15 сом




4

1 кг. картошкө

15 тыйын




5

1 кг. пияз

10 тыйын




6

1 кг. күрүч

25 тыйын




7

1 килограмм помидор

Иштелип чыга элек




8

1 килограмм кум шекер

Иштелип чыга элек




9

1 литр өсүмдүк май

Иштелип чыга элек




10

Сливочный май

Иштелип чыга элек




11

1 пачка чай

Иштелип чыга элек




12

Туз

3 тыйын




13

1 кг. уй эти

Иштелип чыга элек




14

1 кг. кой эти

Иштелип чыга элек




15

1 кг. ышталган колбаса

Иштелип чыга элек




16

1 к.г. ышталбаган колбаса

Иштелип чыга элек




17

0,5 литр сүт

10 тыйын




18

0,5 литр кефир

15 тыйын




19

0,5 литр лимонад

10 тыйын




20

Чийки жумуртка

6 тыйын




21

Бышырылган жумуртка

10 тыйын




22

Коржик

10 тыйын




23

1 пачка токоч

20 тыйын




24

Килька консерва балыгы

Иштелип чыга элек




25

Ставрида консерва балыгы

Иштелип чыга элек




26

Балмуздак

10 тыйындан баштап




27

Бөтөлкө арак

3 сом




28

1 стакан газдалган суу (сироп менен)

3 тыйын




29

Ширеңке

1 тыйын




30

Самын

10 тыйындан баштап




31

Кир самын

15 тыйын




32

Тиш пастасы

10 тыйындан баштап




33

Тиш щёткасы

5 тыйындан баштап




Коомдук тамактануучу жайларындагы тамактануу

1

Кантсыз 1 стакан чай

1 тыйын




2

Кант кошулган 1 стакан чай

Иштелип чыга элек




3

Кесим нан

Иштелип чыга элек




4

1 стакан сүт

Иштелип чыга элек




5

1 стакан кефир

Иштелип чыга элек




6

1 стакан каймак

Иштелип чыга элек




7

Бир даана бышырылган жумуртка

Иштелип чыга элек




8

Борщ

Иштелип чыга элек




9

Сорпо

Иштелип чыга элек




10

Рассольник

Иштелип чыга элек




11

Плов

Иштелип чыга элек




12

Лагман

Иштелип чыга элек




13

Картошкө пюреси

Иштелип чыга элек




14

Каймак кошулган 1 блинчик

Иштелип чыга элек




15

Официанттын тейлөөсү

Акысыз




Медициналык кызмат көрсөтүүлөр

1

Ооруканада шейшептерди колдонуу

Акысыз




2

Ооруканага келгенде халат алып кийүү

Акысыз




3

Ооруканада стационардык дарылануу

Акысыз




4

Ооруканада стационардык дарылануу кезиндеги медикаменттер

Акысыз




5

Ооруканада стационардык дарылануу кезиндеги операция

Акысыз




6

Ооруканада стационардык дарылануу кезиндеги тамактануу

Акысыз




Коммуналдык тейлөө

1

1 киловатт электроэнергиясы

Иштелип чыга элек




2

Үйлөрдөгү сууну пайдалануу

Акысыз




Транспорттук тейлөө

1

Коомдук транспортто жүрүү

5 тыйын




2

Коомдук транспортто мектеп окуучуларынын жүрүшү

Акысыз




3

Коомдук транспортто мөөнөттөгү кызматтагы солдаттын жүрүшү

Акысыз




4

Коомдук транспортто аскер окуу жайларынын жана милиция окуу жайларынын курсанттарынын жүрүшү

Акысыз




5

Коомдук транспортто пенсионерлердин жүрүшү

Акысыз




6

Авиабилеттер

Жеткиликтүү жана минималдуу баалар




Маданият тармагындагы тейлөө

1

Кинотеатрга баруу

Иштелип чыга элек




2

Китепканага баруу жана китепканадагы тейлөө

Акысыз




3

Чач-тарачта чач алуу

Иштелип чыга элек




4

Мончого түшүү

10 тыйындан баштап




5

Коомдук туалетти пайдалануу

Акысыз

Ар бир туалет тийиштүү администрацияларга же тийиштүү аймактагы жергиликтүү бийликке бекитилип берилет. Туалеттер коммерциялоодон чыгарылып ошого карабастан тийиштүү администрациянын же жергиликтүү бийликтин эсебинен суу түтүгү, самын, күзгү жана тазалык менен камсыздалат.

6

Телефон-автоматты пайдалануу

3 тыйын




7

Ысык-Көлгө жолдомо

Бардык категориядагы жарандар үчүн жеткиликтүү жана төмөн баалар




Кээ бир товарлар жана кызматтар

1

Лампочка

Иштелип чыга элек




2

1 метр зым

Иштелип чыга элек




3

Түстүү сүрөт

20 тыйын



1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   15


©dereksiz.org 2016
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет