Аскаров Ч. Айылдын сонун кечтери: Ырлар



бет1/7
Дата27.06.2016
өлшемі1.02 Mb.
#160806
  1   2   3   4   5   6   7


© Аскаров Ч., 2008. Бардык укуктар корголгон

Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес

www.literatura.kg сайтында жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 5-октябры


Чынтемир Аскаров
Айылдын сонун кечтери
Ырлар

Чынтемир Аскаровдун бул бешинчи китеби. Мындан мурда «Эне бактысы», «Атажурт» ырлар жыйнагы, «Сүйүү баяны», «Белгисиз кыздын махабаты» аттуу прозалык чыгармалары жарык көргөн. «Айылдын сонун кечтери» топтомдо көбүнчө айылда жашап жана эмгектенип жаткан түркүн кесиптин ээлери негизги каарман. Акын айылда жашап айылдык турмушун жакшы билгендиктен эмгек адамдары жөнүндө ыр жаратып, алардын образын эргүү менен бере алган.

Ал эми мекен, табият, махабат жөнүндөгү лирикалары да эч кимди кайдыгер калтырбайт.

Аскаров Ч. Айылдын сонун кечтери: Ырлар.– Б.: 2008. – 164 б. китебинен алынды


УДК 821. 51

ББК 84 Ки 7–5

А 90

ISBN 978 – 9967 –24 – 815 – 1



А 4702300200 – 08
Нускасы 100 даана

Ыр канатындагы өмүр
Мына Сиз дыйкан Чынтемир Аскаровдун «Айылдын сонун кечтери» деп аталган ырлар жыйнагын колуңузга алып, аны ак дилден дит коюп окууга камынып олтурасыз. Ачыгын айталы поэзия сүйүүчүлөр үчүн бул китеп чоң табылга. «Ыр кесипти тандабайт» деген ушул тура.

Бир колуна калем сабын кармап, бир колунан кетменин түшүрбөй ак эмгектин үзүрүн татыган Чынтемир агабыз шыгыраган ой кумунан анын алтын күкүмдөрүн элеп алууга далалат жасагандыгы окурманга тартуу кылынган ырларынын ар бир сабынын эле байкалып турат. Анан дагы бир байкаганым автордун калеминин төшөлүп калгандыгы. Поэзия өзүнүн көркөмдүүлүгү, салыштырмалуулугу, табигат, айлана-чөйрө менен синтездик тыгыз байланышта болгондугу менен айырмаланат. Ч. Аскаровдо мына ушундай өзгөчөлүктөр, артыкчылыктар бар. Ыр саптары бир дем менен жазылып, ыр ыргактары менен уйкаштыктар төп келишип, бул китепти колуна кармаган адам маашырлануу менен жеңил окуй алат.

Заманыбыздын залкар жазуучусу Ч. Айтматовдун «Жамийла» повестин ыр түрүндөгү поэмага айландыруу ар кимдин эле колунан келе бербейт. Улуу классиктин кара сөз түрүндө жазылган повестин ыр саптарына салууга бел байлаган Чынтемир агабыз өзүнүн максатына жетүүгө жан дили менен аракет кылган.

Мекенге, элге, күжүрмөн эмгекчилерге арналган ыр саптары жүрөктүн тереңинен орун алып, жаңы эргүүлөр менен эмгектенүүгө шыктандырат. Мисалга акындын «уста» деген ырында мындай дейт.

Айылымда ак сакалдуу киши бар,

Өзгөртпөгөн өзү сүйгөн иши бар.

Иштей келсе иштин майын чыгарып,

Сүйлөй келсе сөзү ширин, сөзү бал.

Мында өмүр бою кесибинен танбаган, ишке көзү каныгып, майын чыгара иштеген устанын элеси айтса айтпаса да көз алдыңа тартыла түшөт.

Акындын жүрөгү ар дайым жаш болот го чиркин! Чыкем махабат ырларын да чоң илхом, терең толкундануу менен жазат. Акын Чынтемир Аскеровдун бул китеби жөнүндө өз ойлорумду автордун таамай жазган куплеттери менен аяктагым келет. Анын «Арманым жок» деген ырына кулак төшөп көрөлүчү.

Акын дос жазыптырсың бир чоң китеп,

Мен аны сынга алдым өзүмчө элеп.

Жок эмес, жакшылары бирин-серин,

Кээлерин окуп жатып уйкуң келет.

Мен дагы ыр жазуудан калганым жок,

Калемди чоң жарышка салганым жок.

Топондой сапырылган беш жүз ырдан,

Беш ырым элге жетсе арманым жок.

Ооба, ыр канатында өмүр өткөргөн Чынтемир Аскаровдун айтайын деген ой-тилеги, мүдөсү элге жетээрине терең ишеним бар.
Мухамеджан Суранчиев – акын,

Кыргызстан журналисттер Союзунун мүчөсү.


поэмалар

ЖАМИЙЛА

(Ч. Айтматовдун повестинин поэтикалык варианты)
Ар дайым жолго чыгып жөнөрүмдө,

Караймын өзүм тарткан сүрөтүмө.

Ал мага ак батасын берген өндүү,

Кошконсуйт максат кылган тилегиме.

Жашырып көзгө далдаа жерге коём,

Эң жакын туугандарым келгениңде.


Анча эле жашыргандай эмне эле?..

Же укмуш, көз тийгендей нерсе беле.

Болбосо уяттуубу эл карагыс,

Андай бир жайы да жок ыксыз деле.

Жөнөкөй болгон менен бул сүрөттүн,

Деңиздей мааниси бар тереңинде...


Күзгү асман. Чет жакасы ала бүркөк,

Көрүнбөйт жай күнүндөй күн күлүңдөп.

Кыялап ак булуттар жылып барат,

Айдарым салкын шамал ойноп жүрөт.

Кылтыйып чыгып турган туу чокулар,

Жармашкан булуттардан өйдөсүнөт.


Андан бери сары талаа. Чалкыйт өзөн,

Көрүнбөйт баш аягы чийлер өскөн.

Аралап эки караан келе жатат,

Жалгыз аяк жол менен элдер өткөн.

Артында алар баскан жол чубалжыйт,

Издери жаандан кийин даана түшкөн.

Сүрөттүн тартылышы ушул гана,

Астейдил «көз тиет» деп катып жүргөн.


Сүрөттүн мен чечейин таржымалын,

Айтайын күч жеткенче мунун баарын:

...Бала кез, бел ката элек убагыбыз,

Антсе да көрүп калдык согуш каарын.

Колхоздун чөбүн чаап, сууңда иштеп,

Тындырбай айдачу элек арабасын.


Өзгөчө эгин-жыйын кез келгенде,

Зар элек үйүбүзгө бир келгенге.

Апталап эгин ташып стансага,

Келчүбүз караңгыда, кеч киргенде.

Күндө эле айта берип жадатышчу:

«Фронтко! Фронттогу аскерлерге!»


Узартпай ток этерин айтсам кыска,

Атам бар, колхоздо ал жыгач уста.

Эки үй, эки апам бар, кичүүсүнүн,

Тамы да алыс эмес жаныбызда.

Баарынын билерманы менин апам,

Башкарып баш көз болот баарыбызга.


Чоң үйдө мени менен карындашым,

Карачы согуш чыкты багына анын.

Майданга эки агам тең кеткен бойдон,

Кабарлап коюшкан жок ал-абалын.

Кичи үйдөгү апамдын эки уулу бар,

Фронтто, айта көрбө сагынганын!


Кичи үйдүн эң улуусу Садык авам,

Кубантып эки үйдү тең, аял алган.

Ошондон көп узабай согуш чыгып,

Аскерге чакыртылып кетип калган.

Тагдырдын буйругубу көрүп жаттык,

Андагы кыйын күндү башка салган.


Келгени жаңы келин – Жамийланы,

Апамдар өз кызындай көрөт аны.

Тыкчыңдак, тайманбаган мүнөзү бар,

Башкага жага бербейт ошол жагы.

«Өз жемиңди жегизбе» – дешип калат,

Бирөө менен урушуп калса дагы.


Апамдарды чоочуткан бир нерсе бар:

Жамийла өтө шайыр, бала кыял.

Ошондон азгырылып кетеби дейт.

Күйөөсү тээ алыста аны тыяр.

Айтоор башкалардай кагып-силкпейт,

Көңүлүн эч кирдетпей, карап аяр.


Ошол күнү жалт карап короо жакты,

Көрүп калдым бригадир Орозматты.

Апам экөө айтышып жаткан экен,

Жерге түшүп аралай бастым бакты.

– Качан аял араба айдачы эле,

– Баралбайт! – деп апакем айтып жатты.


– Төрт мүчөлүм соо болсо эгер апа,

Жалдырамак эмесмин башкаларга.

Өзүңүзгө мына эми келип турам,

Таппаган соң жумушта эч бир арга.

Өзүбүзчө кеңешип туура көрдүк,

Эртең баштап иштесин арабага.


Мындайда кантип келет табалагың,

Билем го бригадирдин ал-абалын.

Киши жок оң араба токтоп турат,

Чыркырап жатканындай бар го анын.

Бали! деп айткың келет мындайларга,

Ойлогон өзүн эмес, элдин камын.


Кол шилтеп кетериңде менин апам,

Орозмат мени карайт кыйыгынан.

Анан ал көкөлөтүп мактап кирди,

Ал мактоо бийик турду сыйлыгынан.

– Айдай берсин! – дедим да басып кеттим,

Чатагы токтоп калды кыйлада анан.


Эртеси үч араба атты кошуп,

Өзүбүзчө бир бригад болгонсудук.

Экөөбүзгө кошулган Данияр бар,

Унчукпайт жерге ийне жоготконсуп.

Үстүнөн өңү өчкөн көйнөк түшпөйт,

Эски өтүк, майлап коёт окшотконсуп.


Данияр ким? Кайсы жерден? Каңдай адам?

Жол жүрүп келатканда ойлой калам.

Чөп чабык жаңы гана башталганда,

Фронттон бир бутунан жараланган,

Айылга биз билбеген чоочун аскер,

Келди – деп бир жаш бала кабарлаган.


«Аскерден келди» – дешсе дароо анда,

Шашылчу ким? Ким? дешип сураганга.

Анткени согуш мезгил аздар кайтып,

Алар да жапжаш кырчын курагында,

Же майып, же бир оор жаратынан,

Кайтышкан өнүп-өскөн турагына.


Ошентип ал ким экен? Ким болду? – деп,

Жөн-жайын карыялар көрсө иликтеп:

Тоголок жетим калып, казактагы,

Тайкелерин айла жок кетет издеп.

Чакмакта кой кайтарып, чөлдө бозуп,

Жан багат не бир кыйын иштерди иштеп.


Эмесе түпкүлүгү ушул жердик,

Карачы таап алганын издеп келип.

Улуулар жакындарын таап беришти,

Турушат алар дагы келип-кетип,

Айтоор бөлөксүнбөй Даниярды,

Сыйлашат «жаңы келген тууган» – дешип.


Бөлүнбөй үчөөбүз тең араба айдап,

Данияр жай айдаса, биз да жайлап,

Жетебиз эгин алчу стансага,

Кампада жүктөрү бар элдер жайнап,

Айтоор таңдан кечке тыным болбой,

Турчу эле басандабай жумуш кайнап.


Бир жактан сызгырылтат саратан жай,

Жүк менен жондон тердин акканын ай!

Өйдөгө бири чыкса, бири түшүп,

Так эле уюктагы кумурскадай.

Жашмын деп, аялмын деп айтпайт эч ким.

Намыска өжөрлөнүп турушкандай.


Кырмандан стансага баратканда,

Жер ылдый, көп жеңилдик аттарга да.

Өтөбүз Каратоонун капчыгайын,

Жаңыртып дөңгөлөктү шалдырата.

Темир жол капчыгайдын этегинде,

Кампа да андан бир аз алды жакта.


Ушинтип жол алыска карабастан,

Уйку да кете электе тарабастан,

Жөнөйбүз эгиндерди жүктөп алып,

Оор ишти, оор экен деп санабастан.

Төгөбүз трап менен эң үстүнө,

Өткөрүп ар бир капты таразадан.


Өткөрсөк да, төксөк да биз үчөөбүз,

Уюктагы аарыдай бир жүрөбүз.

Өгүздөн да калың го териси деп,

Даниярды шылдыңдап көп күлөбүз.

Баратып буркуратып чаңды атайы,

Каптатып, жандай айдап, чаап өтөбүз.


Унчукпайт күлүмсүрөп коёт кайра,

Чөмүлүп калган менен коюу чаңга.

Мейличи деген өңдүү түр көрсөтүп,

Көз тигип карап калат Жамийлага.

Анысын жеңем сезип койсочу бир,

Көлөкө жүргөн окшоп арабызда.


Мүчөсү тал чыбыктай Жамийланын,

Жигиттер бир көргөндө ай жамалын,

Тамшанып сугун артып калар эле,

Жетсем деп кылар эле бар амалын.

Колу шок жигитерди жолотчу эмес,

Болот деп чеги дагы тамашанын.


Садыктан каттар келип турар эле,

Апамдар мага окутуп угар эле.

«Тумардай катыңдан мен айланайын» –

Деп анан үшкүрүнүп алар эле.

Үч бүктөп, эң бир кымбат буюмундай,

Аспеттеп сандыгына салар эле.


Жеңеме тийген болсо ошол каттар,

Билбеймин ичинде эмне жалыны бар?..

Албырып кетер эле эки бети,

Кыпкызыл бышып турган алма сыңар.

Сагыныч жүрөгүндө албууттантып,

Толкуну тынчын алып жаткан чыгар.


Катты окуп аягына токтогондо,

Таң калам албырганы жок болгонго.

Сүйүнүп анан эмне сустайды экен,

Өңүнөн кыйын эле болжогонго.

Апам да чебелектеп кетер эле,

Жүзүнө кайгы басып токтогондо.


Ушинтип өттү күндөр суудай агып,

Эгинди төбөсүнө төгө салып,

Ар дайым ылдый түшүп келатканда,

Данияр карап калат кашын кагып.

Биз анын ичин туздап күйдүрчү элек,

Кээ күнү андан эрте кетип калып.


Жеңемди кызганчумун башкалардан,

Тартынчу мен турганда башка адам.

А бирок Даниярды байкап жүрөм,

Жеңемди карай берет улам-улам.

Ары жок бир нерсени ойлойт окшойт,

Өзүмчө жиним кайнап туталанам.


Караса карасынчы деймин да аны,

Эмнеге арзыйт эле караганы.

Дагы эле каксоо жолдо дүңгүрөтүп,

Бөлүнбөй айдап жүрдүк арабаны.

Жамийла канча шылдың кылган менен,

Ооз ачып сүйлөгөнгө жарабады.


Бар эле таардан тиккен карала кап,

Жети пуд, көргөн элек таразалап.

Экөөлөп арабага салуучубуз,

Түшүрүп төккөн дагы өзүнчө азап.

Кампачы өйдөгө эмес, жерге төк,– дейт,

Анан ал коёр эле башын чайкап.


Ал күнү жатканында карашалап,

Атайы Даниярды тамашалап,

Ал капты, ал айдаган арабага,

Акырын билгизбестен койдук таштап.

Тим эле шашкан болот Жамийла да:

«Бол эми, аттарды айда, жолду баштап».


Күн чыга капчыгайда бара жатып,

Дагы эле өтүп кеттик чаң каптатып.

Капырай үн чыгарып койсо кана,

Отурат моло таштай жылбай катып.

Жылбаса жылбаганын көрөлү деп,

Тоскун! – деп алма менен уруп жаттык.


Унчукпайт анда деле муну кара,

Бул кургур минтээр беле башкаларга.

Ан сайын өктөмсүнөт, өйдөсүнөт,

Өзгөдөн ушул керек Жамийлага.

Баягы карала кап эске түштү,

Жеткенде эгин алчу стансага.


Данияр улам бирден ташып жатты,

Көрдү эми түбүндөгү канар капты.

– Ай, неме, ыштаныңды өйдө тарт,– деп,

Жамийла кыткылыктап күлүп калды.

Капты улам ары-бери булкуп көрүп,

Биз жакты акырая карап алды.


Эл барат убап-чубап трап менен,

Басасың бурулалбай артка кенен.

Бел уюп, капты оңдоп алганча эле,

Бол бас! – деп арттагылар жемелеген.

Ылдыйдан кампачынын үнү чыгат:

«Үстүнө-ө! Эң үстүнө төккүн!» – деген.


Бир маалда капты жонго зорго салып,

Баратат трап жакка багыт алып.

– Соосуңбу, ташта муну, таштагын! – дейт,

Жамийла учкан куштай жетип барып,

– Тур нары! Мага жакын жолобо! – дейт,

Көзүнөн чаары чыгып акырайып.


Аягы эмне болот? Билбей турам,

Теңселет, кайра оңдоно калат улам.

Жарадар буту такыр сылтып калды,

Жүрөктөй дүк-дүк этет ар бир кадам.

Менин да эсим ооп бараткансыйт,

Өзүмдү карманууга жетпей чамам.


Жуулган чүпүрөккө окшош болуп,

Жамийла карап калды боп-боз болуп.

Данияр ээгин тиштеп токтоп калды,

Артына кетенчиктеп октос болуп.

Жүрөктө тутангансыйт намыс оту,

Ошол от күч бергенсийт өчпөс болуп.


– Таштагын! Таштагын! – деп жаңырат үн,

Тургансып ушул капта жашоо бүтүн.

Теңселип жыгылчудай кадам таштайт,

Чогултуп денедеги бардык күчүн,

Уяттан жер тар болуп тургансыды,

Ушундай жорук баштап койгон үчүн.


Чымындай жанды оозго тиштегендей,

Э, Алла, күч-кубатты бер дегендей,

Акыркы күчүн жыйнап алга басты,

Жонунан басып турган капты жөндөй,

Шалдырап араң басып келе жатты,

Тозоктун кыл көпүрөсүн өткөнүндөй.


Айылга кайра кайтып бара жатып,

Унчукпай жер карайбыз ойго батып.

Себебин үчөөбүз тең түшүнөбүз,

Не керек анын баарын кайта айтып.

– Ме, алгын! – деп Жамийла бригадирге,

Таар капты бырча-бырча берди айрып.


Данияр мурдагыдай сырдуу, токтоо,

Өңүнөн таарынганын кыйын болжоо.

Антсе да бассак, турсак эске түшөт,

Өткөндү колдон келбейт кайра оңдоо.

Жалтанбас, намыска бек адам тура,

Мурда биз ойлоп жүрсөк жүргөн аңкоо.


...Бах, десең! Август түнү кандай сонун...

Күмүштөй ай чачырап улайт жолун.

Жылдыздар көктө жайнап жылт-жулт этет,

Дем алып таза абадан канат моокум.

Жол бою өсүп турган шыраалжындын,

Бур эткен жытын сезет таноолоруң.


Бул түнү ар кимибиз кыялдана,

Термелип келатканбыз арабада.

Жамийла үнүн созуп ырдай кетти,

Үргүлөп кеткен экем бул арада.

Үнү анын капчыгайды аралады,

Бийикте калкыгансыйт таза абада.


Бул ыры таарынычын жазат чыгар,

Бүркөлгөн каш-кабагын ачат чыгар.

Жүрөктү өйүп жүргөн бир күнөөнү,

Кечирсе экен деген амал чыгар.

Болбосо мемиреген ушул түндө,

Данияр ички сырын айтат чыгар.


Кантсе да жооп алалбай ырдайт улам,

Ыры да секетбайдын туздуусунан.

– Э-э-э-й неме! Ырдасаңчы баш көтөрүп,

Карабай жүргөн тура ушунуңан.

А-а байкуш өлүксүң го,– деген менен,

Күйшөлүп койгон да жок бир ордунан.


Канетсин ырдамакпы кечке эле,

Дөңгөлөк тегеренет кыйч-куйч эте.

Бир маалда кыткылыктап күлүп калды:

– Даниа-ар, сен бирөөнү сүйдүң беле?..

О, койчу айткан менен түшүнбөссүң,

Кызыгын бул жашоонун сендей неме.


Сөзүнө маани берип койгон да жок,

Кечиттен өтүп-өтпөй калдык токтоп.

Данияр сууду карайт, сууну тыңшайт,

Укмуштуу бир үндөрдү уккан окшоп.

Анан ал созолоно кетти дейсиң,

Жаңырды кең капчыгай үнүн коштоп.


Мына үн, мына обон оргуп чыккан,

Кете албай сыйкырланып калар уккан.

Туптунук тоодон чыккан мөлтүр булак –

Жүрөктү чертип өтүп шыңгыраткан.

Өзүнчө жан эргиткен керемет үн,

Эшигин махабаттын шыңгыр каккан.


Дакени ким ойлоптур ушундай деп,

Ачылып барган сайын безеленет.

Капырай өзөндөгү бадалдар да,

Тынчыбай үнүн коштоп шырп-шырп этет.

Карачы алдейлеген Жер-Эне да,

Мемиреп кулак төшөп жатса керек.


Ушинтип таң калтырып обон салып,

Ыр ырдайт улам үнүн закымдатып.

Ал обон аба менен калкыгансыйт,

Эң бийик жетерине жете барып.

Жүрөктө албуут аккан зор сүйүү бар,

Түк өчпөй жанып турган жалындатып.


Биз эмес түн да кошо арбалгандай,

Мемирейт уйкудагы жаш баладай.

Аттар да арабаны жай терметип,

Бешикке салып алып бараткандай.

Обону Даниярдын чорт үзүлдү,

Кантсе да бир кумарды тараткандай.


Аттарга ала-сала камчы уруп,

Жөнөдү арабаны удургутуп.

Жамийла бир ордунан козголгон жок,

Таң калат Даниярдын ырын угуп.

Ичинен мына эми өкүнгөнсүйт,

Бир жолу койбогонго көңүл буруп.


Мен аны кайра баштан угамбы деп,

Обонду айланамдан жаттым издеп.

Анан мен гүлдөрдөн да угуп жаттым,

Аарылар конуп калган гүлүн искеп.

Шаңшыган бүркүттөн да уккансыдым,

Бийикке учуп чыккан канат сермеп.


Айтор бассам дагы, турсам дагы,

Тоолордон, түздөрдөн да угам аны.

Көзүмө кырманчылар келе калат,

Элестеп кызылдарды сапырганы.

Шарылдап агып жатса шаркыратма,

Ырындай төгүлгөнсүйт агымдары.


Оо, Талаам, айланайын Эне-Жерим!

Көрдүңго алааматын бул дүйнөнүн:

Чуурутуп бомбаларын көктөн таштап,

Жайнатты танкыларын, замбирегин,

Жанына жан алгычтай тийген менен,

«Койгун!» – деп сөз айтпадың, кебелбедиң.


Тагдырга азезилдей ойногонго,

Катылып тынчтык бербей койбогонго,

Бир күн да жатып албай аттанышты,

Жигиттер чама келбей ойлогонго.

Ичте кек: «Жол бербейбиз, алтын жерди,

Душмандар эркин басып жойлогонго!»


Козголуп Жер-Эне да, төгүп жашын,

Жек көргөнсүйт согуштун добулбасын.

«Колдой көр Манас Ата балдарды»,– деп,

Беришет карыялар ак батасын.

Ал бата жоокерлерге дем, күч берип,

Таанытат душмандардын чоң атасын!


Чу-у, чу-у! – деп октор учуп жан-жагыңдан,

Танкылар келе жатат алга агылган.

Жоокерлер: «Жексен кылып койсок»,– дешип,

Ачуулуу көздөрүнөн от жагылган.

Калтырбай сүрөттөдү ыры менен,

Баарынан кымбат болду бул табылгам.


Анан мен боёк тандап сүрөтүмө,

Кубандым бирге иштеп жүргөнүмө.

Ал обон талантымды көкөлөтүп,

Койгонсуйт канат байлап жүрөгүмө.

Ичимден Даниярды аяп кеттим,

Айта албай махабатын жүргөнүнө.


Мурдагы мүнөз да жок, кеткен кайда?..

Түшүнбөй калдым эми Жамийлага.

Оргуштап аккан сууга туш келгенсип,

Селт этет жолукканда Даниярга.

Шоктугу желге учкандай, жоошуй түшүп,

Негедир батып жүрдү кыялдарга.


Данияр мурдагыдай үн деп койбойт,

Ким билет ичинде эмне, эмне ойлойт?..

Келатып адатынча таңшыйт дейсиң,

Мукамын бир сөз менен айтып болбойт.

Жамийла жазгы кардай эригенсийт,

Обонго кулак төшөп, эч козголбойт.


Билгизбей ички сырын жүрсө дагы,

Канчалык көрмөксөнгө салса да аны,

Акыры айла кетип Даниярдын,

Бир сырдуу түнттүгүнө чыдабады:

Өзү эле: «Көйнөгүң бер, жубайын» – дейт,

Аябай кирдептир го жака жагы.


Көйнөктү сылап коёт жууп бүтүп,

Өзүнчө башын чайкайт үшкүрүнүп.

Жашаңга, жайган жерге кошо жатты,

Ал көйнөк жандуу нерсе көрүнгөнсүп.

Бөйтөйгөн ууртунан күлүп койду,

Бакыты көктөн азыр төгүлгөнсүп.


Түшкө маал, чөптө иштеген бир топ жигит,

Кырманга кайрылышып, калды кирип.

– Эй, байлар, бизге буудай бербесеңер,

Өзөндөгү чоң сууга салып ийип,

Шоруңарды шорподой катырабыз,

Дейт алар атайы эле тийишишип.


Жактырбай өктөм сөздү келин-кыздар:

– Күчүңөр жетсе анан салыңыздар,

Силерге бекер буудай кайда экен,

Тигине, жолго түшүп кайтыңыздар!..

Жигиттер ушул сөздү укпай турган,

Ызы-чуу түшүп калды келин-кыздар.


Ким билет, кандай болот акыр жагы,

Чечинбей, ойго келбей кийим дагы:

Бир-бирин сүйрөгүлөйт, оюн кызып,

Жок эмес, сууга чүмкүп жыгылганы.

Мына эми Жамийла да колго түштү,

Бир эмес, үчөө болуп жабылганы.


– Өпкүн! – дейт же болбосо кеттиң сууга,

Жамийла кыткылыктайт көнбөй буга.

Балыктай сыйгаланып колдон чыгат,

Бой бербей үчөөнө тең ыргытууга.

Бир кезде дуу дей түштү суунун үстү,

Сууда ал окшоп калды аппак кууга.


Этине ак көйнөгү бүт оролгон,

Үстүнөн суулар агат шоргологон.

Тырсыйган көкүрөгүн сезбейт өзү,

Шаңданып күлкүсү түк токтобогон.

Жеткени өбөт аны, кылыктары,

Мен көргөн Жамийлага окшобогон.


Жаштардын бул оюну бүтпөй көпкө,

Күлүшөт отургандар жашаң чөпкө.

Өз боюн аска, зоодон таштагансыйт,

Данияр Жамийланы бирөө өпсө.

Өөп эмес өрт чалгансып кетчү эле го,

Колуна колу кокус тийип өтсө.


Жамийла күлөт, ойнойт, сезбейт аны,

Бир жигит жакын калды кармаганы.

Капыстан көз отуна чагылышты,

Кумсарып Даниярдын караганы,

– Жетишет, оюн бүттү! – Кесе сүйлөп,

Күч менен түртүп ийди жанагыны.


Таң калам мына ушундай мамилеге,

Чын сырын жашырышат мынча неге?..

Эгерде Садык акем үйдө болсо,

Сүйүүгө башы айланып минтет беле?..

Баарынан Даниярды айтпайсыңбы,

Бардыгын көрүп, билип жүрсө деле.


Сыр айтпайт, айтпаса да сезип турам,

Жеңемдин көбөйгөнсүйт санаасы улам.

Келатып Данияр да ырдай берет,

Чыккансыйт жүрөгүнүн толтосунан.

Мукамдуу ар бир үндө, кайрымында,

Күйүт бар, махабат бар оргуштаган.


Ал ырга мен да уюп, жеңем да уюп,

Аттарды тизгининен бопбош коюп,

Жөө гана капчыгайды аралайбыз,

Балкыйбыз рахатка сезим муюп.

Калганын жеңем дагы сезбей калат,

Турганын, Даниярга колун сунуп.


Данияр мунун баарын сезбей калып,

Атты айдап кете берди обон салып.

Колунан учургандай бакыт кушун,

Жамийла туруп калды муңга батып.

Анан ал сендиректей басып келди,

Балбылдаган көзүнөн оту жанып.


Кээде ал чачым сылап эркелетет,

Биле албайм ким деп мени элестетет.

Айтор ээктерин кыбыратып,

Көздөрү жайнай түшүп, эрип кетет.

Ошондо мен өзүмчө ойлой калам,

Чечилип ички сырын айтабы деп.


Бирок ал бекем тилин таштегендей,

Айтчу эмес эч нерсени сезбегендей.

Тынч алып бир ордунда турбай калчу,

Жаалы күч толкундарга кез келгендей.

Аял да, мурда озунуп айтмак беле,

Данияр кантип жүрөт муну сезбей.


Жамийла эки үйдүн тең кармаганы,

Кыямын башкаларга кантип аны.

Канчалык кызгансам да кыйылсам да,

Кымбаттай махабаттын таразасы.

Күкүктөй арзып жүрүп сүйгөндө экен,

Жашоонун эң таттуусу, эң тазасы.


Бүгүн да келатабыз араба айдап,

Төгүлөт көк асманда жылдыз жайнап.

Данияр күндөгүдөн муңдуу ырдайт,

Чыккансып көөдөнүнөн күйүт кайнап.

Дагы эле жеңем ага жакындады,

Сүйүүсү баратабы көзүн байлап.


Мынакей баратса да колун созуп,

Ал ырдайт көңүл бурбай созолонуп.

Жүрөктү титиреткен кандай арман,

Кирпиктен жаштар агат жошолонуп.

Тагдырдын жазган бардык кордугунан,

Жалгыздык баткан окшойт ошончолук!


Бир зор күч азгырыктай алып жөнөп,

Болгондой өзүнчө эле элеп-желеп.

Акырын түшүп алды арабага,

Толкунга термелгенсип угуп келет,

Сүйүүнүн мына илеби, мына күчү,

Калыптыр Даниярга башын жөлөп.


Данияр мүдүрүлгөн аргымактай,

Сезди окшойт калды бир аз үнүн пастай.

Жаңырды махабаттын жаңы обону,

Балкыткан бүт дененди тыңшай-тыңшай.

Келатты назар салбай эч нерсеге,

Ал экөө бүт дүйнөнү унуткандай.


Аларды көрүп туруп ойго баттым,

«Бир гана кулу болгон махабаттын,

Бактылуу болобу? – деп суроо берип,

Бактылуу, бактылуу»,– деп бара жаттым.

Сүрөтүн тартсам ээ деп ойлоп коём,

Өтпөсүн тилеп коюп ушул сааттын.


Бир убакта тып токтоп анын үнү,

Аң-таң кылып алаксытты көңүлүмү.

Данияр Жамийланы бек кучактап,

Илебине магдырайт айлуу түнү.

Өмүрүмдө сезбеген, мен укпаган,

Шыбыш менен айткансыйт ак сүйүүнү.


Өзүнө бир ой келип чоочугандай,

Селт этти Жамийлан да ток ургандай.

Секирип түшө калды арабадан,

Данияр токтоп калды тизгин кармай.

Денесин титиретип жылбай турат,

Көзүнөн жашын төгүп ыйлачудай.


– Сен неге карайсың!?.. дейт Даниярды,

Караба, айда нары арабаңды.

– Эй, бала! Эмне мынча делдейесиң,

Силердин тартып бүттүм азабыңды.

Ошентип буркан-шаркан ачуу менен,

Өзүнүн аттарына жакындады.


«Ой, тооба, буга эмне болгон?» дедим,

Неге арзыйт мурда көрүп билгендерим.

Күйөөң госпиталда, Саратовдо,

Жакында келип калат дегендерин,

Жамийла угуп, билип жүрбөйбү өзү,

Эмесе какпайт эле минтип тегин.


Түшүнбөйм эмне болот мындан ары,

Жек көрүп бара жатам Жамийланы.

Анткени мындан кийин укпайм ырын,

Жаңырбайт капчыгайда шаңшыганы.

Өчүрөм сүрөтүмдүн эскиздерин,

Калсынчы элесимде мунун баары.


Эртеси кырмандагы Орозматка;

– Барбайм! – дейт,– эгин ташып стансага.

– И, сага эмне болду Жамалтай? – дейт,

Бул иштер керек бекен мага гана,

Барасың! Күйөөң да аскерде,– деп,

Кетти ал балдактарын такылдата.


Улуудан уялгандан кайра барып,

Отурду арабаны кошо салып.

Алдыртан Даниярды карап коёт,

Үшкүрөт кайгы отуна кабылгансып.

Данияр баарын угуп унчуккан жок,

Жеңемден боюн улам ала качып.


Ал күнү баратсак да, келатсак да,

Токтотпой күч келтирип кошкон атка.

Эрте эле күн батырбай келип жүрдүк,

Мунубуз жагып жүрдү Орозматка.

Жеңемдин жүзүнөн нур өчө түштү,

Санаадан саргайгансып ошол тапта.


Капалуу Данияр да билбейм, неге?

Көз албай карай берет поездерге.

Ансайын тынчы кетет Жамийланын,

Данияр кетсе, кошо кетет беле?...

– Кашка аттын такаларын оңдочу дейт,

Жанына басып барып өзү эле.


Укпадым жеңем айтты бирдеме деп,

Данияр карап калды кашын сермеп.

Аттардын бутун улам каккан болуп,

Жеңемди көзү менен эркелетет.

Ал ага уялгандай жерди карап,

Жаш кыздай улам бутун тепкиленет.


Ошондон көп узабай солдат жигит,

Кампага кубанычтуу кирип келип:

– Күркүрөө айылынан ким бар? – дейт ал,

Ошого карап калдык кулак түрүп.

Үстүндө эски жаман шинели бар,

Өзү да арыктаган үтүрөйүп.


Аңгыча Жамийланы көрө калып,

Жатты анан жаны калбай учурашып.

– Билгендей кайрылганым жакшы болду,

Келгенмин Садыгыңдын катын алып,

Экөөбүз бирге жаттык госпиталда,

Кечикпей беш-алты айда келээри анык.


Жамалтай, карындашым айланайын,

Жарыңдын аманатын тапшырайын.

Биякка келеримде жаздырганмын,

Эң ыйык парызымды аткарайын.

Бардыгы аман-эсен жүрүшөбү?

Жашооңор жакшы элеби? Кандай айыл?


Бежиреп, эски солдат шинелинен,

Тапшырды өзү айткандай колу менен.

Аңгыча тегеректеп калышты эл,

Айылдаш, кээ бирине тууган экен.

Адамга кандай кымбат, кандай ысык,

Айылы, кичинекей ата мекен.


Жамийла катты алып окуйт улам,

Бир ирет күлүп койду ууртунан.

Чын эле ушунчалык сүйүндүбү?

Албырып кызарганын көрүп турам.

Кайра эле сур булуттай өңү өзгөрдү,

Жыла албай туруп калды бир ордунан.


Данияр мунун баарын көрүп туруп,

Сүйлөй албас дудуктай ичин уруп.

Оор үшкүрүп, күч менен онтоп алды,

Бир ордуна тура албай амал куруп.

Көз ирмемде аттарга жетип барып,

Арабасын баратты удургутуп.


Кечинде Даниярды табайын деп,

Түз эле кырман жакка бардым издеп.

– Ой, аның сууга кеткен,– дейт кароолчу,

Кайра айтат: «Кабагы анын абдан суз деп.

Аттарды тушап жатып көрүп калдым,

Отурат жар астында сууну тиктеп.


Күрпүлдөйт Күркүрөө суу төмөн көздөй,

Күрпүлдөйт кубаныч менен муңду сезбей.

Тең келет кайгысы да Даниярдын,

Ташкындап көкүрөктө ээ-жаа бербей.

Күттүрүп Жамийла да зарыктырат,

Кырманга арабасын айдап келбей.


Карачы бул турмуштун татаалдыгын,

Өзгөрдү бир күндө эле ойлору анын.

Саманда ары-бери ооналактайм,

Уксам деп калдырагын арабанын.

Данияр таң атса эле кетүүчүдөй,

Келишин тилеп жаттым Жамийланын.


Чагылгандар чартылдап ошол маалда,

Булут жиреп соймондойт асманында.

Көптөн кийин Данияр суудан келип,

Басып жүрдү колхоздун кырманында.

Өзүмчө ойлойм: «Эгерде жеңем келсе,

Айтат чыгар акыркы арманын да».


Бир убакта үргүлөп кеткен экем,

Көзүм ачсам Данияр жанымда экен.

Угулду арабанын калдырагы,

Келди го деп ойлондум мен ичимден.

Кайрадан катуу уктап кетиптирмин,

Куш уйкум бар үйрөнгөн кичинемен.


Бир кезде саман үстү шырп дей түштү,

Леп эткен сезип калдым серүүндүктү.

Жамийла сууга түшүп келген экен,

Данияр ишене албай күдүктөндү:

«Чын эле периштенин кызыбы бул?

Же элес, же болбосо көргөн түшпү?»...


Түш эмей, башка да эмей Жамийла эле,

Түнкүсүн окшоп турду периштеге.

Элендеп эки жагын карайт жеңем,

Кооптонуп коркуп жатат эмнеге?...

– Данияр мына сага өзүм келдим,–

Деди ал ага ыктай экилене.


Эң назик, жылаажындай үнү менен:

– Таарындыңбы? Айтчы? дейт улам жеңем.

– Таарынып не, койшы оны,– деп Данияр,

Өзүнчө ойго батып калды терең.

Айтса да, айтпаса да бүгүнкү кат,

Жүрөккө жаа огундай тийген белем!


Оту бар жезкемпирди элестетип,

Чагылган өтүп кетти жарк-журк этип.

Кучактап калды дароо Даниярды,

Жүрөгү селт дей түшүп, чоочуп кетип.

Данияр бекем кысты кучагына,

Чачынан сылап-сыйпап эркелетип.


– Айтчы Даке, менден күмөн санадыңбы?..

Эч кимге алмашпасмын караанынды.

Мейли ким эмне десе ошо десин,

Секетим, сендейди издеп табаламбы!

Мына эми сен да мени издеп келдиң,

Маңдайдан жаркыратып таалайымды!


Мен сени бүгүн да эмес, кечээ да эмес,

Сүйгөнмүн бала болуп киргенден эс.

Өчпөстөн оттон ысык жалындатты,

Жүрөктөгү катылган ошол элес.

Каалабайм жылытпаган махабатты,

Жок мага Садыктын да кереги эч!


Жезкемпир кайра отун жаккан чыгар,

Жаркылдайт ийме-чийме чагылгандар.

Дыбырайт жагымдуу бир илеп менен,

Туптунук майдаланган ак тамчылар.

Өттү окшойт өкүм сүргөн саратан жай,

Бул жамгыр күздөн келген кабарчылар.


Жамгыр деп кантип эми кыймылдайын,

Угулат ар бир сөзү мага дайын:

– Мен сени алда качан сүйүп жүргөм,

Жамалтай, жаным менин, калкатайым.

Окопто жүргөндө да ойлонгонмун,

Анан мен сени кантип унутайын.


Жаан эми баягыдан күчөп жаады,

Өз эрки, токтотууга айла барбы.

Самандын арасына кирип алып,

Ойлоймун не бир сонун кыялдарды.

Саманда же болбосо арабада,

Алардын келатканын тарталамбы?...


– Бүркүтүм, шаңшыганым! – дейт Жамийла,–

Көзүндү көрсөтчү сен эми мага.

Жаанданбы саман үстү шырп-шырп этип,

Угулат кулагыма шыбыш гана.

Арадан жинди шамал согуп өттү,

Учуруп камгактарды далбактата.


Эртеси жээкте отургам жалгыз өзүм,

Ишенбейм төгүн, чынбы көргөн көзүм.

Кечиттен аркы өйүзгө шашылышкан,

Экөөнүн үзүл-кесил уктум сөзүн.

Жамийла?!... Үстүндөгү гүлдүү көйнөк,

Көтөргөн бир колуна түйүнчөгүн.


Данияр адатынча чоң арыштап,

Алардын көздөгөнү тээ алыс жак.

Үйрүнөн адашышкан каркырадай,

Баратат аргасыздан айыл таштап.

Жамий-лаа-а! Жамий-лаа-а! – дейм тоо жаңыртып,

Кыйкырам келүүчүдөй колум жаңсап.


Тоо дагы, булут дагы, көрчү мына,

Чайынды эң акыркы күн нуруна.

Тигилер темир жолго шашылышат,

Ишенип эртеңкиге, бактысына.

Бакытты махабаттан тапкыла! – дейм,

Карабай жер кучактап жатканыма.


Күз келет, сары алтын күз мен эңсеген,

Алаксыйм бүтпөй калган этюд менен.

Мына эми баарын тартам деп коёмун,

Билбеймин кандай чыгат калемимен.

Экөөнүн элестерин ойлоп жаттым,

Алдыма жайып коюп тюбиктерден.


Ар дайым жолго чыгып жөнөрүмдө,

Караймын өзүм тарткан сүрөтүмө.

Ал мага ак батасын берген өңдүү,

Кошконсуйт максат кылган тилегиме.

Жөнөкөй болгон менен бул сүрөттүн,

Деңиздей мааниси бар тереңинде...




Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3   4   5   6   7




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет