Калия Кулалиева
Грамматика
Этиштин ыңгайлары
Сүйлөөчү адамдын кыймыл-аракетке карата болгон мамилесин билдирген
этиштин формасы ыңгай деп аталат.
Этиштин ыңгайлары бешке бөлүнөт:
1. Буйрук ыңгай
3. Каалоо-тилек ыңгай
5. Баяндагыч ыңгай
2. Шарттуу ыңгай
4. Максат-ниет ыңгай
Буйрук ыңгай
Сүйлөп жаткан адамдын кыймыл-аракетти аткаруу үчүн үч жактын бирине
берген буйругун, сунушун, өтүнүчүн билдирген этиш сөздөр буйрук ыңгай деп
аталат.
Буйрук ыңгайдын жасалыш жолдору:
1. Уңгу этиштер буйрук ыңгайды уюштурат: бар, сүйлө, айт, жаз ж.б.
2. Сөз мүчөлөрүнүн жардамы менен башка сөз түркүмүнөн жасалган этиштер
буйрук ыңгайды уюштурат: ойно, жазыш, жардамдаш, сана, иште ж.б.
3. -сын, -гын, -гыла, -ыңыз, -ыңыздар, -алы, -алык сыяктуу мүчөлөрдүн жардамы
менен да түзүлөт: баргын, иштегиле, бошотулсун, кетелик, жөнөйлү ж.б.
Булардын ичинен буйрукту жазууда буйрук ыңгайды уюштуруучу -сын мүчөсү
көп пайдаланылат.
Мисалы буйруктун тексттеринен төмөнкүдөй этиштерди көп жолуктурабыз:
дайындалсын, бошотулсун, которулсун, берилсин, жүктөлсүн, аткарылсын,
көзөмөлгө алынсын, чакырылсын, жиберилсин, кат жазылсын, өткөрүлсүн,
жарыялансын, илинсин, жайылтылсын ж.б.
1. Жогоруда келтирилген этиш сөздөрдү катыштырып 5 сүйлөм түзүңүз.
2. Сүйлөмдөрдөгү боштуктарга ылайык келген буйрук ыңгайдагы этиштерди жазыңыз.
1. Алтынбек, кечээ күнкү документтердин көчүрмөсүн .................................... .
2. Кесиптештер, муну кайрадан ............................................................................ .
3. Чет өлкөлүк кыргыздарга моралдык жана материалдык колдоо ................... .
4. Жаш манасчылардын кароо-сынагы ................................................................ .
5. Кана, балам, башынан ....................................................................................... .
6. Шектүү жардамдан ............................................................................................ .
7. Иш сапардан кайтканча бул иштер ................................................................... .
8. Көрсөтмөлөрдү өз убагында .............................................................................. .
Достарыңызбен бөлісу: |