5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар


Текстти талкуулоо үчүн мугалимдин суроосу



Pdf көрінісі
бет44/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   40   41   42   43   44   45   46   47   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Текстти талкуулоо үчүн мугалимдин суроосу: 
7. Эмне үчүн айылдык досу шаардык досун кабыл албай койду? 
8. Чынында эле караӊгыда шаардык досун тааныбай калышы мүмкүнбү? 
9. Бирөөгө жасагана жакшылык сөзсүз кайтышы керекпи? 
10. 
Шаардык досунан кандай катачылык кетти деп ойлойсуӊар? 
11. 
Жомоктон кандай тарбия ала алдыӊар? 
Текст боюнча жалпы талкуу жүргүзүлүп, ар бир окуучунун жообун кубаттап, 
айрым пикирлерге коментарий берилиши шарт.
Сабактын акырында окуучулар алган таасири тууралуу беш мүнѳттүк эссе 
жазышат.


60 
№20 Сабак:
САБЫРДУУЛУК 
Сабактын максаты: 
➢ 
Окуучулар сабырдуулукка үйрөнүшөт; 
➢ 
Сабырдуулукка байланыштуу окуяларды окуп, маанисин түшүнүшөт; 
➢ 
Бири-биринин пикирин баалоону үйрѳнүшѳт; 
Сабактын жабдылышы: 
Окуучуларга таркатылуучу текст, ватмандар, маркерлер. 
Сабактын жүрүшү: 
1-кадам: Мугалим окуучуларга текстти окуп берет же таратып берет. Текст 
тууралуу класста талкуу уюштурулат.
 
Мугалим үчүн текст. 
 
Илгертеден көптү көргөн карыялар балам, же кызым сабырдуу бол деп айтып 
келет. «Сабырдын түбү – сары алтын» дешет. Сабырдуулук турмуштагы ар кандай 
кыйынчылыктарга каршы туруу, кыйын күндөрдө да жакшы адамдык сапаттар 
менен калуу. Кээ бир адамдар кандайдыр кыйынчылыктарга кабылса, же жаман кеп-
сөздөрдү укса, катуу ооруга тушугат, же арак ичип кетет, болбосо кимдир 
бирөөлөрдөн өч алууга барат. Бул туура эмес, мындайда жаман күндөрдөн чыгуунун 
бир гана жолу – сабырдуулук. Ал максат-ниетке жеткирет, адамды оң жолго баштайт. 
Убагында сабырдуу болуу кыйын, анын туура болгондугу, ырас эле ошондой 
болгондугу кийин гана билинет.  
«Сабырдуулук – акылмандын шериги» дешкен. Анан да сабыры кетип жаткан 
адамдарга «Сабырдын түбү – сары алтын, санабай билгин кымбатын», «Сабырдуунун 
багына алма бүтөт, сабырсыздын башына кайгы түшөт», «Акыл – сабырдын көркү», 
«Сабыр эткен – муратка жеткен» дегендей элдик насаат сөздөрдү айтып, токтоолукка, 
жети өлчөп, бир кесүүгө, сабырдуу болууга, канаат кылууга чакырган. 
Бир даанышман айтат: 
Жети нерсе адамды кайгы сазына тыгат:
1. Ар нерсеге эле ачуулана берүү. 
2. Сыноодон өтпөгөн кишиге ишенүү. 
3. Дос-душманды ажырата билбөө. 
4. Сырын ар кимге айта берүү. 
5. Акылсыз, наадан кишилердин кеңешин угуу. 
6. Пайдасыз сөздөрдү көп сүйлөө. 
7. Наадан, накус адамдарга жардам кылуу. 
Мына ушундай нерселерди айырмалоо үчүн адамга сабыр керек. Сабырдуу 
болбосоң, анда жакшы менен жаманды, оң менен терсти айырмалай албай каласың, 
анда сенин турмушуңдун чырагы өчүп, алды жагың туңгуюк болуп, акыры жарга 
кулап түшкөнүңдү билбей каласың. 
Хадистердин биринде: «Араларыңарда эң күчтүүңөр кимиңер экенин 
айтайынбы? Ал ачуусу келгенде өзүн кармап тура ала турганыңар» деп айтылат. Өзүн 
ачууга алдырбай, «ачуу – душман, акыл – дос» экендигин аңдап билүү адамзаттын чоң 
адеби. Көп кылмыштар ачуу үстүндө жасалат, ачуу менен аялына үч талак айтып, анан 


61 
жарашууга жол издеп, барбаган жери калбагандарды көп эле көрдүк, ачуу менен бир 
акарат сөз айтып алып, бири-бирине кирип чыгыша албай калган бир туугандарды 
билебиз. Мунун баары адамдардын сабырдуулук сезимдеринин жоголушунан улам 
болуп атат жана бул сезим азыркы техниканын көбөйүшүнөн, экологиянын 
бузулушунан, шаарлашуунун ыкчамдашуусунан, ааламдашуунун таасиринен адам 
психологиясы, нерви «жукарып», «бошоп», дагы да тереңдөөдө. Мындай нерсе менен 
күрөшүү ар бирибиздин милдетибиз болушу керек, болбосо адамдар өзүн да, 
өзгөлөрдү да психологиялык жактан өлтүрүп алат да, куралдуу согуш алып келгендей 
эле келечекке кедерин тийгизүүчү кесепеттерди алып келет. 
Мындайда адамзатты башкарып турган жалгыз күч – акыл ага жардамга келип, 
акыл менен сабырды чакыруу ылаазым.
Сабырдуулуктун түркүгү сыр сактоодур, сыр сактоо илгеркилер айткандай «тил 
астына чок катып туруудай кыйын болсо» да аны аткарууга көнүгүү зарыл болот. 
Улуу Атамекендик согуш учурунда канча бир адамдардын майданда каза болгондугу 
тууралуу кабарлар (каракагаздар) келсе да, ошону айылдагы бир топ адамдар билсе 
да, эгер шарты болбосо үй-бүлөсүнө угузган эмес, качан гана жыйын-терин бүтүп, күз 
болгондо, же айрымдарын жеңиш келгенден кийин гана айтышкан. Улуу элдин 
улуулугу ушунда болгон. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   40   41   42   43   44   45   46   47   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет