85
Суу алмак болуп кудукка түшкѳндѳрдүн башы жок, тулку бою эле чыгат. Муну
кѳрүп хандын жигиттери дүрбѳлѳңгѳ түшүп калат. Бала тобокелге бел байлап
«кудукка мен түшѳм» деди. Хан кыйылып жатып макул болду. Ал кудукка түшүп суу
сүзүп алайын десе, кудуктун түбүндѳ олтурган эки аялдын бири: «Сууну алуудан
мурда биздин табышмагыбызды чечип бер» деди. Бала: «Талашыңар эмне?» деп
караса, бирѳѳнүн
алдында бака, бирѳѳнүн алдында жылан жатат. Бирѳѳ жыланды
түртүп коюп, ийрилип калса эле жалынып жалбарып калат. Экинчиси бакага үйрүлүп
түшѳт. Аңгыча аялдын экинчиси: «Жылан менин балам, бака мунун баласы. Экѳѳнүн
кайсынысы жакшы?» деди.
Бала ойлонуп туруп: «Атам калыстыгыңдан жанба» дебеди беле», деди да: « Ар
кимдики ѳзүнѳ, ай кѳрүнѳт кѳзүнѳ» деген экен.
Ошондо эки аялдын тең жарпы жазылып: «Оп бали, сѳзүң сѳз эмес бекен, бая эле
ушинтип айтышпайбы?» деп кудуктан суу алууга уруксат бериптир.
Бала сууну алып, аман-эсен кудуктан чыгып келет. Андан жүрүп отурушуп,
Мисир шаарына барышып, бир пулун эки эсе пулдап кайра тартышат. Элге келгенден
кийин хан: «Сен хан болууга ылайык калыс экенсиң» деп балага хандыгынан түшүп
берген экен.
Достарыңызбен бөлісу: