88
Келиниң жаман болсо уятың кетет.
Уул
урматтабаса ата-энени
Келин зыйнаттабайт.
Эненин тогуз уулу болсо дагы кѳп кѳрбѳйт.
Эне кѳргѳн тон бычат,
Ата кѳргѳн жол бычат.
Атаны сыйлаган абийир табат,
Энени сыйлаган элге жагат.
Үйгө тапшырмалар:
1. Эне жѳнүндѳ жазылган ырларды таап жаттагыла.
2. Эне жѳнүндѳ эссе жазгыла.
3. Нуска сѳздѳрдү окуп, класста талкуулагыла.
4. Эненин улуулугун даңазалаган хадистерди,
элдик уламыштарды таап,
класста
талкуу жүргүзгүлѳ.
89
№29 сабак
ҮЙ-БҮЛѲДѲГҮ БИР ТУУГАНДАРДЫН
МАМИЛЕСИ
Сабактын максаты:
• Үй-бүлѳдѳгү бир туугандардын тарбияларынын маанисин түшүнүшѳт;
• Текстти окуп, анын мазмунун түшүнѳ алат;
• Тексттеги каармандар жѳнүндѳ
айтып бере алышат;
• Окуучулар ѳз ойлорун эркин айтууга үйрѳнүшѳт.
Сабактын жабдылышы:
Текст боюнча тартылган түстүү сүрѳттѳр, эки ватман, эки маркер (кызыл, кѳк),
темага байланыштуу таркатмалар ж.б.
Достарыңызбен бөлісу: