5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар


Садага берүү - кайрымдуулук



Pdf көрінісі
бет72/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   64   65   66   67   68   69   70   71   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Садага берүү - кайрымдуулук 
Бир карыянын кѳздѳрү азиз эле. Ошондуктан намаз окуй турган бѳлмѳсүнѳн 
эшиктин алдына чейин жип тарттырып койгон эле. Эгер кайыр сурап бирди-жарым 
тилемчи келсе, ошол жиптен кармап эшикке чейин барып садага берчү. Балдары: 
-Атаке, эмнеге ѳзүңүздү мынча убара кыласыз? Сиздин ордуңузга бул ишти биз 
дагы кылабыз го,- дешти. 
Ошондо карыя балдарына: 
-Пайгамбарыбыз «Кишинин ѳз колу менен кембагалга садага бериши, аны 
жаман абалдарга түшүп калуудан сактайт», деп айтканын укканмын,-деди. 
Ой жүгүрүү үчүн суроолор: 
1.Балдарынын атасына айткан сѳздѳрүн туура деп ойлойсуңбу, эмне үчүн? 
2.Садага берүүнүн маанисин кандайча түшүндүң? 
Залкар ойлор 
Алсызды жѳлѳп тургузуу аздык кылат, 
Ага жѳлѳк боло билиш керек. 
В.Шекспир 
Ташбоор адамдын ѳзүнѳн башкага пайдасы тийбейт. 
Публиций Сир 
Эр азамат ѳз камын элдикинен кийин кѳрѳт. 
Ф.Шиллер 
Элге бергениң текке кетпейт. 
 
 
Элден 
Үйгө тапшырмалар
1.«Арыба касиеттүү кайрымдуулук!» деген темада дилбаян жазууга аракет 
кылгыла. 
2. Залкар ойлорду окуп маанисин чечмелегиле. 
3. Зекет, садага, орозо битир жѳнүндѳ улуулардан
сурап кошумча малыматтарды жазып келгиле. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   64   65   66   67   68   69   70   71   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет