Сергек жашоо ден соолуктун булагы



бет1/2
Дата02.01.2022
өлшемі105.5 Kb.
#453571
  1   2
Тарбиялык саат сергек жашоо


Тарбиялык саат

Тема: Сергек жашоо – ден соолуктун булагы.

Куратор 6е: Чалпаков Улан Сарсенбекович.

План

Сабактын темасы: Тамак ичүүнүн рациону, туура тандоонун мааниси.

Сабактын максаты:

1.Билим берүүчүлүк максаты:

Окуучулар туура тамактануунун Эрежелерин үйрөтүү

Тамактын адам жашоосундагы,ден-соолугунун чың болушундагы салымы жөнүндө кеп козгоо. Узак жашоонун сыры туура тамактанууда экендигин түшүндүрүү.

2. Өнүктүрүүчүлүк максаты:

Туура тамактанууга үйрөнушөт

3.Тарбиялык максаты:

Тамактанууга тарбияланышат

Сабактын жабдылышы: Интернет булагынан алынган видео, электрондук доска, проектор, ноутбук, дептерлер жана сүрөттөр.

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын методу: Интерактивдүү метод

Сабак аралык байланыш: Биология, технолгия.

Сабактын жүрүшү:

1. Уюштуруу

2. Теманы түшүндүрүү

4. Теманы бышыктоо

5. Баалоо

7. Үйгө тапшырма



Мугалимдин кириш сөзү

Саламатсынарбы балдар

Маегибизди табышмактан баштайлы: “Дүйнөдөгү эң кымбат нерсе эмне”

- Туура, ден соолук.

Ал эми ден соолуктун негизги шарттарынын бири туура тамактануу, анткени туура эмес тамактануу ооруга алып келет. Ал эми биздин милдет - өзүбүзгө кам көрүү жана ар дайым ден-соолукта болууга үйрөнүү. «Биз тамак жеш үчүн жашабайбыз, биз жашаш үчүн тамак жейбиз» деген акылман сөздөр байыркы адамдарга таандык.

тамактануу пайдалуу болушу керек. Ал эми мунун негизги шарты тамак-аштын ченеми жана ар түрдүүлүгү. Ашказаныбыздын баарын сиңирүүгө үлгүрбөгөндүктөн, ашыкча тамактануу өтө зыяндуу. Бир түрдүү тамак-аш ден соолукту чыңдоо үчүн зарыл болгон бардык азыктарды бере албайт. Кээ бир азыктар организмге кыймылга, жакшы ойлонууга, чарчбоого энергия берет, мисалы: гречка, мейиз, май. Башкалары организмдин өсүшүнө жана күчтүү болушуна жардам берет: балык, эт, жангактар. Ал эми үчүнчүсү - организмди витаминдер жана минералдар менен камсыз кылуу, өсүп-өнүгүүгө жардам берет.

ТУУРА ТАМАКТАНУУ УЗАК ЖАШООГО ӨБӨЛГӨ БББ жадыбалын толтуруп алсак. Бул билем,билгим келет,билдим деген суроолорго жооп жазуу керек. 1.Демек бугүкү тема боюнча эмнелерди билесиңер? 2.Бүгүнкү тема жөнүндө эмнелерди билгиңер келет?

Билем

Билгим келет

Билдим



















Тамак-аш азыктары адамдын өсүп-өнүгүшүнө, көп күч-кубат жана күч-кубат берип, организмдин коргонуу күчтөрүн чыңдап, оорулар менен күрөшүүгө жардам берет.

Тамак-аш денебизди сактап калуу үчүн абдан маанилүү. Ансыз биз бензини жок машинедейбиз, убакыттын өтүшү менен токтоп, кыймылдай албай калабыз.

- Тамак кандай болушу керек? (Даамдуу, ар түрдүү, пайдалуу)

- Неге? (Ар түрдүү тамак-аштар ар кандай азыктарды жана витаминдерди камтыйт.)

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму сунуштаган тамак-аш пирамидасын көрүп турасыз . Келгиле, анын эмнеден турганын карап көрөлү. 

(слайд). Келгиле, ар бир деңгээлде эмне бар экенин атап көрөлү.

Бекем ден соолук-бул байлык. Ага кам көрүү керек. Эгер сен ар дайым спорт менен машыгып, өздүк гигиенаны сактап, туура тамактансаӊ, ден соолугуӊ чын, көӊүлүӊ ток, ар кандай оорулардан алыс болосун. Биз денебизди дайым таза кармашыбыз керек. Ошондо бизге эч кандай оорулар жукпайт. Туура тамактануу-ден соолуктун мааниси. Эгер сен туура тамактансаӊ, организмиӊде бардык витаминдер жетиштүү болуп, боюӊ өсөт, чарчабайсыӊ, дайыма шайыр жүрөсүӊ. Жаңы сөз – орган-организм-денебиздеги ички мучөлөрү. Аларга жүрөк, боор, бөйрөк, өпкө, ашказан кирет.



Табышмактар:

1. Ак болуп гүлдөйт,
Жашыл болуп салаңдайт,
Кызыл болуп түшөт.



Достарыңызбен бөлісу:
  1   2




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет