Философиянын маңызы (же метафилософия)


Философия - коомдук аң-сезимдин



бет2/11
Дата02.01.2022
өлшемі157 Kb.
#453225
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   11
ФИЛОСОФИЯНЫН МАҢЫЗЫ

Философия - коомдук аң-сезимдин (общественное сознание) өзгөчө формасы. Ар кандай коом өз турмушун, ал- абалын аңдап-түшүнүшкө аракет кылат. Бул ар кыл формада жүзөгө ашат: укук, саясат, илим, искусство, мораль аркылуу. Алардын катарында философия да бар. Мезгилге жараша, шартка ылайык философиялык окуулардын, көз караштардын (взгляд) өзгөрүп, жаңыланып турушу ошол коомдун болмушунун, турмушунун (общественное бытие) өзгөчөлүктөрүнө байланышкан. Бул ар коомдун өз философиясы болот дегенге тете.

Философия - бул методология, методологиянын негизи. Адам баласынын ар кандай иш-аракети - инженердик эмгеги, илимий изилдөөсү, көркөм өнөрү ж. б. белгилүү бир методдордун (ык-жолдордун) аркасында ишке ашат. Ал эми мындай методдор айрым бир жалпы, кеңири, түпкүлүктүү түшүнүктөргө, идеяларга, мамилелерге (подход) таянат. Башкача айтканда, тигил же бул иш-аракеттин ыкма-жолдорун аныктаган философиялык көз караш, принциптер болот. Ушундан улам философияны «негиздер», принциптер (Аристотель) жөнүндөгү илим же калыптоо (нормативное) аң- сезими катары аныкташат.

Философия идеология катары да каралышы мүмкүн. Идеология - коомдун, коомдук топтун, катмардын иш- аракетинин, өнүгүшүнүн башкы (стратегиялык) багытын, көздөгөн максат-мүдөөсүн, тутунган жол-жоболорун, аздектеп- баалаган баалуулуктарын (ценности) аныктаган идеялардын, ой-түшүнүктөрдүн тутуму. Бул жагынан философия айрым учурда идеологиянын кызматын да аткарат. Айталы, марксчыл философия жумушчулардын, социалисттердин идеологиясы эсептелген.

Мындан тышкары метафилософиянын алкагында төмөнкү аныктамаларга маани бериш зарыл.

Философия - бул акылмандык. Бул илгертен тамыр байлап, бутак жайган түшүнүктөрдүн бири. Мында философия көптү көргөн, көптү билген, турмушту терең түшүнгөн, бай тажрыйба күткөн, жашоо-тиричиликтин маани-маңызын бийик, кең баалаган, башкаларга туура жол көргөзүп, тунук кеп-кеңеш бере алган адамдардын акыл-ой, билим- түшүнүгүнө байланыштуу каралат. «Караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан» («Манас» эпосу), башкалар билбегенди билген, башкалар көрбөгөөдү көргөн касиет катары бааланат. Бирок, акылмандыктын белгиси көптү билиште эмес, туура түшүнүштө деп баса көрсөтөт.

Ушуга туташ философияны акыл-эс (разум), нак аң-сезим («сознание вообще» же «чистое сознание») деп түшүнүү да кездешет.

Философия - бул адамдын өзүн өзү аңдап - билиши. Мындай концепциянын өзөгүн Сократтын «өзүңдү өзүң таанып бил» («Познай самого себя») деген жол-жобосу түзөт. Адам баласынын табиятын, анын жашоо-тиричилигинин түпкү маани-маңызын чечмелеп түшүнүш - философиянын башкы милдети эсептелет. Тышкы дүйнөнү аңдап-билиш, ага белгилүү бир мамиле күтүш ири алдыда адам өзүн канчалык деңгээлде туура түшүнөт, туура баалайт-ушуга жараша болот деген ишеним. Ушундан улам философияны адам жөнүндөгү окуу (учение о человеке) таризде түшүнгөндөр да бар.

Философия - бул илим. Мунун жөн-жайы философияны илим эмес, искусство катары баалашка, тагыраак айтканда, илимге караганда искусствого жакын деп эсептешке (Кьеркегор, Шопенгауэр, Ницше) байланышкан. Философтордун басымдуу көпчүлүгү (Аристотелден баштап, Гегель, Гуссерлге чейин) өз эмгектерин, изилдөөлөрүн илимге киргизген. Себеби, «так илимдерге» (математика, физика, химия ж. б.) мүнөздүү белгилерге толук ээ болбогону менен философия гуманитардык илимдердин катарында теориялык билимге тиешелүү талаптарга кадыресе ылайык келет. Философиянын өзүнүн маани-маңызына, милдет-кызматына жараша түшүнүк, категорияларынын системасы, далилдүү концепция, теориялары, изилдөө методдору, өзгөчө «тили» бар.

Ушундан уам философия «жалпы бүтүн» (мир в целом), «абстракциялар» (жалпы түшүнүктөр) жөнүндөгү илим, баарына тиешелүү касиет (всеобщее), абсолют туурасындагы окуу деп да эсептелет.

Албетте, эгер философиянын тарыхын барактасак, бай адабиятты кеңири иликтесек маани-мазмуну жагынан бири- бирине окшобогон дагы көптөгөн аныктамаларды табабыз. Алардын арасында «кызык» көрүнгөн, «экзотика» туюлгандары да кезигет. Айталы, «философия - бул өлүм өнөрү» (искусство умирать). Эгер байыркы гректерден калган мындай формулага олуттуу мамиле жасасаңыз, мунун маанисин кандай чечмелээр элеңиз? Же: философия - бул таңдана билүү» (умение удивления). Муну кандай түшүнсө болот? Буга дагы кайрылып келебиз.

«Кызыктуу» аныктамалардын ичинен өзгңчң көөүл бурушка арзыганы мындай: «философия - бул түшүнбөстүк» (философия как непонимание).

* * *




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   11




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет