Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет26/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   22   23   24   25   26   27   28   29   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Жыныс түтүктөрү. Жатындын тулкусунун бурчтарынан 
башталат жана бош учтары менен ич көңдөйүнө ачылат, ал жы-
ныс бездеринин жанынан орун алган. Жатын түтүкчөлөрүнүн ич 
беттери бир жагынан жатындын ички чел кабыгынан өтүп, экин-
чи жагы жалпы ич челине кошулат. 
Жатын кичине жамбаш көңдөйүндө табарсык менен түз иче-
гинин ортосунда орун алган. Анда түбү, тулкусу, өпкөлү жана 
майы бар. Жатынды кескенде үч бурчка окшош, жатындын бети 


- 61 -
үч катмардан турат. Ички чел кабык, булчуң катмарлары жана 
сырткы ич катмары. Кийин 10-12 күндө жооноюп, ичкерип ту-
рат. Анын бездери ийри тартып, суюктуктарды бөлүп чыгара 
баштайт, ал жетилген жумуртканы жылдыруу үчүн, эгерде жу-
муртка жетилбеген болсо анда моюн аркылуу чыга баштайт да 
ал оору чакыруучу микроорганизмди өлтүрүүгө катышат. 
Кыздардын бойго жетүүсү. Жыныстык жетилүүнүн мезгил-
дери 10 жылды ээлейт. Ушул убакыт ичинде төрөт функциясы-
нын жетилиши менен аялдардын өнүгүүсү токтойт: бойдун өсү-
шү, денесинин түзүлүшү, тулку бою айырмаланат. Жетилүүнүн 
биринчи фазасында (10-13жаш). Сүт бездери чоңоют, аласына 
жүн чыгат. Ал эми экинчи фазасында (14-17 жаш). Сүт бези, жүн 
чыгуулары токтойт жана жамбаш биротоло жетилет. 16-18 жашта 
толук келет, ал мезгилде аялдын денеси турпаты менен кош бой-
луулукка, аны көтөрүүгө, төрөөгө, ымыркайды эмизүүгө даяр.
Жыныстык жетилүү мезгили. Жыныстык жетилүү мезгил 
же төрөөчү мезгил 30 жылды түзөт. 16 жаштан 45 жашка чейин. 
Этек кирдин токтошу. Азыркы учурда этек киринин токто-
шуна төмөнкүлөр кирет. 
- Этек кир токтоонун астындагы мезгил 45 менопауза келген-
ге чейин. 
- Этек кирдин келбей калышы ал циклдик токтолушу. 50-58 
жашта токтолот. 
Этек кири токтогондон кийинки жылдар –ал өмүрдүн аягына 
чейин уланат. Бул мезгилде аялдар бийик социалдык активдүүлү-
гү менен мүнөздөлөт, анда турмуштук тажрыйба жетилет, аң се-
зим билим артат. Ошондой эле ал жашта денени коргоочу күч-
төрү төмөндөй баштайт, жыныс гормондорунун чыгуусу азаят. 
Ал этек кирдин келишин токтотот. Бул учурда төрөт жолдорунда 
гана өзгөрүү болбостон жалпы ички органдарда өзгөрүүлөр ула-
нат. Жатын кичирейет, жыбыткынын ички чел кабыгы ичкерип, 
бырыштары азаят, ичинде коргоо пайда болот. Табарсыкта өзгө-
рүүлөр болот. Ал заттардын токтобосун чакырат, жыбыткынын, 
жатындын беттери салаңдап ичкерип түшө баштайт. Кандын 
коюуулануусу жогорулайт, сөөктөрдө Са тузунун өлчөм жуму-
шу азаят. Сөөк заттары өзгөрөт. Мындай учурда сөзсүз врачка 
кайрылуу керек. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   22   23   24   25   26   27   28   29   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет