Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет34/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   30   31   32   33   34   35   36   37   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Ички секреция системасы 
1-шишка сымал тело; 2-гипофиз; 3-калкан жана калкан астындагы без; 
4-вилка сымал без (тимус); 5-бөйрөк үстүндөгү без; 6-уйку бези; 7-эркектик 
жумуртка бези. 8- аялдык жумуртка бези.


- 74 -
ГОР
МОНДОР
С
тр
ук
т
урасы
Ат
алышы
Кыск
ар-ны
Синте
з-у ор
ду
Таасир э
т
уучу 
 
ме
ханиз
ми
трипт
амин
мела
тонин (N-ацетил-5-мет
ок
сит
рипт
а-
мин)
эпифиз
трипт
амин
серо
тонин
5-HT
энтеро
хро
маф
финдүү 
lклетк
алар
бөлүп чыгара
т 
тирозин
тирок
син
T4
ка
лк
ан б
ези
ядро
лук ре
-
цепт
ор
бөлүп чыгара
т 
тирозин
трийо
дтиронин
T3
ка
лк
ан б
ези
ядро
лук ре
-
цепт
ор
бөлүп чыгара
т 
тирозин (к
ате
хо
ламин)
адрена
лин (эпине
фрин)
бөйрөк устүндөгү б
ез 
бөлүп чыгара
т 
тирозин (к
ате
хо
ламин)
норадрена
лин (нор
эпине
фрин)
бөйрөк үстүндөгү б
ез
бөлүп чыгара
т 
тирозин (к
ате
хо
ламин)
дофамин
гипо
та
ламус
пептид
антимю
ллер г
ор
мону
АМГ
С
ер
то
ли клетк
алары
пептид
адипонек
тин
май тк
аны
пептид
адренок
ор
тик
от
ропт
уу г
ор
мон (к
ор
ти
-
ко
тропин)
АКТГ
гипофиз
физ
дин а
лдынкы 
үлүшү
цАМ
Ф
пептид
ангио
тензин, ангио
тензиног
ен
боор
IP
3


- 75 -
С
тр
ук
т
урасы
Ат
алышы
Кыск
ар-ны
Синте
з-у ор
ду
Таасир э
т
уучу 
 
ме
ханиз
ми
пептид
антидиуретик
а г
ор
мону (в
аз
опре
ссин)
АДГ
гипофиз
дин ар
ткы үлүшү
пептид
жүрөк а
лдындагы на
трийуретик
алык 
пептид
АНФ
жүрөк
цГМФ
пептид
глюк
озага көз к
аранды инс
улино
тропт
уу 
по
липептид
ГИП
K-клетк
алары он эки э
ли 
жана ж
оон ичеги
пептид
ка
льцит
онин
ка
лк
ан сым
ал б
ез
цАМ
Ф
пептид
кор
тик
от
ропин - бөлүнүп чыгуучу г
ор
мон
АКГГ
гипо
та
ламус
цАМ
Ф
пептид
хо
лецист
окинин панкреозимин)
CCK
I-клетк
алары он эки э
ли жана 
жоон ичеги
пептид
эрит
ропо
этин
бөйрөк
пептид
фо
ллик
уланы жөнгө с
алуучу г
ор
мон
ФСГ
гипофиз
дин а
лдынкы үлүшү
цАМ
Ф
пептид
гаст
рин
ашк
азандынG-клетк
алары 
пептид
грелин (к
урс
ак а
чтыгынын с
ез
дирүү г
ор
-
мону)
Эпсилон-клетк
алары панкре
-
атиттик ара
лча
лар , гипо
та
-
ламус
пептид
глюк
аг
он ( инс
улиндин ант
аг
онисти )
альфа-клетк
алары панкре
а-
титтик ара
лча
лар 
цАМ
Ф
пептид
гонадо
тропин-бөлүнүп чыгуучу г
ор
мон 
(лю
либ
ерин)
GnRH
гипо
та
ламус
IP
3
пептид
со
ма
то
тропин-бөлүнүп чыгуучу г
ор
мон 
(өсүү г
ор
мону"-бөлүнүп чыгуучу г
ор
мон, 
со
ма
токринин)
GHRH
гипо
та
ламус
IP
3
пептид
адамдын х
ориондук г
онадо
тропини
hCG, ХГЧ
плацент
а
цАМ
Ф


- 76 -
С
тр
ук
т
урасы
Ат
алышы
Кыск
ар-ны
Синте
з-у ор
ду
Таасир э
т
уучу 
 
ме
ханиз
ми
пептид
плацент
ар
дык лак
тог
ен
ПЛ, HPL
плацент
а
пептид
со
ма
то
тропт
ук г
ор
мон (өсүү г
ор
мон)
GH or hGH
гипофиз
дин а
лдынкы үлүшү
пептид
ингибин
пептид
инс
улин
бет
а-клетк
алары панкре
атит
-
тик ара
лча
лар 
Тирозинкина
-
за, IP
3
пептид
инс
улин сым
ал өсүүнүн фак
тор
у (со
ма
то
-
ме
дин)
ИФР
, IGF
Тирозинки
-
наза
пептид
лептин ( т
оюнуу г
ор
мону )
май тк
аны
пептид
лю
теиндөөчү г
ор
мон
ЛГ
, LH
гипофиз
дин а
лдынкы үлүшү
цАМ
Ф
пептид
теринин пиг
мент
ациясын тейлөөчү г
ор
мон
МСГ
гипофиз
дин а
лдыъкы үлүшү
цАМ
Ф
пептид
нейропептид 
Y
пептид
ок
сит
оцин
гипофиз
дин ар
ткы үлүшү
IP
3
пептид
панкре
атиче
ский по
липептид
PP
PP
– клетк
алары панкре
атит
-
тик ара
лча
лар
пептид
пара
тироиддүү г
ор
мон (пара
тг
ор
мон)
PTH
ка
лк
ан астындагы б
ез
цАМ
Ф
пептид
про
лак
тин
гипофиз
дин а
лдынкы үлүшү
пептид
релак
син
пептид
секретин
SCT
ичк
е ичегинин ж
ог
орк
у 
бөлүгү
пептид
со
ма
то
ст
атин
SRIF
дель
та-клетк
алары панкре
ат
-
тик ара
лча
лар гипо
та
ламус
пептид
тро
мбопо
этин
боор, бөйрөк


- 77 -
С
тр
ук
т
урасы
Ат
алышы
Кыск
ар-ны
Синте
з-у ор
ду
Таасир э
т
уучу 
 
ме
ханиз
ми
пептид
тироид-жөндөөчү г
ор
мон
гипофиз
дин а
лдынкы үлүшү
цАМ
Ф
пептид
тирео
либ
ерин
TRH
гипо
та
ламус
IP
3
глюк
ок
ор
тик
оид
кор
тиз
ол
бөйрөк үстшндөгү б
ез
түз
минера
лок
ор
тик
оид
альдо
стерон
бөйрөк үстүндөгү б
ез
түз
жыныстык стероид (андрог
ен)
те
ст
остерон
ур
ук
тук б
ез
ядро
лук ре
-
цепт
ор
жыныстык стероид (андрог
ен)
дегидро
эпиандро
стерон
ДГЭА
бөйрөк үстүндөгү б
ез
дин кы
-
ртышы
ядро
лук ре
-
цепт
ор
жыныстык стероид (андрог
ен)
андро
стендио
л
энелик жу
мур
тк
а б
ез, а
та
лык 
ур
ук
тук б
ез
прямой
жыныстык стероид (андрог
ен)
дигидро
те
ст
остерон
көпчүлүк
түз
жыныстык стероид (эст
рог
ен)
эст
радио
л
фо
ллик
уляр
дык а
ппара
т эне
-
лик, а
та
лык б
ез
түз
жыныстык стероид (прог
естин)
прог
естерон
энелик б
ез
дин с
ары тело
су 
ядро
лук ре
-
цепт
ор
стерин
ка
льцит
рио
л
бөйрөк
түз
эйк
озаноид
про
ст
аг
ландины
ур
ук
тук с
уюк
тук
эйк
озаноид
лейк
от
риены
ак к
ан клетк
алары
эйк
озаноид
про
ст
ациклин
эндо
телий
эйк
озаноид
тро
мбок
сан
тро
мбоциттер


- 78 -
ЖҮРӨК КАН ТАМЫР СИСТЕМАСЫ
План:
1. Жүрөк кан тамыр системасы
2. Жүрөктүн түзүлүшү
З. Чоң жана кичине кан айлануу тегереги
4. Баш жана моюндун кан тамырлары
5. Кол жана бут курчоолорунун кан тамырлары
6. Курсак жана көкүрөк көңдөйүнүн кан
тамырлары
Кан тамыр системасында эки системаны: кан айлануу жана 
лимфатикалык системаларын ажырытышат. Кан тамыр сис-
темасынын борбордук органы болуп жүрөк эсептелет. Жүрөк-
төн чыккан кан ткандарга артериялар аркылуу барат. Ткан-
дардан кан тамырлар аркылуу веналарга өтүп, анан жүрөккө 
кайрадан келет. Артериялар – бул жүрөктөн чыккан канды 
ткандарга жеткирүүчү кан тамырлар болуп саналат. Арте-
риялардан ткандарга бир эле артериялдык кан эмес, ошондой 
эле веноздук кан да агат. Мисалы, жүрөктөн өпкөгө артерия 
аркылуу веноздук кан барат. Веналар- бул ткандардагы кычкыл-
дануудан кийин пайда болгон канды жүрөккө алып баруучу кан 
тамырлар болуп саналат. Веналарда веналык кан сыяктуу эле 
артериалдык кан да агат. М: өпкөдөн жүрөккө веналар аркы-
луу артериалдык кан агат. 
К
ан тамыр системасына бир катар кан пайда кылуучу орган-
дар кирет (сөөктөрдүн кызыл чучуктары). . Артериялардын 
түзүлүшү. Артерияларда үч оболочканы: ички-интима, ортоңку-
медиа, сырткы-адвентиция ажыратышат. Интима ички жагынан 
бир катмар көп бурчтуу жалпак клеткалуу эндотелий менен тө-
шөлгөн. Андан ички жагында эластикалык мембрана жана сыр-
тынан тутумдаштыргыч ткандуу катмар менен капталган. Медиа 
жылма булчуңдуу булалардын циркулярдуу катмарларынан ту-
рат. Ири артерияларда булчуңдуу элементтер эластикалуу була-
лардын бөлүктөрү менен алмашышат да, артериалдык тип деп 
аталышат. Орто жана майда артериялар ирилеринен айырмала-
нып булчуңдуу типтеш артериялар деп аталат. Адвентиция- бор-


- 79 -
поң тутумдашгыргыч ткандан туруп, анда көптөгөн ийилчээк 
жана коллагендик булалар болот. Веналардын түзүлүшү. Орто 
калибрдеги веналар түзүлүшү боюнча артерияларга окшош ке-
лет. Айырмасы дубалынын ички жана булчуң булаларынын, 
ийилчээк булалардын аз болушунда. Ошондой эле веналарда 
клапандар болот. Кан кайра артын көздөй акпаш үчүн, клапан-
дар жабылат да, кандын жүрөккө барышына түрткү беришет. 
Дененин жогорку бөлүгүнүн эң ири веналарынын булчуңдуу 
облочкасы начар өрчүгөн. Эң ири вена жогорку көңдөйлүү вена- 
булчуң булаларын кармабайт. Курсак бөлүгүндөгү жайгашкан 
төмөнкү көңдөйлүү венада күчтүү өрчүгөн узунунан кеткен 
жылма булчуңдуу элементтердин катмары болот. 
Капиллярлардын түзүлүшү. Капиллярлар кан тамыр система-
сынын ткандарга азык заттардын, кычкылтектин кан аркылуу, ал 
эми ткандардан иштелген продуктулар жана көмүр кычкыл газы 
өтүүчү бөлүгү болуп саналат. Органдарда капиллярлар өтө ичке 
торчону түзүшөт. 1 мм органдын тканында бир нече капилляр-
лар туура келет. Капиллярлардын дубалы тешик сымал трубка-
ны түзүүчү ичке эндотелийден турат. Эндотелиалдык клеткалар 
активдүү фильтрлер болуп саналат. 
Кан тамыр системасында органдын сыртындагы артериялар, 
веналар (алар органга киргенге чейин жайгашат) жана органдын 
ичиндеги артерия, веналар болот. Булар өз алдынча бири-бири 
менен биригишип, аностомоздорду пайда кылат. Алар артериал-
дык жана, веноздук аностомоздор болушат. Айрыкча акыркыла-
ры аябай көп болушат. Булардан сырткары көпчүлүк органдарда 
артериа-веноздук аностомоздор да кездешет. Аностомоздордун 
мааниси өтө чоң. Органга кандын агып келүүсү жана кетүүсү бу-
зулганда, кошумча кан тамырлар жана аностомоздор аркылуу ор-
гандын кан менен жабдылышы жөнгө салынат. Артерия-веноздук 
аностомоздор ашыкча артериялдык канды веноздук системага өт-
көрүп беришет. Кан тамыр системасы мезенхимдик клеткалардан 
өрчүшөт. Тамырлардын алгачкы башталмалары эмбрионалдык 
мезгилде тегерек клеткалардын жыйындысы – кандуу аралчалар 
болуп саналат. Булар трубкаларды пайда кылат тегерек клетка-
лар жайгашып кан тамырдын ички катмарына айланат. Кийинче-
рээк механикалык клеткалардан ортонку булчуңдуу жана сырт-
кы тутумдаштыргыч ткандуу катмары калыптанат. 


- 80 -
Жүрөк көндөйлүү төрт камералуу орган болуп саналат. Ал 
жалпайыңкы конус формасында болот. Жүрөктүн негизин, чо-
кусун жана эки бетин жогорку жана төмөнкү деп ажыратышат. 
Жүрөктүн негизи оң жакты, жогору жана артты карап турат, чо-
кусу төмөн, сол жакты жана алдын көздөй карайт. Жүрөктү оң 
жана сол дүлөйчө, ошондой эле оң жана сол карынчага бөлү-
шөт. Дүлөйчөлөр көкүрөктүн негизинде жайгашып, карынчалар 
органдын негизги массасын түзүшөт (чокусун дагы). Жүрөктүн 
төмөнкү жалпак бети диафрагмада жатат. Ал эми алдыңкы жо-
горку томпок бети көкүрөктүн арткы бетине жана 3- 5 сол ка-
быргалардын кемирчегине ыкталып турат. Жүрөктүн узундугу 
12-13 см, эң кеңдиги 10-11 см болот. Жүрөктүн көлөмү 250-350 
см ге чейин жетет. Салмагы дененин салмагынын катышына 
1:220 жараша болот. Чоң адамдагы жүрөктүн абсолюттук сал-
магы 300 г эркектерде, аялдарда 220г га чейин болот. Жүрөк-
түн бетинен жүрөктүн өздүк кан тамырлары өтүүчү жылгалар 
жайгашат. Жогорку алдыңкы бетинде негизинен чокусуна чейин 
алдыңкы карынча аралык жылга өтүп, чокусунда булар бириги-
шет. Жүрөктүн негизинде дүлөйчө жана карынчалар ортосунан 
таажы сымал жылга өтөт. Жүрөк узунунан тосмо аркылуу эки 
бөлүккө бөлүнөт: оң же веноздук канды кармоочу бөлүгү жана 
сол, артериалдык анда кызыл артериалдык кан агат. Жүрөктүн 
ар бир бөлүгү дүлөйчөдөн жана карынчадан турат. Дүлөйчөлөр 
бири-биринен дүлөйчө аралык тосмо менен бөлүнгөн. Ал эми 
дүлөйчө жана карынча бири-бири менен дүлөйчөлүү- карынча-
луу тешикчелер аркылуу байланышып, алардан жыйрылуу уба-
гында дүлөйчөдөгү кан карынчага өтөт. 
Оң дүлөйчө (аtгium dехtrum) өздүк оң дүлөйчөсү жана оң ка-
рынчасы бар көңдөй болуп саналат. Ички бетинде булчуңдуу 
ткандан түзүлгөн бүктөмдөр, дүлөйчө аралык тосмосунда сүйрү 
чуңкурча бар. Оң дүлөйчөнүн көңдөйүнө жогорку жана төмөнкү 
көңдөйлүү веналар, ошондой эле таажы сымал кобул ачылат. Кан 
оң дүлөйчөдөн карынча дүлөйчөлүү тосмо аркылуу оң карынча-
га келет. Оң карынча (аtгium dехtrum) оң карынчанын жана сол 
карынчанын алдындагы оң жакта жайгашып алдыңкы жогорку 
беттин көпчүлүк бөлүгүн ээлейт. Ошондой эле алдыңкы узуну-
нан кеткен жылга анын сол карынчасы менен чек ара болуп са-
налып, дубалынын калыңдыгы 8 мм. Оң дүлөйчөнүн карынча-


- 81 -
луу тешигин четтеринде үч капкалуу клапан жайгашкан. Ар бир 
капкакчасы эндокарддын дубликатурасы болуп саналат. Кандын 
дүлөйчөдөн карынчага өтүп жаткан мезгилинде капкакчалар 
түшүрүлүп, карынчанын дубалына жабышып, тешикче ачылат. 
Карынчалардын жыйрылуу убагында капкакчалар жогору көтө-
рүлүп, алардын эркин бош учтары бири-бири менен биригишип, 
дүлөйчөгө кандын өтүп кетишин бөлүп турушат. Бош учтарына 
үрпүчө сымал булчуңдан башталган тарамыш жипчелери беки-
ген. Оң карынча үч үрпүчөлүү булчуңду кармайт. 
Оң карынчанын көңдөйүнөн кан артериялдык тешикче аркы-
луу өпкө талына өтөт. Анын ооз
 бөлүгүндө 3 жарым ай сымал 
клапандар жайгашкан. Алар чөнтөкчө формасында болушуп, 
ийилген жаш өпкө талынын ичин көздөй башталган. Оң карын-
чанын систола (жыйрылуу) убагында өпкө талына өтүп жаткан 
кан клапандарды өпкө талынын дубалына түртөт. Диастола (жа-
зылуу) убагында өпкө талындагы кан оң карынчанын көндөйүн 
көздөй жөнөйт. Кандын арткы агымы клапандарды түздөп, алар-
дын эркин учтары кайрадан биригип, өпкө талынын ооз бөлү-
гүнө бекем жабышат. Сол дүлөйчө (аtгium siпistrum) жүрөктүн 
негизинин артында жана сол жагында жайгашып, анын кулакча-
сы жүрөктүн алдыңкы бетине чыгып, өпкө талынын башталма-
сынын сол жана алдыңкы бөлүгүндө жайгашат. Сол дүлөйчөгө 
төрт өпкө веналары куят. Кан сол карынчага сол дүлөйчөлүү-
карынчалуу тешикче аркылуу өтөт. Анда эки капкалуу клапан 
болот. Дүлөйчөнүн ички бети жылмакай болуп, тарак сымал бул-
чундары кулакча областында гана өнүккөн. Сол карынча (аtгium 
siпistrum) алдыңкы жогорку бетинин аз бөлүгүн, төмөнкү беттин 
көпчүлүк бөлүгүн ээлейт. Сол карынчанын дубалы 2-3 эсе калың 
болуп 10- 1 5 мм ди түзөт. Бул анын канды ткандар, органдар 
аркылуу өткөрүлүшү менен түшүндүрүлөт. Ал эми оң карынча 
өпкө аркылуу гана өткөрөт. Сол дүлөйчө менен сол карынчанын 
аралыгында эки капкалуу (митралдык) клапан жатат. Сол карын-
чанын көңдөйүнөн аортанын ооз бөлүгүнө чыгат. Бул жерде үч 
жарым ай сымал клапандар болот. Жүрөктүн дубалынын түзү-
лүшү. Жүрөктүн дубалында үч катмарды ажыратышат:- миокард 
ортоңку булчуңдуу, сырткы эндотелий менен төшөлгөн – эндо-
кард жана ички сероздук – эпикард. 
Эпикард – жүрөктүн сероздук оболочкасынын висцералдык 


- 82 -
жалбыракчасы болуп саналат. Ал паренталдык жалбырак пери-
кардка өтөт. 
Миокард – таргыл булчуң булаларынан турат. Скелеттик 
булчуңдардан айырмаланып, жүрөк булчуңдары торчо сымал 
түзүлүшкө ээ, алар бири-бири менен биригип турушат. Булчуң 
талчасынын ядролору буланын оболочкасында эмес, борборун-
да жайгашат. Дүлөйчөлөрдө булчуңдун эки катмарын ажыраты-
шат: үстүнкү – циркулярдуу эки дүлөйчөгө жалпы булчуң болуп 
эсептелет, жана ички – узатасынан кеткен, ар бир дүлөйчөгө өз 
өзүнчө жабылат. Карынчаларда үч түрдүү катмар болот: үстүң-
кү, ички – узатасынан кеткен жана ортоңку циркулярдуу (ар бир 
карынчаны өзүнчө каптап турат). Эндокард тутумдаштыргыч 
ткандуу негизден турат. Ал жылма булчуңдуу булаларды кар-
мап, эндотелий менен капталган. Жүрөктүн арткы бөлүгүндөгү 
таажы сымал жылгада, сол дүлөйчө менен сол карынчанын ор-
тосунда жатып, оң дүлөйчөгө ачылат. Таажы сымал кобулга кан 
жүрөктүн чоң венасы аркылуу агып барат. Ал жүрөктүн чокусу-
нан башталат да, жогору көздөй карынча аралык жылга менен 
көтөрүлүп, жүрөктүн сол учун айланып өтүп, таажы сымал жыл-
гага жатып, таажы сымал кобулга куят. 
Жүрөктүн орточо венасы жүрөктүн чокусунан башталып, би-
рок анын төмөнкү бетинен арткы карынча аралык жылга менен 
көтөрүлүп, таажы сымал кобулга куят. Кичине жүрөк венасы жү-
рөктүн алдыңкы жогорку бетинде таажы сымал жылгадан башта-
лып, жүрөктүн оң үчүн айланып өтүп, ортоңку венага же таажы 
сымал кобулга куюу менен аяктайт. Баш жана моюн тамырлары. 
Баш жана моюн органдары артериалдык канды толтонун эң ири 
бутактары: ийин- баш бутагында, жалпы сол уйку артериясы-
нан жана сол акырек алдындагы артериядан алышат. Баш ийин 
талы (tr. brachiocepholicus) – бул кыска кан тамыр, узундугу 3-4 
см) аортадан жогору көтөрүлүп, сол жакка жана артты көздөй 
багытталат. Көкүрөк акырек биригүүсүнүн деңгээлинде бул кан 
тамыр экиге бөлүнөт: оң жалпы уйку артериясына жана оң акы-
рек алдындагы артерияга. Сол жалпы уйку артериясы толтонун 
жаасынан чыгат. Жалпы уйку артериялары жогору көтөрүлүп, 
дем алуучу моюндун жана кулкундун капталында жайгашат. Бу-
лар жалпы уйку артериясы, ички моюнтурук венасы жана адаш-
кан нервдин составында жатат. Калкан сымал кемирчектин жо-


- 83 -
горку учунун деңгээлинде уйку артериялары сырткы жана ички 
уйку артерияларына бөлүнөт. Сырткы уйку артериясы жалпы 
уйку артериясынын багытын улантып, жогору көтөрүлөт да, 
кулак жанындагы безден өтөт. Сырткы уйку артериясы калкан 
безин, кулак жанындагы, жаак жана тил алдындагы шилекей 
бездерин, тилди, кулкунду, терини жана бет булчуңдарын, моюн 
булчуңдарын жана кежигени кан менен камсыз кылат. Сырткы 
уйку артериясынын негизги бутактары: жогорку калкан сымал 
артерия, тил, бет, жаак, чыкый үстүртөн артериясы ж. б. болуп 
саналат. Ички уйку артериясы жогору көтөрүлүп, чыкый сөөгү-
нүн уйку каналы аркылуу баш сөөгүнүн көңдөйүнө кирет. Моюн 
областында бутактары болбойт. Кан менен баш, жүлүн мээсин 
жана көз алмасын камсыз кылат. Сол акырек алдындагы арте-
рия толтонун жаасынан өз алдынча чыгат. Акырек алдындагы 
артериялардын экөөсү тең ич кабыкты айланып өтүүчү жаагын 
пайда кылат. Андан кийин алар тепкич аралык мейкиндик аркы-
луу өтүшөт. Андан ары акырек алдындагы артериялар колтуктун 
чуңкуруна өтүп, колтук артерияларына айланышат. Акырек ал-
дындагы артериялардын негизги бутактары: 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   30   31   32   33   34   35   36   37   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет