- 10 -
жана клетканын ички чөйрөсүнүн туруктуулугун камсыздайт.
Ошондой эле ал тосмо сыяктуу болуп, клеткага керексиз жат зат-
тарды кирип кетүүдөн коргоп, керектүү заттарды өткөрүп тур-
гандыктан тандап өткөрүүчү касиетке ээ дейбиз. Электрондук
микроскоптон караганда клетканын чел кабыгы үч катмардан
тургандыгы байкалат.
Эң сырткы катмары белоктон жана муко-полисахариддерден
ортоңку катмар май сыяктуу заттардан (липид) ички катмарында
сырткысындай эле белоктордон турат.
Органоиддер же органеллдер (орган сымал түзүлүштөр) – булар
түрдүүчө түзүлүшкө ээ болгон, атайын адистешкен функция аткар-
ган клетканын туруктуу түзүлүштөрү. Алар жалпы маанидеги орга-
ноиддер жана атайын адистешкен органоиддер деп экиге бөлүнөт.
Жалпы мааниге ээ болгон органоиддерге төмөнкүлөр кирет.
Эндоплазмалык торчо – бул заттардын ташылуусун камсыз-
доочу клетканын циркулятордук системасы болуп эсептелинет.
Ошондой эле жылмакай тор болсо боордо жакшы өрчүгөн, ал
углевод жана липиддердин синтезине катышат.
Эгер анын сырткы бетинде рибосоманын данчалары көп кез-
дешсе, быдырлуу болот.
Быдырлуусу болсо – белоктун синтезине катышат. Рибосо-
малар дан сымал формадагы клетканын эң майда органоиддери.
Ал цитоплазмалык тордун сыртынан, ядронун керегесине жар-
машып же болбосо эркин жайгашат. Рибасомаларды «белоктун
фабрикасы» десе болот себеби, аларда белоктун синтези жүрөт.
Митохондриялардын жарык микроскобунан караганда алардын
таякча, дан, жип сымал формалары даана байкалат. Алар эрит-
роциттерден башка бардык клеткаларда кездешет. Митохондрия
клеткадагы энергетикалык заттардын булагы.
Лизасома – ферменттерге толтурулган көбүкчөлөр же бүртүк-
чөлөр (пузырьки) түрүндө болот. Алар клеткалык азык заттарды
жана сырттан келген белок, микроорганизмдерди жок кылат. Кө-
бүнчө фигоцитозго катышкан клеткаларда кездешет (лейкоцит-
терде, боор клеткаларда ж.б.
Гольджи аппараты –каналчалардан жана цистерналардан ту-
рат, алардын формалары, өлчөмү ар кандай, бирок ядрого жакын
же клеткалык борбордун айланасында жайгашат.
Бул аппарат
1898 ж. Гольджи тарабынан ачылган.
- 11 -
Центросома – клеткалык борбор клетканын бөлүнүшүнө ка-
тышат. Хромасомаларды эки тарапка багыт берип эки уюлдун
пайда болушуна өбөлгө түзөт.
Адистешкен органоиддерди нейрофибрилдер – талчалар (во-
локна) – нерв импульстарын өткөрүүчү, миофибриллдер – бул-
чуңдардын жыйрылуусу камсыздоочу, тиофибриллдер-таяныч
кызматын аткаруучулар деп экиге бөлүнөт.
Ядро – бул клетканын эки негизги бөлүгү. Ядронун санына
карап клеткалар бир ядролуу, эки ядролуу, көп ядролуу болушат.
Формасы сүйрү, таякча сымал, сегменттелген болушат. Ядронун
өлчөмү 4-40 микронго чейин. Ал ядролук челден, ядрочодон, ка-
риоплазма – ядролук сөөктөн жана хроматин жыйнактарынан,
жип сымал структурадан турат. Клеткада бир же бир нече ядрочо
болушу мүмкүн. Курамы боюнча ядрого караганда аябай тыгыз.
Кариоплазма (ядролук сок) да жип сымал структурадан турат.
Анын составында химиялык элементтердин баары бар. Мында
белоктордун синтези жүрөт.
Хроматиндик жыйнак – өтө татаал түзүлүштөгү,
генетика-
лык информацияны кийинки муунга өткөрүп берүүчү касиетке
ээ болгон структуралар. Алардын саны ар бир жаныбарлар үчүн
туруктуу. Адамда 46 хромосом (23 жуп) бар.
Достарыңызбен бөлісу: