Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет3/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

- 9 -
КЛЕТКА 
План:
1. Клетка жөнүндө түшүнүк
2. Клетканын органоиддери
3. Клетканын бөлүнүүсү
4. Ткань
Клетка – бул цитоплазмадан жана ядродон турган бардык 
жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн организмдеринин өсүп өрчүү, 
жашоо жөндөмдүүлүгүнүн түзүлүшүнүн негизи болуп санал-
ган тирүү система. Клеткадагы негизги процесстер болуп зат 
алмашуу энергия алмашуу, жана информация алмашуу болуп 
эсептелет. Клетка өлчөмү боюнча микроскопиялык болсо да, ал 
гигант лаборатория. Анда жүздөгөн жана миңдеген фермент-
тердин башкаруусунда, өтө тездик менен химиялык реакциялар 
жүрүп турат. Кишинин организминдеги клетканын өлчөмү 5-7 
ден 200 микронго чейин болот. Эң ири клетка – жумуртка клет-
касы жана нерв клеткалары, ал эми эң майдасы – кан клетка-
лары –лимфоциттер. Клеткалардын өрчүп-өнүгүүсү, түзүлүшү 
жана функциясы жөнүндөгү илим цитология деп аталат. (грек 
«цитоз» клетка, «логос» – илим). 
К
леткалар шар сымал, призма, жылдызча жана башка фор-
мада болушу мүмкүн. Клеткалардын формасы алардын ор-
ганизминде аткарган функциясына жараша мүнөздөлөт. Эркин 
клеткалар (кан клеткалары) тоголок формада болот. Импульс-
тарды өткөрүүчү функциясын аткарган клеткалардын формасы 
өсүндүлөрү (урчуктары) бар туура эмес жылдызча түрүндө бо-
лот; кыймыл-аракетти камсыз кылуучу органдардын клеткала-
рынын формасы созулган болот. 
Клетканын органоиддери. Цитоплазма клетканын 1-99 % 
массасын элейт. Цитоплазма бул клетканын жашоосун камсыз-
доочу көп сандагы химиялык реакциялар жүрүүчү жай. Клетка-
нын цитоплазмасы бир тектүү эмес. 
Цитоплазманын керегеси (мембрана) аны сыртынан жаап, 
сырткы чөйрөдөн бөлүп турат. Ал сырткы чөйрө менен клет-
канын ортосунда жүргөн зат алмашуу процессин жөнгө салып 


- 10 -
жана клетканын ички чөйрөсүнүн туруктуулугун камсыздайт. 
Ошондой эле ал тосмо сыяктуу болуп, клеткага керексиз жат зат-
тарды кирип кетүүдөн коргоп, керектүү заттарды өткөрүп тур-
гандыктан тандап өткөрүүчү касиетке ээ дейбиз. Электрондук 
микроскоптон караганда клетканын чел кабыгы үч катмардан 
тургандыгы байкалат. 
Эң сырткы катмары белоктон жана муко-полисахариддерден 
ортоңку катмар май сыяктуу заттардан (липид) ички катмарында 
сырткысындай эле белоктордон турат. 
Органоиддер же органеллдер (орган сымал түзүлүштөр) – булар 
түрдүүчө түзүлүшкө ээ болгон, атайын адистешкен функция аткар-
ган клетканын туруктуу түзүлүштөрү. Алар жалпы маанидеги орга-
ноиддер жана атайын адистешкен органоиддер деп экиге бөлүнөт. 
Жалпы мааниге ээ болгон органоиддерге төмөнкүлөр кирет. 
Эндоплазмалык торчо – бул заттардын ташылуусун камсыз-
доочу клетканын циркулятордук системасы болуп эсептелинет. 
Ошондой эле жылмакай тор болсо боордо жакшы өрчүгөн, ал 
углевод жана липиддердин синтезине катышат. 
Эгер анын сырткы бетинде рибосоманын данчалары көп кез-
дешсе, быдырлуу болот.
Быдырлуусу болсо – белоктун синтезине катышат. Рибосо-
малар дан сымал формадагы клетканын эң майда органоиддери. 
Ал цитоплазмалык тордун сыртынан, ядронун керегесине жар-
машып же болбосо эркин жайгашат. Рибасомаларды «белоктун 
фабрикасы» десе болот себеби, аларда белоктун синтези жүрөт. 
Митохондриялардын жарык микроскобунан караганда алардын 
таякча, дан, жип сымал формалары даана байкалат. Алар эрит-
роциттерден башка бардык клеткаларда кездешет. Митохондрия 
клеткадагы энергетикалык заттардын булагы. 
Лизасома – ферменттерге толтурулган көбүкчөлөр же бүртүк-
чөлөр (пузырьки) түрүндө болот. Алар клеткалык азык заттарды 
жана сырттан келген белок, микроорганизмдерди жок кылат. Кө-
бүнчө фигоцитозго катышкан клеткаларда кездешет (лейкоцит-
терде, боор клеткаларда ж.б. 
Гольджи аппараты –каналчалардан жана цистерналардан ту-
рат, алардын формалары, өлчөмү ар кандай, бирок ядрого жакын 
же клеткалык борбордун айланасында жайгашат. Бул аппарат 
1898 ж. Гольджи тарабынан ачылган. 


- 11 -
Центросома – клеткалык борбор клетканын бөлүнүшүнө ка-
тышат. Хромасомаларды эки тарапка багыт берип эки уюлдун 
пайда болушуна өбөлгө түзөт. 
Адистешкен органоиддерди нейрофибрилдер – талчалар (во-
локна) – нерв импульстарын өткөрүүчү, миофибриллдер – бул-
чуңдардын жыйрылуусу камсыздоочу, тиофибриллдер-таяныч 
кызматын аткаруучулар деп экиге бөлүнөт.
Ядро – бул клетканын эки негизги бөлүгү. Ядронун санына 
карап клеткалар бир ядролуу, эки ядролуу, көп ядролуу болушат. 
Формасы сүйрү, таякча сымал, сегменттелген болушат. Ядронун 
өлчөмү 4-40 микронго чейин. Ал ядролук челден, ядрочодон, ка-
риоплазма – ядролук сөөктөн жана хроматин жыйнактарынан, 
жип сымал структурадан турат. Клеткада бир же бир нече ядрочо 
болушу мүмкүн. Курамы боюнча ядрого караганда аябай тыгыз. 
Кариоплазма (ядролук сок) да жип сымал структурадан турат. 
Анын составында химиялык элементтердин баары бар. Мында 
белоктордун синтези жүрөт. 
Хроматиндик жыйнак – өтө татаал түзүлүштөгү, генетика-
лык информацияны кийинки муунга өткөрүп берүүчү касиетке 
ээ болгон структуралар. Алардын саны ар бир жаныбарлар үчүн 
туруктуу. Адамда 46 хромосом (23 жуп) бар. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет