- 126 -
ВЕГЕТАТИВДҮҮ НЕРВ СИСТЕМАСЫ
План:
1. Вегетативдүү нерв системасы боюнча
жалпы түшүнүк
2. Вегетативдүү (автономиялык, нерв
синтемасы
3. Вегетативдүү нерв системасынын оорулары
жана аларды алдын алуу
Вегетативдүү нерв системасынын бир бөлүгү – бул терминди
биринчи жолу 1801-жылы француз анатому Мария киргизген.
Вегетативдүү нерв системасы организмдеги кан айлануу, дем
алуу, зат алмашуу, тамак сиңирүү, бөлүп чыгаруу жана башка
процесстерди жөнгө салат. Вегетативдүү нерв системасынын
жардамы менен организмдин ички чөйрөсүнүн туруктуулугу
сакталат. Вегетативдүү нерв системасы аткарган иштердин
бардыгы жүлүн, каракуш мээ, гипоталамус, алдыңкы мээнин
негизги борборлору жана башка нерв системасы эң жогорку
мээ кыртышындагы көп сандаган борборлор аркылуу жөнгө са-
лынат.
В
егетативдүү нерв системасы скелет булчуңдарын нервдеш-
тирүүчү жүлүн нервтеринен анатомиялык түзүлүшү жана
физиологиялык өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. М: жүлүн
нервтеринин талчалары жүлүндөн эки каптал бирдей аралык-
та катары менен чыгып нервтештирүүчү булчуңдарга чейин
эч үзүлбөстөн жетет. Ал эми вегетативдүү нерв системасынын
талчалары болсо мээ сүмбөсү менен жүлүндүн белгилүү гана
бөлүктөрүнөн башталып нервтештирүүчү
органдарга чейинки
вегетатив түйүндөрүндө үзүлөт. Ошентип вегетативдүү нерв
системасынын талчалары вегетатив түйүнүнө чейинки жана тү-
йүндөн кийинки эки бөлүктөн турат. Жүлүн нервтери менен ве-
гетатив нервтери алардын түзүүчү нерв талчаларына жараша да
айырмаланышат. Жүлүн нерв талчалары вегетативдүү нерв тал-
чаларына караганда бир нече эсе жоон келип сыртынан миэлин
кабыгы менен капталган. Ал эми вегетативдүү нерв талчалары
миэлин кабыгы жок ичке талчалардан турат. Ошондуктан алар-
- 127 -
дын нерв талчалары аркылуу ылдамдыгы да ар түрдүү. Вегета-
тивдүү нерв түйүндөрү ар түрдүү: тегерек, сүйрү жана жылдызча
сымал вегетативдүү нерв системасы түзүлүшү жана органдарга
тийгизген таасири боюнча симпатикалык жана парасимпатика-
лык бөлүктөрүнөн турат.
Достарыңызбен бөлісу: