Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет52/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   48   49   50   51   52   53   54   55   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Алдыңкы (акыркы) мээ – оң жана сол жарым шарлардан, 
жыт сезүүчү мээден, каптал жагын дагы карынчалардан турат. 
Акыркы (алдыңкы) мээнин ар бир жарым шарлары андагы жыл-
галардын (борозда) жардамы аркасында маңдай, төбө, желке, 
чыкый жана мээнин жабык бөлүгү болуп беш бөлүккө бөлүнгөн. 
Акыркы мээнин маңдай бөлүгүндө эске тутуу, башты оңго жана 
солго буруунун борборлору жатат. Төбө, мээнин алдыңкы бөлү-
гүндө сезгич жана кыймыл – аракетке келтирүүчү нервдердин 
борборлору жайланышкан. Желке мээ көрүүнүн борбору, чыкый 
мээ болсо угуунун борбору болуп эсептелет. Жыт сезүүчү бор-
бор мурундан келген жыттарды жөнгө салып турат. 


- 122 -
Эгерде баш мээни кесип карай турган болсок, анын сырты 
бозомук, ичи ак заттардан тургандыгын көрүүгө болот. Мээнин 
кыртыш бөлүгү бозомук келген заттан турат. Баш мээнин өзүндө 
25 млрд ашык нерв клеткалары жайланышкан, чоң жарты шар-
дын өзүндө 18 млрд нейрон клеткасы бар. Бул клеткалар көп сан-
даган ар түрдүү сезгич нервдердин импульстарын кабыл алат. 
Ошол эле мезгилде кыртыш клеткаларда синтезделген, анализ-
делген кыймыл-аракетке кел тирүүчү нерв импульстары чыгып, 
нерв тамырлар аркылуу жумушчу органдарга барып, тийиштүү 
кызматтарды аткарышат. Мына ошонун негизинде кыртыш бар-
дык органдардын аткар ган кызматтарын башкарып турат. Жү-
лүн менен баш мээ сыртынан үч түрдүү чел кабыктар менен кап-
талып турат. Алардын сырткысы мээнин катуу чел кабыгы деп 
аталат. Ортонкусу жука, тунук келген кан тамырсыз баракчадан 
тургандыктан, аны паути на (уюк) чел кабыгы дейт. Үчүнчү ка-
бык кан тамырларга бай, мээнин жумшак чел кабыгы деп аталат. 
Б. Жүлүн мээ – борбордук нерв системасынын бир бөлүгү 
болуп эсептелет да, омуртка тутумунун каналында (түтүгүндө) 
жатат, узундугу 41–45 см келет. Жогору жагынан I моюн омурт-
канын тушуна келгенде сүйрү мээге өтөт. Ал эми төмөн жагынан 
II бел омуртканын тушуна келгенде, жүлүн мээ конус сыяктуу 
учтуу болуп бүтөт. Анын учтуу учунан жүлүндүн ичке жипче-
си башталып, II чычаң омуртканын тушуна келип бүтөт. Жүлүн 
мээ моюндун жана бел омурткаларынын тушуна келгенде эки 
жерден жооноөт. Себеби жүлүндүн ошол жоонойгон жеринен 
колдорго жана буттарга баруучу нерв тамырлары чыгат. Жүлүн-
дүн алдыңкы жана арткы жагынан жарыш кеткен эки жылгалар 
бар. Бул жылгалар жүлүн мээни тепетең оң жана сол кылып эки 
бөлүккө бөлөт. Эгерде жүлүндү туурасынан кесип ка рай турган 
болсок, анын сырты ак, ичи бозомук келген заттардан турган-
дыгын көрүүгө болот. Жүлүндүн ак заты аркылуу ар түрдүү се-
зимдерди өткөрүүчү ичке нерв талчалары өтөт. Жүлүн мээнин 
ички бозомук затынын сырткы түрү көпөлөккө окшош келет. 
Ошондуктан анын алдыңкы, арткы жана каптал жагында жайла-
нышкан үч мүйүзчөлөрү бар. Алдыңкы мүйүзчөлөрдө кыймылга 
келтирүүчү нервдердин клеткалары жатат. Арткы мүйүзчөдө се-
зүүчү нервдердин клеткалары, кап тал жагындагы мүйүзчөлөрдө 
вегатативдүү нервдердин клеткалары жатат. *Бул клеткаларга 


- 123 -
биринчи нейрондон келип бүтүп, экинчи нейрондор чыгып ту-
рат. Жүлүн мээнин алдынан чыккан кыймылга келтирүүчү нерв 
талчалары жүлүндүн арткы тарабынан жүлүн мээге кирүүчү 
сезгич нерв талчалары менен кошулуп, аралаш жүлүн мээ нерв-
дерин түзөт. Жүлүн мээден 31 жуп аралаш нерв тамырлары чы-
гат. Аларга 8 моюн, 12 көөдөн, 5 бел, 5 куймулчак жана 1 чычаң 
нерв тамырлары кирет. Бул тамырлар скелеттин булчуңдарына 
тарап, аларды ар түрдүү сезимдер менен камсыз кылып турат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   48   49   50   51   52   53   54   55   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет