ФИЛОСОФИЯНЫН МАҢЫЗЫ
(же метафилософия)
«Философия» - байыркы грек сөзү: «фил» - «сүйүү», «жактыруу», «умтулуу», «ызат-сый», ал эми «софия», «акылмандык», «даанышмандык» дегенди түшүндүрөт, демек, акылмандыкка умтулуу, акылмандыкты урматтоо дегенди туюнтат. Бул сөз биздин заманга чейинки VI кылымда Байыркы Грецияда колдонула баштаган. Ошондон бери ушул маанисинде билимдин, илимдин, ой-түшүнүктүн өзгөчө бир түрүн билгизип келе жатат.
Бул маанинин төркүнү, теги кандай? Астрономия, математика же физиканы «акылмандык» десе болбойбу? Эмне үчүн адистердин, изилдөөчүлөрдүн бир катмары-философтор «акылмандыкты» өз энчисине ээлеп алган?
Байыркы Грецияда билим адамзат тарыхында бөтөнчө мааниге ээ болуп, өзгөчө статус (орун) алган. Мурун ал практиканын же ритуалдын тутумунан орун ээлеп, колдонмо (прикладной) мүнөздө болсо, байыркы грек маданиятынын алкагында өзүнчө баа-барк алып, рухий кубулуштардын арасында өз ордун ээлешке муктаж болгон. Гректер демейки пикирден (докса, мнение) нукура билимди (эпистема, знание) ажыратып карай баштаган. Натыйжада иреттелген, системага түшкөн, негизделген, аныкталган билимдердин өзүнчө дүйнөсү (мир знаний) калыптана баштаган. Анда математикага, астрономия, биология ж. б. тармактарга тиешелүү түшүнүктөр, көз караштар аралаш, чогуу турган. Ошол билимдердин тутуму жалпы жонунан «философия» аталган. Кийин - тарыхтын жүрүшүндө, маданияттын өнүгүшүндө ар кыл илимдер чет-четинен философиядан тарап чыга баштаган.
Ал эми башында - Байыркы Грецияда - алардын баары бирге каралып, көп нерсени, ар кыл кубулушту билиш, түшүнүш «акылмандык» катары бааланган. Башкача айтканда, «философия» сыналган, такталган, негизделген билимдердин бүтүндөй тутумун (системасын) туюндурган. Кийин ар бир илим жолун таап, өз предметин аныктап, өнүгүп-өөрчүй баштаган соң, философия да жалпы билим системасында, рух дүйнөсүндө өзүнө тиешелүү орун-очок күтүшкө мажбур болгон. Ылакапта айтылгандай «бардык илимдердин атасы (философия) болуш сыймык», бирок «өз үйүң, өлөң төшөгүң» болбосо күн көрүш кыйын.
* * *
Огюст Конт (француз философу, позитивизм агымын негиздегендердин бири, XIX к.) философиянын акыбалын Шекспирдин даңазалуу трагедиясына байланыштырып, минтип айткан: Азыр философия Лир королдун кейпин кийди. Ал өз байлыгын «кыздарына» (конкрет илимдерге) таратып берип, өзү талаада калды.
Бирок башканы мындай кой, О. Конттун өзүнүн окуусу - позитивизм - философиянын өз «байлыгы» сакталып калганын, анын өзүнө гана тиешелүү маселелери, теория, идеялары, изилдөө ыкмалары бар экенин айгинелейт.
Анткени, позитивизимдин өзү-философия.
* * *
Анын сыңарындай, философия да бөтөнчө рух практикасы, билимдин өзгөчө түрү, ойломдун (мышление) айрыкча бир жолу-ыгы катарында өзүнө энчиленген предметти тактап, аныктап келе жатат. Диндин, искусствонун же физиканын, кибернетиканын арасында өз ордун ээлешке аракет кылыштан жазган жери жок.
Натыйжада философиянын ар кыл «теориясы», анын табиятын, маани-маңызын, кызмат-вазийпасын ар кандай түшүндүрүү көнүмүш нерсеге айланды. Атүгүл өзүн «философ» атагандар, аткарып жаткан иш-кызматын «философия» эсептегендер бул суроону талдаганда бир пикирге келе албай, кээде бири-бирине карандай карама-каршы турган позицияны ээлегени бар.
Ошондуктан, «философия деген эмне?» же анын табияты, маңызы туурасындагы суроо өзгөчө теориялык, методологиялык проблемага айланып, анын тегерегинде илгертен кызуу талаш-тартыш жүрүп келе жатат. Ал эми кийинчерээк, XX кылымдын аягында бул проблеманы иликтеген тармак, ага атайы арналган эмгектер «метафилософия» (философиядан өйдө, анын үстүндө турган деген мааниде) атала баштады. Башкача айтканда, муну «философиянын теориясы» же «философия жөнүндөгү философия» деп түшүнгөнүбүз оң.
Ар бир философ өзүнүн теориясын, окуусун «философия деген эмне?» деген суроодон баштайт. Муну адистик (профессионалдык) парзы катары эсептейт. Ар бир философиялык агым, багыт адегенде ушул суроонун жообун тактоодон жол алат. Бул буйтап өткүс талап-милдет катарында каралат. Чыгаан даанышман-акылгөйлөрдүн чыгармаларын сыдыра карасаңар, алардын арасынан сөзсүз «философия деген эмне?» (же ушуга жакын) деп аталган эмгегин табасыңар. Бул суроодон улам келип чыккан ой-пикир, көз-караш, концепция, идеялар метафилософия катмарын түзөт.
Эми «философия» деген түшүнүктүн мазмуну кайсы? Анын маанисин кандай түшүнсөк туура болот?
Башында эле макулдашып алчу нерсе-философиянын элдин баары туура тапкан, адистердин баарынын купулуна толгон, кайсы заманды, кайсы аймакты албайлы, баарына орток эсептелген жалпы, универсал аныктамасы жок, болушу да күмөн. Ошондуктан философиянын маңызын ар кыл капталынан карап, ар түркүн көз карашты жардамга чакырып, кыйма-чийме жолдорго түшүп, даана-ачык түшүнүшкө жүрө-жүрө жетиш үчүн аракет кылабыз. «Философиянын» ар кыл аныктамалары бири бирин толуктап, тактап, айкындап турат.
Философия - билимдин өзгөчө аймагы, ал дүйнө жана адам жашашынын, өз ара карым-катышынын түпкүлүктүү негиздерине (предельные основания) арналган, дүйнөнүн, адамдын болушунун ж-а барлыгынын (бытие) башкы маңызын аңдап-түшүнүшкө байланышкан билимдердин тутуму.
Ушул эле мааниде ал таанымдын (познание) жана ойломдун (мышление) өзгөчө формасы болуп эсептелет. Демек, башкалардан айрымаланган жол-ыктары, каражат-жарактары бар. Дүйнөнү жана өзүн-өзү таанып-билүү, алардын айланасында ой тегеретүү үчүн өзгөчө шык, эп талап кылынат.
Философия - дүйнө тааным (мировоззрение) өзгөчө түрү. Дүйнөтааным - бул бүтүндөй дүйнөнүн (мир как целое) турум-турпаты, түзүлүшү туурасындагы, анын ак-карасын, жаман-жакшысын ажыратууга негиз болгон, бул дүйнөдөгү адамдын ордун, ал-күчүн, максат-талабын, дүйнөгө кылган мамилесин, ыйман-пейилин баалоого, аныктоого тиешелүү ой-түшүнүктөрдүн курамы. Дүйнөтааным адамдын иш-аракетин багытка салып, анын кылык-жоругун аныктап турат. Илимий, диний, мифтик, коммунисттик ж. б. көзкараштар бар. Алардын арасында философиялык дүйнөтааным өзгөчө орунду ээлеп турат.
Ушул эле мааниде ал дүйнөтаанымдын теориялык негизи (теоретическая основа) катары да эсептелет. Башкача айтканда, тигил же бул диний (ислам) же саясий (коммунисттик) дүйнөтааным негизинде белгилүү бир философиялык идеялар, жол-жоболор турат.
Достарыңызбен бөлісу: |