Жылдарга Кыргыз Республикасында безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу боюнча программа



жүктеу 138.73 Kb.
Дата09.07.2016
өлшемі138.73 Kb.
Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2014-жылдын

“_______” _____________

№______ токтому менен

бекитилген

2014-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу боюнча

программа


  1. Киришүү

Кыргыз Республикасында 2013-жылдын аягында безгек оорусун элиминациялоо фазасы аяктаган. Безгек оорусуна каршы иш-чаралардын комплексин натыйжалуу жайылтуунун жыйынтыгында 2011-жылдан тартып республиканын аймагында безгек оорусунун жергиликтүү жугушу токтоду. Азыркы учурда жергиликтүү безгек оорусунун акыркы


3 жылда жок болуу фактысы жана сырттан жуккан учурларын аныктоо, кабарлоо тутумунун жетиштүү деңгээли белгиленген. Безгек оорусу боюнча кооптуу өлкөлөрдөн мигранттардын, студенттердин, туристтердин жана башка категориядагы жарандардын сырттан жуктуруусу уланып жаткан учурда, безгек оорусу жок аймактарда анын үч күндүк жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу азыркы мезгилдин негизги максаты болуп саналат.


  1. Учурдагы абалды талдоо

2002-жылдан тартып 2010-жылга чейин безгек оорусу менен күрөшүү фазасы уланып, безгек оорусу менен ооруган 4000ге жакын адам катталган. 2010-2011-жылдары ооруга чалдыгуу деңгээли бирин-экин учурга чейин төмөндөгөн элиминациялоо мезгили келген. Жетишилген натыйжаларды кармап туруу фазасы 2013-жылдын эпидемиялык мезгилинин аягына чейин уланган. Эпидемиологиялык көзөмөл безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун толугу менен токтогондугун, анын сырттан жуккан гана учурлары катталып жатканын көрсөтүүдө. Кыргыз Республикасында безгек оорусу менен күрөшүү жана элиминациялоо мезгилинде өлүмгө учуроого жол берилген жок.

Бардык кызыкдар министрликтердин жана административдик ведомстволордун күчтөрүн бириктирүү, иш-аракеттеринин улануучулугун жана ырааттуулугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бир катар токтомдор кабыл алынган:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 12-июнундагы № 488 “Кыргыз Республикасында безгек оорусуна чалдыгууга каршы күрөшүүнүн жана алдын алуунун чаралары жөнүндө”;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-майындагы № 348 “2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында Безгекке каршы күрөшүүнүн улуттук стратегиялык планын бекитүү жөнүндө”;

- 2010-жылы 30-мартындагы № 188 “2010-2015-жылдарга Кыргыз Республикасында безгекти элиминациялоо боюнча программаны бекитүү жөнүндө”.

ЖИКС, кургак учук, безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык Фонд (мындан ары – ЖКБКГФ) тарабынан 2006-2014-жылдары аталган Улуттук стратегиялык пландын жана 2010-2015-жылдарга безгекти элиминациялоо боюнча программанын иш-чаралары каржыланган. Улуттук стратегиялык пландын максаттары менен милдеттери аткарылды жана оорууга чалдыгуунун деңгээли 100 миң калктын 6,2 көрсөткүчүнөн (2006-ж.) 0,1ге чейин (2013-ж.) төмөндөгөн. 2013-жылы безгек оорусун сырттан жуктуруунун 4 гана учуру катталган.

2010-2015-жылдарга Кыргыз Республикасында безгекти элиминациялоо боюнча программа ийгиликтүү ишке ашырылды, максаттары жана милдеттери аткарылды, элиминациялоо фазасы


2013-жылдын аягында аяктады. Ошондуктан, Кыргыз Республикасы
2014-жылдын аягында безгек оорусу жок өлкө катары эл аралык экспертизага жана тастыктамалоого мүмкүнчүлүк алды.

Социалдык-экономикалык мамилелердин кеңейиши менен безгек оорусун сырттан жуктуруу коркунучуна жана анын жайылышына байланышкан көйгөйлөр Кыргызстан үчүн актуалдуу бойдон кала берет.

2014-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу боюнча ушул программа (мындан ары – Программа) мамлекеттик деңгээлдеги кызматташтыкты кеңейтүү жана тездетүү, чечимдерди кабыл алуу үчүн улуттук мүмкүнчүлүктөрдү күчөтүү, адамзаттын өнүгүүсүнө инвестициялоо, безгек оорусун эрте аныктоо жана өз убагында дарылоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртуу, безгек оорусунун дүрт алууларын/эпидемияларын эрте аныктоо, токтотуу жана болтурбоо үчүн потенциалды күчөтүү, инфекцияны жуктуруучуларды контролдоону, операциялык изилдөөлөрдү көзөмөлдөөнү жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоону, калкты социалдык мобилизациялоону жана элиминациядан кийинки мезгилде секторлор аралык макулдашылган иш-аракеттерди кеңейтүүнү кошо алганда зарыл болгон чараларды көрүү жолу менен безгек оорусунун кайра башталышынын алдын алуу маселелерине багытталган.


  1. Программанын максаттары жана милдеттери

Өлкөдө безгек оорусунун жергиликтүү жугуу учурлары жок мезгил элиминациялоо фазасынын аяктагандыгын күбөлөндүрөт, өлкөдө безгек оорусунун кайра башталышынын алдын алуу милдеттин коёт.

Безгек оорусу менен күрөшүү жана элиминациялоо мезгилинде топтолгон тажрыйба аталган Программаны, ошондой эле безгек оорусунун кайра башталышынын алдын алууга багытталган иш-чаралар тутумдарын ишке киргизүү үчүн негиз болуп саналат. Эгерде өлкөдө ишке ашырылуучу адекваттуу жана толук кандуу эпидемиологиялык көзөмөл безгек оорусунун жергиликтүү жугушу токтогондугун жана бардык аныкталган учурлар безгек оорусунун сырттан жугушуна тиешелүү экендигин далилдеген шарттарда гана элиминациялоодон безгек оорусунун кайра башталышынын алдын алууга өтүү мүмкүн болот.

Программанын максаты туруктуу эпидемиологиялык бейпилдикти кармоо, безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу, өлкөнү безгек оорусу жок өлкө катары эл аралык тастыктамалоо болуп саналат.

Программанын милдеттери:

1. Безгек оорусунун бардык учурлары жөнүндө эрте билдирүү жана аларды өз учурунда аныктоо жана дарылоо.

2. Безгек оорусунун жугушунун кайра башталышы мүмкүн болгон бардык учурларды жана себептерди аныктоо.

3. Безгек оорусунун жугушу кайра башталган учурда кечиктирилгис (шашылыш) тиешелүү чараларын көрүү.

4. Саламаттык сактоо адистерин кесиптик даярдоо/кайра даярдоо.

5. Социалдык мобилизациялоонун деңгээлин жогорулатуу, секторлор аралык макулдашылган иш-аракеттерди кеңейтүү.

6. Эл аралык жана донордук уюмдар менен өнөктөштүк, чек аралар аралык кызматташтык.


  1. Безгек оорусунун кайра башталышынын мүмкүнчүлүгү жана шарттары

Республикада безгек оорусунун кайра башталышына көптөгөн факторлор шарт түзөт: экологиялык-фенологиялык, жаратылыш-климаттык, социалдык-демографиялык, эпидемиологиялык, энтомологиялык жана башкалар. Бул факторлордун жыйынды таасири республикада безгек оорусунун кайра башталуу коркунучуна шарт түзөт. Ошондуктан, бул коркунучтарды, анын курамын жана алардын өз ара таасирлерин аныктоо саламаттык сактоо уюмдары үчүн эң олуттуу практикалык жана илимий мааниге ээ.

Кийлигишүү объектилери болуп безгек оорусун сырттан жуктуруу учурлары, ошондой эле сырттан жуктуруудан экинчи жана жергиликтүү учурлардын экинчиси саналат.
5. Өз убагында табууга, дарт аныктоого жана дарылоого багытталган дарылоо-алдын алуу иш-чаралары
1. Кабылдагычтыктын жана алсыздыктын жогорку коркунучу.

1) Пассивдүү аныктоо.

2) Жуктуруп алуу коркунучу күчөп турган мезгилде кырдаалга жараша 14 күндө 1 же тез-тез үймө-үй кыдыруу менен активдүү аныктоо (сырттан жуктуруу учурларынан жергиликтүү жуктуруунун кайра башталышында же мигранттардын тобу безгек оорусун сырттан жуктуруп келүүдө).

3) Ооруга чалдыгуунун же шектенүүнүн бардык учурларын госпиталдаштыруу.

4) Безгек оорусунун баардык учурларын эпидемиологиялык териштирүү.

5)  Безгек оорусунун бышыкталган учурларын дарылоо.

2. Кабылдагычтыктын жана алсыздыктын төмөн коркунучу.

1) Пассивдүү аныктоо.

2) Ооруга чалдыгуунун бышыкталган учурларын госпиталдаштыруу.

3) Безгек оорусунун бардык учурларын жана очокторун эпидемиологиялык териштирүү жана классификациялоо.

4) Ооруга чалдыгуунун бышыкталган учурларын дарылоо.
6.  Өлкөгө безгек оорусунун сырттан жугушунун алдын алуу
Безгек оорусун жуктуруунун жана ага чалдыгуунун алдын алуу негизинен безгек оорусу мүнөздүү өлкөлөргө баруучу же ал жактан келүүчү туристтерге жана жарандардын башка категорияларына (студенттер, аскер кызматчылары, эл аралык жүктөрдү ташуучу айдоочулар, мигранттар, учкучтар жана мезгилдик жумушчулар) тиешелүү. Аталган адамдарга байкоо жүргүзүү студенттик, ведомстволук бейтапканаларда, кайрылган жери боюнча жумушчу мигранттарды тейлөөчү дарылоо-алдын алуу уюмдары аркылуу ишке ашырылат.
7.  Өлкөгө безгек оорусунун сырттан жугушунун кесепеттеринин алдын алуу
Алдын алуунун негизги иш-аракеттери болуп: өлкөгө кайтып келүүчү жергиликтүү тургундар, ошондой эле безгек оорусу мүнөздүү болгон өлкөлөрдөн биздин өлкөгө келүүчү жарандар катары иммигранттардын, студенттердин, туристтердин жана башкалардын ичинен ооруга чалдыгуу учурларын эрте аныктоо, радикалдуу дарылоо, сапаттуу лабораториялык контролдоо, тыкыр эпидемиологиялык текшерүү саналат.
8. Өлкөгө безгек оорусунун сырттан активдүү жугушунун

алдын алуу
Алдын алуунун негизги иш-аракеттери безгек оорусу катталган башка өлкөлөр менен чектеш аймактарга багытталууга тийиш жана энтомологиялык мониторинг жүргүзүүдөн, чек ара боюндагы тыюу салынган аймактардагы жуктуруучу жайларды жок кылуудан, калкты коргоо боюнча иш-чаралардан, чектеш өлкөлөрдүн ушундай кызматтары менен иш-аракеттерди макулдашууга жетишүүдөн турат.
9. Өлкөгө безгек оорусунун пассивдүү жугушунун алдын алуу
Алдын алуунун негизги иш-аракеттери республиканын аба портторуна, республикага кирүүчү темир жол, автомобиль унааларына багытталууга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы кызыкдар кызматтар менен (санитардык-карантиндик пункттар, чек ара, бажы кызматтары) координацияланууга тийиш.
10. Безгек оорусунун кайра башталышынын ар кандай коркунучунда безгек оорусун жуктуруучулар менен күрөшүү боюнча иш-чаралардын комплекси
Чиркейге каршы иш-чаралар:

1. Кабылдагычтыктын жана алсыздыктын жогорку коркунучу.

1)  Калктын ден соолугун туруктуу чыңдоого, гидротехникалык жана мелиоративдик долбоорлорду рационалдуу пландаштырууга багытталган гидротехникалык иш-чаралар.

2) Оору жуктуруучулар төлдөгөн бардык көлмөлөрдү гамбузиялоо.

3) Башка ларвициддик иш-чаралар - өтө чөп басып кеткендиктен гамбузиянын натыйжалуулугу төмөндөгөн көлмөлөрдө гана.

4) Турак-жайларды калдыктуу таасири бар инсектицид менен тазалоо. Мындай иш-чараларды массалык түрдө сырттан жуктуруу (качкындар же айыл чарба жумушчулары) учурларында же ооруну жуктурган чиркейлердин чек арага жакын аймактарга учуп келүүсү мүмкүн болгондо гана жүргүзүү керек.

2. Кабылдагычтыктын жана алсыздыктын төмөн коркунучу.

1) Гидротехникалык жана мелиоративдик долбоорлорду рационалдуу пландаштыруу.

2) Безгек оорусун жуктуруучу чиркейлерге каршы калган иш-чаралар чымын-чиркейлер менен күрөшүү боюнча иш-чаралардын алкагында жүргүзүлөт.
11. Эпидемиологиялык көзөмөл жана жүргүзүлгөн иш-аракеттер
Безгек оорусун эпидемиологиялык көзөмөлдөө тутуму натыйжалуу болууга жана коркунучтун деңгээлине карабастан өлкөнүн бүткүл аймагында иштөөгө, безгек оорусунун жугушунун кайра башталышынын бардык учурларын өз убагында аныктоого жана билдирүүгө жөндөмдүү болууга тийиш. Эпидемиологиялык көзөмөлдөө тутуму жергиликтүү жуктуруу шарттарында безгек оорусу менен күрөшүүгө багытталган. Эпидемиологиялык көзөмөл тутумун кайра багыттоо безгек оорусун сырттан жуктуруу учурларын эрте аныктоо жана жергиликтүү жуктуруу жок шарттарда сырттан жуктуруудан экинчи учурлардын алдын алуу максатына ээ, бул өтө татаал милдет болуп саналат.

Дарылоо - алдын алуу тутуму безгек оорусунун ар бир учурун өз учурунда аныктоого жана дарылоого тийиш. Негизги көңүл лабораториялык кызматка жана анын ишинин сапатын текшерүүгө бөлүнөт.

Бул Программа безгек оорусун сырттан жуктуруунун бардык учурлары, ошондой эле анын жергиликтүү жугушу менен байланыштуу мүмкүн болгон экинчи учурлары жөнүндө максималдуу эрте билдирүүгө/кабарлоого багытталган. Безгек оорусун сырттан жуктуруунун ар бир учуруна милдеттүү эпидемиологиялык териштирүү жүргүзүү зарыл жана чогултулган маалымат безгек оорусуна чалдыгуу учурларынын улуттук каттоосунда сакталууга тийиш.

Энтомологиялык көзөмөлдөө тутуму өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырылууга тийиш, безгек оорусун жуктуруучу чиркейлердин түрлөрүнүн абалына мониторинг, фенологиялык жана башка энтомологиялык байкоолор жүргүзүлүүгө, ошондой эле жүргүзүлүүчү чиркейге каршы иш-чаралардын аткарылышынын жыйынтыгына жана сапатына баалоо жүргүзүлүшү керек.


12.  Мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү
Безгек оорусу көйгөйүнө көп сектордук мамиле кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсүнүн катышуусун билдирет, Программанын максаттары биргелешкен күч аракеттер менен жетишилет жана безгек оорусу менен күрөшүүдөгү жетишилген ийгилик узак мөөнөттүү келечекте туруктуулукту камсыз кылат.

Безгек оорусуна карата жүргүзүлүүчү иш-аракеттер бир гана саламаттык сактоо секторуна тиешелүү болбошу керек. Көптөгөн секторлордун жана уюмдардын билимин, тажрыйбасын пайдалануу менен координацияланган, көп тараптуу иш жүргүзүү ведомстволор аралык жана секторлор аралык өз ара аракеттенүүнү кыйла кеңири жана үзүрлүү кылууга мүмкүндүк берет.

Программаны жетектөө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ишке ашырылат.
13. Коомдук уюмдардын жана калктын ролу
Санитардык-агартуучулук иш-чаралар эпидемиологиялык көзөмөлдөө тутумунда негизги ролду ойнойт жана безгек оорусуна каршы иш-аракеттердин жогорку натыйжалуулугун камсыз кылат. Социалдык

мобилизациялоо өзүнө айылдык ден-соолук комитеттеринин, ар кандай волонтёрдук топтордун ишин, студенттерди, жогорку класстын окуучуларын жана коомдук уюмдардын кызматчыларын калк менен иштөө үчүн тартууну, маалыматтык-билим берүүчү материалдарды иштеп чыгууну, безгек оорусун жуктуруу потенциалы жогору райондордун жашоочуларынын арасында ар кандай акцияларды өткөрүүнү камтыйт. Санитардык-агартуучулук иш медициналык жардамга эрте кайрылууга түрткү берет, ооруну жуктуруучулар менен байланыштын мөөнөтүн кыскартат, безгек оорусуна чалдыгуу учурларын аныктоонун натыйжалуулугун жогорулатат. Калктын чиркейлерден жалпы коргонуу, чарбачылыкка кереги жок көлмөлөрдү, саздак жерлерди жок кылуу боюнча чараларды көрүү зарылчылыгын түшүнүүсү, каналдарды жана сууларды өсүмдүктөрдөн тазалоо оорунун пайда болуусуна тоскоол болот. Калктын арасында маалымат жайылтуучулар катары мугалимдердин жана окуучулардын безгек оорусунун алдын алуу маселелери боюнча билимин жогорулатуу зарыл.

Ар кандай билим берүү программаларын иштеп чыгуу менен калк арасында жүргүзүлүүчү ишке өзгөчө көңүл бурулуусу керек.
14. ДСУнун жана башка эл аралык уюмдардын ролу
ЖКБКГФнын гранттарынын алкагында дезинфекциялык каражаттардын, дары препараттарынын жана мителик лабораториялар үчүн чыгымдалуучу материалдардын түгөнбөгөн камдыгын түзүү камсыз кылынат. ДСУ тарабынан баалоо миссиялары жүргүзүлөт, консультациялык-методикалык жардам көрсөтүлөт.
15. Улуттук кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо
Безгек оорусун сырттан жуктуруу коркунучу бар жагдайларда, анын жугуусунун кайра башталышы мүмкүн болот, безгек оорусу жаатындагы улуттук медициналык кадрларды даярдоого атайын көңүл бөлүнүүгө тийиш. Безгек оорусу боюнча даярдоо дипломдук жана дипломдон кийинки билим берүү тутумуна киргизилүүгө тийиш. Атайын окутуудан жана жетишээрлик тажрыйбага ээ кесипкөй адистерди кайра даярдоодон тышкары, безгек оорусун аныктоо, дарылоо жана алдын алуу, безгек оорусун эпидемиологиялык көзөмөлдөө жаатындагы жалпы дарылоо-алдын алуу тарамынын адистеринин жана персоналынын билимдерин, көндүмдөрүн жакшыртууга жана калк менен иштөөгө өзгөчө көңүл буруу керек. Лабораториялык кызматтардын кызматкерлерин даярдоого жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин аттестациялык комиссиясы тарабынан үзгүлтүксүз контролдонушуна өзгөчө көңүл бөлүнөт.
16. Чектеш өлкөлөр менен өз ара аракеттенүү
Безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу боюнча иш-чараларды камсыз кылуудагы иш-аракеттерди координациялоо максатында кошуна өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын ортосунда өлкөлөрдөгү, өзгөчө чек ара жанындагы райондордогу эпидемиологиялык кырдаалдардын оорлошунун бардык учурлары жөнүндө маалымат алмашууну жөнгө салуу, биргелешкен иш- аракеттер пландарын макулдашуу жана ишке киргизүү зарыл.
17. Ресурстарды мобилизациялоо жана каржылоо
Ушул Программаны каржылоонун негизги булактары болуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин, ДСУнун жана ЖКБКГФнын каражаттары эсептелет.

Программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө ЖКБКГФнын каражаттарынын эсебинен сатып алынуучу дары препараттарынын, дарт аныктоочу каражаттардын жана инсектициддердин камдыгы түзүлөт, ал эми башка иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетинин каражаттарынын чегинде ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул Программага артыкчылык макамын берет жана саламаттык сактоо тутумун жалпы каржылоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетиндеги каражаттарды ушул Программаны ишке ашырууга жумшоону пландайт.
18. Мониторинг жана баалоо
Ушул Программанын аткарылышына мониторинг жүргүзүү кабыл алынган индикаторлорго ылайык мезгил-мезгили менен ишке ашырылат, ошондой эле анын аткарылышына жыл сайын баалоо жүргүзүлүп турат.

Безгек оорусу жөнүндө маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, талдоо жана алмашуу үчүн безгек оорусу боюнча бирдиктүү улуттук маалымат базасын тийиштүү абалда кармап туруу зарыл. Натыйжалуу пландарды иштеп чыгууда, үзгүлтүксүз серептерди жүргүзүүдө туруктуу прогресс зарыл.

Безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу жана аймактын безгек оорусу жок макамын сактоо фазасында республиканын аймагына безгек оорусун жуктуруучуларга энтомологиялык мониторинг жүргүзүү улантылууга тийиш. Энтомологиялык кызматтын негизги көңүлү абанын орточо суткалык температурасы жана жаан-чачындын деңгээли сыяктуу көрсөткүчтөргө метерологиялык байкоо жүргүзүүгө бөлүнөт.

Илимий-практикалык изилдөөлөр безгек оорусунун кайра башталышы мүмкүн болгон коркунуч факторлорун аныктоого жана талдоого багытталышы керек.


19. Күтүлүүчү жыйынтыктар
Медицина кызматчыларынын, мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана бардык кызыкдар министрликтердин, административдик ведомстволордун, эпидемиологиялык кырдаалдын оорлошун эрте аныктоо жана сырттан жуктуруу учурларына ыкчам таасир этүү тутумунун координацияланган иш-аракеттери өлкөдө безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынан ишеничтүү коргоону камсыз кылат.
20. Чакырыктар жана тобокелдиктер
Безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алууга көңүл буруунун төмөндөшү безгек оорусунун жергиликтүү жугушунан сактануунун начарлашына жана анын кайра башталышына алып келет, бул социалдык-экономикалык зыян алып келиши мүмкүн.

Өлкөнүн безгек оорусу жок макамын сактоо - өлкөдөгү экономикалык, социалдык программалардын өнүгүүсү үчүн зарыл шарт болуп эсептелет. Безгек оорусунун кайра башталышы эл аралык интеграциялоо шарттарында ири долбоорлорду пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн коркунучту жаратат.

Туристтик индустрияны өнүктүрүү инфекциялык жана мите оорулары боюнча өлкөдөгү бейпилдикке тикелей көз каранды.

Миграциялык процесстер дагы безгек оорусунун сырттан жугушуна жана жайылтылышына шарт түзүшү мүмкүн.



Мындай шарттарда бул Программаны ишке ашыруу өлкөдө безгек оорусунун кайра башталышынын алдын алуу тутумун колдоосу керек.



©dereksiz.org 2016
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет