Жогорку окуу жайларда окутуунун


Тема: Фразеологиялык синонимдер, омонимдер, антонимдер



бет4/9
Дата20.07.2016
өлшемі1.37 Mb.
#211545
1   2   3   4   5   6   7   8   9
Тема: Фразеологиялык синонимдер, омонимдер, антонимдер.

Планы:


  1. Фразеологиялык синонимдер жана фразеологиялык варианттар.

  2. Фразеологизмдердин көп маанилүүлүгү жана омонимдери.

  3. Фразеологиялык антонимдер.

  4. Фразеологизмдердин тарыхый жактан куралышы жана стилдик жактан бөлүнүшү.

I. «Кыргыз тилиндеги синонимдердин пайда болушунун бир булагы катары фразеологиялык синонимдер жөнүндө мурунку лекцияларда сөз кылып, төмөндөгүдөй мисалдарды келтирген элек: бат-тез-дароо-ылдам-чапчаң-көз ачып-жумганча - бир заматта - алеки заматта – каш-кабактын ортосунда – айта-буйта дегиче; сүйүнүү - кубануу- маңдайы жарылуу- кубанычы койнуна батпоо - жүрөгү жарылуу - төбөсү көккө жетүү - чечекейи чеч болуу; өкүнүү - бармагын тиштөө - оозун кармануу; калп-жалган - беш өрдөгүн учуруу; кылдан кыйкым табуу - жумурткадан кыр чыгаруу; күлүн көккө сапыруу - ташын талкан кылуу - тополоңун тоз кылуу; эгиз козудай – союп каптап койгондой; ашкан чебер - колунан көөрү төгүлгөн ; таң кулан өөк атканда - таң супа садык чалганда – таң кылайганда ж.б. Кыргыз тилинде фразеологизмдер жөнөкөй сөздөргө синоним болуп түшүү менен бирге эле, мааниси бири-бири менен жакын, бирдей маанини туюнтканы да арбын кездешет.

1980-жылы жарык көргөн «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгүнүн» баш сөзүндө Ж.Осмонова: «Фразеологизмдердин варианттары жана синонимдердин ар бири - өз алдынча фразеологизм. Ошондуктан ар бири алфавит тартибине ылайык өз - өз ордунда берилет да, мааниси түшүндүрүлүп, тийиштүү иллюстрациялык материалдар менен жабдылат. Маселен, каны катуу - тили оозуна батпоо; жети өмүрү жерге кирүү - бетинен оту чыгуу - өлбөгөн төрт шыйрагы калуу; тил эмизүү - иттен чыгаруу, иттин кара капталынан - чач этектен; ак эткенден так этүү - ичкен ашын жерге коюу - эки көзү төрт болуу ж.б. фразеологизмдер өз ара синонимдик катышта турат.

Фразеологиялык варианттар - бир эле фразеологизмдердин ар түрдүү өзгөрүлүп айтылган түрлөрү. Алар маанилери жана синтаксистик касиети боюнча айырмаланбастан, лексикалык составы жагынан гана жарым-жартылай айырмаланат, же составындагы сөздөрдүн формасы, алган орду боюнча өзгөчөлөнөт» деп белгилейт. [ 57, 12-б.]


Фразеологиялык варианттардын төмөндөгүдөй түрлөрү бар:

  1. Лексикалык вариант. Фразеологизмди түзүүчү компонеттеринин бирди - жарымынын башка сөз менен алмаштырылышы аркылуу түзүлгөн варианттары. Мисалы: куркулдайдын уясын табуу - үкүнүн уясын табуу; аарынын уюгуна тийүү - жыландын уюгуна тийүү; ажыдардын куйругун басуу - жыландын куйругун басуу; ай жамалдуу- ай жүздүү - ай чырайлуу; көзү тирүү - эти тирүү; күлүн көккө сапыруу – күлүн асманга сапыруу: жонунан кайыш алуу - жонунан кайыш тилүү; асман айга түйүлүү - асман бою түйүлүү; алчы таасын жеген - алчы таасын мүлжүгөн - алчы таасын кемирген; кекиртегин талга илүү - кекиртегин талга асуу ж.б.

  2. Фонетикалык вариант. Фразеологизмдин курамындагы айрым сөздүн тыбыштык жактан анча-мынча айырмаланышынан түзүлгөн варианттары. Мисалы: ыргыткан ташы өргө кулоо - ыргыткан ташы өйдө кулоо; ыйманы учуу - ыманы учуу; ыйманы ысык - ыманы ысык; жети өмүрү жерге кирүү- жети омуру жерге кирүү ж.б. Фразеологизмдин фонетикалык варианттары сейрек учурайт:

  3. Квантативдик (сандык вариант). Фразеологизмдердин түзүүчү компоненттеринин сан жагынан өзгөртүүгө учурашынан, б.а. толук, же толук эмес колдонулганынан пайда болгон варианттары. Мисалы: Ак жолуң ачылсын! – Жолуң ачылсын!; жүрөгүнүн сары суусун алуу- жүрөгүнүн суусун алуу; бетке кара көө жабуу - бетке көө жабуу; төбө чачы тик туруу - чачы тик туруу; сары изине чөп салуу - изине чөп салуу; жылдызы жерге түшүү - жылдызы түшүү; эки колун мурдуна тыгуу - колун мурдуна тыгуу; кабагын карыш салуу - кабагын салуу; кара жанды карч уруу - жанды карч уруу; канаттууга кактырбай, тумшуктууга чектирбей - канаттууга кактырбай ж.б.

  4. Грамматикалык вариант. Түзүүчү компоненттеринин грамматикалык формаларынын, же орун тартибинин өзгөрүүлөрүнүн натыйжасында пайда болгон фразеологизмдердин варианттары грамматикалык вариант деп аталат. Мындай өзгөрүүлөрдөн фразеологизмдин мааниси өзгөрбөйт. Мисалы: Таш боор - боору таш; каны кызуу - кызуу кандуу; бети кара - кара бет; ачык ооз - оозу ачык; бир кишидей бар экен - бир кишиче бар экен; мурду балта кеспөө - мурдун балта кеспөө; ана - мына дегиче – андай - мындай дегиче ж.б.

Фразеологиялык варианттардын аталган түрлөрү ар түрдүүчү алмашылып келүүнүн натыйжасында тилибизде көп варианттуу фразеологизмдердин пайда болгондугун көрөбүз. Мисалы: Акесин таанытуу - акесин көзүнө көрсөтүү - атасын көзүнө көрсөтүү - жети атасын таанытуу - жети атасын көзүнө көрсөтүү - чоң атасын таанытуу - бабасын таанытуу; Ач кенедей асылуу - ач кенедей жабышуу - акидей асылуу – ач кенедей жармашуу - ач күзөндөй асылуу - чап кенедей жармашуу ж.б.
II. Сөз сыяктуу эле фразеологизмдер да бир маанилүү жана көп маанилүү болушат.

Бир маанилүү фразеологизмдерге төмөнкү мисалдарды келтирсек болот: адалдан түгү жок («колунда малы жок, жарды»); ай айланып, жыл тегеренбей («анча көп убакыт өтпөй, тез эле, аз эле убакыттын ичинде»), алты саны аман («дени таза, алдуу, күчтүү»); ат жалына казан асуу («жол жүрүп, ат үстүндө кетип бара жатып, жанына ала жүргөн азык зат менен тамактануу, өзөк жалгоо); беш колундай билүү («жат, бардыгын толук билүү»); бешиктен бели чыга элек («бойго жете элек, эр азамат боло элек, өсүп жетиле элек, жаш»); биттин ичегисине кан куйган («өтө бышык, абдан тың»); күлү бир жерде додо болбоо («бир жерге байыр алып турбоо, турук албай ар кайсы жерде көчүп жүрө берүү») ж.б.

Фразеологизмдер да көп маанилүү сөздөр сыяктуу бир нече мааниге ээ болот, башкача айтканда, бир нече түшүнүктү туюнтат. Фразеологизмдердин ар башка маанилери сөздүктөрдө араб цифрасы менен номерленип берилет. Мисалы:

Иштен чыгуу


  1. Жараксыз болуу, жарабай калуу, жөндөмдүүлүгүн жоготуу;

  2. Бузулуу, талкалануу, иштебей калуу.

Кол салуу

  1. Бирөөгө катылуу, тийишүү, уруу;

  2. Уруш баштоо, согуш ачуу;

  3. Уурдоо, бүлдүрүү, бирөөнүн же көпчүлүктүн мүлкүн уруксаатсыз өзүнө алуу;

  4. Жеш үчүн умтулуп тиш салуу.

Көз кырын салуу

1) Каралашуу, жардам берүү;

2) Бир нерсени байкоо, көз жүгүртүү, астыртан кароо.

Төрт тарабы кыбыла

1) Телегейи тегиз, иши ордунда, бардыгы оюндагыдай, каалагандай;



  1. Каалаган жагына жол ачык, кайда барса өз эрки, жолу бош ж.б.

Жеке сөздөгү көп маанилүүлүк менен омонимдерди айырмалап карагандай эле, фразеологиялык омонимдерди да, көп маанилүү фразеологизмдерден ажырата билүүбүз керек. Омоним фразеологизмдердин маанилеринин ортосунда эч кандай жакындык, байланыш болбойт. Мисалдар келтирсек:

Боору катуу

  1. Таш боор, бирөөгө жан тартпаган, ырайымсыз;

  2. Аябай күлүү, ыкшып күлкүсүн тыя албоо;

  3. Чоңоюу, бойго жетүү, баралына келүү, толуу.

Каны кызуу

  1. Өзүн - өзү токтото албаган, ачуусу чукул, жеңил мүнөздүү;

  2. Ачуусу келүү, каардануу, жини келүү, кыжырлануу.

Тили катуу

  1. Абдан катуу суусоо, чаңкоо;

  2. Куштардын сайроо мезгили токтоп, сайрай албай калуусу ж.б.

Тилибизде фразеологиялык омонимдер өтө эле сейрек учурайт.

III. Тилибизде лексикалык антонимдер сыяктуу эле карама-каршы мааниде колдонулган фразеологиялык антонимдер да бар. Мисалы: Бал тилдүү («жагымдуу сүйлөгөн, сөзмөр») - уу тилдүү - («жан кейитип жаман сүйлөгөн, ачуу тилдүү); Башы ачык («кудалашкан, сүйлөшкөн жери жок, сөйкө салынбаган») - башы байланган («кудалашкан, сүйлөшкөн жери бар, сөйкө салынган»); Башы бышкан – башы быша элек; Башын ачуу - башын байлоо; Кабагы ачык – кабагы бүркөө; Ак жүрөк – кара жүрөк ; Көккө көтөрүү – жерге уруу ж.б.у.с. бири-бирине карама-каршы маанидеги фразеологизмдердин маанилери чечмеленип, антонимдик белгилери студенттерге түшүндүрүлөт.

Биз жогоруда кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин маанилик жагына тиешелүү маселелерге кыскача токтолдук.

Фразеологизмдер лексикалык курамына, грамматикалык структурасына, чыгыш тегине, колдонулуш чөйрөсүнө, экспрессивдүү - стилистикалык касиеттерине, активдүү жана пассивдүү колдонулушуна, эскилик жана жаңылыгына карата да кеңири талдоого алынууга тийиш. Маселенин бул жагы боюнча кыргыз тил илиминде кийинки мезгилде гана кеп козголо баштады. Ж.Осмонованын «Кыргыз тилиндеги идиомалар» (1972) деген эмгегинде фразеологизмдерге грамматикалык мүнөздөмө берилсе, А.Сапарбаевдин «Кыргыз тилинин лексикологиясы жана фразеологиясы» (1997) жана Ж.Мукамбаевдин «Кыргыз диалектологиясы жана фразеология» (1998) аттуу окуу китептеринде фразеологизмдерди жогоруда аталган аспектилерде изилдөөгө аракеттер жасалган. Албетте, бул аракеттерди маселенин толук чечилиши катары эсептөөгө болбойт. Кыргыз тилинин фразеологиясы теориялык жана практикалык жактан кеңири планда атайын изилдөөгө муктаж» - деп фразеология боюнча пландаштырылган 3-лекцияны студенттерди илимий изилдөөгө шыктандырып, учурдагы тил илиминдеги актуалдуу маселелеринин бирин айтуу менен жыйынтыктайбыз.

Бул лекцияны студенттер өз алдынча окуп чыгышып, дептерлерине конспектилешет. Лекциянын текстинин аягында берилген текшерүү үчүн суроолорго өз беттеринче жооп издешет. Ал суроолор төмөндөгүдөй болушу мүмкүн:


  1. Синоним, омоним, антоним, бир маанилүү жана көп маанилүү сөздөргө берилген аныктамаларды эсиңерге түшүргүлө.

  2. Көп маанилүү фразеологизмдер менен фразеологиялык омонимдердин окшоштуктары жана айырмачылыктары эмнеде?

  3. Фразеологиялык варианттар менен фразеологиялык синонимдердин жалпылыктары жана бөтөнчөлүктөрү жөнүндө айтып бергиле.

  4. Фразеологиялык варианттардын кандай түрлөрүн билесиңер? Мисалдар келтиргиле.

  5. Фразеологиялык синонимдердин, омонимдердин, антонимдердин аныктамаларын айтып, өзүңөр да аларга мисалдарды жазгыла.

  6. Төл, кабыл алынган, көчүрмөлөө (калька) жолу менен пайда болгон фразеологизмдерден 10дон мисал келтиргиле.

  7. Стиль аралык бейтарап фразеологизмдер, оозеки сүйлөөгө мүнөздүү фразеологизмдер, китеп фразеологизмдери кайсы белгилери боюнча бири-биринен айырмалангандыгын түшүндүргүлө.

  8. Фразеологияга байланыштуу жазылган кандай эмгектерди билесиңер жана окуп чыктыңар?

Жогоруда айтылгандай, жаңы теманын өздөштүрүлүшүн текшерүү максатында берилген суроолорго студенттер оозеки жооп беришет. Окутуучу аудиториянын өздөштүрүү деңгээлин билген соң, өзү керек деген маалыматтарды берип, тереңдетип, студенттердин берген суроолоруна жооп берет, жалпы фразеология бөлүмүнүн материалдары боюнча студенттердин билимдерин баалоо, текшерүү үчүн атайын түзүлгөн тест алса болот. Тест ыкмасы студенттер ээ болгон билимдерин аз убакытта аныктап алууга окутуучу үчүн эң ыңгайлуу. Ал үчүн окутуучу 10 -15 тапшырмадан турган тест түзөт. Үлгү катары төмөнкүдөй тесттин вариантын беребиз:
Тест

  1. Фразеологиялык айкалыштарды тилдин кайсы бөлүмү изилдейт?

А. Семасиология

Б. Синтаксис

В. Фразеология

Г. Фонетика

Д. Этимология


  1. Төмөнкүлөрдүн кайсынысы фразеологизм боло албайт? Эмне үчүн?

А. Ак сүтүн актоо

Б. Ак сүтүн кечүү

В. Эне сүтүнө коюу

Г. Эне тилим - эне сүтүм

Д. Эне сүтүн кечүү


  1. Төмөнкүлөрдүн кайсынысы фразеологизмдерге кирет? Эмне үчүн?

А. Ак сары башыл

Б. Ак кар

В. Сары булак

Г. Сары санаага батпачы!

Д. Бир карын майды бир кумалак чиритет


  1. Фразеологизмдердин өзүнө тиешелүү белгилери бар. Кайсынысы туура эмес?

А. Составынын туруктуулугу

Б. Синтаксистик жактан өз алдынча талданышы.

В. Сөзмө - сөз которулбастыгы

Г. Образдуулугу

Д. Тилде даяр материал катары колдонулушу


  1. Төмөнкү фразеологизмдердин кайсынысы идиомага кирбейт?

А. Күйбөгөн жери күл болуу

Б. Кекиртегин талга асуу

В. Бөрүнүн көзүн жеген

Г. Ыргыткан ташы өйдө кулоо

Д. Чымыны бар


  1. Антоним фразеологизмдерди катары менен жайгаштыргыла. Кайсынысы ашыкча?

А. Алтын шилекейин чачыратуу

Б. Кой оозунан чөп албаган

В. Ак көрпө жайыл

Г. Оозунан ак ит кирип, кара ит чыгуу

Д. Биттин ичегисине кан куйган


  1. Төмөнкүлөрдүн кайсынысы «ичи күйүү» деген фразеологизмдин мааниси менен туура келбейт?

А. Өкүнүү, кейүү, кайгыруу

Б. Ардануу, ызалануу

В. Көрө албоо

Г. Ичи тардык кылуу

Д. Өрттөнүү, бузулуу


  1. «Ач кенедей асылуу – ач кенедей жабышуу – акидей асылуу – ач кенедей жармашуу – ач күзөндөй асылуу – чап кенедей жармашуу» деген фразеологизмдерде кандай көрүнүш байкалат?

А. Синоним фразеологизмдер

Б. Омоним фразеологизмдер

В. Фразеологизмдеги варианттуулук

Г. Фразеологизмдеги көп маанилүүлүк

Д. Антоним фразеологизмдер


  1. 2002-жылы жарык көргөн «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү» канча фразеологизмди камтыйт?

А.7980

Б. 4000


В. 8500

Г. 4500


Д. 6730

  1. Кыргыз тилиндеги фразеологизмдерди алгач изилдеген окумуштуу ким болгон?

А. Осмонова Ж.

Б. Шүкүров Ж.

В. Юдахин К.

Г. Мамытов Ж.

Д. Эгембердиев Р.

Окутуучу айрым материалдарды студенттин өз алдынча изденип, билимин тереңдетүүсү үчүн тапшырат. Алар:



  • Фразеологизмдердин татаал сөздөр, эркин сөз айкаштарынан окшоштуктары жана өзгөчөлүктөрү.

  • Фразеологизмдердин морфологиялык жактан түзүлүшү.

  • Сөз айкашы жана сүйлөм тибиндеги фразеологизмдер.

  • Фразеологизмдердин стилдик жактан колдонулушуна карай бөлүнүшү.

  • Автордук индивидуалдык мүнөзгө ээ фразеологизмдер.

  • Жалпы элдик формадагы фразеологизмдер.

  • Фразеологизмдердин лексикалык топтору.

  • Кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин структуралык типтери.

  • Тектеш тилдерде орток учуроочу фразеологизмдер

  • Фразеологиялык көчүрмөлөө (калька).

  • Фразеологиялык архаизмдер жана историзмдер.

  • Составында диалектилик өзгөчөлүктөрү бар фразеологизмдер.

  • Фразеологиялык сөздүктөр менен иштөө.

  • Х. Карасаевдин «Накыл сөздөрүндөгү» фразеологизмдин мааниси жана пайда болушу жөнүндөгү маалыматтар менен таанышуу.

  • Акын-жазуучулардын чыгармаларынан, элдик оозеки чыгармалардан, газета-журналдык макалалардан фразеологизмдердин колдонулушун анализдөө ж.б.

Ал эми филологдордун квалификациясына ылайык материалдарды тереңдетүү, татаалдатуу максатында төмөнкү материалдарды да өздөштүрүүлөрү талап кылынса болот:

  • Фразеологиялык бирдик, ширешме, айкаш,туюнтма деген эмне?

  • Терминологиялык мүнөздөгү фразеологизмдер.

  • Фразеологизмдерди лексикалык составы.

  • Эркин сөз айкаштарынын фразеологизмдерге айланышы.

  • Составында эскирген сөздөрү бар фразеологизмдер.

  • Афористтик мүнөздөгү фразеологизмдер.

  • Номинативдик мүнөздөгү фразеологизмдер.

  • Сөз айкалышы катары колдонулган фразеологизмдер.

  • Антитезалык ык, чечмелөө жолу менен түзүлгөн фразеологизмдер.

  • Көркөмдүк-поэтикалык мүнөздөгү фразеологизмдер ж.б.

Бул материалдардын тегерегинде ар түрдүү аспектидеги текшерүү, реферат, доклад, курстук, дипломдук иштерди жаздыруу; окуу конференцияларын, тегерек стол, симпозиумдарды уюштуруу аркылуу ЖОЖдо студенттерди илимий ишке тартуу маселеси аздыр-көптүр ишке ашмакчы.

Практикалык, семинардык сабактарга бөлүнгөн 4-6 саат ичинде окутуучу лекцияда берилген материалдарды, студенттердин өз алдынча алган билимдерин практикада пайдаланууга машыктырууга мүмкүнчүлүк алат. Ал үчүн окутуучу өз алдынча эмнени? качан? кандай кылып? уюштуруу керектигин так аныктап алуусу зарыл.

ЖОЖдо өтүлгөн семинардык сабактын 2 тиби бар:

а) Студент менен күн мурунтан окутуучу тарабынан берилген план боюнча аңгемелешүү;

б) Студенттин чакан докладдарын семинардын катышуучулары менен талкуулоо.

Семинардык сабактар – окуу процессинин өзгөчө татаал формасы. Анын 4 негизги функциясы бар:



  1. Студенттин лекция, өз алдынча иштөө, консультациялар учурунда алган билимдерин тереңдетүү, конкреттештирүү, системалаштыруу;

  2. Студенттин өз алдынча билим алуусунун ыкмаларын өнүктүрүү, туура ой жүгүртүү методун калыптандыруу;

  3. Билимди жайылтуу иштеринин ыкмаларын жаратуу;

  4. Студенттин өздөштүргөн материалынын деңгээлин жана мүнөзүн текшерүү; [ 51,149-б.]

Ал эми практикалык сабактарда окутуучу студенттин лекцияда алган теориялык билимдерин көнүгүүлөр, тапшырмалар, талдоолор, сөздүктөр менен иштөө, ж.б. жазуу, оозеки иштерин аткартуу менен бышыктап, үйрөнгөндөрүн практика жүзүндө колдонууга машыктырат.

Биз төмөндө фразеология боюнча өтүлүүчү практикалык, семинардык сабактын 3 вариантын сунуштайбыз.


1 – вариант

  1. Фразеологизмдерге байланыштуу ар кыл көнүгүүлөрдү аткартуу менен студенттердин теориялык билимдерин бышыктоо.

  2. Карточкалар менен иштөө.

  3. Фразеологиялык минимум боюнча рейтинг жүргүзүү.

  4. Фразеологиялык талдоого машыктыруу.

  5. Студенттердин өз алдынча алган фразеология боюнча билимдерин текшерүү.

2- вариант

  1. Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүктөрүн, фразеологиялык минимумду пайдаланып фразеологизмдерди семантикалык топторго, структуралык типтерге бөлүштүрүү:

  • Алкоо, каалоо-тилек айтууда жана каргоо иретинде колдонулган фразеологизмдер.

  • Адамдын оң жана терс сапаттарын туюндурган фразеологизмдер.

  • Сан атооч катышкан фразеологизмдер.

  • Зоонимдер катышкан фразеологизмдер.

  • Соматизмдер катышкан фразеологизмдер.

  1. Фразеологиялык талдоого машыктыруу.

  2. Студенттердин өз алдынча алган фразеология боюнча билимдерин текшерүү.

3 –- вариант

  1. Студенттерге текст, дилбаян жаздыруу (Фразеологиялык минимумдун өздөштүрүлүшүнө байкоо жүргүзүү).

  2. Акын-жазуучулардын, элдик оозеки чыгармалардан фразеологизмдерди таап, маанилерин чечмелеп, типтерин көрсөтүү.

  3. Х.Карасаевдин «Накыл сөздөр» эмгегинен айрым фразеологизмдердин келип чыгыш тарыхын өздөштүрүү.

  4. Фразеологиялык талдоого машыктыруу.

  5. Студенттердин өз алдынча иштөөлөрүн текшерүү.

Практикалык, семинардык сабактын планы студенттерге алдын-ала жаздырылып, тиешелүү адабияттардын тизмелери берилет. Тапшырмаларды аткаруунун жолдору окутуучу тарабынан түшүндүрүлөт.
Сунуш кылынган практикалык, семинардык сабактарды уюштуруу үчүн төмөндөгүдөй кошумча каражаттар талап кылынат:

  1. Көнүгүүлөр, тапшырмалар жыйнагы;

  2. Таблицалар;

  3. Фразеологиялык талдоо жүргүзүүнүн үлгүсү;

  4. Карточкалар;

  5. Сөздүктөр;

  6. Студенттер үчүн түзүлгөн фразеологиялык минимум.

Фразеологияны окутууга байланыштуу мындай кошумча каражаттардын жетишсиздигин эске алып, окутуучуларга таяныч үлгү катары (өздөрү да мындай тапшырмалардын варианттарын түзүү үчүн) пайдалануу үчүн иштеп чыктык.
I. Көнүгүүлөр

1-көнүгүү. Фразеологизмдерди кашаанын ичиндеги сөздөрдү пайдалануу менен толуктагыла.

Алтын…; бармагын…; беш кол…; биттин ичегисине…; боору…; бөрүгө кой…; бычакка…; зээни…; жайыл…; жаман айтпай…; жан…; жапа…; жер каймактагандан…; жибин…; жумурткадан…; жүнүн…; жүрөгү…; жыланды…; жылаңач…; ийне жеген…; ичкен ашын…; кабагына…; каймакка…; какаганга…; калчаган чүкөсү…; камырдан…; ак…; кашыктап жыйып…; сүткө тойгон…; эт менен…; чириген…; ак сүтүн…;

(Жооптор: …тиштөө; …кан куйган; …кайтартуу; …кейүү; …жакшы жок; …тырмак; …тартып көрүү; …жейт; …башын кылтыйтуу; …иттей; …кар жааган; …муштаган; …кыл суургандай; …чөмүчтөп чачуу; …челдин ортосунда; …актоо; …шилекейин чачыратуу; …тең эмес; …эзилүү; …сап болгондой; …дасторкон; …бакты; …бери; …кыр чыгаруу; …түшүү; …баатыр; …жерге коюу; …куймак куйгандай; …алчы конуу; …жолтой; …күчүктөй; …бай).
2-көнүгүү. Асты сызылган сөздөрдү маанилеш фразеологизмдер менен алмаштырып, сүйлөмдөрдү жаңыдан түзгүлө. Алгачкы сүйлөм менен кийинки сүйлөмдөрдү салыштыргыла.

  1. Бул ишти ал жакшы билет.

  2. Анын колунан баары келет.

  3. Ал ишти кызыгуу менен аткарды.

  4. Сен али жашсың.

  5. Ал эч нерсе кылган жок.

6. Айдай – уз кыз.

7. Жолдош – жалкоо бала.



Эне сүтү оозунан кете элек

Бешиктен бели чыга элек

Эшек такалоо

Куурай башын сындырбоо

Ийне-жибине чейин билүү

Беш колундай билүү

Ичкен ашын жерге коюу

Иштин көзүн таануу

Колунан көөрү төгүлгөн



3-көнүгүү. Төмөнкү «Манас» эпосундагы үзүндүлөрдөн фразеологизмдерди таап, маанисин түшүндүрүп бергиле.


  • Карк эткенден карга жок,

Караан бараан калган жок.

Курк этерге кузгун жок,

Же жол караган тоскун жок.


  • Айтып оозун жыйганча,

Аны - муну кылганча,

Ачып көздү жумганча,

Ат даярдап алыптыр.


  • Сандаган журтум бүт болсун,

Сарала ат мага кут болсун!

Атпай кыргыз журт болсун,

Аккула ат сизге кут болсун!


  • Эр Манас кайта сайганда

Эти ачылып калыптыр.

Чарайнадан өтө албай

Найза токтоп калыптыр.

Өпкө-боорун куушуруп

Жаман кылып салыптыр.

Этинен тери сызылып,

Эки таноо кысылып,

Өңү жаман бузулуп,

Сокмогу менен найзанын

Согуп Сайкал калыптыр.



  • Ал үчөөнүн артынан

Атка минсе ак жолтой

Атышкан жоого сан колдой,

Жортуп чыкса ак жолтой,

Жоого тийсе сан колдой,

Арстан Манас баатырдын

Абакеси Бакай кан

Айбаты катуу бу бир жан.

Төрөсү баштап төрт баатыр,

Дөөгүрсүгөн капырдын

Төгүп канын баратыр.



  • Арзан жумуш эмес го

Акбалтанын бул иши?

Ашыгып мынча не келди?

Калыбет эле бул киши.

Кабарын сурап билелик.

Кандай да болсо бул ишти.

Акбалтага жайылып,

Ак издөөдөн тыйылып.

Келип кебин угуптур,

Айтканын угуп Манастын

От көзүнөн чыгыптыр.




4-көнүгүү. Синоним фразеологизмдерди туш-тушуна коюп жазгыла. Өзүңөр да бул катарларды уланткыла.

Кой үстүнө торгой жумурткалоо

Көз ачып-жумганча

Кубанычы койнуна батпоо

Эшек такалоо

Таң кулан өөк болгондо

Союп каптагандай

Таңдайы кургоо

Аягын асманга чыгаруу

Кылдан кыйкым табуу

Бой көтөрүү

Куркулдайдын уясын табуу


Ит кууп жүрүү

Эгиз козудай

Каны катуу

Жумурткадан кыр табуу

Май чуңкурду табуу

Көз ирмегенче

Мурдун көтөрүү

Төбөсү көккө жетүү

Күлүн асманга сапыруу

Супа садык чалганда

Ак төөнүн карды жарылган



5-көнүгүү. Антоним фразеологизмдерди туш-тушуна коюп жазгыла. Өзүңөр да бул катарларды уланткыла.

Баа жеткис

Жүрөгүндө оту бар

Итке минип калуу

Ичи кең


Кабагы ачык

Кайнаса каны кошулбоо

Кара жолтой

Оозунан жел чыкпоо

Оозуңа таш!

Оозун куу чөп менен аарчуу



Ичи тар

Кабагы бүркөө

Ак жолтой

Оозу бош


Беш тыйынга турбаган

Оозуңа май!

Камыр-жумур болуу

Жүрөгүндө оту жок

Жылаңач баатыр

Төрт түлүгү шай




6-көнүгүү. Сөз айкашы жана сүйлөм тибиндеги фразеологизмдерди ажыраткыла жана аларды катыштырып сүйлөмдөрдү түзгүлө. Канча компоненттен тургандыгын айтып бергиле.

1) Ай десе аркы жок, күн десе көркү жок; 2) Алма быш, оозума түш; 3) Бери карап күлүп, ары карап ыйлап; 4) Бөрк ал десе, баш алуу; 5) Бээ көрдүңбү – жок, төө көрдүңбү – жок; 6) Жаман айтпай – жакшы жок; 7) Жегени желим, ичкени ирим болуу; 8) Жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун!; 9) Жээрин жеп, ичерин ичкен; 10) Ийри отуруп, түз кеңешүү; 11) Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чектирбей; 12) Кашык да май, чөмүч да май; 13) Көздүн карегиндей сактоо; 14) Кулагынын кужурун алуу; 15) Күйбөгөн жери күл болуу; 16) Миңдин бири; 17) Мүйүз тилейм деп, кулагынан ажыроо; 18) Оң кулагың менен да, сол кулагың менен да ук; 19) Оозунан ак ит кирип, кара ит чыгуу; 20) Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк; 21) Пайгамбар жашында; 22) Таман акы, маңдай тер; 23) Узун элдин учуна, кыска элдин кыйрына; 24) Өлсө бир чуңкурда, тирүү болсо бир дөбөдө болуу; 25) Чымын учса угула тургандай.


7-көнүгүү. Фразеологизмдердин синоним сөздөрүн тапкыла, аларды

катар колдонуу менен сүйлөмдөрдү түзгүлө



Эрдин кесе тиштөө

Тебетейин көккө ыргытуу

Иттин мурду өткүс

Жең ичинен

Бетинен түгү чыгуу

Мыйыгынан күлүү

Ыйманы ысык

Эр жетүү


Суу жүрөк

Ортосунан жел өтпөө



коркок

тымызын


жылмаюу

сүйүнүү


чоңою

ачуулануу

жыш

жылдыздуу



өкүнүү

ынтымактуу




8-көнүгүү. Көп чекиттин ордуна сан атоочторду коюп, фразеологизмдерди толуктагыла. (Өзүңөр да мисалдар келтигиле).

…ичеги; …колун мурдуна тыгуу; …тизгин чылбыр; …уктаса түшүнө кирбеген; …түлүк; …өрдөгүн учуруу; …саны аман; …атасын таанытуу; …толгоо келүү; …миң аалам; …жылкы; …жолу айтуу; …тамчы суудай; …кол тең эмес; …өмүрү жерге кирүү; …түлүгү шай; үйдүн ичин … көтөрүү; …дин үстүнөн чыгуу; …кылбоо; …шыйрагы өлбөгөн жерде калуу; …бозоруп, …кызаруу; жер кулагы … кат; …бутун …кончуна сыйдыруу; …ичеги.


9-көнүгүү. Фразеологиялык минимумдагы адамдардын мүнөзүндөгү оң жана терс сапаттарды туюнткан фразеологизмдерди бөлүп жазгыла, маанисин түшүндүргүлө.

Үлгү:





Адам мүнөзүндөгү оң сапаттар


Адам мүнөзүндөгү терс сапаттар

Маңдайы жарык, ак көңүл, ичи кең, кара кылды как жарган, ысык - суукка бышкан ж.б.

Акма кулак, ак кол, алчы-таасын жеген, жел өпкө, жүргөн жерине чөп чыкпаган ж.б.

10-көнүгүү. Төмөнкү мисалдардан фразеологизмдерди таап,

фразеологиялык талдоо жүргүзгүлө.



  1. Бир күнү эл чогулат. Ошол жолмогуздан кантип кутулабыз деп кейишет. Кеңешке кой оозунан чөп албаган момун да келет. Көмөчүнө күл тарткан шыпыр да, өлүп кетейин деген жалакор да болот.(Жомоктон)

  2. Токтот, болду. Мына бул маалим келимдердин алдында абийирим жакшы эле төгүлдү. Өлбөгөн төрт шыйрагым калды. (Т.С.)

  3. Кассандра Аполлондун махабатын четке кагат, ошондо Аполлон Касандраны каарына алып, анын көзү ачыктык менен айткандарын эч ким ишенгис кылып салат…(Байыркы грек мифологиясынан)

  4. Жарыкчылыкка али келбеген, Асман алдында жасалып жаткан арам иштерди көрбөгөн жан гана тигил экөөдөн бактылуу.(Екклесиат)

  5. Конституциянын жана азыркы закондордун бешик боосун Кудай бек кылсын! Буга окшогон билдирүүнү газета бетине жарыялоо үч уктаса түшкө кирчү ишпи! Мен сиздин бул оюңузга да кошулам мистер Борк, бул сүйлөшүү менин көзүмдү мурдагыдан да көбүрөөк ачты; Мындай кадам жасоого баруу менен «Трибюн» кандай оор жүктү моюнга алып жатканын жакшы түшүнүп турам; Жоболоң көз ачып-жумганча болду. (Ч.А. «Кассандра тамгасы»)

I. Анкета:

1- суроо: Фразеологизмдер татаал сөздөрдөн, эркин сөз айкаштарынан, макал-лакаптардан кайсы белгилери боюнча айырмаланат?

2- суроо: Өз кебиңде кайсы фразеологизмдерди активдүү колдоносуң?

3- суроо: Фразеологияны изилдеген окмуштууларды билесиңби?

4- суроо: Фразеологияга боюнча кайсы окуу китептерин окуп чыктың?

5-суроо: «Куш боо бек болсун! жылын төө кылуу; колтугуна суу бүркүү; тил эмизүү; камырдан кыл суургандай; кыр көрсөтүү; чычкан мурдун канатпаган» деген фразеологизмдердин пайда болуш тарыхын билесиңби? Өзүң билген фразеологизмдин пайда болушун айтып бер.



II.Тапшырмалар:

1- тапшырма: Кроссворддорду толтургула.


  1. Ж

А

Р

Д

А

М

Д

А

Ш

  1. Ы

З

А

Л

А

Н

У

У




  1. Ө

Л

Т

Ү

Р

Ү

Ү




  1. Ж

А

П

Ы

Р

Т







  1. Б

Ы

Ш

Ы

К







6. М

А

Е

К







7. Т

Е

З







8.А

Ч






Туурасынан:



  1. Көз кырын салуу фразеологизминин омонимдик мааниси.

  2. «Күйбөгөн жери күл болуу» фразеологизминин синонимдик эквиваленти.

  3. «Кан төгүү» деген фразеологизмдин мааниси.

  4. «Жапа тырмак» деген фразеологизмге маанилеш сөз.

  5. «Биттин ичегисине кан куйган» деген фразеологизмдин синоним сөзү.

  6. «Узун жолду кыскартуу» эмне менен ишке ашат?

  7. «Көз ачып - жумганча» деген фразеологизмге маанилеш сөз.

  8. «Кекиртеги талга асылуу» деген фразеологизм эмнени туюнтат?

б) Сааттын жебеси боюнча:



  1. Жаңы аял алган кишини куттуктоо, жакшы тилек, каалоо айтуу.

  2. Маркумга карата айтылуучу жакшы ниет.

  3. Көчүп бара жаткандарга айтылуучу каалоо, жакшы тилек.

  4. Жаңы төрөлгөн баланын ата-энесин куттуктоодо айтылуучу фразеологизм.

  5. «Анын сойгон малы семиз болсун, эти берекелүү болсун» деген каалоону белдирген фразеологизм.

6. «Буюрсун, ушул эле жетишет, мындан көптүн кереги жок» деген мааниде каниет кылганды, ыраазы болгонду билдирүүчү фразеологизм.
2-тапшырма: Кыргыз тилиндеги өзүңөр билген фразеологизмдерди

компоненттеринин саны боюнча төмөндөгү таблицага

туура келгендей жайгаштыргыла. Үлгү:

2 компо-

ненттүү

3 компо-

ненттүү

4 компо-

ненттүү

5 компо-

ненттүү

6 компо-

ненттүү

7-8 ком-

поненттүү

Куш уйку; өмүр бою;

Кут болсун! ж.б.



Беш өрдөгүн учуруу;

Өмүрүң узун болсун! ж.б.



Бир бозоруп, бир

кызаруу; бир бороондук алы жок ж.б.



Бир көзү бир көзүнө жоо; колуна кол, бутуна бут болуу ж.б.

Кашык да май, чөмүч да май; менин колум эмес, Умай эненин колу ж.б.

Айдын он беши кара, он беши ак; Ай десе аркы жок, күн десе көркү жок ж.б.


3-тапшырма: Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүктөрүн пайдаланып

төмөнкү таблицаны толтургула. Үлгү:



Адамдын оң, терс сапаттарын мүнөзүн туюндурган

Зоонимдер катышкан фразеоло-гизмдер

Соматизмдер катышкан фразеологизмдер

Сан атоочтор катышкан фразеологизмдер

Алкоо, каалоо-тилек, айтууда колдонулган

Ала жипти аттабаган; колу ачык; кара кылды как жарган;

чычкан мурдун канатпаган ж.б.



Бээ саам; жылкы мүнөз; уй түгүндөй, кой үстүнө торгой жумурткалоо; ит арка

ж.б.


Тили узун; маңдайы жарык; котур ташы койнунда; жүрөгү оозуна келүү: баш-көз болуу ж.б.

Жердин жети түбү;үч уктаса түшүнө кирбөө; айтканы эки болбоо; беш өрдөгүн учуруу ж.б.

Көшөгөң көгөрсүн!, Мээнетиң алайын!,

Секет кетейин!

Бай болгур!

Көшөгөң көгөрсүн! ж.б.




4-тапшырма: Төмөнкү таблицага өзүңөр билген фразеологизмдерден

15-20дан мисалдарды жазгыла. Үлгү:



Фразеологиялык ширешме

Фразеологиялык бирдик

Фразеологиялык айкаш

Идиома

Мурдун балта кеспөө; жабуулуу кара инген ж.б.

Күлү додо болбогон; ийне-жибине чейин ж.б.

Көңүлү жакын; ичи кең; тилге көн ж.б.

Мурдун сындыруу; маңдайы жарылуу ж.б.


5-тапшырма: Берилген мисалдардагы фразеологизмдердин

компоненттеринин аткарган морфологиялык кызматына

карай тиешелүү орундарга жайгаштыргыла.

  1. Зат атооч+зат атооч

  1. Зат атооч+ этиш

  1. Зат атооч+зат атооч + этиш

Ат токуур, үй күчүк…

Ат арытуу, ат коюу…

Ат тезегин кургатпоо; жылын төө кылуу…

  1. Зат атооч+ сын атооч+ этиш

  1. Зат атооч+этиштин өзгөчө формасы+этиш

Төөсү ак тууду, кой маарек тартуу …

Ит көрбөгөндү көрүү; кумурсканын улутунганын билүү…

Мисалдар: Төөсү ак тууду, ит көрбөгөндү көрүү, коёндой окшош, жолборс жүрөк, түлкү тиштемей, ат токуур, үй күчүк, ат коюу, жылан сыйпагандай, бөдөнөнүн сүтү, иттин чүкөсүндөй, уйдун бөйрөгүндөй, ит жандуу, эшек такалоо, ат арытуу, бити-битине батпоо, жыландын башын кылтыйтуу, жылын төө кылуу, ат тезегин кургатпоо, кой маарек тартуу, жылкыңа карап ышкыр, итке минип калуу, чычканга кебек алдырбаган, уй мүйүз тартуу, кумурсканын улутунганын билүү, ит жыгылыш, коөн жүрөк, Ат байгелүү болсун!


6-тапшырма. Фразеологиялык минимум боюнча өздөштүрүлгөн фразеологизмдерди алфавит тартибинде жайгаштыргыла. Үлгү:

А

Акылы тунук, акылы чолок…



Б

Бармак басым; бел куда болуу…



Д

Дили агаруу; дили караюу …



Ж

Жел таман; жем болуу…



И

Ит өлүм; ичи кең …



К

Камыр-жумур болуу; камчыга сап …



М

Миңдин бири; мүнөз тамак…



О

Оймок ооз; Отко кийирүү …



Ө

Өлкөнүң өссүн! Өзүнөн калсын…



С

Сөөгүм ыраазы; сөзгө сараң…



Т

Таман акы, маңдай тер; таң калуу…



У

Уйдун бөйрөгүндөй; убалы уктатпасын ….



Ү

Үзөңгү жолдош; үшкүрүгү таш жаруу…




Ч

Чачы агаруу, чаң жугузбоо…



Ш

Шодоконун бүркүтүндөй,

шылтоого шыноо…


Э

Эт бышым; эсине жара чыгуу …




7- тапшырма: Төмөнкү мисалдарды анализдеп, таблицага туура

жайгаштыргыла. Өзүңөр да бул катарды уланткыла

Үч уктаса түшкө кирбөө; кызыктуу китеп; темир жол; көз байланган кез; көз айнек; кооз чымчык; карынын сөзүн капка сал; кыздуу үйдө кыл жатпайт; кыял күтүү; мектептен келүү; мурдун тарта албаган; Калптын казаны кайнабайт; жигитке жетимиш өнөр аздык кылат; Ок оозуңа!; кызыл алма; oрой көз чарай; беш гүл; өпкөсү көбүү; Ырыс алды-ынтымак; ташбака; алпкаракуш; чий көбүк.

Үлгү:


Фразеологизмдер

Эркин сөз айкаш

Татаал сөздөр

Макал-лакаптар

Үч уктаса түшүнө кирбөө

Кызыктуу китеп

Темир жол

Карынын сөзүн капка сал


8- тапшырма: Төмөнкү фразеологизмдерди катыштырып сүйлөмдөрдү,

тексттерди түзгүлө.

Чийки май жегендей болуу; Кудайга үнү жетүү; Куйругуна калбыр байлоо; Кут болсун!; Кудайга шүгүр; Колу туткак; Ичинен ыйлап, сыртынан күлүү; Ичин ысытуу; Жылдызы каршы; Жылдызы ысык; Жылкыңа ченеп ышкыр; Жүрөгү түшүү; Таш жүрөк; Жүрөгү эзилүү; Жок жерден; Жаңы тирдик; Жаман айтпай жакшы жок; Башына чөп сындыруу; Ашка жүк, башка жүк.
9- тапшырма: Төмөнкү сүйлөмдөргө сөз түркүмү жана сүйлөм мүчөлөрү

боюнча талдоолорду жүргүзгүлө.



  1. Кана, карыялар, алтын шилекейиңерди чачыратып, менин суроомо жооп бергиле. (К.Б.)

  2. Алты саны аман кишиге бекер жүрүү уят. (А.У.)

  3. Ырас, бай-манаптардын бал тилине алданып, ошолордун союлун чабышып жүргөн кедейлер да жок эмес! (К.Ж.)

  4. Бейиши болгур, Казанкап атанын жатар жери ошол. (Ч.А.)

  5. Таенеси да, Бекей таежеси да, кызын көтөргөн Гүлжамал да ооздорун ачып, жээкте турмак. (Ч.А.)

  6. Жол бою жеме угуп, камчы жей берип биротоло дени өлгөн шордууну таң атарда айылга алып келди. (Т.С.)

  7. Наристе айылдагы көргөндөрүн ийне-жибине чейин аңгемеледи. (Б.Б.)

  8. Куурай башын сындырбаган жалкоо эле, өз көмөчүнө күл тарткандан башканы билбеген өзүмчүл эле.(С.Ж.)

  9. Шодоконун бүркүтүндөй жутунба. (Макал)

  10. Мал ээсин тарпаса арам өлөт. (Макал)

  11. Кебез байлап башына,

Атымды түшүп берейин. («Эр Табылды»)

  1. Андай-мындай дегиче,

Айтып оозун жыйгыча. («Эр Төштүк»)
10- тапшырма: Угуп жаткан тексттерден фразеологизмдерди таап,

маанисин чечмелеп түшүндүргүлө. (Тексттер

магнитофондук жазуу аркылуу уктурулат).

1. «Эне»

«… Бала эр жетти, үйлүү-жайлуу болду. Жазмыштын иши дайыма ойлогондой болот беле? Кээ бир адам гүл болуп жайнаса, кээ бир адам суу болуп чачылат эмеспи. Кызык, бу турмушта кызык көп. Эне эми гана кубанып, карегиндеги жашы кургап, өмүрдүн ызгаар-суугунан кутулдум го деп жүргөн кезде катуу ооруп калат. Ооруганы мындай болот:

Бир күнү көрпө төшөк салдырып коюп, жип ийрип отурган эле. Аңгыча арык чырай, чоң сакал бир абышка келет. Анын оң буту жыңайлак, төшү жайдак экен. Ал элүү пайса (бир жарым кг) күрүч карыз сурайт. Эне анын сураганын берейин деп ордунан обдулат. Ошондо даракка адамдай үн чыгарган жапалак үкү менен чоңдугу аңградай кызыл көйнөк канаттуу учуп келип конот да, өз ара сүйлөшө кетет:

« Карачы - карачы, тээтиги абышканы өпкөсү көөп, солуктап араң турат. Үйүндөгү баласы жаман окшойт. Атасын көр кабак кылып, тилемчилетип коюптур. Ошого ичим бышып турат»,- дейт бири.

Экинчиси: «Тиги байбиченин баласы жакшы экен. Энесин жакшы багыптыр. Келини гана сиркеси суу көтөрбөгөн, кош кыял көрүнөт. Энеси баласын башы менен көр казып жүрүп чоңойтуптур. Ошого жараша баласы да эстүү чыгыптыр. Бирок, аны мурдунан чүлүктөп алсам деген душманы бар экен. Ал душман - бою тартайган, жашы картайган шал оору дейт. Ошентти да, алар арыктын көк ала майдан баскан кырына учуп кетишет.»

Эне абышканын өтүнгөнүн берип, узатып иет да, анан өзү сары -санаага бата баштайт. Ошо кезде бала тамдын аркасындагы турупту отоп, «Таңда ой!» деген ырды ырдап жүргөн эле.

Эне ошондо уулун көрүп, аны аяйт да, баягы кызыл көйнөк канаттууга кайрылып: «Какаганга муштаган болуп балам ооруса, жыртык-тешикке күлөт болбоюмбу? Андан көрө балам оорубай эле, мен ооруюн. Жылбай калайын. Жамандын эмнеси бар, жарты тарагы бар деген атка конбоюн?! Баланын оорусун мага жибер!» - деп өпкөсүн чаап жалынат.

Анда канаттуу:

« Айтканыңдай эле болсун. Ага кейип, капа болбо», – дейт.

Асыл эне, ошентип, баласынын ордуна өзү катуу ооруйт.

(Ж.Мукамбаев «Менин жомокторум»)
2. «үлгџлџџ зайыптын сапаттары»

Акылга дыйкан, эң билгич,

Жабуулуу кара ингендей

Зайыпты ким таба алат?

Ак көрпө жайыл ургаачы

Ким менен салыштырылат?

Андай аялдын наркы

Берметтерден жогору.

Көңүлү жай эринин,

Санаасы санаага бөлүнбөйт,

Убайын көрөт жарынын,

Киреше кирет үйүнө.

Өмүр бою жарынын

Ала жибин аттабай,

Кылганы жалгыз жакшылык.

Колу тынбайт кыбырап,

Жүн таап, кийим токуп,

Астейдил берилип иштейт.

Соода кемелериндей

Алыстан нанын таап келет.

Төшөктөн туруп таңатпай,

Үй ичи үчүн кам көрөт.

Жерге муктаж экени,

Оюна келип толгонуп,

Сатып алат аны да.

Жерден түшкөн акчаны

Акыл менен сарп кылып,

Олтургузат жүзүмзар.

Белин бекем бууп алып,

Каруусуна күч топтоп,

Иштегенге камынат.

Кылып жаткан ишинин

Акыбети кайтаарын

Туюп турат дилинде.

Ошондуктан чырагы

Түн ичинде да өчпөйт.

Колун сунат ийикке,

Манжалары шыпылдайт.

Кембагалга колу ачык,

Жакырдан жардам аябайт.



(«Сулаймандын накыл сљздљрџнљн»)

Практикалык сабактарда да лекцияда колдонулган таблицалар пайдаланылат. Студент өз алдынча окуп үйрөнүүсүнө берилген темаларды текшерүү үчүн да таблицалар колдонулса болот. Алсак:


ТАБЛИЦА 2.7

ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕРДИН КЕПТЕ КОЛДОНУЛУШУ

  1. Өзгөртүүсүз колдонуу:

М: Адамдын адамдан көңүлү үч көчкөн журттай калса, аны менен жашоо кыйын го. (К.Ж.)

Уркуянын жылдызы түшүп, терең улутунуп койду. ( М.У.)



  1. Өзгөртүп колдонуу:

М: Ушундай болот деп уч уктаса Танабайдын түшүнө кирди бекен. (Ч.А.); Тамак чөптү көргөндө

Ачылды аттын кабагы. («Эр Төштүк»)

  1. Жарыш колдонуу:

М: Ичке үзүлүп, жоон созулуп турган кез! Биз эртеден кечке кекиртегибизди талга асып, тишибиздин кирин соруп, айран уюур мезгилди күтөбүз. ( М.Э.)

  1. Синоним сөзү менен катар колдонуу:

М: Данияр кой оозунан чөп албаган жоош адам эле.


ІІІ. Фразеологиялык талдоо жүргүзүүнүн ыкмасы:

1. Сүйлөмдөн фразеологизмди таап, анын маанисин чечмелөө;

2. Фразеологизмдин канча компоненттен тургандыгын аныктоо; 3.Фразеологизмдин сүйлөмдө колдонулушуна анализ берүү;

4. Фразеологизмди синоним сөз менен алмаштыруу;

5. Фразеологизмдин синонимин, омонимин, антонимин табуу;

6. Фразеологизмди тарыхый куралышы жана стилдик колдонулушу боюнча кайсы топко кирээрин аныктоо;

7. Фразеологизмдин сүйлөмдөгү морфологиялык жана синтаксистик милдетин аныктоо.

Мисалы: Чоң эненин санаасы алда нечеге бөлүндү: балакетиңди алайын, куурчагымдын жүрөгү түшүп калды го? ( Т.С.)

Жүрөгү түшүү – «абдан коркуу, аябай эси чыгып калуу» деген мааниде; 2 компоненттен турат; колдонууда өзгөрүүгө учураган эмес; синоним сөзү – коркуу;«Жүрөгү чыгуу» деген варианты синонимдик мааниде; «Катуу корккон, аябай эси чыгып калган баланын бейтап абалын» билдирген мааниси – омоними; антоними – «Жүрөгү түшпөө»; тарыхый куралышы жактан төл фразеологизм; стиль аралык бейтарап фразеологизмге кирет; сүйлөмдө морфологиялык жактан зат атооч+этиш формасында, синтаксистик жактан баяндоочтун милдетин аткарды.

IV. Карточкалар

№ 1


  • «Фразеология», «фразеологизм», идиома деген терминдерге аныктама бер.

№ 2

  • Фразеологизмдердин мүнөздүү белгилери кайсылар жана алар эркин сөз айкаштарынан, татаал сөздөрдөн, макал-лакаптардан кандайча өзгөчөлөнөт?

№ 3

Төл, кабыл алынган, көчүрмөлөө жолу менен пайда болгон фразеологизмдерге 5тен мисал жазып, маанилерин түшүндүр.

№ 4


  • Идиома деген эмне? Мисал келтирип, маанилерин чечмеле.

№ 5

  • Фразеологиялык синонимдер, омонимдер, антонимдер жөнүндө эмнелерди билесиң? Аларга мисалдар келтир.

№ 6

  • Сүйлөмгө сөз түркүмү боюнча талдоо жүргүз.

Эмне төрөдү ? Ат токурбу же кырк жылкыбы?

№ 7


  • Сүйлөмгө сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдоо жүргүз.

Ат кара тил болгондо,

Бетеге өсүп толгондо,

Күлчорону көрүп ал. ( «Сейтек»)
№ 8


  • Сүйлөмдө катышкан фразеологизм морфологиялык жактан кандай кызмат аткарат?

Сурма - бетинен балапан түгү түшө элек, өтө жаш, ак жуумал, уяң көз, бир мүнөздүү кыз. (Ш.Б.)
№9

  • Сүйлөмдө катышкан фразеологизм синтаксистик жактан эмне кызмат аткарат?

Болуш Тыныбектин ит терисин башына каптап туруп, айлына жибермек. (К.К.)

№ 10


  • Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүктөрүн кимдер түзүшкөн жана алар качан чыккан? Канча фразеологизмди өз ичине камтышат?

V. Сөздүктөр

1980-, 2001-жылы жарык көргөн кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүктөрүнөн тышкары, Х.Карасаевдин «Накыл сөздөрүндөгү» фразеологизмдердин (сөздүктө макал-лакап, учкул сөздөр ж.б. да бар) пайда болуу тарыхы жөнүндөгү пайдалуу да, кызыктуу да материалдар менен студенттерди тааныштыруу. Алсак :



«Ак көрпө жайыл ургаачы» -

аял затынын эң бир ак пейил, жайдарысы. Илгерки замандан бери кыргыз эли ушул накыл кеп менен өзүнүн адамгерчилиги менен элге жаккан аялды атап келген. Бул накыл кептеги сөздөрдүн кандайча жакшы аялга сыпат болуп калганы түшүнүксүз. Кыргыз эли, илгери тажик агайындар менен бирге жашаган. Азыр да кою короолош, жайлоосу бирге. Бири менен бири эриш-аркак. Демек, көп сөздөрдү кыргыздар тажиктерге берүү менен, өздөрү да ал элден көп сөздү алгандыгында күмөн жок. Араб сөздөрү кыргызга көбүнчө тажик, өзбек аркылуу кирди. Оозеки киргендиктен, ал сөздөрдүн айтылышы кыргыз тилинин тыбыш өзгөчөлүгүнө багынып калган, төл сөзгө окшошуп кеткен. Эми « ак көрпө жайыл» деген накылдагы ар бир сөздү талдап көрөлү. «Ак»- араб тилинде «чыныгы» деген мааниде, «көрпө»- арабдын «урфи» дегенинин өзгөргөн түрү бар. «Урфи»- «жосун, жүрүм-турум», «жайыл»- тажиктин «зянү» деген сөзүнөн өзгөргөн окшойт. «Зянү»- «аял, зайып» деген мааниде. Ошентип, «хак урфи зянү» - кыргыз тилинде «ак көрпө жайыл» деген түргө өткөн го дейбиз. «Жабуулуу кара инген» - үй турмушунда бардык оордукту мойнуна алган, унчукпаган, көтөрүмдүү келген, элди сыйлаган аял» [ 46, 24-б.].



«Кой үстүнө торгой жумурткалоо» -

береке жайнаган, байлык ашып-ташкан, адамдын бардыгы жыргалда жашаган мезгил деген мааниде колдонулуп келген накыл сөз. Бул накыл сөздүн тегин, төркүнүн тактасак, сүйлөмдүн мааниси ачылат. Бул накыл диндик жомоктон пайда болгон. Анын жөнү мындай.

Ислам дининин жобосунда Чыгыш тараптан Жажуж Мажуж аттуу бир коом чыгып, батыш тарапты талкалайт имиш. Ошол мезгилде Тажаал деген адам коңгуроолуу көк эшегине минип алып, адамдарды азгырат. Так ошол учурда, Мухаммед пайгамбардын Фатима деген кызынан туулган Абдулла (ага чейин жер астында ок жонуп атып), так ошол учурда имам Махди деген ат менен жер бетине пайда болот дейт. А Махдиге асмандан Иса пайгамбар жерге түшүп жардам кылып, Тажаалды талкалайт. Мына ошондо жер бетине адилеттик орноп, береке жайнап, кишинин баары байып кетет. Жесир катын миң кой айдайт да, торгойлор койдун үстүнө жумурткалайт. Балапандарын учургуча, кой да бир калыпта турат. Бул диний уламыш илгери эл ичине кеңири тараган. Ошондуктан кыргыздар жогоркудай макал (накыл) чыгарган [ 46, 229-б.].

«Сиркеси суу көтөрбөө» -

болбогон нерсеге тырчый түшүү. Арзыбаган ишке туталана түшүү.

Уйгур тилинде «сиркеси суу көтөрбөө» - тамаша сөздү түшүнбөө. «Сирке» - тамакка кошула турган кычкыл суюктук. Аны уйгурлар, дунгандар кебектен жасайт. Өңү саргыч. Абдан кычкыл, жагымдуу. Эгер ага суу кошсо даамы болбой, начар болуп калары белгилүү. Ушундан улам сиркеге суу кошкондо бузулган сыяктуу, жок нерсеге ыза болгон адамды, же туталана түшкөн адамды жогорку сүйлөм менен сыпаттап калышы этимал …» [ 46, 376-б.].

Мындан тышкары сөздүктөн камырдан кыл суургандай, кыр көрсөтүү, тил эмизүү, Айт маарек болсун!, Куш боо бек болсун!, өз көмөчүнө күл тартуу, түк күткөн сайын калтырайт, чычкан мурдун канатпаган, милдеттүү конок, жылын төө кылуу ж.б.у.с. фразеологизмдердин мааниси жана пайда болушу жөнүндөгү маалыматтарды сабакта колдонуу менен студенттердин өз элинин каада-салты, үрп-адаты, диний ишеними, турмуш-тиричилиги жөнүндө таанып билүүлөрүн кеңейтүүгө болот.

Студенттер үчүн түзүлгөн фразеологиялык минимум (Тиркеме 3) 1200 сөздү камтыйт. 2001-жылы жарык көргөн сөздүктөгү фразеологизмдердин 15% ин түзөт. Минимум фразеологиялык айкалыштардын экспрессивдик бөтөнчөлүгүнө жана колдонулуш өзгөчөлүгүнө карай, т.а. стиль аралык бейтарап, оозеки сүйлөө, китеп стилине мүнөздүү болгон фразеологизмдерди жана фразеологизмдерди семантикалык жана структуралык типтерге карай бөлүнүшү боюнча бирдей катышта алуу принцибинин негизинде түзүлдү. Бул минимумду өздөштүргөн студент азыркы учурда өзүнүн оозеки жана жазуу кептеринин көркөм, уккулуктуу, таасирдүү болушуна; «Манас» баштаган элдик оозеки чыгармалардан тарта, көзү өткөн жана учурдун залкар акын-жазуучуларынын, төкмөлөрүнүн, куудулдарынын, алсак Т.Сатылганов, А.Токомбаев, А.Осмонов, Ш.Термечиков, Т.Сыдыкбеков Т.Касымбеков, С.Эралиев, Ч.Айтматов, Э.Турсуналиев ж.б.дын чыгармаларында кездешкен фразеологизмдердин маанисин түшүнүүгө, кеп байлыгынын өсүшүнө жардам бермекчи. Минимум фразеология боюнча өтүлгөн 1 - лекцияда студенттерге таратылып, минимумдун сөздүгүнүн жардамы менен өздөштүрүүлөрү тапшырылат. Модуль суроолоруна киргизилип, рейтингдери чыгарылат.

Жогорудагы фразеологияны окутууга байланыштуу кошумча каражаттарды даярдап алган соң, окутуучу аларды пайдалануунун жолдорун (качан? кантип?) пландаштырат. Практикалык, семинардык сабактарда аларды колдонуу менен студенттердин фразеология боюнча алган билимдерин бышыктоого, жалпылоого, системалаштырууга жана тереңдетүүгө жетишет.

Азыркы учурда окутуунун жаңы методдору катары жалпы орто мектептерде жана ЖОЖдордо практикаланып жаткан интерактивдүү методдордун бир ыкмасы болуп саналган оюн, т.а. анын «Иштиктүү окуу оюн» («Деловая учебная игра») түрүн колдонуу менен уюштурулган семинардык сабактын үлгүсүн сунуштайбыз. Бул ыкма ЖОЖдун окуу процессинде жаңы көрүнүш болгону менен, анын түпкү теги байыркы замандагы уруулардын магиялык иш аракеттерди кылуусу, андан кийинчерээк 17-кылымда пайда болгон аскердик оюндар менен байланышат. Советтик мезгилде бул ыкманы 1-жолу 1932-жылы Бирштейн иштеп чыгып колдонгон. Бирок кеңири кулач жайган эмес. Кайрадан бул ыкма 1951-жылы жанданган жана азыр анын ар кандай моделдери билим берүү мекемелеринде колдонулуп жатат.

Иштиктүү окуу оюнунун шартында студент болочоктогу кесиби, же ошол багытка байланыштуу кызматтар жөнүндө жүрүш-туруш көндүмдөргө, адаттарга ээ болот. Оюн түрүндө болсо да, ошондой чөйрөдөгү адамдар, алардын кызматташтыгы, жоопкерчиликти өзүнө алуу сыяктуу кесиптик сапаттарга ээ боло алышат.

Иштиктүү оюн ыкмасын уюштуруунун принциптери:


  • Конкреттүү бир жагдайдын шартын, кесиптик ишмердүүлүгүнүн мазмуну чагылдырылган оюн моделдерин иммитациялоо;

  • Иштиктүү окуу оюнунда мазмунунун проблемалуулугу жана аны чечүү процессиндеги студенттин таанып билүү ишмердүүлүгү;

  • Адистик функцияны аткарган ролдордун бири-бирине көмөк көрсөтүп, чогуу ишмердүүлүк кылуусу;

  • Диалогдук пикир алышуу жана оюн боюнча кызматташтардын бири-бирине таасир тийгизүүсү;

  • Кош пландуулук (1-өтүлгөн тема боюнча билимдерди текшерүү, бышыктоо, тереңдетүү; 2-келечек адистигине даярдоо ).

Ушул принциптерди жетекчиликке алуу менен жогоруда сунушталган практикалык сабактардын 2-вариантынын иштелмесин сунуштайбыз.
Семинардык сабактын темасы: «Кыргыз тилиндеги фразеологизм дердин семантикалык жана структуралык топтору».

Сабактын формасы: сабак-конференция.

Семинардык сабактын максаты: Студенттердин фразеология боюнча алган билимдерин бышыктоо жана аларды илимий изилдөө иштерге тартуу, көнүктүрүү.

Илимий ишке жөндөмдүү болгон 5 студентке фразеологиялык минумумду жана фразеологиялык сөздүктөрдү колдонуу менен алдын-ала аталган темалар боюнча докладдар даярдалып келүүсү тапшырылат жана алардын ар бири белгилүү лексикологдордун ролун ойношот. Мисалы:



  1. Ж.Мамытов. «Кыргыз тилиндеги сан атоочтор катышкан фразеологизмдер»;

  2. Ж.Осмонова. «Алкоо, каалоо - тилек айтууда жана каргоо иретинде колдонулуучу фразеологизмдер»;

  3. Э.Абдулдаев. «Адамдагы оң жана терс сапаттарды туюндурган фразеологизмдер»;

  4. Ш.Жапаров. «Зоонимдер катышкан кыргыз тилиндеги фразеологизмдер»;

  5. Р.Эгембердиев. «Соматизмдер катышкан кыргыз тилиндеги фразеологизмдер» деген докладдар менен катышышат.

Конференцияны факультеттин «деканы» алып барат, «катчысы» дайындалат. Калган студенттер конференция угууга келген «мектептердин алдыңкы тажрыйбалуу мугалимдери», «магистранттар», «аспиранттар» болушат.

Конференцияны алып баруучу «декан» конференцияны ачып, баш сөз сүйлөгөндөн кийин (конференциянын максаты, фразеологизмдерди изилдөө иштеринин актуалдуулугу жөнүндө) докладчыларга ирети менен 5 мүнөттөн сөз берилет. Алсак: филология илимдеринин кандидаты, «Кыргыз тилиндеги идиомалар» аттуу монографиялык эмгектин автору Жүзүмкан Осмонова лекцияда угулбаган, окуу китептеринде учурда жазылбаган төмөндөгүдөй маалыматтарды камтыган өз докладын окуйт. (Докладдын жазылышына окутуучу жетекчилик кылат).



«Тилибизде колдонулуп жүргөн алкоо, каалоо-тилекти билдирген фразеологизмдерди 2 топко бөлүп ажыратууга болот (азыркы кыргыз тил илиминдеги фразеологизмдердин кең мааниде каралышы боюнча):

  1. Адамдардын турмушунда болуучу ар кандай окуялар, жагдайларга карата жакшы тилекти билдирген сөздөр;

  2. Адамды жакшы көргөндө, анын кылган ишине ыраазы болгондо алкап, жалынганда айтылуучу сөздөр.

1- топко мисалдар:




2- топко мисалдар:

Ат байгелүү болсун!




Ак жолуң ачылсын!

Аягыбыз жеңил болсун!




Ак жоолугуң башыңан түшпөсүн!

Башыңа баш кошулсун!




Көшөгөң көгөрсүн!

Бешик бооң бек болсун!




Кудай жалгасын!

Жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун!




Учуң узарсын!

Көч байсалдуу болсун!




Алдыңа кетейин!

Кудай кут кылсын!




Балекетиңди алайын!

Куш боо бек болсун!




Колкомду чабайын!

Согум чүйгүн болсун!




Мээнетиңди алайын!

Айт маарек болсун!




Оозуңа май!

Конуш жайлуу болсун!




Оозуңда бардыр!

Дасторконго береке берсин!




Өпкөмдү чабайын!

Үйүңдөн жакшылык кетпесин!




Садага болоюн!

Келин кут болсун!




Секет кетейин!

Тилегиң кабыл болсун! ж.б.




Теңир жалгасын ! ж.б.

Чындыгында мындай сөздөр тилибизде арбын. Алардын ар биринин айтыла турган орду, сыры бар. Алар улуттук каада-салт, үрп-адат, адеп-ахлак, диний ишенимдер менен байланышта каралат. 1980- жылы жарык көргөн «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгүнө» алкоо, каалоо-тилек айтууда колдонулуучу 40тан ашык фразеологизм кирген. Бирок алар тилибизде алда канча көп. Сөздүккө кирбей калган мындай фразеологизмдерди атайт. 2002-жылы жарык көргөн сөздүк менен салыштырылат.

Адамды жаман көргөндө, ага жамандык тилегенде айтылуучу да атайын сөздөр бар. Жогорудагы алкоо, тилек сөздөрү «бата» делсе, каргоо сөздөрү «каргыш» деп айтылат. Аларга: Балакет баскыр! Балакетимди ал! Баралыңа жетпегир! Барганыңдан келбегир! Башыңа көрүнгүр! Бири өлүп, бири калсын! Жаагың сыңгыр! Жаагыңа жылан уялагыр! Жаагыңа таш! Көзүң аккыр! Кудай урсун! Омурткан сыңгыр! Тилине тибиртке чыккыр! ж.б.у.с. фразеологизмдер кирет», - деп айрым фразеологизмдердин туюндурган маанисин чечмелеп, кандай кырдаалда айтылаары такталып, көркөм чыгармалардан мисалдар менен бекемделип, доклад жыйынтыкталат.

Ар бир докладчынын сөзүнөн кийин отурган «мугалимдер» суроолорун беришет, «окумуштуулар» аларга өз жоопторун айтышат.

Конференциянын аягында каалоочулар өз ойлору менен бөлүшүшөт. Мисалы: окулган докладчылардан алынган маалымат боюнча, же фразеологизмдерди мектепте окутуу боюнча ж.б. 50 мүнөткө өлчөнгөн сабактын бул бөлүмү жыйынтыкталгандан соң, студенттер карточкалар менен оозеки фразеологиялык талдоого машыгышып, өз алдынча иштөөлөрү текшерилип, билимдери бааланат.

Мына ушул сыяктуу интерактивдүү методдордун ыкмаларын колдонуу менен калган практикалык сабактардын варианттарын уюштурса болот. Мисалы: мээ чабуулу, сынчыл ойлом, тегерек стол, жарыш сөз, чакан топтогу талкуу ж.б.

С.И.Кисельгоф семинар сабактарын баалоонун төмөнкү критерийлерин сунуштайт:


  • Семинардын планы: жакшы; абдан көп суроолуу; суроолорду так берүү керек; профилдик дисциплина боюнча суроолорду көбүрөөк берүү;

  • Адабияттардын тизмеси: абдан көп; жаңы адабият аз; профилдик проблемалар боюнча адабияттарды кошуу;

  • Семинарды уюштуруу: так; баш-аламан; талкууга бүт убакыт кетти; көп убакыт текке кетти; окутуучу көп сүйлөйт;

  • Студенттер семинарда жазышабы: ар дайым, сейрек, жазышпайт.

  • Семинар өткөрүүнүн стили: жандуу; тез-тез курч суроолор коюлуп, талкуу болот; көңүлсүз; кызыктуу эмес; ойду жүгүртүүнү ойготпойт;

  • Окутуучунун жыйынтыгы: квалификациялуу; ишенимдүү; ишенимсиз; студенттин билимин байытпайт; студенттерде түшүнбөгөн суроолор көп; студенттер пассивдүү;

  • Окутуучунун студентке кылган мамилеси: абдан талап коёт, ченеми менен талап коёт; көңүл бурат; көңүл бурбайт;

  • Студенттин окутуучуга кылган мамилеси: сыйлайт; көңүл бурбайт; сынчыл [ 51,150-б.].

Семинардагы өзгөчө маанилүү жана башкы темалар «суроо-жооп» методу менен алмашпай өтүшү керек. Студенттин жооп берүүсү лекциядагы же окуу китебиндеги мазмунду жөнөкөй гана айтып берүү менен чектелбеши керек. Окуу куралы жетиштүү болсо, семинарда лекцияда өтүлгөн бардык темаларды сурай бербестен, лекцияда камтылбаган, үстүртөн айтылган, же студенттин өз алдынча алган билимдери боюнча темаларды талкууга алуу максатка ылайык.

Жыйынтыктап айтканда, фразеологизмдерди теориялык жана практикалык жактан үйрөтүүдө, X кылымдын белгилүү түрк философу Альфарабинин тил илими жөнүндөгү трактатындагы: «Тил жөнүндөгү илим негизинен эки бөлүктөн турат. Алардын биринчиси, тигил же бул элге тиешелүү сөздөрдү эске тутуу жана ал сөздөрдүн ар бири билдирген маанини билүү; экинчиси, ал сөздөрдү башкарган закондорду билүү» деген аныктамасын тилди үйрөтүп жаткан окутуучу да, тилди үйрөнүп жаткан студент да көңүл борборуна алганы туура.



2.2. Фразеологияны тереңдетип окутуу үчүн тандоо курс,

атайын семинарларды уюштуруу

ЖОЖдун окуу планына ылайык бөлүштүрүлгөн саат ичинде студенттерге кыргыз тилинин фразеологиясы боюнча эң негизги делген гана өзөк материалдарды окутууга убакыт жетет. Ал эми фразеологиянын бай материалдары менен студенттерди андан ары тааныштыруу үчүн курстук, дипломдук иштерди жаздыруудан тышкары атайын окуу планда көрсөтүлгөн тандоо курстарын, атайын семинарларды уюштурууга болот. Бул дисциплиналардын аты айтып тургандай, ЖОЖдордо мындай курстар бир нече болуп, студент өзү каалаганын тандап угууга укуктуу. Мындай курстарды төмөнкүдөй темаларда уюштурса болот:



  • Алкоо, каалоо-тилек жана каргоо иретинде колдонулуучу фразеологизмдер.

  • Адамдын оң жана терс сапаттарын туюндуруучу фразеологизмдер.

  • Адамдын дене мүчө аттары (соматизмдер) катышкан фразеологизмдер.

  • Кыргыз тилиндеги зоонимдер катышкан фразеологизмдер.

  • Сан атоочтор катышкан фразеологизмдер.

  • Орто мектептерде фразеологияны окутуунун методикасы.

  • Элдик оозеки чыгармаларда, акын-жазуучулардын чыгармаларында фразеологизмдердин колдонулушу.

  • Кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адатын туюндурган фразеологизмдердин пайда болуу тарыхынан ж.б.

1988-жылы изилдөөчү тарабынан жазылган жана корголгон 540503- «Кыргыз тилин окутуунун методикасы» адистиги боюнча квалификациялуу академиялык магистр даражасын изденип алуу диссертациясы «ХI класстарда фразеологияны окутуунун методикасы» деп аталат. Бул илимий иш төмөнкүдөй максат жана милдеттерди аркалаган:

  1. Кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин изилденишин жана аларды мектептерде окутуу тарыхын иликтөө;

  2. Учурда колдонулуп жаткан окуу программасына, окуу китебине ылайыктап, XI класста фразеологияны окутууга арналган сабактардын үлгүлөрүн иштеп чыгуу (көбүнчө стандарт эмес сабактарды).

  3. Мектепте фразеологияны окутууга кошумча каражат катары таблицаларды, кошумча көнүгүүлөрдү түзүү.

Бул илимий иш 2005-жылы 5 басма табак көлөмүндө жарык көрүп, орто мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдерине, ЖОЖдун студенттерине арналган.

Ушул темада кошумча адистиги «Кыргыз тили жана адабияты» болгон Педагогика жана психология факультетинин 5 - курсун сырттан окуган студенттерге атайын курс окудук жана бул теманын студенттер арасында кызыгууну туудурганы бизди кубандырды.

Атайын курс «XI класста кыргыз тилинин фразеологиясын орто мектептерде окутуу» деген темада 10 саат лекция, 8 саат практикалык сабак көлөмүндө окулду. Мазмуну:
1-лекция (1 саат)



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет