Арноолор
Түркмөнов Жийдебек Исмаилович
(Кетмен-Төбөнүн Торкен айылынан. Элетте жашап туруп, эң мыкты иштерди баштап жана улантып жатат.)
Оонаган суудай сайдагы,
Оодарган эсти салмагы.
Замандын кирип келгенин,
Адамдар талдай албады…
Торолду таап өз жолун,
Торкендин мыкты балдары.
Чарбаны чачып бөлүшүп,
Чатакты салып көрүшүп.
Аз-аздан басып демдерин,
Акылга кайра келишип.
Балдары кармап тизгинди,
Чалдары калды көнүшүп.
Сүйлөбөй сөздүн узунун,
Иш кылып, күтпөй учурун.
Так иштей турган сааттай,
Тармактын түзүп тутумун.
Жийдебек базар-замандын,
Жиликтен чакты чучугун.
Мал кармап тоону жайлаган,
Даны бар түзгө айдаган.
Ак сарай толгон үй-мүлкүн,
Алганы Сайра кармаган.
Өзгөчө ишке сыймыктуу,
Өмүрүн, күчүн арнаган.
Казылган жерин түздөтүп,
Камдалгандарын жүктөтүп.
Кут болгон Кетмен-Төбөгө,
Туз кенин турат иштетип.
Сырдуу да, ыйык Шамшы-Ата,
Сыйынган келет издешип.
Арка бел тутуп элиңди,
Ачып кой көлдөй пейилди.
Сый көрүп ага-туугандан,
Сыйлай жүр теңтуш, теңиңди.
Түгөнгүс байлык колуңда,
Түбөлүк иштет кениңди!
Агат сөз балдай тилимден,
Арнадым чыны дилимден!
Жарыя кылам эл-журтка,
Жардам көп тийди инимден.
Таптаса торкендиктерим,
Тайтору болом жүгүргөн!
Сатаров Максат Жүрөрович
(Торкен айылынан чыккан безнесмен.)
Апамдын кармап этегин,
Атамдын минген эшегин.
Тайке дей албай, тай деген,
Тилиңден секет кетейин.
Бала элең зирек акылы,
Басты азыр бубак чачыңы.
Көкжалы болдуң бизнестин,
Көтөргөн бийик башыңы.
Бишкекте кыргыз каймагы,
Бизнесте «Крутой» байлары.
«Марафон-кайыр» сурашып,
Манаптар көрөт пайданы.
Коңгуроону улам кагышаар,
Коконго качсаң да табышаар.
Токомдун улуу тоюнда,
Карызындай доолап алышаар.
Токомдун козгоор арбагын,
Топтомун ырдын камдадым.
Тай-тайлап сени чоңойткон,
Тайкеңе барбы жардамың?
Лимонду таштаар далай эр,
Лимонад ичип тараар эл.
Тойлотпой «кайырчыларды»,
Токомо жазган мага бер!
Таймыр Орозов
(Кетмен-Төбө элинин бараандуу жигиттеринин бири. «Шамшыкал-Ата» коомунун президенти.)
Кайрымдуулук ишин колго алган дешет,
Кайрылганга берип турат жардам деп.
Жомок кылган бул турмушту калеми,
Жора жигит жобуратып салган кеп.
«Шамшыкал-Ата» коомун башкарып,
Талабына заман-күндүн такшалып.
Так талашка, бак талашка кошулбай,
Таймыр мырза жүрөт ишин аткарып.
Ким билиптир байлык менен айлыгын,
Камын көрсө бей-бечера жардынын.
Көсөм киши Чилдебайдай улукман,
Көкжал кылып өстүргөндүр Таймырын.
Мезгил менен тең шилтенбей кадамы,
Мээнет тартып, көп кыйналат чабалы.
Эмкилерден Таймырга окшош аз эле,
Элдин, журттун болуп берчү таягы.
Эрдик сезген элден алдап алганын,
Эмне дейбиз кызматчысын, байларын?
Таймыр кийген батинкеге тең эмес,
Таразага коюп көрсөк салмагын.
Барманов Токтосун
(Токтогулдун акими. Тургунбек деген агасы менен курдаш-сырдаш элек. Агасы азыр арабызда жок. Айла жок. Ага катары, акын катары, чын дилимден жакшы тилегимди ыр менен айтайын.)
Тургунбектей эле агаңмын,
Туура сөз айткан адаммын.
Эстүүсүң, эки ооз кебим ук,
Эстей жүр өлсөм, каралдым.
Акимсиң Кетмен-Төбөгө,
Ак булут конду төбөңө.
Элге ата, журтка туткасың,
Пенде эмес жүргөн жөн эле.
Көсөмдөр калат тарыхта,
Көпөстөр чирийт табытта.
Кем акыл болот чайкоочу,
Кеменгер карайт алыска.
Чоркоктун жетпейт акылы,
Коркоктун болбойт жазыгы.
Кошомат кылган бүжүрөп,
Кол салат сага акыры.
Акылман болот сабырдуу,
Акмактар салат чагымды.
Адам жок өтпөс дүйнөдөн,
Атын иш кылат дайындуу.
Душманың угуп суктансын,
Тууган эл көрүп шыктансын.
Токтосун аким баштаган,
Токтобой турган иш калсын!
Ырыскелди иниме
(Кызматы, айлыгы, байлыгы деле бар. Башкалардан айырмасы – чыныгы кыргыз жигити.)
Ырыскелди, ыйлап келдим алдыңа,
Ыр жазчу чал айланды асан-кайгыга.
Ылайланып дили, жаны кыргыздын,
Ырды койчу, сөз түшүнбөй калды да.
Разаковдой көсөм келбес кайрадан,
Рыспайдай булбул чыкпас сайраган.
Раатбектей сырттандарын өлтүрүп,
Рыспегин кыргыз өзү жайлаган.
Ырас, сен да чыгаандардын бирисиң,
Ыйлабастан күрөшкөнсүң тил үчүн.
Ызылдаган аары болуп чага албай,
Ыр ордуна кошок жазам күнү-түн.
Сага келдим түгөнгөндө бүт аргам,
Сага деле айтып түгөл бүтө албайм.
Сөксөң дагы уялбаган бийлерден,
Сөздү барктаар чыгат ко деп күтө албайм.
Кыргыз эли корккон эмес кылычтан,
Кыйындары сөздөн корккон сыныштан.
Кайрап турса намыстууну Улуу сөз,
Кабылан, Шер улам чыкмак улуттан.
Эр жигиттин бири сенсиң Эл деген,
Эл ичинде жүдөп какап мен келем.
Эрмек болоор журтка ырларым жетпесе,
Эртең эле өлө турган өңдөнөм.
Лириканы Байдыкемче жазбадым,
«Литр» жактан Мидикемен ашкамын.
Лимонаддай чалап болуп заман күн,
«Ликбезди» анан саясаттан баштадым.
Депутатпы, байбы же алып-сатарбы,
Деле бирөө өлтүргөн жок атамды.
Дердейишип, элге жакпас иш кылса,
Демек акең, жазып коёт жазарды.
Ичим жылыйт окугандар күлүшсө,
Ичимден мен жарадым дейм бир ишке.
Издегендер «Чыр дептерди» толтура,
Иним болсоң бастырып бер жигитче!
Осмонбек Артыкбаев иниме
Оонап суудай кел-кел келсе эл-жерге,
Оомал төкмөл дөөлөт келет эрлерге.
Озунгандар, жутунгандар кур калып,
Ошондо да Кудай берет бергенге.
Сапар жолу чиеленет адамдын,
Сага сөзүм өтөт деген агаңмын.
Сапырылып мезгил менен мен кетсем,
Сары кагазды сактай жүргүн, каралдым.
Мекенбиз Кетмен-Төбө кең өрөөн,
Мекендеген элге-журтка тең өрөөн.
Меккеден да өсүп-өнгөн жер ыйык,
Мээримине ата-энедей бөлөгөн.
Ошол эл деп сен турасың тигиңен,
От чыккандын бири менмин тилинен.
Ортобузда Шамшы-Атанын тузундай,
Ойго салаар собол таштайм дилимен.
Нарк-насилдүү, салт сыйлаган эл элек,
Нааданчылык кирди бүгүн тебелеп.
Наалый бербей ойготолу кыргызды,
Намыстуулар калды беле бизде? - деп.
Бириктирип элин Кетмен-Төбөнүн,
Бир билектен чыккан күчкө теңедиң.
Билермандар карап калды оозуңду,
Бийликти эмес, хандай сыйлайт сени элиң!
Эл жасабайт буйрук менен жумушту,
Элге керек башын кошкон уютку.
Ээлегендер эрте “цивил” болсок деп,
Эзип салды курутка окшош улутту.
Каада-салтын калтыра элек унутка,
Кайнап турган Манас күчү Рухта.
Кетмен-Төбө биримдиги элиңдин,
Керек болсо үлгү болот улутка.
Нурканбек Момуналиев иниме
Нурга окшоп сезим жибиткен,
Нускалуу сөздү иликтейм.
Нук салаар жаңы доорго,
Нурсултан болчу жигит сен!
Уңгулуу сөздүн учу арман,
Улутуң баспай тушалган.
Унчукпай жүрүп биз өтсөк,
Урпактын татаар тузу арман.
Рыспайларың басынды,
Раатбектериң атылды.
Разаковдун да насааты,
Расмий тилде жазылды.
Кылычтын баскан мизинен,
Кызматтын ишин түшүнөм.
Кыйналды ушул жигит деп,
Кыйналам мен да ичимен.
Алтындай иним экөөбүз,
Ага-ини бойдон өтөбүз.
Ак калпак элдин сыйына,
Ак эмгек менен жетебиз.
Нугунан сууну сел бурат,
Нускага төшөйт эл кулак.
Нурканды жалгыз мен эмес,
Нурканды эл журт бел кылат!
Абдылда Исраилов иниме
Абдылда иним, айтам сага эмнени?
Акын дешип айткан менен эл мени.
Анча-мынча атым журтка чыкпаса,
Агаң ырдан анча пайда көрбөдү.
Барга, жокко бала күндөн кайылмын,
Байыганда эл-журт, мен да байырмын.
Багып келген абалтадан акынын,
Балдары эле өнүп-өскөн айылдын.
Дарбыса да туурап жашап башканы,
Дале элимдин салт-санаасы сакталуу.
Даанышмандар тушка болсо кыргызча,
Дастан болот акындардын жазганы.
Ыр жазбадым «Чырды» жаздым эмнеге,
Ыйлап келем, ыйлап келет эл деле.
Ыркты бузган бийлик, байлык талашы,
Ырастыгын өзүң, көзүң көрдү эле.
Лира…Муза… гармония дешчү эле…
Лириктерди ыйыктардай сезчү эле…
Ленин ата курган заман эскирип,
«Ликвидатор» болуп чыкты текши эле.
Доор заман бир заматта өзгөрдү,
«Дордой базар» ойлонткон жок көчмөндү.
Дөөрүп калган сөзүн сүйлөп батыштын,
«Дөөлөр», «Шаалар» түбүнө элдин жетпейби?
Ачалбадым анык жүзүн замандын,
Акын болгон менен бирок чабалмын.
Алтымыштын келип турам бешине,
Абалына көз сала жүр агаңдын.
Шабданов Үсөнкул Турдукулович
(Абды Сүйөркуловдун 100 жылдыгында жазылган.)
Зардеси күчтүү жаштардан,
Замана-күнгө такшалган.
Кетмен-Төбө саягын,
Керимбайдай башкарган.
Туулган жердин балдары,
Туу кылып сени кармады.
Шабдандан бүгүн кем эмес,
Шабдановдун салмагы.
Бир элдин намыс-ары сен,
Бир элдин беги, ханы сен,
Абды атанын 100 жылдык,
Тоюнун ээси дагы сен.
Кеменгер Абды атанын,
Кең жайдым элге атагын.
Өнөрүм экен тилимде,
Өлбөсөм дагы жазамын.
Атадан уулга айтылаар,
Абалтан кыргыз салты бар.
Жээни мен болсо Абдынын,
Жээн табак балким тартылаар.
Шаардын башка шарданы,
Шартымды билбейт балдары.
Заманды көрүп турасың,
Зарылда тийбейт жардамы.
Убарамын саясатты ырдап,
Учур жөн ырды жаздырбайт.
Ак үйгө кирип чыккандар,
Анчалык мени жактырбайт.
Бир чети улуу агамын,
Бир чети сага тагамын.
Шабдандай болсоң Үсөнкул,
Шартыма менин карагын.
Жээн деп тартсаң табагың,
Жеп кетет көптөп карагым.
Өзгөнү кылбай теңшерик,
Өзүң тап Үсөн амалын.
Ыр жазам акын катары,
Агарган чалмын сакалы.
Абдынын улуу тоюнда,
Алып кал Үсөн батаны.
Чормошов Токтомурат
(Кыргызпочтасынын Токтогулдагы бөлүмүнүн жетекчиси.)
Кең өрөөн Кетмен-Төбөдө,
Кеменгер, көсөм көп эле.
Кыйкырып төшүн какпастан,
Кызматын кылат жөн эле.
Көп ишке жеткен кубаты,
Көргөн эл болгон ыраазы.
Чойгондун бири тизгинди,
Чормуштун Токтомураты.
Тапшырган ишти аткарып,
Таштак жол баскан такшалып.
Шаардын эли ишенип,
Шаарды да жүргөн башкарып.
Кыйын деп өзүн санабай,
Кыялы, пейли баладай.
Кызматы “Кыргызпочтанын”,
Кыргызга керек абадай.
Чайпалса заман табар жол,
Чайпалбай турган адам бол!
Токтогулдук эл менен,
Токтомат жигит аман бол.
Токтосунга жабык кат
(Инимдей эркелетип, агасындай эркелеп дегендей тамаша.)
Той өтөт Кетмен-Төбөдө,
Той эмес бул бир жөн эле.
Дүңгүрөйт тили тектеш эл,
Дүйнөлүк ишке тең эле.
Колго алса ишти балдары,
Козголот элдин калганы.
Тоо, тоого шаңы жаңырып,
Токомдун өтөт майрамы.
Агып эл барып жүдөтөөр,
Айлаңды алты түгөтөөр.
«Аш берген киши айыпкер»,
«Токо, той берген киши күнөкөөр».
Сурамчы барбайт жол-жолдон,
Сугалак барат чоңдордон.
Тапанча сунсаң тоготпос,
«Таңкалар» барат борбордон.
Жез таңдай барат акындар,
Желпинген барат катындар.
Салпактап ээрчип мен барам,
«Саяковский» деген атым бар.
Эси жок мендей агаңын,
Эрте айткан уккун саламын.
Алтымыш бешке нак чыгып,
Алдыңа Токо барамын.
Кат жаздым иним жашыруун,
Кайтаргын жообун акырын.
Абалтан эле кыргыздар,
Асырап келген акынын.
Ак үйгө агаң «чыр» жазса,
Акимдин жолу бир башка.
Атайын сага баратам,
Абалың барбы сыйлашка?
Кыйраткан акын бекемин,
Кыйнабайм секет кетейин.
Коё бер чалга мингизип,
Корголдун айгыр эшегин.
Көпкөндөр бүгүн жардыга,
Көңүлүн бурбай калды да.
Айкыртып минип эшекти,
Ак үйдүн чыгам алдына.
Тааныган эл-журт укпасын,
Табалап душман чыкпасын.
Токутуп чомун кошо бер,
Тоңкойтуп чалды жыкпасын.
Кат жаздым Токо эркелеп,
Кантсе да жообун эртелет.
Камданам анда башкача,
Калбайын кокус темселеп.
Сулайманов Жора
(Чыгаан журналист, мээлеп туруп мелжеген жерине гана атат. Ошондуктан чыр-чатактан алыс, калыс.)
Жок замандын жол жобосу учурда,
Жорулардын, бөрүлөрдүн тушунда.
Жомок болот жоруктары «лөктөрдүн»,
Жорабыздын калеминин учунда.
Оттой бербейт оозуна эле келгенин,
Он жолу элейт уккан менен көргөнүн.
Оосуртарга көзү толук жеткенде,
Оң жамбашка анан чабат келгенин.
Романтик эмес Жокем ашыкча,
Реалдуу жашоо турмуш ачык да.
Раатбекти жоктоп жүрөт эл менен,
Рыспекти бүтпөй жүрөт жазып да.
Акча чечип калган кезде маселе,
Абийирдүү адам калат тура аз эле.
Ачык жазсак, ак сүйлөсөк Жорадай,
Анда кыргыз оңолчудай бат эле.
Амангелдиге
Алыс кетип, сапар жолун карыткан,
Аман келген окшойт бирөө алыстан.
Анан жатса кудай берип бир перзент,
Амангелди – ысмын берип салышкан.
Жибек эжем көп баланы төрөдү,
Билип, билбейт мени сенден бөлөгү.
Өспөгөн соң өрүлүп бир өзөктө.
Өкүнгөндүн барбы бүгүн кереги...
Жатындаш да, катышпаса алыстайт,
Жашоо кызык. Адам өзү – табышмак.
Жаңы, дили, пейли туура келбесе,
Жамап, көктөп, желимдесең жабышпайт.
Бир болсо да, эне менен атасы,
Бөлөк жаны, бөлөктөрдүн жакасы.
Бөлөк көрөт Бакыт, Таалай дегенди,
Бөлөк тартаар кайгы менен капасы.
Жараша го келген заман, дооруна,
Жарашабы аралашкан коомуна.
Керез, Мурас, Ата Салты унтулуп,
Мерес кыргыз, боорум дебей бооруна.
Сени көрсөм, көрүнгөнсүйт элеси,
Аскарбектин калтырган сен – керээзи.
Топту жарып дале жездем жүргөнсүйт,
Топуракта жаткан менен денеси.
Көрүп калсам Нуриякан, Сайраны,
Көрүнгөнсүйт Жибек эжем жайдары.
Муңайтканын, кубантканын билбеген,
Мурас мага эжекемдин балдары.
Ойлой берсем... Ойлой берсем, ой туман,
Ойлонгондой эмес турмуш болчудан.
Оонагансып жүлүнүмдө заман-күн,
Оор жүктү көтөрө албай олтурам.
Билем сени чукугандай сөз тапкан,
Бирок, барктап болгон жоксуң сөз баккан.
“Чымын” деле мага сокур конуптур,
”Чыр дептерим” огороддой чөп баскан.
...деген сапка чекит коё электе,
Деги эле сен чалчу эмессиң бөлөктө..
Телефонду шыңгыратып турушуң,
Ой артынан, ойду салды бөлөкчө.
Жеткенге окшоп дилимдеги чакырык,
Кетти менин жан дүйнөмдү сапырып.
Ичип жаткан чайым колдон төгүлүп,
Тизип жаткан ырлар кетти чачылып.
Улай албайм эми муну кыйналып,
Учур келээр бирге эстээрбиз жылмайып.
Сени мага, мени сага эстетип,
Сезимдерге сезилбеген нур жагып.
Тазабек Бөкөшовко
Тагдырым тааныш кылган далай менен,
Тамаша, күлкү сунам аларга мен.
Тартуу кылып турамын ыр дестени,
Тазабек, Гүлшайырга жагар деген.
Ааламда Күн көлкүлдөйт нурга балкып,
Адамдын эт жүрөгү ырга балкыйт.
Анан да Токтогулдук деген эл бар,
Аларга эч нерсе жок ырдан артык.
Залимдери эзип турса чабалын,
Залкар Током ырдаптыр “Беш каманын”.
Зайыптарча иш кыла албас бийлиги,
Заман күнгө мен да сереп саламын.
Адал жеген ак эмгектен тапканын,
Адамдарды Тазабектей мактайын.
Акындардын ырын барктайт, түшүнөт,
Алар менин ырдай берчү дастаным.
Бийик сүйлөп, майда иштерге жүгүрбөй,
Бийликтеги маймылдарга жүгүнбөй.
Бийиктиги Тазабектин даңаза,
Бир тармакты так көтөргөн ийилбей.
Эч сөз кылбайт Афган чөлүн басканын,
Эч кимге айтпай орден, медаль такканын.
Эмне гана жасатпады замана,
Элге гана жасап келет жакканын.
Көөдүл... Ничке ... балалыгы.. Жаштыгы...
Көлдөй толкуйт көкүрөктүн ташкыны....
Кубанычы, кайгысы бир эл менен,
Кудай кошкон жары менен бактылуу.
Тазабекти эл тааныйт
Эр жигиттин унутулбай эрдиги,
Элге-журтка болуш керек белгилүү.
Тарых болоор, сабак болоор жаштарга,
Тазабектин көтөргөнү – эл жүгү.
“Союз” деген бар эле го, тарады...
Сом темирдей жигит кылган баланы.
Окшош болчу ой-тилектер, максаттар,
Окшош болгон өмүрлөрдүн баяны.
Турмуш деген салат тура жарышка,
Туулгандар чуркайт экен намыска.
Канды кечип Оогандагы согуштан,
Канат керди улам жаңы багытка.
Салам айтпай, кыргыз сурайт “мал-жанын”,
Санап жакын көңүлүнө мал жагын.
Мал эле эмес, болуп чыкты көсөмү,
Мамлекет күткөн айыл-чарбанын.
Максат дебей – убактылуу мансапты,
Мал дарысын маанилүү деп таркатты.
Аласалган, оодарылган заманда,
Ар бир иши эл ишине айкашты.
Эли таанып эмгегинен билишкен,
Аты таза, пейли таза жигиттен.
Аралашкан, теңтайлашкан досу көп,
Ала-Белдей аброю бийиктен.
Гүлшайыр
Гүл дешет адам көңүлүн,
Гүл берген сага Теңирим.
Гүлбурак кезде жолугуп,
Гүлшайыр кошкон өмүрүң.
Үйүңдүн алды гулкайыр,
Үйүңдүн куту Гүлшайыр.
Үлпөт, той өтүп үзүлбөй,
Үн кошуп турсун бир сап ыр.
Лола дейт гүлдүн назигин,
Лаал дейт таштын асылын.
Лирика ыры жаштыктын,
Лирик дейт биздей акынын.
Шар аккан суудай бийиктен,
Шар чечкен ишти жигит сен.
Шатыра шатман жашай бер,
Шайырың менен күлүп тең.
Ааламды байка сырынан,
Акылдын өткөз сынынан.
Адамдын мыкты болмогу,
Аялдын мыктылыгынан.
Ишиңде бирге өнөгүң,
Илимден алган өнөрүн.
Илимпоз келин Гүлшайыр,
Ишенген таяк, жөлөгүң!
Ыр жазсын мендей акындар,
Ырдашсын сендей асылдар.
Ырыска шерик болушат.
Ынтымак курса жакындар.
Рух бар күчтүү келинде,
Рахмат айткын Теңирге.
Роза гүлдөй алганың,
Рахат бүтпөс өмүрдө.
Асанкалыйга
Жер таппай коёр жанымды,
Же жан жок сураар алымды.
Бук болгон чакта издеймин,
Буулукан Асанкалыйды.
Эңсеген күнү айылды,
Эстесем бала чагымды.
Обонун созгон ал жерде,
Ойлоном Асанкалыйды.
Дабасы болгон жанымдын.
Абасына окшош Арымдын,
Кыялын козгойт акындын,
Кыягы Асанкалыйдын.
Музыкаң болуп чыгабы,
Муз-Төрдүн тунук булагы.
Кылымдап Асан ырдаса,
Кыргыздын канбас кумары.
Унутпайт кыргыз көп элиң,
Урмат сый билбейт ченемин.
Шаңшыган сенсиң бүркүтү,
Шамшыкал, Кетмен-Төбөнүн.
Ырларың нурдай себилген,
Ыргагын, уксам жеңилдейм,
Өзүңдү көрүп, билгендер,
Өттү деп айтпайт өмүрдөн.
Темирлан Сманбековко
Кадырын сөздүн билбеген,
Кайрылат элем кимге мен?
Ак калпак элге сенин да,
Атагың чыккан тил менен.
Түшүнбөс, көрбөс тереңди,
Түркөйгө сырды төгөмбү?
Сасыган байлар чечпести,
Залкарлар чечет сен өңдүү.
Өнөргө элим бөлөгөн,
Өскөнбүз Кетмен-Төбөдөн.
Ала-Белге окшош бийик сен,
Ак булут кетпес төбөңөн.
Теңирим ырга бөлөгөн,
Тегибиз Кетмен-Төбөдөн.
Бириндеп жүрөт таланттар,
Бирин жок бири жөлөгөн.
Кайнаган ыры шакардай,
Кадырбек келет жаза албай.
Коркомун өтүп кетем деп,
Кор болуп Коргол атамдай.
Өтүптүр Кокем кыйналып,
Өлгөндөн кийин сыйладык.
Түркөйлөр сабак албаптыр,
Түшүнгөн күлөт жылмайып.
Токомду быйыл эстейбиз,
Токомдун күчү сөз дейбиз.
Атасы сөздүн өлгөнүн,
Ак калпак кыргыз сезбейбиз.
Барктаган сөздү “ити” жок,
Баркы жок сөздүн күчү жок.
Сөз баккандарга бийликтен,
Көз салып койгон киши жок.
Абдылда Иманкуловко
Санабайт эч ким жашыңды,
Карабайт буурул чачыңды.
Ак калпак кыргыз бүт сыйлайт,
Абдылда куудул атыңды.
Чоңконун сөзүн саласың,
Чоңдорду чымчып аласың.
Элүүгө чыксаң өз эркиң,
Сен, эл үчүн эрке баласың.
Кытыгылаган сезимди,
Кыргыз эл баалайт сөзүңдү.
Жактырат далай келиндер,
Жамбылга жаккан бетиңди.
Ар бир жан кылат өз ишин,
Абдылда туулган сөз үчүн.
Сүймөнкул кыргыз өңү эле,
Сен эми, кыргыз бетисиң.
Эмгегиң журтка сингенди,
Эл билген чоңдор билбейби?
Баркына жетпей салтынын,
Батыштын бийин бийлейби?
Сатылып калды аба да,
Сандалтты элди замана.
Бети жок кыргыз бектери,
Бетиңден кетсин садага.
Рахман Разыков
(Куудул, акын, ишмер десең ишмер, ишкер десе ишкер.)
Куудул болсоң, куудулдугуң өнөрүң,
Куулук шумдук оюңда жок эгерим.
Турмушумда көргөндөрүм саналуу,
Кыргызымда сендей терең, кененин.
Артистигиң кылган ишиң, кесибиң,
Адам сенсиң бири дечү экинин.
Маарагандар, мөөрөгөндөр бийликте,
Маанисине мээси жетпейт сөзүңүн.
Көп «Мыктар» бар, көтөрчүдөй асманды,
Көтөргөн жок бирөө сенче жаштарды.
Өлсө дагы ойлоп койбойт эл-журтту,
Өз балдарын өнөр көрөт бакканды.
Аралаштың жакшы менен жаманга,
Акыл калчап адамга да, заманга.
Азыр сени ким түшүнөт… түшүнбөйт…
Акыр түбү баары келет саламга.
Атың куудул, акындыгың билинбей,
Актай калат кагаздарың чийилбей.
Кыргыздарга таанылуучу күн келет,
Кышкы алманын көп сакталчу түрүндөй.
Айбек Карымов
(Концертинде окулган.)
Айбегимдин кыңылдаймын обонун,
Арбыйт жолум, арбыйт ырым жомогум.
Эски кыргыз, жаңы кыргыз дегендин,
Эң эскиси, жыртыгынан боломун.
Агарууда чачым менен сакалым,
Азаюуда тели-тентуш, катарым.
Алымсынбай алтымыш жаш дегенге,
Алысындай дале келет жашагым.
Кышкы алмадай, боз кыроодо жетилип,
Кырчын кезде көп кетирдим чекилик....
Убагында Чолпон болуп жанып кал,
Улгайганда калба мендей өкүнүп.
Талант жүгүн көтөрө албайт каргалар,
Таңгак, таңгак акча жыйнайт майдалар.
Асанкалый, Рыспайлар издеген,
Аруу, таза ыргактарды тандап ал.
Өнөргө эч ким бере албайт да ченем, баа,
Өстү бирок, “Шоу бизнес” деген да.
Ырдай берсең келинчегиң таарынбас,
Балтанын кызы, Байзактын кызы менен да!
2 -
Тон жапсам болмок жонуңа,
Сом берсем болмок колуңа.
Айтчудай болуп саламды,
Айбектин келдим тоюна.
Тон жапсам кымбат, жыртылат.
Сом берсем деле унтулат.
Жүдөгөн мендей агасы,
Жүрөктөн чыккан ыр сунат.
Уулусуң Кетмен-Төбөнүн,
Уулумдай жакшы көрөмүн,
Оболой берсин обонуң,
Өркүндөй берсин өнөрүң.
Ырдаган ырда сен элге,
Ыргагы жатат тереңде.
Кыргыздын козгойт жүрөгүн,
Кымыз жыттуу ошол көрөңгө.
Жаңы ырды издейт кыялың,
Жан дилим менен туямын.
Эл журтуң тосуп, сыйлаган.
Эрмеги болгун ылайым.
Достарыңызбен бөлісу: |