НЕГИЗГИ МААЛЫМАТ
Жалпы маалымат
Кара-Таш айылдык округунун экономикалык өнүгүү стратегиялык планы негизги стратегиялык документ болуп эсептелет. Онугуунун экономикалык стратегиялык планын тузуу,анын миссиясы жанан келечекти коро билуусун аныктоо,жергиликтуу оз алдынча башкаруу органына онугуунун максаттарын жанан милдеттерин ишке ашырууга комоктошот. Процессти алып барыш үчүн бир нече органдар түзүлгөн, алар: уюштуруу комитети, анын ролу башкаруу; стратегиялык пландаштыруу комитети, ал айыл өкмөттүн өкүлдөрүнөн жана атуулдардан турат; жана секретариат, ал процесске уюштуруучулук жана камсыздоо жагынан колдоо көрсөтөт.
Страгиялык план боюнча тажрыйба жана планды жаңылатууга себеп
Кара-Таш айылдык округунун пландаштыруу процессин баштоого чечим чыгарды, анын максаты стратегиялык планды жаңыртуу. Эски план көбүнчө инфраструктура менен байланышкан маселелерге көңүл буруп келген болсо, жаңыланган стратегиялык план жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө көбүрөөк көңүл бурат.
Кара-Таш айыл округу стратегиялык планды иштеп чыгаруу тажрыйбасы менен жана көбүнчө долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу менен жаңы экономикалык өнүгүү стратегиялык планын иштеп чыгарууга даяр.
Методология
Бул стратегия эски стратегияны жаңыртуу деп эсептелгени менен анын мазмуну жана структурасы такыр башкача. Бул стратегия жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө көңүл бурат, ал болсо өз учурунда жергиликтүү коомчулуктун байлыгын көбөйтүүнүн кыймылдаткычы болуп эсептелет. Өнүгүүгө макроэкономикалык шарттар гана эмес, андан тышкары жергиликтүү шарттар да таасир этет. Стратегия жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары таасир эте ала турган гана шарттарга көңүл бурат.
Методдун дагы бир маанилүү элементи болуп ар түрдүү багыттарды кеңири талдоого алган жана SWOT түрүндө жалпыланган терең анализ саналат. Бул анализ бизнес суракты жана атуулдардын сурагын да камтыйт. Ошентип, катышуучулар ар бир ойду SWOT аркылуу өткөзүшөт. SWOT критикалык маселелерди аныктоодо колдонулат, анын ичинен статегиялык маселелер аныкталат. Ар бир стратегиялык маселе бир конкреттүү долбоор менен коштолот, ал долбоор стратегиялык маселени чечкенге багытталат. Стратегия ченелген эле стратегиялык максаттарды жана иш-чараларды гана камтыйт, бул да методдун маанилүү элементи.
Процесс коомчулукка жана анын ар кандай мүчөлөрүнө (экономиканын өсүшүнө кызыккандар) таянат. Бул адамдардын баары стратегиялык пландаштыруу комитетине мүчө болуп стратегияны биргеликте иштеп чыгарууга чакырылган. Процесс бир нече этаптан турат, ошол эле убакта ар бир этап бир нече семинарды жана кошумча жолугушууларды камтыйт. Баардыгы болуп бир күндүк 5 семинар өткөрүлдү. Мындан сырткары стратегиялык пландаштыруу комитети менен көптөгөн жолугушуулар да болду.
Биринчи этап мурунку стратегиялык планга баа берүү болду, баа берүү жыйынтыктары жаңы стратегияга чоң салымын кошту. Стратегиялык планга баа берүү көп элементтерди карап чыкты, элестен баштап миссияга, стратегиялык максаттарга жана долбоорлорго чейин. Жаңы элементтер методологияда ар бир элементти ар кандай өлчөмдөргө бөлүп баа берди, баа берүүнү көрсөткүчтөр менен коштоду. Биринчи этаптын акыркы жыйынтыгы болуп мурунку иштелип чыккан стратегиялык планга баа берүү отчету болду.
Отчет Кара-Таш айылдык кеңеши тарабынан каралып бекитилди жана брошюра түрүндө элге таратылды (500 кишиге). Брошюрада атуулдар сурагы дагы кошулуп, ал сурак аркылуу индивидуалдык өнүгүү жана инфраструктура долбоорлорунун приоритеттери боюнча элдин пикири суралды. Сурактын жыйынтыгы жаңы стратегияны иштеп чыгарууга чоң салым кылды.
Экинчи этап бул жаңы стратегиялык планды иштеп чыгаруу болду. Мурунку план социалдык жана техникалык инфраструктурага көңүл бурса, жаңы план жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө жана аны ишке ашырууга керектүү болгон долбоорлорго чоң көңүл бурат. Бул этап бир нече анализдерден жана отчеттордон турат. Негизги отчет экономикалык жана социалдык абалга байланыштуу бир нече багыттарды камтыды: жалпы маалымат, коомчулук, экономика, муниципалдык менчик, социалдык жана техникалык инфраструктура, кызматтар жана башкалар. Булардын арасынан эки багыт деталдуу каралды, анткени алар жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн чоң мааниге ээ: жергиликтүү бюджет жана муниципалдык менчик. Андан тышкары тышкы чөйрөдөн келе турган мүмкүнчүлүктөр жана коркунучтар каралды. Өзгөчө, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө ылайыктуу шарттар терең анализденди. Алар жеке ишкерлердин арасындагы өткөрүлгөн бизнес сурак аркылуу аныкталды. Ушул отчеттун баары SWOT анализинен өткөрүлдү.
Мындан соң SWOT анализине таянып критикалык маселелер тандалды. Критикалык маселелердин арасынан стратегиялык маселелер тандалды. Стратегиялык маселелер жергиликтүү экономикалык өнүгүүнү оптималдуу түрдө ишке ашырууга жардам кылат (экономикалык өнүгүү элдердин жашоосунун жакшыртуусу болуп саналды). Экинчи этаптын акырында стратегиялык маселелерди чечүүгө эң оптималдуу иш-чараларды аныктоо болду. Иш-чаралар долбоорлорго айландырылды.
Үчүнчү этап жаңы стратегиядагы коюлган максаттарды ишке ашыруу системасын түзүү болуп эсептелет. Уюштуруу комитети жергиликтүү экономикалык өнүгүү боюнча башкаруу функцияларын анализдеди жана ар кандай жолдорду караштырды. Анализге таянып система түзүлдү. Система айылдык кеңеш тарабынан бекитилген негизги документ болуп эсептелет.
Улуттук Өнүгүү Стратегиясы менен шайкештик
Стратегияны жаңылоо ыкмасы иштелип чыгып жатканда жашоо шарттын сапатын жогорулатуунун эң эффективдүү жолу экономикалык өнүгүү аркылуу ишке ашат деген болжол болгон. Ошондуктан стратегия жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө өбөлгө боло турган шарттарды түзүүгө көңүл бурат.
Биздин стратегия менен бир убакта 2017-жылга чейин Өлкөнүн өнүгүү стратегиясы иштелип чыкты. Улуттук стратегия жалпыга маалым болгондон кийин анда сунушталган ыкма биздин стратегияга шайкеш болуп чыкты – экономикалык өнүгүүнү колдоо менен жашоо шартты жакшыртуу. Буга кошумча, улуттук стратегия жергиликтүү потенциалдын маанилүү экенин белгилейт.
Ошентип, бул стратегия Өлкөнүн өнүгүү стратегиясына толугу менен шайкеш келет, анткени ал дагы экономиканы өнүктүрүү маселелерин камтыйт жана жергиликтүү экомикалык өнүгүүнү башкаруу жана колдоо үчүн жергиликтүү потенциалды түзгөнгө өбөлгө болот.
Дүйнөлүк Банктын айыл чарба боюнча Отчетунун (2007) тезистери менен шайкештик
Дүйнөлүк Банктын «Айыл чарба Борбордук Азиянын келечектеги өнүгүүсү үчүн» Отчету (2007) айыл чарбасына багытталган өнүгүү үчүн маанилүү бир нече маселени көтөрүп чыкты. Жалпысынан, Отчет белгилегендей, айыл чарба секторундагы өнүгүү мамлекетте жакырчылыкты кыскартуунун эң эффективдүү механизми болуп эсептелет. Отчетто айыл чарбаны өнүктүрүү үчүн бир нече мүмкүнчүлүк бар экендиги белгиленет, алар: демилгелер, рыноктор, жана инновациялар.
Демилге боюнча, Отчет көбүнесе мамлекеттик программаларга кайрылат. Бирден бир маанилүү сабак – айыл чарбаны колдоого багытталган каражаттар ага субсидияларды бербестен, тескерисинче ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү болуп саналат. Жергиликтүү деңгээлде айылды инвестициялоо, менчикке укук, коомдук кызматтарга инвестициялоо үчүн жакшы чөйрөнү түзүү эсептелет.
Рынок боюнча, Отчет көп нарк кошо турган продуктылардын чоң потенциалы жөнүндө, мисалы эт жана жашылча-жемиш, жана чектелүү потенциалы бар дан-эгин рыноктору тууралуу маселе курат. Башка маселелер менен катары, Отчетто өндүрүүчүлөрдүн күчтүү уюму керек экендиги тууралуу да айтылат.
Инновациялар боюнча, Отчет жаңы технологияларды колдонуу муктаждыгын белгилейт, мисалы кайра иштетуу, дан азыктары, социалдык объектилерди куруу, ошондой эле каржы, маркетинг, консалтинг кызматтары, маалымат жана «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк».
Натыйжада Кара-Таш айылдык округунун стратегиялык планы Отчеттун төмөнкү тезистери менен толук шайкеш келди:
-
айыл чарба өнүгүүнүн бирден бир механизми катары аныкталат, бул жагдай
Кара-Таштын шартында жакырчылыкты кыскартууга жардам берет;
-
айыл чарбаны, жалпы элетти өнүктүрүү, айыл чарба жана кеп-кенеш борборунун кызматтары жана менчикти башкаруу үчүн ыңгайлуу шарт түзөт;
-
рынокту күчтөндүрүү үчүн өндүрүүчүлөрдүн күчтүү уюмун түзөт;
-
жаңы технологияларды эл арасында жайылтат;
-
маалыматты табуу мүмкүнчүлүгү боюнча механизмди түзөт;
-
жергиликтуу НПОлордун потенциалын пайдаланат;
-
өнүгүү маселелерин чечүү үчүн «мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгүн» орнотот.
Стратегиялык пландаштыруу комитетинин мүчөлөрү:
Аппарат кызматкерлеринин аты-жону, ээлеген кызмат орду.
|
Аты-жөнү
|
Кызмат орду
|
1
|
Аманов Мыктыбек
|
Айыл окмот башчысы
|
2
|
Аманбаев Абдыбакы
|
Башчынын орун басары
|
3
|
Матиева Багдат
|
Жооптуу катчы
|
5
|
Маматкулов Турабидин
|
Нойгут айылынын айыл башчысы
|
6
|
Абдазов Нурбек
|
ФЭБ башчы
|
7
|
Алиев Абдимомун
|
Ветврач
|
8
|
Гапарова Надира
|
Кассир-бухгалтер
|
9
|
Маликов Замир
|
Ага салыкчы
|
10
|
Мамазияева Айгул
|
Нойгут айылынын салыкчысы
|
11
|
Орунбаева Айгул
|
Социалдык маселелер боюнча адис
|
12
|
Эшбаева Жылдыз
|
Иш кагаздарын жургузуучу
|
13
|
Мамытов Абдыманнап
|
Юрист
|
14
|
Баатыров Бекмурат
|
Жер адис
|
15
|
Абдрахманов Абдилаким
|
Статист-экономист
|
16
|
Мурзакматов Маматали
|
ВУС кызматкери
|
17
|
Аманова Гульмира
|
ВУС жардамчы
|
18
|
Маликов Абдысакы
|
ВУС жардамчы
|
19
|
Мадмарова Урунса
|
Маданият болумунун башчысы
|
20
|
Абдимомунов Сатимбай
|
Сантехник
|
21
|
Тажимаматов Кудаяр
|
Тазалоочу
|
22
|
Имарова Тазагул
|
Корком жетекчи
|
23
|
Аманова Гулмира
|
Китепканачы
|
24
|
Абдрахманова Инабат
|
Китепканачы
|
25
|
Жаанбаева Жумайым
|
Китепканачы
|
26
|
Жээнбаева Дамира
|
Нойгут айылынын китепканачысы
|
27
|
Абдуллаева Замира
|
Тазалоочу
|
28
|
Базаров М
|
Кароол
|
Достарыңызбен бөлісу: |