Күчтүү жактар:
-
Экономикалык активдүү адамдар калктын 60% түзөт.
-
Муниципалитеттин калкы көп улуттуу, мындай шарт улуттар арасындагы жакшы маанидеги атаандаштыкты жана кызматташтыкты пайда кылат.
-
Муниципалитет 2 айылдан турат.
-
Айыл өкмөттүн башчысы тажрыйбалуу. Аппарат абдан ынтымактуу.
-
Муниципалитет кыйла жер ресурстарга ээ, өнүгуүүгө жер да бөлүнгөн. Өнүгүү жерлеринин генпланы бекиген.
-
Таза ичимдик суунун сапаты жакшы, РайСЭСтен текшерүүдөн өткөн жана пайдаланууга уруксат берилген.
-
Билим берүү тармагындагы мекемелердин жылытуу системасы канаттандырарлык абалда жана дурус жабдылган.
-
Жүргүнчү ташуу тармагы жеке менчиктин колунда, тейлөө кызматынын сапаты жакшы. Жергиликтүү каттамдарга автоунаа оңой табылат жана жетиштүү.
-
Мугалимдердин айлык акысы категориалдык гранттын эсебинен убагында берилип турат.
-
Медициналык кызматтарды көрсөтүү жакшы абалда.
-
Социалдык камсыздоо жакшы уюшулган.
-
Жолдордун 85% абалы канаттандырарлык.
-
Жалпысынан элге кызмат кылганга социалдык инфрастуруктура жок эмес.
-
2013-жылга карата бардыгы 27 жумушчу орун түзүлгөн, басымдуу бөлүгү (117 жумушчу орун) жеке ишкерлердин эмгеги менен пайда болгон.
-
Айылда 2 НПО, 17 жамааттык уюм жана 26 өз ара жардамдашуу топтор түзүлгөн.
-
Булардын жардамы менен көп коомдук иштер аткарылып келет.
|
Алсыз жактар:
-
Тейлөө инфраструктурасы жетишсиз.
-
Коммуникация жана ички жолдордун абалы начар.
-
Бизнести колдоо инфраструктурасы начар.
-
Профессионалдуу адистер аз.
-
Жергиликтүү бюджет дефициттүү жана инвестицияларды каржылаганга мүмкүнчүлүк жок.
-
Өздүк кирешелердин көлөмү бюджеттин жалпы кирешелеринин үчтөн бир бөлүгүн гана түзөт.
-
Муниципалитеттин жалпы генпланы бекиген эмес.
-
Айыл чарба жерлери арыктап жатат.
-
Аз камсыз болгон үйбүлөлөрдүн 50% ар кандай социалдык жардамга муктаж.
-
адамга ар кандай социалдык жардам көрсөтүлүп турушу керек.
-
Жумушсуздардын көпчүлүгү расмий түрдө учот турат. Алар 1547 адамды тузот.
-
Азыркы убакта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын структурасы КР Өкмөтү тарабынан сунушталат (типтүү штаттык бирдиктер жөнүндө Токтом менен) жана бекитилет.
-
Айылдык кеңештин депутаттары күчтүү орган боло албай жатат, алардын профессионалдык деңгээлин жогорулатуу талап кылынат.
-
Аппараттын кызматкерлери кыска жана узак мөөнөттүү курстарга катышып квалификациясын жогорулатууга тийиш.
-
Ички иш процесстер илгеркидей эле кагаз түрүндө алып барылат жана автоматташтырылган эмес.
-
Компьютерлердин саны аз жана атайын (ар бир адистин ишине жараша) компьютердик программалар колдонулбайт.
-
Муниципалитет табигый ресурстарга бай эмес, ичимдик таза суу тартыш.
-
Сууну пайдалангандыгы үчүн суу акысы убагында төлөнбөгөндүгү үчүн жана суунун басымдуулугунун аздыгынан кээ бир айылдарда таза суу чыкпай калууда.
-
Сугат суу сарамжалдуу пайдаланылбайт.
-
Сугат каналдар 30-40 жылдан бери пайдаланып эскилиги жеткен, реконструкцияны талап кылат.
-
Электр энергия тармагында трансформаторлор жетишсиз, зымкарагайлардын эскилиги жеткен – 60-70 жылдан бери эксплуатацияланып келе жатат.
-
Айыл окмоттун имаратында жылытуу системасы жок, жаңылатууну талап кылат.
-
Муниципалитет боюнча кабелдуу телефон байланышы , телефон линияларынын жок Санариптуу линиялар жоктугунан интернет байланышы жок..
-
Медициналык мекемелерде жаңы жабдуулар жетишпейт,
-
Маданият мекемелеринде улуттук аспаптар, ал эми спорт жайларында тренерлер, спорт инвентарлары жетишсиз.
-
Таштак айылында бала бакча жок. Ошондой эле аптекалар жетишсиз.
|
Мүмкүнчүлүктөр
-
Жаңы технологияларды колдонуу.
-
Кайра иштетуучу жана ондуруучу кичи ишканалардын пайда болушу
-
-
Чет өлкөдөгү мекендештер жиберген акча каражаттар.
-
Аялдарга колдоо корсотуу борборунун кеп-кенештери.
-
Евросоюздун долбоорлору – (Элеттик аялдарды жумуш орундары менен камсыз кылуу, окутуулар, тренингдер, кеп-кенеш берүү БОРБОРУ).
-
Чет өлкөлүк донорлор.
|
Коркунучтар
-
Тендер жарыялоодогу коррупция
-
Өндүрүлгөн продукцияны сатууда ортомчулар бар.
-
-
-
Административдик-территориалдык түзүлүштү реформалоодо Кара-Таш муниципалитети да бул реформанын ичине камтылып калышы мүмкүн.
-
Миграция – жумушчу күч башка мамлекеттерге кетип жатат.
|