50
алган жок. Философия болсо илимдердин башатында
туруп оор абалга келди,
кызматчылык милдетти аткарып калды. Ошондуктан философия азыркы
формасын алып таштап табигый илимдер менен тыгыз байланышта өнүгүшү
зарыл.
Ф.Бэкон боюнча илимий таанымдын жаңы ыкмасын түзүү зарыл. Ушул
маселеге анын «Жаңы органон» деп аталган эмгеги жана «Илимдин улуу
калыбына келиши» деген эмгегинин айрым бөлүктөрү арналган. Бэкондун оюу
боюнча жаңы философиянын айрым оң мааниге ээ болгон бөлүгүн экинчи бир
талкалоочу мүнөздөгү терс маанидеги бөлүгү толуктап туруш керек. Бул бөлүк
себепке каршы багытталып акыл жактан прогрессти кечеңдетет. Анын себеби
толуп ар түрдүү «идолдор», «призрактар» ой жүгүртүүлөр эсептелет,
булар
адамдын акылын ажырымга алып келет. Бэкон 4 түрдөгү «идолдор» менен
«призрактарды» айтат. Алар: 1. «Урук» идолу (idola tribus). 2. «Үңкүр» идолу
(idola specus). 3. «Аянтча» же базар идолу (idola fori). 4. «Театр» же «теория»
идолу (idola theatri).
Достарыңызбен бөлісу: