Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет47/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   43   44   45   46   47   48   49   50   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Адамдагы эки субстанция. Рене Декарт адамды түшүндүрүүдө 
дуалисттик позицияда турган. Биринчиден, адамда жаныбарлар сыяктуу эле 
күтүлбөгөн рефлектордук кыймыл аракеттер болот, мында адам кандайдыр бир 
механизм, автомат болуп эсептелет. Экинчи жагынан, анда эрктүү аракеттер 
болот, бул жаныбарларда жок. Адамда акыл менен байланышкан эрк бар. 
Натыйжада, адамда эки субстанция кошулат алар: материалдык жана рухий. 
Бул эки субстанция ар кандай белгилер менен мүнөздөлөт. Алар бири-бирине 
көз карандысыз. Тело жанга таасир эте албайт жана тескерисинче. 
Томас Гоббс (1585-1679-жж.). Анын негизги чыгармалары: «Философия 
негиздери» 3 бөлүктөн турган: «Тело жөнүндө», «Адам жөнүндө», «Гражданин 
жөнүндө», «Левиафан» ж.б. Томас Гоббс Френсис Бэкондун идеяларын 
уланткан. Ал: «билим бул күч, ал философия башында турган илимдерге 
жеткирет», - деген. Философия адамдардын практикалык кызыкчылыгына жана 
керектөөлөрүнө кызмат кылышы керек. Ал тааным теориясында эмпирикалык 
жана рационалисттик ыкмалардын карым катышын аныктоо милдетин койгон. 
(Мында Ф.Бэкондун эле эмес Р.Декарттын да таасири көрүнөт). Анын оюу 
боюнча философиянын негизги милдети болуп жаңы ыкманы түзүү эсептелет. 
Томас Гоббс философияны экиге бөлөт: 1) «табигый философия» - жаратылыш 
телолорун изилдейт; 2) «граждандык философия» - адам коомун (жасалма 
телолор) изилдейт. Философия акылга гана таяныш керек. Ар кандай тааным – 
бул материалдык дүйнөнү таанып билүү. Ал философия менен теологияны 
кескин айырмалайт.
Томас Гоббстун социалдык-саясий концепциясы. Томас Гоббс коом 
жөнүндө илимди түзүүдөгү тоскоолдуктар жана кыйынчылыктарды айткан. 
Адамдардын 
жаратылышы 
– 
керектөөлөрдүн, 
кызыгуулардын, 
жөндөмдүүлүктөрдүн жана күчтөрдүн жыйындысы. Т.Гоббс боюнча биринчи 
планда адамдын эгоисттик жаратылышы турат. Т.Гоббстун оюу боюнча


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   43   44   45   46   47   48   49   50   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет