Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет69/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   65   66   67   68   69   70   71   72   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Тема 8. Заманбап философия 
 
1. 
Позитивизмдин тарыхый типтери жана негизги маселелери 
2. 
Экзистенциализмдин негизги маселелери. 
3. 
Азыркы учурдагы диний философиялык окуулар 
4. 
Философиялык ой жүгүртүүнүн учурдагы моделдери.
5. 
Марксизм жана неомарксизм
Позитивизм. XIX-XX кылымдардагы философиялык агымдардын бири 
болуп позитивизм эсептелет. Ал XIX кылымдын 30-40-жылдарында пайда 


77 
болот. Бул мезгилде кол өнөрчүлүк өндүрүшү машиналык өндүрүш менен 
алмаштырылыт. Техникалык ачылыштар илимий-техникалык билимдин андан 
ары өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Позитивизимдин негизги идеясы – материализм 
менен идеализмдин ортосундагы карама каршылыкты жоюуга чакыруу. Бул 
үчүн философияга үлгү катары эмпирикалык илимди алыш керек, анткени ал 
философиянын негизги маселесине карата нейтралдуу мамиледе турат. 
Позитивистердин оюу боюнча дүйнө, адам, коом жөнүндөгү билимдердин 
негизги массиви практикалык турмушта зарыл болуп атайын илимдер аркылуу 
алынат. Бул билим («позитивдүү билим») традициялуу философияга 
«метафизика» катары каршы коюлат. Бардык традициялуу философия алынып 
салынып атайын билимдер менен алмаштырылат. Позитивизм илимди 
догматикалык философиялык концепциядан бошоткон көз караш катары «оң 
мааниге ээ болгон» коргоочу катары мүнөздөлөт да илимдин жеңиши үчүн 
күрөшүүчү катары чыгат.. 
Позитивизмдин узак убакытка созулган тарыхы бар. Мында биринчи 
позитивизм, махизм («экинчи позитивизм»), неопозитивизм айырмаланат. 
Позитивизмдин биринчи этабынын өкүлдөрү болуп О.Конт, Э.Литтре, Е.де 
Роберти (Франция), Д.С.Милль, Г.Спенсер, Дж.Люис (Англия), Ю.Охорович 
(Польша), Г.Вырубов, В.Лесевич, Н.Михайловский (Россия), Г.Каттанео, 
Д.Феррари, Р.Ардиго (Италия) ж.б. эсептелет. 
Позитивизмдин негиздөөчүсү – Огюст Конт (1798-1857-жж.). Ал 
чиновниктин үй бүлөсүндө төрөлүп, лицейде, андан кийин Жогорку 
техникалык мектепте окуган. 1818-1834-жылдары социалист-утопист Сен-
Симондун секретары болуп иштеген. Анын негизги идеясы 6 томдуу 
«Позитивдүү философиянын курсу» (1830-1842) жана «Позитивдүү 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   65   66   67   68   69   70   71   72   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет