Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет11/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Алтын күз 
Күз. Асман ачык. Күн көп жылытпаса да, мээримдүү нурун чачат. 
Жаратылыштын өзү да жылуу күндөр менен коштошкусу келбегендей 
магдырайт. Бак- дарактар алтындан кымкап жамынган. Жерге кызыл, сары, 
күрөң жалбырактар төшөлгөн. 
Мектептен келе жаткан Амина жалбырактардын түрлөрүнөн чогултуп 
алды. Алардан гербарий жасап, жакында мектепте боло турган “Алтын күз 
майрамында” көргөзмөгө коѐт. 
- Текстте канча сөз бар? 
- Текстте канча сүйлөм бар? 
- Текстте кандай тыныш белгилер бар? 


34 
- Эмне үчүн “күз- береке” делет? 
- Текстти ким жазган? 
Ошондой эле мугалим оюн формасындагы төмөнкүдөй тапшырма бериши 
мүмкүн: 
Мен силерге бир сөз катайын. Силер ал сөз жөнүндө кандай суроо 
берсеңер да болот, бирок анын мааниси жөнүндө суроо бербегиле. 
Балдар ал кайсы сөз экенин табыш үчүн ал сөздүн кандай суроого жооп 
берерин, канча тамгадан, канча тыбыштан турарын, сөздүк курамы кандай 
экенин, кайсы сөз түркүмүнө кирерин, мүчөсү барбы, жокпу, эгер бар болсо, 
кандай мүчө экендигин, ж.б.у.с. суроолорду беришет, башкача айтканда, эне 
тили боюнча алган билимдерин, билгичтиктерин колдонуп, мугалим менен 
кызматташат. Жогоруда сөз кылынган тапшырмалар сабакта изденүүнүн, 
дискуссиянын, талаш- тартыштын, чогулуп бир жыйынтыкка келүү 
атмосферасын түзөт. Ал эми мындай атмосфера окуучунун көз карашынын, 
өз алдынча ой жүгүртүүсүнүн, изденүүсүнүн калыптанышына шарт түзөт. 
Бул жөнүндө белгилүү окумуштуу Ш.А.Амонашвили: “Өз окуучуларынын 
алдында башталгыч класстын мугалиминин аброю абдан жогору. Эгерде ал 
окуучуларын дайыма аны менен макул болууга үйрөтсө, анда сабакта 
авторитардуу жана императивдүү окутуу ыкмасы өкүм сүрөт да, сын көз 
караш менен ой жүгүртүү жөндөмү калыптанбайт. Тескерисинче, мугалим 
тапшырмаларын окуучу өз көз карашын, оюн айтып, талашып тартышууга 
мүмкүнчүлүк ала тургандай мүнөздө бериши керек. Мына ошондо гана 
окуучунун чыгармачыл, өз алдынча ою, инсандык белгилери, позициясы 
калыптанат”,- деп белгилейт. 
Ошентип мугалим менен окуучунун ортосунда түзүлгөн окуу 
кызматташтыгы 
окуучунун 
окуу 
жөндөмдүүлүгүн 
арттырып, 
ой 
жүгүртүүсүн, өз алдынча изденүүсүн калыптандырып, терең жана бекем 
билим алууга шарт түзөт. 
Окуучулардын окуу кызматташтыгын калыптандырууну башталгыч 
класста эне тилин окутуунун алгачкы күндөрүнөн баштап жүргүзүү керек. 


35 
Эне тилин окутууда өзүн- өзү текшерүү жана өзүн- өзу баалоону талап 
кылуучу тапшырмаларды өз алдынча, бири- бири менен биргелешип, жупта, 
топто аткарышканда жакшы ийгиликтерге жетишишет. 
Класстагы 
окуучулар 
экиден 
кызматташып, 
тапшырмаларды 
аткарышат. Бул учурда мугалим окуучулардын тапшырманы аткаруудагы 
иш- аракеттерине байкоо жүргүзөт. Бири- бири менен акылдашып, кеңешип, 
бир жыйынтыкка келип, андан кийин жооп берүү керектиги эскертилет. 
Мындай окуу кызматташтыгын сабактын учурунда системалуу 
пайдалануунун негизги максаттары төмөнкүчө: 
Биринчиден, окуучулардын өз ой- пикирин билдирүүгө, өз алдынча ой 
жүгүртүүгө үйрөнүүсүнө багыт берүү; 
экинчиден, мугалимдин, же болбосо жалпы класстын көңүл буруусунан 
тышкары болуп, өз күчүн талашып- тартышууда эркин сыноого мүмкүнчүлүк 
берүү. 
Үчүнчүдөн, берилген тапшырманы аткарууда окууга көндүмүн 
калыптандыруучу, мугалимдин айрым функцияларын аткаруу тажрыйбасын 
аз да болсо үйрөнүүгө багыт берүү. 
Төртүнчүдөн мугалим окуу кызматташтыгы учурунда окутуп жатып 
тарбиялоосу керек, башкача айтканда, окуучуларга билимдин негиздерин 
гана үйрөтпөстөн, аларда адамдык, ишкердик мүнөз өзгөчөлүктөрүн 
калыптандыруусу керек. 
Жогоруда айтылгандардан көрүнүп тургандай, окуу кызматташтыгы- 
окуучу менен мугалимдин, окуучу менен окуучунун ортосундагы 
мамилелердин өзгөчө формасы, ал теориялык түшүнүктөрдү терең кабыл 
алууга 
мүмкүнчүлүк 
ача 
тургандыгын 
окумуштуу- 
педагогдор 
Ш.А.Амонашвили, 
Г.А.Цукерман, 
А.Я.Лернерлер 
өз 
эмгектеринде 
далилдешкен. (11, 50- б. 144, 48- б. 69, 97-б.) 
Азыркы мезгилдин талабына ылайык сабактардын формаларын 
пайдалануунун эң негизги максаты окуучулардын окутулуучу материалды 
жеткиликтүү кабыл алуусуна, өз алдынча ой жүгүртүүсүнө, ойлоо 


36 
логикасынын өсүшүнө, адамдык сапаттарынын калыптанышына жетишүү 
болуп саналат. 
Окутуунун практикасында, мугалим сабакка даярданып жатып, анын 
үч негизги максатын: билим берүүчүлүк, өнүктүрүүчүлүк жана тарбия 
берүүчүлүк максаттарын белгилери адатка айланган. 
Мына ушул үч максат бир бүтүн нерсе катарында органикалык жактан 
ширелишкенде гана кенже жаштагы өспүрүмдү окутууга, билимин 
өркүндөтүүгө жана тарбиялоого болот. Бул жөнүндө көптөгөн эмгектер 
(Ю.Б.Зотов, И.Я.Лернер, М.И.Махмутов, Л.Т.Охотина, В.А.Онищук, 
Б.Т.Панов) жарыкка чыккан. Ал эмгектерде сабак өтүүнүн жана анын 
максаттарынын ишке ашышынын ар түрдүү маселелери айтылган. (. . . . . . . ) 
Азыркы учурда республикабыздын мектептеринде кеңири пайдаланылып 
жаткан инсанга багытталган окутуунун талаптарына ылайык, сабактын 
максаттары мугалимдин позициясынан эмес, окуучулардын позициясын эске 
алуу менен коюлууга тийиш. 
Сабактын максаттары төмөнкүдөй критерийлерге ылайык келиши керек: 
1. Ачык- айкын жана түшүнүктүү (максаттар окуучуларга жеткиликтүү тилде 
берилүүсү керек). 
2. Пайдалуу, негиздүү (максаттар окуучулардын муктаждыктарына шайкеш 
жана мамлекеттик стандартка дал келиши зарыл). 
3. Максаттар жүзөгө ашырыла тургандай болушу керек (окуучулардын жаш 
өзгөчөлүгүн, билим деңгээлин, окуу материалынын деңгээлин эске 
алуусу). 
4. Өлчөөгө ылайыктуу (максаттарга жеткен- жетпегендигин мугалим да, 
окуучу да сезе ала тургандай болуусу) 
5. Угуза айтылышы (мугалим окуучуларга сабактын аягында эмнени 
үйрөнөрүн, эмнеге жетишерин билдирүүсү керек). 
6. Реалдуу, ченемдүү убакытка дал келүүсү (1 сабактын 40 же, 45 мүнөт) 
ичинде белгиленген максатка жетүүгө мүмкүн экендиги). 


37 
Жогорудагы критерийлерге дал келүү менен, сабактын максаттары 
анын көрсөткүчтөрү менен коштолуп турууга тийиш. Көрсөткүч (индикатор) 
латын тилинен алынып, нерсенин сандык жана сапаттык жактан өсүү абалын 
мүнөздөп көрсөтүүчү чен өлчөгүч, приборду туюндурат. Көрсөткүч бул- 
коюлган максатка жетишилгендиктин белгиси, далили болуп саналат. 
Көрсөткүчтөр окуучунун ишмердүүлүктөрү, билгичтик, ыкмалары аркылуу 
анын белгилүү бир натыйжага жетишкендигин көрүүгө жардам берет.
Мисалы, 4-класста “Кептин түрлөрү” аттуу теманы өтүүдө сабактын 
максаттары жана көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй коюлат: 
Сабактын темасы: Кептин түрлөрү. 
Сабактын максаттары:
Билим берүүчүлүк: 
Кеп оозеки жана жазуу түрүндө болорун, кептин булактары адамдар, 
алардын карым- катышы, китептер, массалык маалымат каражаттары, 
интернет булактары экендигин билишет. 
Өнүктүрүүчүлүк: 
И.Арабаевдин “Ата-эне тууралуу бир-эки ооз сөз” аңгемесинин негизинде 
оозеки жана жазуу кебин түзүшөт. Тексттин мазмунуна талдоо жүргүзүшөт. 
Тарбия берүүчүлүк: Ата-эненин бала үчүн жасаган зор эмгегин баалоо 
керектигин түшүнүшөт. 
Көрсөткүчтөр: 
Жогорудагы максаттар ишке ашат, эгерде: 
кептин түрлөрүн билсе; 
оозеки кепти уюштура алса; 
жазуу кебине мисал түзө алса; 
кептин түрлөрүн билсе; 
аларды оозеки жана жазуу кебин түзүүдө пайдалана алса; 
тексттин мазмунун түшүнсө; 
ага талдоо жүргүзө алса; 
Сабактын тиби: Жаңы билим берүүчү 


38 
Сабактын формасы: Өз алдынча жана топто иштөө 
Сабактын жабдылышы: Кептин түрлөрү жана булактары жөнүндө таблица, 
И.Арабаевдин сүрөтү, китептери, 
Сабактын жүрүшү: 
1.Таблицанын жардамы менен жаңы теманы түшүндүрүү. 
2. Текстти окуп берүүдөн мурда анын автору, кыргыздын алгачкы 
окумуштууларынын бири И.Арабаев жөнүндө анын сүрөтүн, китептерин 
пайдалануу менен кыскача маалымат берүү. 
3. Текстти көркөм окуу же аудио уктуруу. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет