124
Калия Кулалиева
Көнүгүүлөр
1. Нускаманын жалпы жоболору төмөндө келтирилди. Кийинки бөлүмдөрү боюнча
тапшырмаларды аткарыңыз.
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин
студенттик стипендия жөнүндө инструкциясы
Биринчи бөлүм
Жалпы жоболор
Максаты:
1-берене:
Бул инструкциянын максаты – Кыргыз-Түрк «Манас» университетине
билим деңгээли жогору жаштарды кабыл алуу
жана студенттерге билимин
өркүндөтүүдө колдоо көрсөтүү максатында стипендияларды чектөө тартибин
аныктоо.
Мазмуну:
2-берене:
Бул инструкция университеттин даярдоо курсу менен 2 жылдык жана 4 жылдык
билим берүү программаларындагы студенттерге берилүүчү стипендияга жана
башка кошумча жардамдарга тиешелүү эрежелерди камтыйт.
Негиз:
3-берене:
Бул инструкция Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Уставынын
5-беренесинин 8-бабына ылайык түзүлдү.
Аныктамалар
4-берене:
Бул инструкцияда колдонулган терминдер
жана шарттуу кыскартуулар
төмөнкүдөй чечмеленет:
Университет: Кыргыз-Түрк «Манас» университети
Камкорчулар кеңеши: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Камкорчулар
кеңеши
Ректорлук: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректорлугу
Окумуштуулар кеңеши: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин
Окумуштуулар кеңеши
Достарыңызбен бөлісу: