Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет1/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   183


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ 
МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ БОЮНЧА УЛУТТУК КОМИССИЯ
Калия Кулалиева
ИШ КАГАЗДАРЫН
ЖҮРГҮЗҮҮ
Иш кагаздарынын түрлөрү
Негизги лексика, кеп үлгүлөрү 
Кыргыз тилинин грамматикасы
Жазуу эрежелери жана тыныш белгилери
Иш кагаздарын жазууга үйрөтүүчү көнүгүүлөр
Окуйбуз, угабыз, жазабызсүйлөйбүз, сүйлөшөбүз
 
Бишкек – 2013


УДК 651
ББК 65.050.9(2)2
К 90
Рецензенттер: Т. Маразыков, филология илимдеринин доктору, профессор;
К. Добаев, педагогика илимдеринин доктору, профессор.
К 90 Кулалиева Калия
Иш кагаздарын жүргүзүү. Окуу куралы. – Б.: ___________ , 2013. – 224 б. 
ISBN 978-9967-27-006-0
Бул окуу куралынын максаты иш кагаздарын кыргыз тилинде жазууга 
үйрөтүү. Китептин жардамы менен кыргыз тилин билген, иш кагаздарынын 
лексика-грамматикалык, стилистикалык өзгөчөлүгүн тереңирээк өздөштүрүүнү 
каалагандар тил үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. 
Окуу куралы иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү үйрөнгүсү келген 
мамлекеттик жана жеке менчик уюм, мекеме, ишканалардын кызматкерлерине, 
жогорку окуу жайлардын студенттерине, атайы курстардын угуучуларына арналат.
К 1203020200-13
ISBN 978-9967-27-006-0
УДК 651
ББК 65.050.9(2)2
© Кулалиева К. О., 2013


3
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
КИРИШ СӨЗ
Окуу куралынын максаты иш кагаздарын кыргыз тилинде жазууга үйрөтүү. 
Бул китептин жардамы менен кыргыз тилин билген, бирок иш кагаздарынын 
лексика-грамматикалык, стилистикалык өзгөчөлүгүн тереңирээк өздөштүрүүнү 
каалагандар тил үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. 
Окуу куралы иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү үйрөнгүсү келген 
мамлекеттик жана жеке менчик уюм, мекеме, ишканалардын кызматкерлерине, жо-
горку окуу жайлардын студенттерине, атайы курстардын угуучуларына арналат. 
Иш кагаздарын туура жазууга үйрөтүү – окуу, угуу, жазуу, сүйлөшүү, граммати-
ка, орфография жана пунктуация боюнча көндүмдөрдү өнүктүрүү аркылуу ишке 
ашырылат. Буга ылайык китепке 7 блоктон турган тапшырмалардын түрлѳрү 
киргизилди. Алар: 1. Иш кагазынын түрү; 2. Окуйлу; 3. Грамматика; 4. Жазуу 
эрежелери (акыркы сабактарда тыныш белгилери берилген); 5. Угалы; 6. Сүй-
лөшөлү; 7. Жазалы. Ар тема түрдүү көнүгүүлөр, тексттер, аларга карата түзүлгөн 
тапшырмалар жана тесттик суроолор менен коштолот. 
Иш кагаздары боюнча маалымат берүүдө Т. Ахматов, Т. Аширбаевдин «Иш 
кагаздары: мамлекеттик тилде иш жүргүзүү» (2001), Б. Жапарова, Н. Жусупованын 
«Мамлекеттик жана расмий тилдерде иш кагаздарын жана иш каттарын жүргүзүү» 
(2009), Б. Б. Жапарова, Ө. А. Калыеванын «Мамлекеттик жана расмий тилде иш 
жүргүзүү», С. Ибрагимовдун «Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү» (2006) 
деген эмгектери таяныч булак катары кеңири пайдаланылды. Жазуу эрежелери 
боюнча маалыматты берүүдө «Кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин» (2009) соңку 
редакциясына таяндык. Окуу куралынын максатына ылайык, пунктуация боюнча 
маалымат берүүдө А. Турсуновдун «Кыргыз тилинин тыныш белгилери» (2002) 
деген эмгеги пайдаланылды.
Окуу куралды басмага даярдоодон мурун бүгүнкү күнгө чейин чыккан 
иш кагаздарына байланыштуу эмгектер менен таанышып, талдап, практикада 
пайдаланып көрүп, иш кагаздарын жазууга үйрөтүүдө алардын аталышын, 
бөлүнүшүн жана үлгүлөрүн берип коюу менен гана чектелүү жетишсиз болору 
белгилүү болду. Муну тажрыйбанын өзү далилдеди. Ошондуктан иш кагаздарын 
кыргыз тилинде жүргүзүү ишин тездетүүнүн практикалык жагы көбүрөөк эске 
алынып, китепке стилди калыптандырууга, туура жазууга, лексика-грамматикалык 
материалды өздөштүрүүгө багытталган көнүгүүлөрдү иштеп чыгуу, киргизүү 
аракети көрүлдү.
Көнүгүүлөрдү иштеп чыгууда гезит жана интернет булактарына жарыяланган 
материалдар пайдаланылды. Китепке элдик жана белгилүү акын-жазуучулардын 
чыгармаларынан алынган материалдар киргизилди. Китептин аягында иш 


4


Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет