87
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
БАЯНДАМА КАТ
Баяндама кат – аткарылган иш, түзүлгөн кырдаал, орун алган көрүнүш
жөнүндө маалымдоочу иштеген уюмду же жогорку мекеменин жетекчисине
жазылган иш кагазы. Ал өз ичине түзүүчүнүн корутундуларын жана сунуштарын
камтыйт. Баяндама кат кызматкердин өзүнүн демилгеси боюнча да, жетекчиликтин
көрсөтмөсү боюнча да даярдалат.
Мазмунуна жана максатына ылайык баяндама каттар маалыматтык жана отчёт-
тук болуп экиге бөлүнөт.
Баяндама кат эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүндө орун алган фактылар кел-
тирилет, кырдаал баяндалат, экинчи бөлүгүндө сунуштар менен өтүнүчтөр билди-
рилет. Баяндама кат менен иштин жүрүшү жөнүндө жетекчиге маалымат берилет.
1. Баяндама катка мүнөздүү сөз жана сөз айкаштары:
текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө, тааныштык, аныктадык,
билдиремин, суранамын, өз убагында бүтүрүлгөн, канааттандырарлык,
канааттандырарлык эмес, объекти кабыл алууга болот (болбойт), дагы бир
текшерүүнү талап кылат, мөөнөттү узартуу керек ж.б.
Достарыңызбен бөлісу: