11
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
3. Жазуучу сүйлөгөн сөзүндө көптөгөн маанилеш жана карама-каршы маанидеги сөздөрдү
пайдаланды, аларды дептерге жазыңыз.
4. Текст боюнча 2 суроо түзүңүз.
5. Жазуучунун пикирине кошуласызбы? Пикириңизди билдириңиз.
Окуйлу
1. 1930-жылдарда жазылган иш кагаздарынын үлгүлөрү менен таанышыңыз.
Арыз
Ушуну менен төмөндө өтүнөмүн. Неге десеңиз мен 1926-27-окуу
жылында
Ташкентте механикалык техникумдун 1-курсун окуп бүткөнмүн. Андан кийин сыр-
коолоп калып, окууга барбай калдым. Азыр окууга талабым бар. Мүмкүн болсо 2
жылдык мугалимдер институтуна кабыл алууңузду сураймын.
7/VIII – 1928-жыл.
Справка
Берилди ушул справка Нарын кантону Кочкор болушунун күн батыш элинин
адамы Бүбүя Өмүрбай кызына. Аның үчүн бул жолдош кедейдин баласы. Кайсы
мектептен болсо да окууга акысы бар.
2/VIII – 1930-жыл.
Баа кагаз
Берилди ушул баа кагаз жолдош Канымбү Баялы кызына аның үчүн бул жолдош
жогорку Аларча айыл кеңешине караштуу Кашкабаш колхозунун алдына ачылган
3-номурлуу мектебинин окуучусу. Алган маалыматы: төрт амалды, эне тилди толук
билет. Үчүнчү классты бүтүрдү.
Мунун ырастыгына Кашкабаш артелинин баштыгы анык күбөлөндүрөт.
22/V – 932-жыл.
Достарыңызбен бөлісу: