Сиздин организмдин коргоо күчүн эмне төмөндөтө алат?
Эгерде дем жолдоруна абдан көп кургак учук микобактерия таякчаларынын саны кирсе, организм мындай кысымга туруштук бербей калышы мүмкүн. Эгерде сиз көп убакытта кургак учукка чалдыккан менен катышсаңыз, сиздин организм туруктуу чабуулга дуушар келет да, ал инфекцияга натыйжалуу туруштук бере албай калуучу мезгил келет.Организмде микобактериялардын өнүгүүшүнө жардам берүүчү башка факторлор да белгилүү:
стресс - жан жана физикалык чыңалуунун күчөшү;
алкоголду ченемсиз кабыл алуу;
чылым чегүү;
аз же толук эмес азыктануу;
организмди алсыздандыруучу башка оорулар.
Балдар, өспүрүмдөр, кош бойлуу аялдар жана улгайып калган адамдар инфекцияга көбүрөөк туруксуз.
Оорудан кантип сактануу болот?
Кургак учукка чалдыкпаш үчүн ден соолукка пайдалуу жашоо мүнөз алып жүрүү керек. Чың ден соолук үчүн соо нерв системасы керек, ошондуктан стресстен качуу зарыл. Тамак толук болуп, сөзсүз жетишерлик сандагы белокторду камтыш керек. Ден соолукту сактоо үчүн зарыл шарт катары күнүмдүк ченемдүү физикалык күч келтирүү болуу керек. Чаң, шамалдаттырылбаган орун жайлар кургак учук бактериялардын жайылышына ылайыктуу шарт түзөт. Оорунун алдын алыш үчүн орун жайларды шамалдатып туруш керек.
Текшерүүнү кайдан өтсө болот?
Көкүрөктүн флюрографиялык текшерүүсүн жашаган жердеги бейтапканадан жасаса болот. Кургак учукка шектенүү болсо участоктук дарыгер же адис - дарыгер клиникалык кайра текшерүүдөн кийин кургак учукка каршы диспансерге же кургак учук кабинетке фтизиатрга консультацияга жиберет.
Ким кургак учукка тез-тез көрүнүп туруш керек?
Кургак учукка ар кандай себептер боюнча тез-тезден текшерилип турууга милдеттүү жарандардын жана кесиптердин бир нече аярлуу топтору бар.
Бир жылда эки жолу текшерүүдөн төмөнкүлөр өтүү керек:
аскер кызматкерлери, аскер кызматына чакыруу менен өтүп жаткандар;
төрөт үйүнүн (бөлүмүнүн) жумушчулары;
тиричиликте жана кесип боюнча кургак учук инфекциясынын булактары менен тыгыз байланышта болгон адамдар;
кургак учук мекеменин же бөлүмдүн диспансердик каттоосунан айыгууга байланыштуу алынгандар каттоодон чыккандан кийин биринчи 3 жыл бою;
кургак учукка чалдыккандар жана өз алдынча айыгып кеткендер, бирок өпкөдө калдык өзгөрүүлөрү барлар калдык өзгөрүүлөрдү тапкан мезгилден баштап биринчи 3 жылы;
ВИЧти жуктуруп алгандар;
наркологиялык жана психиатриялык мекемелерде диспансердик каттодо тургандар;
тергөө изоляторлордон жана түзөтүү мекемелерден бошогондор, бошогондон кийин биринчи эки жыл бою;
тергөө абагындагы иш тергөөчөгүлөр, жана түзөтүү мекемедеги соттолгон адамдар.
Достарыңызбен бөлісу: |