Маалымат иштеп чыгуу авто системасы, 140212 Электр менен камсыдоо (тармактар боюнча) философия


Лекция №7. Философиянын негизги маселелери



Pdf көрінісі
бет17/36
Дата16.12.2022
өлшемі0.65 Mb.
#467341
түріПротокол
1   ...   13   14   15   16   17   18   19   20   ...   36
Enezarova-S.T.-Filosofiya-UMK

Лекция №7. Философиянын негизги маселелери. 
План
 
1.Адам бытиеси философиялык проблема катары. Антропосоциогенез проблемасы. 
2. Адамдагы биологиялык жана социалдык жактар. Адам жонундогу биологизатордук жана 
социологизатордук концепциялар. 
3.Адамдын руханий тажрыйбасындагы жашоо жана олум проблемасы 
Философиянын маселелери – СССР ИАнын философия институтунун илимий 
журналы. 1947-жылы августунан баштап Москвадан басылып чыгат. Журналдын 
мезгилдүүлүгү: 1947-жылы тартып – 3 жолу, 1951 – 6 жолу, 1958-жылы баштап – жылына 12 
жолу. Совет доорунда 
журналда 
диалектикалык 
жана тарыхый материализмдин, социализмди куруу 
жана 
илимий 
коммунизмдин 
теориясынын маселелери боюнча макалалар жарыялануучу; социология, философиянын 
тарыхы, атеизм, этика, эстетика, маданияттын, логиканын өнүгүүсүнө, табият таануудагы 
ачылыштар менен байланыштуу коомдук өзгөрүүлөрдүн актуалдуу маселелерин 
философиялык жалпылоо жүргүзүлчү; ошол учурдагы марксисттик эмес философиянын 


жана социологиянын негизги теорияларын, агымдарын сындоо иш-чаралары жүргүзүлүчү 
Маркска чейинки жана Маркстын, Лениндин философиянын тарыхы боюнча эмгектери, 
марксизм-ленинизм классиктеринин тексттери жарыяланып турган журнал болгон. Азыркы 
мезгилде учурдун талабына ылайык, актуалдуу илимий эмгектер жарык көрүп турат. 
Философиянын негизи деп психологиялык антропологияны эсептеген. 
Философияда адам түшүнүгү иликтенет. Бирок байыркы мезгилдерде ойчулдар адам 
маселесине адегенде эле кайрылышкан эмес. Алсак, байыркы грек философиясына 
космоцентризм мүнөздүү. Ал кезде философтордун көңүлүнүн борборун космос, аалам, 
дүйнөнүн тек жайы жөнүндөгү көйгөйлөр ээлеген. Протогордун «Бардык нерсе адам 
аркылуу аныкталат» («человек - мера всех вещей») деген туюнтмасы кеңири таркаганы 
менен адам проб- лемасы теориялык ойдун четинде калып, фило- софтор эң алды «дүйнө 
кантип жаралып, кандай түзүлгөн» деген суроо менен алек болушкан. 
Адам жөнүндөгү философиялык окуу өз нугун таап, өзүнчө стиль күтүп өнүгө башташына Д. 
Виконун, Х. Вольфтун эмгектери зор салым кошкон. Антропология (антропология - грекче 
anthropos, «адам» деген сөздөн) адам жөнүндөгү илим катарында көп тармактан куралат, 
анын медицина, табият таануу, когнитивдик лингвистика, маданият таануу, 
этнолингвистикага ж.б. тиешелүү тармак- тары бар. XX кылымда социологиялык, педаго- 
гикалык, юридикалык, структурачыл, культуро- логиялык антропология өңдүү теориялык 
багыттар пайда болду. Ал эми философиялык багыт катары түптөлүп-өнүгүшүнө И. Кант зор 
салым кошкон. Өзүнүн окумал адамдарга, интеллектуалдарга кеңири маалым үч суроосунун 
(«Эмнени таанып биле алам?», «Эмне кылышым керек?», «Эмнеден үмүт кылсам болот?») 
башын бириктирип, мунун баары түпкүлүгүндө бир эле «Адам деген ким?» деген суроону 
түзөт деп ырастаган. Ал өзүнүн «Антро- пологияга прагматикалык көз караш» деген эмге- 
гинде (1798-ж.) адам маселесине терең кайрылган. Философиялык антропология адам 
табиятын «дух», «жан», «акыл-эс», «азаттык», «адеп-абийир», «бол- муш», «инсан», 
«экзистенция», «жашоо» сыяктуу категориялар менен бирге изилдейт. Демек, байыртан 
баштап адам баласынын сырын ачып, анын жашоосунун түпкү маани-маңызын түшүнүшкө 
аракет кылыштын натыйжасында жаралган идея, философиялык антропологиянын изилдөө 
обөек- тиси болот. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   13   14   15   16   17   18   19   20   ...   36




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет