Азамзаттын маданиятында бытиени түбөклүктүү жана убактылуунун бирдиги
жагынан чагылдырылышы алгачкы жолу мифологияда жана динде башталган,
андан кийин гана философияда жана илимде иликтенүүдө.
Байыркы доордун философиясында бытиени бул өңүттөн талдоо кеңири
тарлган болчу, мисалы, Индияда джайнизм агымында, Кытайда Хуэй – Шинин
окуусунда (моизм агымынын өкүлү), Грецияда Пармениддин көз карашында ж.б.
агымдарда.
Бытиенин философиялык проблемасынын экинчи өңүтү жаратылыштын
бирдиктүүлүгү жөнүндөгү маселе менен байланыштуу, себеби жаратылыштын өзү
дүйнөнүн түркүгүнөн турат эмеспи. Атап айтканда жаратылыштагы заттык менен
руханийликтин, коом менен табияттын, булар менен адамдын ортосундагы, же
болбосо адамдардын өз арасында олутту айырмалар бардыгы айкын,
бирок ошол
эле кезде булар өз жашоосунда бир бүтүндөй дүйнөнү, жаратылышты түзөт.
Дүйнө түбөлүк бирдик катары адамдын эрки жана аң сезиминен сырткары
жашоодо. Түркүм- түрдүү нерселерди өзүнө камтыган дүйнөнүн ушул убакка чейин бар
болуп келгендиги, азыр да бар болушу жана келечекте да бар боло бериши бытиенин
биртиктүүлүгүнүн өбөлгөсүн
түзөт. Бул бирдиктүүлүк – дүйнөнүн
материалдуулугунда.
Бытие маселесинин дагы бир өңүтү -
жашоосунун, өнүгүүсүнүн өз ички
логикасына ээ болгон жаратылыштын жеке адам жана адамдардын муундарынын
кыймыл – аркетине, аң- сезимине караганда мурдатан бар болуп келгендигинде.
“Реалдуулук” категориясы философияда бар болууну билдирет, Болмушка
карама–каршы түшүнүк –эч нерсенин болбостугу жок болуу (небытие), реалдуулук
түшүктөрүнөн сырткары болмуш категориясы жаратылыш, дүйнө, табият, жашоо,
мейкиндик, убакыт, материя, калыптануу, сапат, сан, чен, деген түшүнүктөр менен
байланышта каралат. Мисалы “жаратылыш” деп бардык реалдуулуктун түрлөрүн,
табияттын, адамдын, материалдык дүйнөнүн жана адам рухунун биртиктүүлүгүн
түшүнөбүз.
Бытие деп жаратылышта орун алган (бар болгон) нерсенин бардыгын түшүнөбүз.
Бытие категориясы реалдуулуктун бардык түрлөрүн өзүнө камтыйт, демек, материалдык,
рухийлик (материалдык кубулуштар, социалдык процесстер) жараяндар (жана
адамдын аң- сезиминдеги чыграмачылык ракет) болмушка бирдей эле кирет.
Бытиенин негизги формалары.
Адамдар өздөрү аны сезишеби же жокпу, бирок иш- аракеттеринде дайыма
бытиенин формаларынын өзгөчөлүгүн эске алышат. Анткени табигый нерсе
менен адамдардын денесине же аң сезимине тасир этүү кескиндүү түрдө айырмаланып
турат.Ошондуктан бытие формаларынын проблемасы адамдардын күнүмдүк
практикасында жана таанымында зор мааниге ээ. Ал философия үчүн абдан
маанилүү. Өзүнүн
жашоо шаттары, жолдору боюнча бытиенин ар түрдүү
көрүнүштөрү көптөгөн топторго бөлүнөт.Алардын ичинен бытиенин негизги формаларын
төмөкүлөр түзөт:
- Нерселердин (денелердин), буюмдардын , заттардын, процесстердин
бытиеси.
а) табигый жаратылыш бытиеси;
б) жасалма жарытылыш бытиеси (адам эмгегинен
жаралган нерселер).
- Адам бытиеси.
а) адам нерсе катары нерселердин арасында
жашайт;
б) адамдын дене жана рух биримдигинин
өзгөчөлүгү.
- Руханий бытие.
а) индивидуалдаштырылган руханий бытие;
б) обьективтештирилген руханий бытие (аң сезимде
ой пайда болот жана обьекке айланат).
- Социалдык бытие.
а) коомдогу адамдын бытиеси;
б) коомдогу материалдык бытие.
Жаратылыш бытиеси.
Табият бытиесин адам өзү, өзүнүн аң – сезими калыптана электе бар экендигин
өзүнүн акылына, аң сезимине таянып аныктайт. Бул тыянакка адамдар көптөгөн
фактылардын, себептердин, илимдин тажрыйбалык жана назарияттык
маалыматтарынын демек жалпы адамзаттын тарыхый – социалдык тажрыйбасынын,
жер бетине жашап келген жана жашап
туруучу бардык адамдардын
тажрыйбасынын негизинде келишкен.Табияттын (анын нерселеринин, кубулуштарынын,
абалдарынын) бытиенин өзгөчө формасы катары айырмасы - ал адамга чейин, аң
сезиминен сырткары жана таптакыр ага көз карандысыз болгондугунда.
Жалпысынан алганда табият мейкиндикте жана убакытта чексиз, ал качан,
бардык жерде болуп келген, бар жана боло берген. Бул кайталангыс өзгөчөлүк
табияттык айрым нерселерине, кубулуштарына жана абалдарына таандык эмес.
Алар качандыр кайсыл бир жерде пайда болуп, өнүгүп жана жок болушу ыктымал, бирок
алардын жок болуусу бүт табияттын бытиесинин түгөнгөндүгүнө жатпайт. Ошептип
бир бүтүндөй болгон түгөнгүс табигый дүйнөнүн бытиесиндеги айрым бар
болуучу жашап туруучу нерселердин убактылуу жана түбөлүк бытиесинин
диалектикасы табият бытиесинин өзгөчөлүгүн түзөт.
Өзүнүн бытиесинин аң – сезимге чейин,
андан сырткары жана көз
карандысыздыкта өнүгүп келе жаткандыгына байланыштуу биринчи табият –
обьективдүү жана алгачкы реалдулук, анткени адам жана анын рухунун
жаралышына түбөлүктүү табият себептүү. Жердин табияты да адамсыз миллиардаган
жылдар жашап келген.
Адам өзүнүн сезими менен табият универсумунда бирдиктүү бытиенин
чексиз созулган чынжырынын кийинки тогоолорунун бири гана болууда. Табият үчүн
жашоо, бар болуу адам же башка бир аң сезимдүү жандык аркылуу кабылданууга
жатпайт. Адам пайда болгонго чейин Ааламдын эбегейсиз чоң мейкиндиктери эч ким
тарабынан жана эч качан кабылданбаган болушу ыктымал; адам багы бүткүл
универсумду кабылдоого да, ал түгүл ой чаптырып, ой жеткирүүгө да мүмкүнчүлүгү
жок.
Табиятсыз адам жашай албайт, иш –аракетин да жүргүзүүгө албайт, табият ушул
мааниде дагы адамга салыштырганда обьективдүү жана алгачкы жашоодо.
Табиятсыз адам жасап жараткан нерселер жана кубулуштар да (экинчи табият)
пайда болмок эмес. “Экинчи табият” биринчиге көз каранды. Өзүнүн тиби, формасы
боюнча ал өзүнүн жараткан биринчи табиятка окшойт, бирок предметтик – заттык
бытиеси боюнча маанилүү өзгөчөлүктөргө ээ.
Бул өзгөчөлүктөрү эмнеде? Экинчи жаратылыш бирдиктүү
жана ошол эле кезде көп
түркүн дүйнө. Бул адам жараткан цивилизациянын башатындагы эң алгачкы эмгек
куралдан тартып, азыркы учурдагы абдан татаал машиналар жана тетиктер, унаа
жана байланыш каражаттары (радио,телеграф,телефон),эсептөөчү электрондук
машиналар жана ткосмоско учуруу апараттар ж.б. экинчи жаратылышка кирет.
“Экинчи жаратылыш” өзүнүн маңызы боюнча бул социалдык – тарыхый,
демек цивилизацияланган бытие. Башка айырмасы мына ушунда.
Адам бытиеси.
Жеке адамдын, адамзаттын бытиеси абдан өзгөчө, кайталангыс жандуу табиятта
адамдын жашоосунун өзгөчөлүгүн анын денеси тарабынан өз бытиесин
шаттагандыгы түзмө – түз эместиги адам өзүнүн негизги муктаждыктарын
табиятка жөнөкөй эле багындырып бербестен аларга чек коюп туруучу коом, тарых,
жеке адамдын өзүнүн эрки жана өзүн өзү аңдап билүү аркылуу жөнгө салып,
көзөмөлдөөгө жөндөмдүүлүгү бар болгондугунан көрүнүп турат. Универсалдуу
эместиги болсо адамдын иш аркетинин көпчүлүгү өз денесинин муктаждыктарынан
сырткары турган,демек адеп–ахлактык,рухийлик себептер аркылуу аныкталышында.
Муну адам адилеттүүлүк, мээримдүүлүк, акыйкат үчүн жана башка ушул
сыяктуу себептер менен өзүн өзү курмандыкка алып баруудан тартпагандыгынан
артыкча ачык айрым көрүүгө болот.
Адамдын жашоосунун өзгөчөлүгү бытиенин өз ара айырмаланып турган чендеринин
бирдиктүүлүгүндө. Эң абалы адам өзүнчө сезимдүү бир “зат” (дене ) катары
жашайт. Бул адамдын биринчи чени. Адам социалдык
- тарыхый жандык катары
жашайт.
Адамдын бытиеси табигый, заттык жана руханийликтин, жекелик жана
уруучулуктун, инсандык жана коомчулуктун комплекстүү жана кайталангыс
биримдиги.
Бүт бирдиктүү болмушту алганда андагы адамдын орду, анын бытиесинин
мааниси кандай? Бул өтө маанилүү жана актуалдуу маселе.
Адам бытиесинин мамилесин дүйнөлүк дүйнөлүкдиндердин бири болгон буддизм
өзүнүн философиялык окуусунун борбордук маселеси катары каралган. Адамдын
психикалык активдүүлүгү буддизмде болмуштун чыгармачыл башаты, түпкү себеби катары
эсептелет.
Көптөгөн диний жана философиялык окуулар боюнча адам бул түгөнгүс ой
жеткис ааламда анын бир кымына гана болууда, Адамдын болмушу да дүйнөнүн
жашоосунун чексиз созулмалуулугунда бир көз ирмегенчелик гана убакытка тете
көрүнүш.
Достарыңызбен бөлісу: