87
2. Кандай учурда эне сүтүн актоого болот?
3. Эмне үчүн энесине канчалык кызмат кылса дагы анын акысынын жүздѳн
бирин дагы актай албады?
4. Ата менен энени ыраазы кылган адам Алланын ыраазылыгын алат дегенди
кандайча түшүнѳсүң?
Келгиле балдар, ата-энебиздин улуулугун даңазалап ѳз калемибизден кѳркѳм
чыгарма жараталы. Аны ата-энебизге окуп берип,
батасын алып алардьш
кубанычына ортоктош бололу. «Менин сүйүктүү ата-энем» деген темада дилбаян
жазып кѳрѳлүчү.
Ѳзүңѳ ишен, калемди колго ал! Тѳмѳндѳгүдѳй ыр саптарын сен да жаратасың.
Эне ыйык
Эне ыйык жашообуздун жарчысы,
Эне -дайра, биз булактын тамчысы.
Бешиктеги
балтыр бешик баланын,
Эне ѳзү жүрѳгүнүн жартысы.
Эне кымбат чындыгында баарынан,
Бир мүнѳткѳ бѳлѳк болсо сагынган.
Эне сүтүн эмип жатып наристе,
Ыракаттанып кѳзүн ачпай уйкудан.
Эне күйѳт, эне сүйѳт баласын,
Энең кыдыр таалай жолун табасың.
Аска
зоодой чалкып жатса эмгеги,
Кыялданып, толкунданып каласың.
Достарыңызбен бөлісу: