112
формалары катары
түшүнүк, ой жүгүтүү, ой корутунду таанылат.
Түшүнүк –
тигил же бул топтогу объектилердин жалпы жана маанилүү белгилерин
жалпылап чагылдыруучу кыска ой. Мисалы конкреттүү жеке илимдердин өзүнө
тиешелүү болгон терминдери. Мисалы, өсүмдүктөр, жаныбарлар, революция,
формация, цивилизация ж.б.у.с.
Ой жүгүртүү - кээ бир түшүнүктөрдү
логикалык жактан бириктирүү жолу аркылуу предметтердин жана алардын
касиеттеринин ортосундагы байланыштардын бардыгын же жоктугун
бекемделет же четке каккан ойдун формасы. М.:
Алюминий электр тогун
өткөрөт. Бардык адамдар өлүшөт (Все люди смертны).
Ой корутунду – бир ой
жүгүртүүдөн (булактан) экинчи бир жаңы ойлом келип чыккан жана жаңы
маанини берген логикалык ой жүгүртүү. Мисалы классикалык үлгү катары
болгон төмөндөгүлөрдү келтирели:
Кыргызча котормосу:
Бардык адамдар өлүшөт.
Сократ – адам.
Натыйжада, Сократ өлөт.
Орусчасын берели:
Все люди смертны.
Сократ – человек.
Следовательно, Сократ смертен.
Мында биринчи жана экинчи тезис ой корутундунун булагы, ал эми үчүнчү ой
жүгүртүү жаңы ой корутунду болуп саналат.
Таанып билүүдө чыгармачылык жана практика да маанилүү.
Чыгармачылык – сапаттык жактан жаңы, мурда болбогон материалдык же
руханий баалуулуктарды жаратууга багытталган адамдын ишмердүүүугүнүн
процесси.
Чыгармачылык – эмгек жараяны учурунда коомдук керектөөлөрдү
канаттандыруучу адамдын белгилүү бир материалдан
жаңы реалдуулукту
жаратуу
жөндөмдүүлүгү.
Чыгармачылыктын
түрлөрү
түзүүчү
ишмердүүлүктүн мүнөзүнө жараша аныкталат. Мисалы, ойлоп табуучунун,
уюштуруучунун, чыгармачылыгы же болбосо илимий, көркөм чыгармачылык
ж.б.
Практика категориясы адамдын активдүү сезимдик-практикалык
ишмердүүлүгү
катары
таанылат
жана
диалектикалык-материалисттик
философиянын башкы категориясы болуп саналат.
Практика – адамдын
атайын ишмердигинин формасы, ал ишмердүүлүктө жаңы реалдуулукту
жаратат, материалдык жана руханий маданияттын дүйнөсүнүн жашоосунун
жаны шарттарын пайда кылат. Практиканын
негизги формасы болуп
материалдык өндүрүш, коомдук болмуштагы социалдык өзгөрүүлөр, илимий
эсперименттер эсептелет. Ушуга байланыштуу таанып билүүдө практиканын
аткарган кызматын билүү да маанилүү. Биринчи кезекте практика таанып
билүүнүн булагы катары болот, экинчиден,
танымдын негизи жана
кыймылдаткыч күчү; үчүнчүдөн, таанып билүүнүн максаты катары болуп,
адамдардын ишмердүүлүгүн багыттайт, төртүнчүдөн, чындыкты жалгандан
бөлүүдө чечүүчү критерий болуп калат.
Заманбап коомдо диндин ролунун жогорулашынын алкагында ишеним
менен билимдин карым катнашы жөнүндөгү маселе да жанданды.
Бир нече
113
философиялык көз караштарда диний ишенимдерди философиялык жактан
анализдөө,
диндин
эпистемологиялык
статусун
аныктоо,
алардын
рационалдуулугун жана чындыгын аныктоо, диний тилдин маңызын
экспликациялоо, диний тажрыйбанын табиятын жана кызматын мүнөздөө,
мүмкүн болгон “ишенимдин моделин” иштеп чыгуу аракетин жасашат.
Түшүнүү жана түшүндүрүү маселеси да гносеологиянын алкагында
маанилүү маселелерден. Түшүнүү жана анын
менен карым катнашта болгон
түшүндүрүү бири бири менен байланышта. Заманбап илимде түшүнүүнүн
түрлөрү, типтери жана деңгээлдери айырмаланат. Түшүнүү – тигил же бул
кубулуштун маңызын, анын дүйнөдөгү ордун, аткарган кызматын билүү. Бул
илимий таанымдын процедурасына кирет да интеллектуалдык процесстер
менен гносеологиялык операциялардан айырмаланат. Түшүнүүнүн негизги
максаты – үйрөнүп жаткан объектинин, предметтин маңызын ачып берүү,
жашап турушунун
себебин жана шарттарын, өнүгүүсүнүн булагын жана
аракетинин механизмдерин ачыктоо. Түшүндүрүүнү конкреттүү фактыны же
кубулушту кандайдыр бир жалпылоо катары билебиз. Заманбап методологияда
түшүндүрүүнүн дедуктивдүү-номологиялык модели үстөмдүк кылат. Бул
модель же схема түшүндүрүп жаткан кубулушту белгилүү бир мыйзамга алып
келип такап көрсөтөт.
Учурдагы ой жүгүтүүдө таанып билүүдөгү сезимдик жана рационалдык
деңгээлдерден сырткары иррационалдык маселеси да талдоого алынат.
Иррационалдык – бул акылга баш ийбеген, рационалдуу ой жүгүртүүгө
жатпаган, акылдын мүмкүнчүлүгү менен ченелбеген
дегенди билдирген
философиялык түшүнүк. Иррационалисттик окууларда интуиция, ой жүгүртүү,
кыялдануу, аң сезимсиздик ж.б.у.с. адам жөндөмдүүлүгүнүн түрлөрү алдыңкы
планга чыгат. Илимий таанып билүү ишмердигинде окумуштуунун
интуициясына чоң маани берилет жана бул жеке жана коллективдүү аң
сезимсиздикке негизделет.
Достарыңызбен бөлісу: