Тақырыбындағы халықаралық ғылыми-практикалық конференция материалдары



Pdf көрінісі
бет12/181
Дата27.05.2023
өлшемі4.33 Mb.
#474356
1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   ...   181
1 2019

 
 
 
БҮГҮНКҮ КООМДОГУ ТИЛ ҮЙРӨТҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ ЖАНА ПРОФЕССОР 
Ф.Ш.ОРАЗБАЕВАНЫН «ТІЛДІК ҚАТЫНАС» АТТУУ ЭМГЕГИНИН ТЕОРИЯЛЫК-
МЕТОДИКАЛЫК МААНИ-МАӉЫЗЫ ТУУРАЛУУ 
Рысбаев С. 
Кыргыз Республикасы,
Кыргыз билим берүү академиясынын
лаборатория башчысы, п.и.д., профессор 
 
Аннотация: Макалада тилди окутуу жана үйрөтүү, тилдин турмуштук баалуулуктары тууралуу сөз 
болот. Тилди үйрөнүүнүн учурдагы методологиялык багыттары айкындалат. Тил үйрөтүүдөгү кеп 
ишмердүүлүк, профессор Ф.Ш.Оразбаеванын «Тілдік қатынас» аттуу эмгегинин теориялык-методикалык 
маани-маӊызы тууралуу кеңири айтылат. 
Түйүндүү сөздөр: мамлекеттик тил, тил үйрөнүү, методологиялык багыттар, тилдик катнаш, 
турмуштук зарылдык, кеп ишмердиги, тилди окутуу жана үйрөтүү, компетенция, көп тилдүүлүк, көп 
маданияттуулук. 
Аннотация: В статье речь идет об изучении языка и обучении языку, жизненных ценностях языка. 
Раскрываются методологические направления изучения языка. Широко обсуждаются теоретико-
методическое значение труда профессора Ф.Ш.Оразбаевой «Тілдік қатынас», вопросы речевой 
деятельности в обучении языку. 
Ключевые слова: государственный язык, изучение языка, методологические направления, языковая 
коммуникация, жизненная необходимость, изучение языка и обучение языку, компетенция, многоязычие, 
поликультурность. 
Annotation: The article is about learning the language, the life values of the language. Methodological 
directions of language learning are revealed. The theoretical and methodological significance of the work of 
Professor F.Sh. Orazbaeva "Tildik Katynas", issues of speech activity in language teaching are widely discussed. 
Keywords: state language, language learning, methodological areas, language communication, vital necessity, 
language learning and language teaching, competence, multilingualism, multiculturalism. 
Бүгүнкү коомдо тил үйрөнүү маселеси мектептеги педагогикалык-методикалык проблеманын чегинен 
чыгып, адамдардын турмуштук карым-катышынын зарыл куралынын деңгээлинен да өйдө көтөрүлүп, 
адамдардын заманбап жашоо куралына айланды, т.а. жаңы сапаттык деңгээлге өттү. Адам канча тил 
билсе, ошончо элдин өкүлү менен баарлашып, дүйнөнүн кайсы гана бурчунда болбосун. талаптагыдай 
жашоо кечирип кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда. Муну бүгүнкү күндөгү жашоо образы далилдеп 
отурат. Тил үйрөнүү-адамдын өнүгүүсүнүн да, өзүн-өзү өнүктүрүүнүн да негизги бир факторуна айланды. 
Ошондуктан, тилди үйрөтүүгө антропологиялык (гуманисттик) мамиле жасоону, тактап айтканда
мектептерде тилди үйрөтүүнү инсанга багыттап окутуу технологиясына таянып жүзөгө ашыруу сыяктуу 
концептуалдуу максаттуу багытты так аныктообузду талап кылып отурат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   ...   181




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет