1. киришyy сөз байлыгы окууга үйрөтүүнүн негиздеринин бири болуп эсептелип, сөздөрдүн тизмесин өздөштүрүү менен гана чектелбейт



Дата29.01.2022
өлшемі21.97 Kb.
#454928
соз остуруу лекция


1. КИРИШYY Сөз байлыгы окууга үйрөтүүнүн негиздеринин бири болуп эсептелип, сөздөрдүн тизмесин өздөштүрүү менен гана чектелбейт. Сөз байлыгын күнүмдүк баарлашууда, окууда, айлана-чөйрөнү таанып-билүүдө колдонуу абдан маанилүү. Сөздөрдүн маанисин билүү жана сөз байлыгын окуу процессинде колдонууну бүтүн музыкалык чыгарма жаратууну мүмкүн кылган музыкалык сабаттуулук менен же сүрөт жаратуу үчүн аралаштырылып колдонулган боёктор менен салыштырса болот. Окууга үйрөтүү жаатындагы көптөгөн изилдөөлөр башталгыч мектепте сөз байлыгын өстүрүү абдан маанилүү роль ойной турганын далилдейт, анткени ал текстти чечмелеп окууга да, окуган текстин түшүнүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө да жардам берет. Бир жагынан, түшүнбөгөн сөздөрдү окуу окуучуларга кыйын болот. Экинчи жагынан, тексттеги көпчүлүк сөздөрдүн маанисин билбесе, алар окуганынын маанисин түшүнүшпөйт. Окуучулар окуп жаткан тексттеги негизги сөздөрдү түшүнүүсүн олуттуу түрдө жогорулатса, алардын шар окуусу да, жалпысынан окуган текстти түшүнүүсү да жакшырарын окууга үйрөтүү практикасы көрсөтүүдө. Окуучулар сөз байлыгынын көпчүлүк бөлүгүн үй-бүлөдө, теңтуштары менен баарлашууда, жалпыга маалымдоо каражаттарынан, интернеттен алышат, күндөлүк жашоосунда үйрөнүшөт. Бир катар изилдөөлөр сөз байлыгын өстүрүү үчүн мектепке (7 жашка) чейинки курактагы тажрыйба жана ата-энелер менен баарлашуунун сапаты абдан маанилүү экендигин ырастайт. Изилдөөлөрдүн натыйжасында мектепке барганда үй-бүлөдө баарлашуусу абдан чектелген балдардын сөз байлыгынын төмөн экендиги белгилүү болгон. Сөз байлыгы ийгиликтүү окуунун эң маанилүү көрсөткүчү болуп саналат. Анын жарды болушу жакшы натыйжага алып келбейт: окуучулар көп сөздөрдү түшүнбөй туруп текстти окууну жакшы жөндөй алышпайт, бул өз учурунда сөз байлыгынын өспөй калышына алып келет. Ошентип, сөз байлыгынын деңгээли ар түрдүү болгон окуучуларды окууга үйрөтүүдө мугалимдин алдында төмөнкү милдеттер турат: ശ окутуу процессине керектүү сөздөрдү түшүнүүнү жолго коюу. Көпчүлүк учурда бул сөздөр күндөлүк турмушта колдонулбайт, бирок окутуу үчүн абдан зор мааниге ээ болот (мисалы, математикада – бөлүнүүчү, бөлүүчү; кыргыз тилинде – зат атооч, этиш ж. б.); ശ окуу үчүн материалдардын көп түрдүүлүгүнүн таасири менен «сөзгө бай» (оозеки кепте, окууда жана жазууда) чөйрөнү уюштуруу. Модулда «сөздөрдүн дубалы», сөздөрдүн графикалык уюштургучу ж. б. менен иштер сунушталган; ശ жаңы сөздөрдү иликтеп-үйрөнүүнүн гана эмес, аларды ар кандай контекстте колдонуунун да үстүндө иш алып баруу. Окуучулар окуп-үйрөнгөн сөздөрдү кандай учурда колдонууну түшүнүшү керек. О. э. аларды оозеки кебинде да, жазууда да колдоно алышы керек; ശ сөздөрдүн маанисин иликтеп-үйрөнүүдө окуучулар колдоно ала турган методдордун жана ыкмалардын тизмесин байытуу (түрдүү сөздүктөр, визуалдаштыруу, топтоштуруу, графикалык уюштуруучулар ж. б.). 4 Келгиле, окуйбуз! Сөз байлыгы Бул модулдун материалдарын өздөштүрүүнүн натыйжасында катышуучулар: ശ окуучулар үчүн сөз байлыгынын маанилүү экендигин такташат; ശ окуучулардын сөз байлыгын өстүрүү процессинде кайсы стратегиялар натыйжалуу экенин билишет; ശ сөз байлыгын өстүрүү боюнча түрдүү көнүгүүлөр менен таанышышат. 2. С З БАЙЛЫГЫН СТYРYY Сөз байлыгы окуганын түшүнүү үчүн негиз болуп эсептелет. Сөз байлыгы – бул адам маанисин билип, өз кебинде колдонгон сөздөрдүн топтому. Тексттеги ар бир сөздүн маанисин түшүнүү бүтүндөй сүйлөмдүн, абзацтын, тексттин маанисин түшүнүүгө жардам берет. Тексттеги кайсы бир сөз окуучулар үчүн таптакыр түшүнүксүз, жаңы же жазылышы тааныш, бирок мааниси анчалык түшүнүктүү эмес болуп калышы мүмкүн. Сөз тааныш жана түшүнүктүү, бирок окуучулар ал сөздү кебинде жана жазууда колдонбогон жагдайлар да жолугат. Мугалим окуучуларды сөздөр менен иштөөнүн ар кандай стратегияларын колдонууга, көптөгөн маалымат булактарын – сөздүктөрдү, глоссарийлерди, шилтемелерди ж. б. колдонууга, сөздүн маанисин аныктоодо контекст менен кантип иштөө керектигин үйрөтүүсү зарыл. Бирок бардык стратегиялар менен таанышканга чейин окутуу процессинде окуучулардын көңүлүн кайсы сөздөргө бурууну, окуучулардын сөз байлыгы кайсы булактардан толукталарын, аны байытуу кандайча ишке ашарын, тигил же бул сөздөр кантип/качан колдонуларын аныктап алуу маанилүү. Сөз байлыгы натыйжалуу баарлашууга – угууга, сүйлөөгө, окууга жана жазууга жол ачат. СӨЗ БАЙЛЫГЫ БУЛАРДЫ НАТЫЙЖАЛУУ АТКАРГАНГА МҮМКҮНЧҮЛҮК БЕРЕТ УГУУ СҮЙЛӨӨ ОКУУ ЖАЗУУ Башталгыч мектепте окутуу учурунда бардык төрт көндүмдү өнүктүрүүгө көңүл буруу маанилүү. Сөз байлыгынын эки түрүн айырмалашат: ശ активдүү сөз байлыгы – оозеки кепте да, жазууда да колдонулуучу сөздөрдүн запасы. ശ пассивдүү сөз байлыгы – бул окуганда же укканда билген, бирок аларды өз кебинде жана жазуусунда колдонбогон сөздөр. Пассивдүү сөз байлыгы адатта активдүүгө караганда бир нече эсе көп болот. Келгиле, окуйбуз! Сөз байлыгы 5 Журналдар жана газеталар Турмуш-тиричилик жана маданий мекемелер: театр, парк, музей, көргөзмө, дүкөн, базар Китептер Интернет жана социалдык тармактар Сөз байлыгыбызды кайсы булактардан толуктайбыз? Кино жана телекөрсөтүүлөр Мектеп, класс Мугалимдин кеби Үй-бүлөдө жана теңтуштары менен баарлашуу Окутуу процессинде окуучулардын пассивдүү да, активдүү да сөз байлыктарын өстүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Сөз байлыгы сөздүн маанисин түшүндүрүүнүн, жаңы сөздөрдү оозеки кеп менен жазууда да колдонуунун натыйжасында өркүндөйт. 2.1. СӨЗ БАЙЛЫГЫН ӨСТҮРҮҮ БУЛАКТАРЫ Окуучулардын сөз байлыгы түрдүү булактардын эсебинен байыйт, анын ичинде: чоң кишилер жана теңтуштары менен баарлашуу, мектептеги окутуу процесси ж. б.; өз алдынча окуу, чоң кишилердин үн чыгарып окуп берүүсү, биргелешип окуу, медиа аркылуу (фильмдер, музыка, интернет, газеталар, журналдар, социалдык тармактар ж. б.); бай жана ар түрдүү баарлашуу чөйрөсүнүн жана окуунун таасири. 6 Келгиле, окуйбуз! Сөз байлыгы 2.2. АКТИВДҮҮ СӨЗ БАЙЛЫГЫНЫН ТЕМАТИКАЛЫК ТОПТОРУ Изилдөө маалыматтарына ылайык, башталгыч класстардын окуучулары жыл сайын пассивдүү лексиконун 2 000 сөзгө чейин жана активдүү сөз байлыгын 1 000 сөзгө чейин толукташат. Мында болжол менен жаңы сөздөрдүн жарымы эне тили жана окуу сабагында, экинчи жарымы башка сабактарда, үй-бүлөдө жана достору менен баарлашууда, радионун, телекөрсөтүүнүн таасири менен, өз алдынча окуу процессинде өздөштүрүлөт1 . Окуучунун активдүү сөз байлыгын түзгөн сөздөрдүн үч тематикалык деңгээли каралат. Деңгээлдер сөздөрдү колдонуу жыштыгына (текстте жана оозеки кепте көп кездешүүчү сөздөр) жана тиешелүү куракта (7, 8, 9, 10 жаш) өздөштүрүлүүчү окуу жана жазуу көндүмдөрүнө ылайык аныкталат. Биринчи деңгээлде күндөлүк турмушта колдонулуучу негизги сөздөр жайгашкан. Экинчи деңгээл – бул окутуу процессинде көп пайдаланылуучу сөздөр, ал эми үчүнчү деңгээл таанып-билүүнүн тиешелүү чөйрөсүнө таандык сөздөрдү камтыйт. (Активдүү сөз байлыгынын тематикалык деңгээлдери боюнча 1-диаграмманы караңыз). Экинчи жана үчүнчү деңгээлдердин чеги так бөлүнбөй турганына көңүл буруу маанилүү. Сөздөрдү тигил же бул категорияга кошуу окуучунун жеке тажрыйбасына байланыштуу болот. 1 Зикеев А. Г. Работа над лексикой в начальных классах специальных (коррекционных) школ. – М.: Издательский центр «Академия», 2002. – 176-б. Таанып-билүүнүн атайын чөйрөсүнө (предметке) тиешелүү сөздөр. Бул сөздөрдүн маанисин билүү тиешелүү предметтерди өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Адатта алар окуу китептеринде гана жолугат. Мисалдар: кыргыз тили – зат атооч, этиш, тактооч; математика – теңдеме, бөлүү, көбөйтүү ж. б. Окутуу процессинде жана тексттерде көп колдонулган, төмөнкү мүнөздөмөлөргө ээ сөздөр: окуганын түшүнүү үчүн маанилүү, бир нече мааниге ээ, окутуунун түрдүү чөйрөлөрүндө (предметтерде) колдонулат, сыпаттоо, жалпылоо көндүмдөрүн жогорулатат, мугалимдин түз түшүндүрүүсүн талап кылат. Мисалдар: милдет, көнүгүү, көңүл буруу, байланыш ж. б. Күндөлүк турмушта колдонулуучу сөздөр, алар түз түшүндүрүүнү талап кылбайт, адатта бир мааниге ээ болот. Мисалдар: китеп, бала, ит, апельсин ж. б. III ТЕРМИНДЕР II ОКУТУУДА КӨП КОЛДОНУЛУУЧУ СӨЗДӨР I БАЗАЛЫК СӨЗДӨР 1-диаграмма. «Активдүү сөз байлыгынын тематикалык деңгээлдери» Келгиле, окуйбуз! Сөз байлыгы 7 Окууга үйрөтүүдө бардык сөздөр бирдей деңгээлде маанилүү боло бербейт. Окуучулардын көңүлүн кайсы сөзгө топтоону мугалим кантип аныктайт? Окууга үйрөтүүдө мугалимге окуган текстти түшүнүү үчүн негизги сөздөрдү тандоо сунушталат. Мугалим «татаал» сөздөргө өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Татаал сөздөр төмөнкү мүнөздөмөлөргө ээ болушу мүмкүн: ശ окуучулар үчүн чечмелеп окуу оор болот. Мисалы, катталбачулар, Токмоктуктар (эреже катары, булар көп үнсүз катышкан сөздөр); ശ семантикалык жактан түшүнүү үчүн татаал. Мисалы, чарба, умтулууда, окшоштурууда, изумруд-бирюза түстө ж. б.; ശ морфологиялык түзүмү татаал (түзүлгөн сөздөр). Мисалы, күңүрт жарык, укмуштуудай, кошуналардыкында, изилдегендердей ж. б.; ശ грамматикалык жактан кыйынчылык менен өздөштүрүлүүчү сөздөр: айлакер, баластан, калпакчандар, машакчылар, айылдыктар. Сөздөрдү таанып-билүүнүн кыйынчылык себебин аныктоо менен, мугалим тигил же бул стратегияны, сөз менен иштөө усулун же ыкмасын тандай алат. Алар «Сөз байлыгын өстүрүү боюнча болжолдуу көнүгүүлөр» бөлүмүндө берилген. Сөз байлыгын өстүрүү иштери системалуу түрдө жана ырааттуу өткөрүлүшү зарыл: бул ишке ар бир окуу сабагында 5–10 мүнөт убакыт бөлүп, бир жумада өтүлө турган жаңы сөздөрдүн саны 10дон ашпашы керек. Окуучулар жаңы сөздөрдү өздөштүрүүдө кыйынчылыкка туш болушу ыктымал. Анын себептери төмөнкүлөр болушу мүмкүн: эстутумундагы көйгөйлөр, сөздөрдүн же колдонулуучу стратегиялардын татаалдыгы, окутуудагы көйгөйлөр, баарлашуунун жетишсиздиги. Жаңы сөздөрдү үйрөнүүдө артта калуу себептерин аныктоого жараша окуучуларга кошумча колдоо жана айрым учурларда атайын билим берүү кызматтары талап кылынат. 8 Келгиле, окуйбуз! Сөз байлыгы 3. БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТЕ С З БАЙЛЫГЫН СТYРYYГ ТААСИР ЭТYYЧY ФАКТОРЛОР 3.1. ҮЙ-БҮЛӨДӨ БААРЛАШУУ ТАЖРЫЙБАСЫ Сөз байлыгын өстүрүүдө үй-бүлөдө баарлашуу тажрыйбасы зор мааниге ээ болот. Айрым балдардын социалдык жана кептик байланышы чектелген, алар менен аз баарлашышат. Үй-бүлөдө жана үйдө сүйлөшкөн тил мектепте окутуу тилинен айырмаланышы да мүмкүн. Дана Саскинд көп жылдык изилдөө өткөрүү менен, «Балдар акылдуу болуп төрөлүшпөйт, алар ата-энесинин – аларды курчаган кебинин натыйжасында акылдуу болуп чоңоюшат» деген жыйынтыкка келген1 . Ал балдардын өмүрүнүн алгачкы жылдарындагы баарлашуу же анын жетишсиздиги баланын окуусунун келечектеги жолун (траекториясын) аныктайт, анын келечектеги жүрүм-турумуна жана ден соолугуна таасир этерин ырастайт. Балдар менен ата-энелер канчалык көп жана сапаттуу баарлашса, бала келечекте ошончолук ийгиликтүү болот. 3.2. МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ ОКУТУУ ТАЖРЫЙБАСЫ Сөз байлыгынын дээрлик бөлүгү мектепке чейинки жана башталгыч мектеп курагында калыптанат. «Курагына жараша баланын болжолдуу сөз байлыгы» диаграммасында көрсөтүлгөндөй, үч жашка чейинки куракта бала жаңы сөздөрдү жайыраак өздөштүрөт, жалпысынан 1 000 сөзгө жетет. Биринчи класска барган учурда баланын сөз байлыгы болжол менен 3 500 сөздү түзөт. Башталгыч мектепте окутуу процессинде сөз байлыгы 5 000ден (активдүү сөздөр) 10 000ге (пассивдүү сөздөр) чейинки сөздү түзөт. 1 Саскинд Д. Тридцать миллионов слов. Развиваем мозг малыша, просто беседуя с ним. – М.: Манн, Иванов и Фарбер, 2016. Келгиле, окуйбуз! Сөз байлыгы 9 2-диаграмма. «Курагына жараша баланын болжолдуу сөз байлыгы» Баланын курагы Сөздөрдүн саны 1 жаш 5–9 сөз 1,5 жаш 20–40 сөз 2 жаш 50–200 сөз 3 жаш 800–1 000 сөз 3,5 жаш 1 100 сөз 4 жаш 1 600–1 900 сөз 5 жаш 1 900–2 200 сөз 6–7 жаш 3 500 сөз 7–10 жаш 5 000ден 10 000 сөзгө чейин Окуучулардын сөз байлыгынын көлөмү менен иштөөдө мугалимге көпчүлүк учурда окуучулардын билиминин жана тажрыйбасынын деңгээлине жараша иш алып барууга туура келет. Мектепке чейинки даярдоо программаларын өздөштүргөн жана шар окуй алган балдар бар (мисалы, мектепке даярдоо боюнча бир жылдык «Наристе» программасы), ошол эле учурда айрым окуучулардын мектепке чейинки мекемеге же мектепке даярдоо программасына барууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Мугалимдин окуучулардын сөз байлыгынын диагностикасын өткөрүүсү маанилүү, бул окууга үйрөтүү усулдарын жана ыкмаларын аныктоого гана эмес, окуучулардын сөз байлыгын өстүрүү үчүн ылайыктуу тексттерди тандап алууга да жардам берет. 3.3. ТИЛДИК ТАЖРЫЙБА Окутуу учурунда айрым балдардын окутуу тили үй-бүлөдө сүйлөшкөн эне тили болбошу мүмкүн экенин эске алуу керек. Мындай учурларда окутуу тилинде сөз байлыгынын чектелгендиги, сөздү бурмалап айтуу байкалышы мүмкүн: айрым тыбыштар башкасына алмаштырылат, сөздүн башы же аягы айтылбайт, айрым сөздөр болжолдуу контурга гана ээ болот. Мунун баары сөздү туура эмес түшүнүүгө жана туура эмес колдонууга алып келет. Учурдагы изилдөөлөр окутуу усулдарын жана ыкмаларын, сөздүктү түзүү жана активдештирүү үчүн түзүлгөн шарттарды туура колдонуу бул көйгөйлөрдү чечүү жолу экендигин көрсөтүүдө. Эне тилинен башка тилде окуган балдардын тобу менен иштөөдө мугалим жайыраак сүйлөп, балдарга алган маалыматты кайра иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн түзүп, берилген суроолорду түшүнүп, жообун туюндуруу үчүн убакытты көп чектебеши керек. 3.4. ОКУРМАНДЫК ТАЖРЫЙБА Г. Дж. Уйатхерст жана анын кесиптештери баланын кебинин өсүүсү үчүн курчап турган чөйрөнүн маанилүүлүгүн далилдөө боюнча изилдөө жүргүзгөн. Анда ата-энеси диалогдук окууну колдонуу менен, сүрөттүү китептерди окуп берген балдардын сөз байлыгы көзөмөл топтогу балдарга караганда олуттуу түрдө өскөнүн көрсөткөн1 . Бул изилдөөдө 1 Whitehurst G. J., Falco F. L., Lonigan C. J., Fischel J. E., DeBaryshe B. D., Valdez-Menchaca M. C., et al. (1988). Accelerating language development through picture book reading. Developmental Psychology, 24, 552–559. 10 Келгиле, окуйбуз! Сөз байлыгы балдарына китеп окуп берүү усулдарын өздөштүргөн ата-энелер төрт жума бою күн сайын үн чыгарып окуп беришкен, ошондой эле окуу процессинде талкуулоо да колдонулган. Андан ары сөз байлыгынын көлөмүнө карата тест алынгандан кийин атайын топтордогу балдардын сөз байлыгынын өсүүсү көзөмөл топторундагы балдардан сегиз жарым айга алдыга кеткени аныкталган. Мындан сырткары, бул алдыга кетүүнү алар кийинки жылдарда да сактап калышкан1 . Кийинки көптөгөн изилдөөлөр үйдө китептин болушу, аларды окуп талкуулоо баланын сөз байлыгынын байышына көмөкчү болорун тастыктаган. Бул факт чоң кишилер балдар менен баарлашууда жаңы сөздөрдү тиешелүү деңгээлде колдонбой тургандыгы, ошол эле учурда китепте – жакшы жазылган текстте, эреже катары, көптөгөн ар түрдүү жаңы сөздөр болору менен тастыкталат. Ошентип, окуучунун лексиконунда жаңы сөздөрдүн пайда болушуна, көпчүлүк учурда, китеп окуу олуттуу таасирин тийгизет. Сөздү пассивдүүдөн активдүү запаска өткөрүүгө жаңы сөздөрдү колдонуу менен оозеки кайра айтып берүү жардам берет. Китепти көп окуу менен, окуучулардын сабаттуулугу артат, анткени сөздөрдүн туура жазылышын жана сүйлөмдө колдонулушун (атайы жаттап отурбастан) окуп жатып эстеп калат. Сүйлөшүүдө орунсуз колдонулуп жүргөн сөздөр («анан», «бул», «ошол», «эми» ж. б.) жоголот, ошентип, окуучунун кеби өсөт. Окуу өз оюн топтоого, тактоого жана башкалардын айтканынын маанисин түшүнүүгө үйрөтөт. 3.5. ПРЕДМЕТ АРАЛЫК ЖАНА САБАКТАН ТЫШКАРКЫ БАЙЛАНЫШТАР Башталгыч мектепте (1–4-класс) окуучулар бир катар предметтерди окуп үйрөнүшөт, алардын ичинде тилдер (кыргыз, орус, чет тилдер), математика, Мекен таануу, адеп, музыка, көркөм өнөр, дене тарбиясы. Балдар үчүн көптөгөн предметтер жаңы, алардын айрымдарынын негиздерин балдар мектепке чейинки даярдоо мезгилинде окуп үйрөнүшкөн. Башталгыч мектептин предметтери боюнча азыркы программа кенже окуучулардын кебин өстүрүүгө да, сөз байлыгын кеңейтүүгө да жогорку талаптарды коёт. Ошондуктан башталгыч мектепте окуу учурунда бала өмүрүндөгү сөздөрдүн эң көбүн үйрөнөт. Окуучулардын сөз байлыгын активдүү кеңейтүү көп окуп, текст аркылуу жаңы сөздөрдү билүүгө туура келген предметтерде гана эмес, башка предметтерде да ишке ашат. Мисалы, математика (мисалдардын шарттарын, тапшырмаларды окуу) же Мекен таануу (жыл мезгилдерин окуп үйрөнүү, жаныбарларды, өсүмдүктөрдү, жаратылышты сыпаттоо боюнча окуу китептеги тексттер). Музыка сабагында окуучулар ыр, марш, фольклор, гимн, хор, симфония эмне экенин, түрдүү музыкалык аспаптардын аттарын, ноталык сабаттуулукту жана башка музыка менен байланышкан сөздөрдү үйрөнүшөт. Ошондуктан бардык окуу предметтеринде мугалимдин окуучулардын сөз байлыгын кеңейтүү боюнча ишти туура уюштурууга көңүл буруусу абдан маанилүү, алар: жаңы сөздөрдү жеткиликтүү, жөнөкөй жана түшүнүктүү аныктоодон баштап, балдар негизги маанисин түшүнгөндөн кийин ал сөздөрдү колдонуу мүмкүнчүлүгүн берүү. Сөз байлыгын кеңейтүүдө класстан тышкаркы окуу чоң мааниге ээ жана балдарды өз алдынча окууга даярдоонун милдеттүү бөлүгү болуп саналат. Класстан тышкаркы окуунун максаты – окуучуларды учурдагы кенже курактагы окуучунун окуу чөйрөсүнө кирген балдар адабияты менен тааныштыруу, китепке болгон кызыгуусун, алар менен иштөө көндүмдөрүн, өз алдынча окууга карата оң мамилени калыптандыруу. 1 Буг Дж. Рождённый читать. Как подружить ребёнка с книгой. – М.: Альпина нон-фикшн, 2015. – 302-б. Келгиле, окуйбуз! Сөз байлыгы 11 Сабактан тышкаркы убакта китеп окуу менен, окуучулар окуганы боюнча күндөлүк, сөздүк ишин жүргүзүшү мүмкүн. Аны менен катар төмөнкү ишмердиктерди аткара алышат: ശ тааныш эмес сөздөрдү жазып алуу жана иллюстрациялоо; ശ жаңы сөздөрдү түшүндүрүү аркылуу окуганын талкуулоо; ശ таасирлүү, кызыгууну жараткан кеп түрмөктөрүн көчүрүп жазуу, алардын тексттеги маанисин түшүндүрүп берүү; ശ тааныш эмес, оор сөздөрдү, сөз айкаштарын көчүрүп жазуу жана талдоо; ശ жаңы сөздөрдү пайдалануу менен, өз окуясын жазуу ж. б. Балдар жаңы сөздөрдү көчүрүп жазып, аларды «сөздөрдүн дубалына» илип коё алышат («Сөз дубалы» көнүгүүсүн караңыз) же мугалим уюштурган башка ыкмаларды колдоно алышат. Окутуу процессинде сөздүк ишин алып барууну уюштуруу методдорунун көп болуусу маанилүү: жаңы сөздөрдүн маанисин аныктоо, алар менен сөз айкаштарын, сүйлөмдөрдү түзүү; чыгармачылык менен иштөө: аңгеме жаратуу, сүрөт тартуу,

Достарыңызбен бөлісу:




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет