5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет17/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   13   14   15   16   17   18   19   20   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Улукбек Омокеев 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 


25 
№7 сабак 
ЧЫДАМДУУЛУКТА ЧАЛКЫП ЖАТКАН
ДЕҢИЗДЕЙ БОЛ 
Тарбиялык сааттын максаты: 
➢ 
окуучулар чыдамдуулук жөнүндө түшүнүккө ээ болушат; 
➢ 
ар кандай нерсеге чыдамдуу болуунун артыкчылыгын билишет; 
➢ 
сөз көтөрүмдүүлүк да чыдамдуулук сапат экенин билишет. 
Тарбиялык саатты өткөрүүнүн формасы:
мугалимдин аңгемеси 
Керектелүүчү каражаттар: флипчарт (ватман), маркерлер, скотч.
Тарбиялык саатка даярдык: 
➢ 
«Жолборс чекмеси» деген жомоктун тексти даярдалат; 
➢ 
Жомок боюнча тартылган сүрөттөр доскага илинет; 
➢ 
флипчартка (ватманга) «Чыдамдуулук» деген сөз жазылат. 
Тарбиялык сабактын жүрүшү: 
Сабакты мугалим «Жолборс чекмеси» деген жомок менен баштайт. Жомокту үн 
кубултуп окуп берет.
Жолборс чекмеси 
(татуировка) 
Мурда адамдар денелерине ар түрдүү чекме чектирүүнү адатка айландырып 
алган. Колдоруна, буттарына, желкелерине ар түрдүү сүрөттөрдү тарттырышчу. Бир 
күнү бир киши желкесине чекме чектирүү үчүн устага барат. Ал устага: 
- Жанымды кыйнабай, эч оорутпай туруп, бир чекме чегип бер – деп суранат.
Анда уста: 
- Эмненин сүрөтүн чегейин? – деп сурайт.
Ал киши: 
- Айбаттуу бир жолборстун. Себеби менин жылдызым да жолборс жылдызы. 
Бирок анын акылы адамдыкындай иштей турган болсун – деп айтат. 
Уста: 
- Кайсыл жериңе чегип берейин? 
- Желкеме. 
Уста ишке кирише баштайт. Ийнелерин даярдап, анын желкесине бир ийненин 
учун батырып алганда эле ооруганынан бакыра баштайт. Жаны ооруган адам 
устадан: 
- Эй уста, мени өлтүрөсүң го, эмненин сүрөтүн тартып жатасың? – деп сурайт.
Уста: 
- Жолборстун сүрөтүн тарт дедиң. Мен тартып жатам – деп айтат. 
Ооруга чыдабаган киши: 
- Азыр жолборстун кайсы жерин тартып жатасың? – деп сурайт.
Уста: 
- Куйругун тарта баштадым. 
- Кой андай кылба. Жолборстун узун куйругу мени кыйнап жиберди. Андан көрө 
куйругу жок эле жолборс тарт – деп айтат.


26 
Уста да анын айтканына макул болуп, бул жолу анын бакырганына да карабай 
жолборстун башка бир жерин тарта баштайт.
Ал дагы сурайт: 
- Кайсыл жерин тарта баштадың? 
- Кулагын. 
Ооруга чыдабаган киши: 
- Эй устам, кулагын тим эле койчу. Кулаксыз жолборс боло берсин – деп айтат. 
Уста кулагынын жарымын тартып койгон эле. Аны таштап башка жерин 
тартууга киришет. Бир аздан кийин: 
- Эми кайсыл жерин тарта баштадың? – деп сурайт. 
Уста: 
- Жолборстун курсагын тарта баштадым – деп жооп берет. Жаны ооруган киши 
кайра эле: 
- Курсагын да тартпай эле кой. Курсагы жок эле болсун – деди. 
Сабыры түгөнгөн уста: 
- Дүйнөдө куйруксуз, башсыз, курсаксыз жолборс болчу беле. Ырас, ооруга чыдай 
албасаң, анда эмнеге келдиң? Азыр тезирээк бөлмөмдөн чыгып кет – деп кууп 
жиберет. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   13   14   15   16   17   18   19   20   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет