24
такыр
адам болбойсуң,» - деп айтат. Атанын сөзүнө ушунчалык намыстанган уулу,
ошол күндөн тартып өзгөрө баштайт. Сабакты эң жакшы окуп,
мектепти алтын
медаль менен аяктайт. Жогорку окуу жайга тапшырып, аны кызыл диплом менен
бүтөт. Тилеген максатына жетип, чоң кызматта иштеп калат. Алдында машинасы, эки
кабат үйү, байлыгы бардык нерсе жетиштүү. Ошол бала бир күнү креслодо чалкалап
отуруп бир учур атасынын «Уулум, сен адам болбойсуң» деген сөзүн эстеп, машина
жөнөтүп, айылдагы атасын алдырат. Атасын ордунан туруп тосуп алат.
Жайгашкандан кийин атасына кайрылып: «Ата, бир убакта сиз мени адам болбойсуң
деген элеңиз. Мына,
адам болот деген ушу, бардык нерсем жетиштүү. Телегейим
тегиз. Эми эмне дейсиз,» - дейт. Атасы уулун бир топко үнсүз тиктеп турат да: «Балам,
туура сен бардык нерсеге жетишипсиң, бийлик, байлык, баары бар. Эч кемчилдигиң
жок. Бирок, сен дагы эле адам болбопсуң,» - деп ордунан туруп чыгып кеткен экен.
Мына көрдүңбү окуучум, текберликтин арты кандай болоорун.
Сен кандай
ийгиликтерге жетишпе ата-энеңдин эмгегин эсиңден чыгарба, эң негизгиси токтоо,
жөнөкөй адам болушту унутпагын. Инсан деген улуу атка татыктуу болгун.
Төмөндөгү ырды жаттап, пайдаланып жүргүлө:
Өскөн багып түбөлүктүү жай көрөт,
Өйдөсүнбөйт башкалардан байтерек.
Ою бийик, өзү жерде жашаган,
Улуулукка жөнөкөйлүк шай келет.
Изи калат өтсө далай замандар,
Узап барат жай шилтеген кадамдар.
Сын көз менен түптүз көрөт дүйнөнү,
Токтоо мүнөз жөпжөнөкөй адамдар
Достарыңызбен бөлісу: