27
Мугалим: Кыргыздын даанышман инсандары чыдамдуулук жөнүндө
албан
акылдарды айтып, өз башынан өткөргөн окуяларын үлгү катары сунуштап келишкен.
Кандай оор кыйынчылык болсо да чыдамдуулук менен жеңүү керек экендигин
Жээренче чеченге аялынын өлгөнүн угузуу жөнүндө айтылып жүргөн эл оозундагы
айтылманы байкап көрөлү:
Аттан түшүп, жай сурап отурганда, бир карыя чеченге кайрылат:
- Ээ, чеченим, бул дүйнөдө үчөө: агып жаткан суу, асман тиреген тоо, ааламды
жаркын нурга бөлөгөн күн өлбөйт дейт, чынбы?
- Жок, алар да өлөт. Кычырап кыш келип, борошолоп кар жааса, тоонун башын
ак басат – өлбөгөндө не болду. Арылдап аккан дайра жок, булактын көзүн муз басса,
суу өлбөгөндө не болду. Асманда булут ойноктоп, нурду жерге жеткирбейт – күн
өлбөгөндө не болду.
- Ээ, чеченим, анда адамзатка келелик – атасы өлгөн не болот?
- Атасы өлгөн аскар-зоосу ураган менен тең болот. Куудай сакалын агартып,
төрдө отурса атакең – аскар-зоо болбогондо не.
- Энеси өлгөн не болот?
- Энеси өлгөн – элин жоо чапкан менен тең болот.
- Баласы өлгөн не болот?
- Өзөгүн өрт алган менен тең болот.
Өрттөнсө өзөк-тукум жок, өчкөнү болот
отуңдун.
- Ээ, чеченим, эң акыркы бир собол: катыны өлгөн не болот?
Ошондо Жейренче чечен ыргып кеткен экен:
- Атаңдын көрү, катыным өлгөн турбайбы? –деп кайгырган экен. Бирок мөгдөп
калбаптыр. Чыдамдуулук менен жеңиптир.
Достарыңызбен бөлісу: