5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет31/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   27   28   29   30   31   32   33   34   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Талкуу үчүн текст: 
Катуу айтпай, уга турган кылып айт! 
Сайкал апанын эки небереси бар. Алар: Жанара менен Динара. Жанара улуулук 
кылып, Динараны дайыма башкарып алат. Үйдѳ болсо керели-кечке тиги-бу ишке 
жумшай бермей анын адаты. Динара жаңы эле үй шыпырып бүтсѳ, «полду жуу» дейт. 
Полду жаңы эле жууп бүтсѳ «чыны жуу» деп чарчатат. Динара ага катуу айтпай 
айтканын аткара берет. 
Бир күнү Динара тажадыбы, же чарчадыбы Жанараны укпай телевизор кѳрүп 
олтуруп алды. Сайкал чоң энеси үйгѳ киргенде Жанар ага минтип арызданды: 
-Чоң эне дейм, чоң эне, Динараңыз мени укпай жатат. Кыйкырсам да укпай, 
урушсам да тоготпой телевизор кѳрүп олтуруп алды... Муну эмне кылыш керек, ыя? 
-Туура кылат Динаркам. Сѳзүңдү уксун десең катуу айтпай, урушпай уга турган 
кылып айт, дейт Сайкал эне. 
Жанар Сайкал эненин бул сѳзүнѳ түшүнүп түшүнбѳй ойлонуп калды. 
Ой жүгүртүү үчүн суроолор: 
1.Силер түшүндүңѳрбү, Сайкал эне эмне деди? 
2.Жанара сиңдисине кандай мамиле жасаш керек эле? 
3.Ѳзүңѳрдѳн кичинелерге кандай тарбия беришиңер керек экен? 


42 
Нуска сѳздѳр 
Тарбия берүү улуу иш, ошол аркылуу адамдын келечек тагдыры чечилет. 
В.Белинский 
Тарбиячы – ѳзү тарбиялуу болууга тийиш. 
К.Маркс 
Улуудан кѳргѳнүн, кичүү сѳзсүз жасайт. 
Элден 
Келинди башынан, баланы жашынан тарбиялаш керек. 
Элден 
Үйгө тапшырмалар: 
1.Нуска сѳздѳрдү окуп класста талкуулагыла. 
2.Агаңар, эжеңер, же болбосо үйүңѳрдѳгү силерден улуулар жѳнүңдѳ кыскача 
дилбаян жазгыла. 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   27   28   29   30   31   32   33   34   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет