5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар


Ой жүгүртүү үчүн суроолор



Pdf көрінісі
бет30/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   26   27   28   29   30   31   32   33   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Ой жүгүртүү үчүн суроолор
1. Ал жакшы адам кедейлерге эмне үчүн эгинден үлүш берип турган? 
2. Балдар эмне үчүн атанын керээзин аткаргысы келишпеди? 
3. Эмне үчүн алардын багы күйүп кетти деп ойлойсуңар? 
 
 
 
Нуска сѳздѳр 


40 
Ичи тар адам баш болбойт
Ашыкча ичкен аш болбойт. 
Ичи тарга дүйнѳнүн кеңдиги кѳрүнбѳйт. 
Ичи тардын иши тар. 
Ичи тардыктан ѳткѳн чабалдык болбойт.
Сараң адам итине сѳѳк бербейт. 
Үйгө тапшырмалар: 
1.«Бүгүнкүнүн Карынбайы» деген темада дилбаян жазгыла. 
2.Чык таттырбас Чынарбай, Карынбай жѳнүндѳ эл оозунда айтылып жүргѳн 
уламыштарды таап жазгыла. 
3.Нуска сѳздѳрдү жаттап, маанисин чечмелеп айтып бергиле. 


41 
№12 сабак 
ҮЙ-БҮЛѲДѲГҮ УЛУУЛАРДЫН
МИЛДЕТИ 
Сабактын максаты:
• Улуулардын милдеттерин түшүнүшѳт; 
• Текстти окуп, анын мазмунун түшүнѳ алат; 
• Окуучулар ѳз ойлорун эркин айтууга үйрѳнүшѳт. 
Сабактын жабдылышы: 
Текст боюнча тартылган түстүү сүрѳттѳр, эки ватман, эки маркер (кызыл, кѳк), 
темага байланыштуу таркатмалар ж.б. 
Сабактын ыкмасы: Башкарып окутуу. 
Сабактын жүрүшү:
Мугалим: 
Ата-бабаларыбыздын «алдыңкы кѳч кайда барса, кийинки кѳч ошол жакка 
барат», «аганы кѳрүп ини ѳсѳт, эжени кѳрүп сиңди ѳсѳт», «улуусун тарбияласаң, 
кичүүсү ѳзү тарбияланат» деген макалдары таасын айтылганына ынанабыз. Бул 
макалдардын негизинде үй-бүлѳдѳгү улуулар, кичүүлѳргѳ ѳрнѳктүү таалим-тарбия 
берүүсү шарт. Бул багытта улууларга, кичүүлѳрдүн ага-эжелерине бир топ орчундуу 
милдеттер жүктѳлѳт. Ал милдет кичүү муундарды тарбиялоо. Ѳзүңдѳн кичүү ини, 
карындаштарың сенин айткан сѳзүңѳ кѳп ынанат, сага ишенет, сага таянат. Демек, 
сенин берген адептик тарбияңдын аларга жугумдуу болушунда шек жок. Аларга 
кантип тарбия бересиң? Кантип адептүүлүктү үйрѳтѳсүң? Албетте ѳзүңдүн үлгүлүү 
жүрүш-турушуң алар үчүн эң чоң тарбия. Сени кѳрүп, дал ѳзүңдѳй болууга, сага 
окшоого аракет жасайт, умтулат. Кѳрдүңбү сен дагы тарбиячысың, окуучум! 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   26   27   28   29   30   31   32   33   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет