Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө»



Дата04.07.2016
өлшемі45.68 Kb.
#177233
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
«Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-мартындагы №123 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 258-статьясына ылайык жана бажы төлөмдөрдүн төлөнүшүн камсыздоо ошондой эле, камсыздандыруу ишинин ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. «Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-мартындагы №123 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-жогоруда аталган токтом менен бекитилген, банктарды жана камсыздандыруу уюмдарын Банктардын жана камсыздандыруу уюмдарынын реестрине киргизүүнүн тартиби жана шарттары боюнча, ошондой эле аны жүргүзүүнүн тартиби боюнча нускамага:

2.7-пунктунун 3-пунктчасынын 5-абзацындагы «кеминде беш жыл» деген сөздөр «кеминде бир жыл» деген сөздөргө алмаштырылсын.



  1. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.



Кыргыз Республикасынын

Премьер-министр Ж.Оторбаев

Министр _____________Т. Сариев «___»_______2014 ж


«Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-мартындагы №123 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбооруна негиздеме-маалымкат
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 255-статьясына ылайык бажы органдары бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу катары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзгөн банктардын жана башка кредиттик уюмдардын реестрине киргизилген банктар, кредиттик уюмдар же камсыздандыруу уюмдары берген банк кепилдиктери алынат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 258-статьясына ылайык, ушул Кодексте белгиленген айрым учурларда бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу катары Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык түзүлгөн камсыздандыруу келишими колдонулушу мүмкүн.

Ошондой эле жогоруда берилген статьянын 2-пунктунда белгиленгендей, ыйгарым укук берген мамлекеттик орган бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу максатында Камсыздандыруу уюмдарынын реестрине киргизилген камсыздандыруу уюму менен түзүлгөн камсыздандыруу келишимдерин кабыл алат. Камсыздандыруу уюмдарын Реестрге киргизүүнүн, Реестрден чыгаруунун тартиби жана шарттары, ошондой эле аны жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен аныкталат.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-мартындагы №123 токтому менен бекитилген, банктарды жана камсыздандыруу уюмдарын Банктардын жана камсыздандыруу уюмдарынын реестрине киргизүүнүн тартиби жана шарттары боюнча, ошондой эле аны жүргүзүүнүн тартиби боюнча нускама (мындан ары- нускама) менен бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыздоо үчүн банктарды жана камсыздандыруу уюмдарын Банктардын жана камсыздандыруу уюмдарынын реестрине киргизүүнүн тартиби жана шарттары аныкталган.

Ушул Нускаманын 2.7-пунктунун 3-пунктчасына ылайык, камсыздандыруу уюмун Реестрге киргизүүнүн шартынын бири Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилген банк операцияларын жүргүзүүгө лицензиянын болушу жана кеминде беш жыл банк операцияларын жүргүзүү болуп саналат.

Мында белгилеп кетчү нерсе, 2013-жылдын 1-декабрынан тартып транзиттик авто ташуулар жол-жобосунда өзгөртүүлөр болгон жана Россия Федерациясынын аймагында МДП китепчелеринин (TIR карнет) аракети жокко чыгарылган, бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыздоо чаралары катары Тышкы экономикалык иштин реестрине жана Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын реестрине киргизилген гарант-компаниялардын камсыздандыруу кепилдиктери колдонулат.

Буга байланыштуу, Кыргыз камсыздандыруучулар ассоциациясы белгиленген Нускаманын 2.7-пунктунун 3-пунктчасынын бешинчи абзацында белгиленген чектөөлөрсүз камсыздандыруу уюму катары ишин жүзөгө ашыруучу, чет өлкөлүк камсыздандыруу уюмдарына карата туунду уюмдар болуп саналуучу камсыздандыруу уюму катары өзүнүн ишин жүзөгө ашыруучу камсыздандыруу уюмдарын Кыргыз Республикасынын ТЭИ реестрине киргизүү жөнүндө сунушун карап чыгуу суранычы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылган.

Белгилеп кетчү нерсе, сунушталган долбоор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт. Кандайдыр бир социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт жана тиешелүү экспертизаларды жүргүзүүнү талап кылбайт. Аны кабыл алуу бюджеттен каржылоонун кошумча булактарын издеп табууну талап кылбайт.

Мында белгилеп кетчү нерсе, коомдук талкуулоо камсыздоо максатында бул долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ( www.gov.kg ) расмий сайтында жайгаштырылган.

Жогоруда берилгендердин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы №11 Жарлыгы менен бекитилген, 2013-2017- жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын 9.4. пунктунда берилген чараларды эске алуу менен, республикада камсыздандыруу кызматы рыногунун мындан аркы калыптануусу үчүн камсыздандыруу ишинин ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү максатында, министрлик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтом долбоорун кароого киргизүүдө.


Министр Т.Сариев

Достарыңызбен бөлісу:




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет