7-9-класстары үчүн класстык саат Сабактын тиби: жаңы теманы түшүндүрүү



бет2/3
Дата20.10.2023
өлшемі229.62 Kb.
#481204
1   2   3
Эл биримдиги

Ар бир топ текстке ат коюп, эмне үчүн андай ат койгондугун далилдеп беришет.
Бышыктоо. Азаматсыңар, балдар! Тексттин темасын «Кыргызстандын баа жеткис байлыгы- ажайып табияты жана көп улуттуу эли» деп атайлы. Айтылган негизги ойлорду жыйынтыктай келсек, бүгүнкү күндө табиятыбызды, өзгөчө тоолорубузду, Кыргыз жараны катары жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү, коомдо көп түрдүүлүктү сактоо жана толеранттуулукту жогорулатууга, улуттук нарктуулукту сактоого, өнүктүрүүгө президентибиз да өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын төмөнкү жарлыктардан жана иш-аракеттерден көрсөк болот:

  1. «2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы» (2020-ж. 13-ноябрь).

  2. «2022-жыл – Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы». (Кыргызстандын демилгеси боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2021-жылдын 16-декабрындагы 76-сессиясынын резолюциясы).

  3. «2022-2027-жылдарга Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө» (2022-ж. 20-май).

Аталган жарлыктарга кол коюлуп, аны ишке ашыруу максатында программалар иштелип чыгып, иш алып барылууда.
Демек, балдар, Кыргызстаныбыздын өнүгүшү үчүн ынтымак, биримдик, толеранттуулук, билимдүүлүк да чоң мааниге ээ.
Балдар, «Сабырдын түбү – сары алтын”, “Таш менен урганды аш менен ур”, ”Оң колуңдун ачуусун, сол колуң менен бас” (кыргыз макалдары), “Токтоо болуп, орой сөздү оозго алба, Оройлуктан көңүлдөр муздайт кайра” (Жусуп Баласагын) деп айтылган улуу накыл сөздөр кластердеги кайсы сөздү чечмелеп турат. (окуучулардын ойлорун угат). “Толеранттуулук “ деген сөздү мурда уктунар беле? Бул сөз эмнени түшүндүрөрүн билесиңерби? Эгерде бардык адамдар бири бирине окшош болсо жана эч бир айырмаланбаса, анда эмне болмок? Биздин түрдүү болгонубуз жакшыбы же жаманбы? (окуучулардын жо­опторун угуу керек).
Адамдар өздөрүнүн айырмалануучу белгилери менен бири-бирин толуктап турат. “… Толеранттуулук биздин дүйнөнүн маданиятынын бай көп түрдүүлүгүн сыйлоону, кабыл алууну жана туура түшүнүүнү билдирет. Толеранттуулук – бул адам укугун, … демократияны жана укук тартибин … бекемдөөгө өбөлгө түзүүчү милдет” (Толеранттулук принциптеринин декларациясы. ЮНЕСКО. 1995-ж. 16-ноябрь 5.61. резолюциясы). Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн тургундары Толеранттуулуктун эл аралык күнүн же Чыдамдуулук күнүн белгилешет.
Толеранттуулук: билимге, ачыктыкка, баарлашууга жана ойлордун эркиндигине, адамгерчиликке, ишенимдерге, тынчтыкка жана ынтымакка өбөлгө түзөт. Толеранттуулуктун негизги максаты – башкалардын пикирине, ишенимине, жүрүм-турумуна, маданиятына, саясий коз карашына, улутуна түшүнүү менен мамиле жасоо, чыдамдуулук көрсөтүү, башка адамдарды сыйлоо жана түшүнүү.
Мугалим: Кымбаттуу балдар! Толеранттуу инсан, толеранттуу үй-бүлө кандай сапаттарга ээ болуш керек? Окуучулар менен бирдикте:
— чыдамкай жана сабырдуу;
— башкалардын пикирлери жана кызыкчылыктары менен эсептеше билген;
— чыр-чатакты ишендирүү жана өз ара түшүнүү жолу менен чече билген;
— камкор, сылык жана сыпаа;
— айлана-чөйрөсүндөгүлөрдү сыйлаган жана алар аны сыйлаган адам;
— өзүнүн жана башкалардын укуктарын сыйлаган, башкалар­ды уга билген;
— камкор, башкалардын кубаныч-кайгысына ортоктош, колдоочу;
өз мектебинин, шаарынын, Кыргызстандын патриоту, анын гүлдөп-өсүшүнө камкордук көргөн;
— жаратылышты жана маданиятты сактаган;
— эмгекчил, көз карандысыз, бактылуу, өз алдынча адам.
Кайтарым байланыш (3 мүнөт)
— Бул сабактан кандай жаңы маалымат алдыңар?
— Кайсы маалымат силер үчүн өтө маанилүү болду?
— Көп улуттуу өлкөдө кандай сапаттарга ээ болушубуз керек?
— Кыргыз жараны кандай болуш керек?
Жыйынтыктоо (3 мүнөт)
Демек, толеранттуу инсан, толеранттуу үй-бүлө Толеранттуу өлкөнү түзөт. Кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, байлыктарын, кайталангыс өзгөчөлүктөрүн, мамлекетибиздин улуулугун даңктайлы, изилдейли, муунга берели, унутпайлы! Ар бир Кыргызстанда жашаган көп улуттуу элибиз, мекендештерибиз журтубуздун алдында кызмат өтөйлү!
Үйгө тапшырма:


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет