Пояснительная записка «Саясий география»



бет1/11
Дата31.10.2022
өлшемі124.5 Kb.
#463704
түріПояснительная записка
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   11
Геосаясат б-ча жумушчу программа


Пояснительная записка


«Саясий география» курсу – географ мугалимдерди даярдоо системасындагы географиялык дисциплиналар комплексинин салыштырмалуу жаңы бөлүгү болуп эсептелет. Курс өзүнө КРнын саясий-географиялык абалы, саясий процесстердин аймактык өнүгүүсү жана алардын себептери жөнүндө, Дүйнө өлкөлөрүнүн саясий-административдик түзүлүшүнүн айырмачылыктары жөнүндөгү, глобалдык жана аймактык саясий кубулуштардын анализине болгон системалуу мамилелери жөнүндөгү илимий билимдер багытын камтыйт
Курстун максаты болуп студенттерди тынымсыз өнүгүп туруучу татаал табигый-социалдык комплекс болгон географиялык мейкиндикти кабыл алууга, жогорку класстарга географиянынын практикалык иштерин окутууга адистерди даярдоо болуп саналат.

Максатка жетүү үчүн төмөнкү маселелерди чечүүгө негизделген:



  • Саясий географиянын негизги категорияларын окуп үйрөнү: мамлекеттик территория, мамлекеттик чек ара, саясий карта, геосаясий ажырымдар, саясий ландшафт, геосаясий код ж.б.;

  • дүйнөнүн түзүлүшүнүн негизги концепциясын жана Дүйнөнүн геосаясий моделин түзүү;

  • азыркы дүйнө жөнүндө бүтүндөй элестөөлөрдү калыптандыруу;

  • геосаясий процессиндеги АКШ, ЕС, Кытай, Россия жана Кыргыз Республикасынын ролу жөнүндө түшүнүктөрдү калыптандыруу;

  • КМШ өлкөлөрүндө болуп жаткан саясий жана социалдык процесстерге баа берүүнү үйрөнүү жана түшүнүтөрдү калыптандыруу.

Курстун мазмуну учурдагы дүйнөнүн саясий картасынын калыптануу тарырыхын, өлкөлөр жана аймактардын саясий өнүгүү өзгөчөлүгүн өлкөнүн аймактык структуралык калыптануу принциптерин жана кыймылдаткыч күчтөрдүн жайгашуусун, мамлекеттик жана мамлекеттер аралык саясий түзүлүштөрдү далилдөөгө мүмкүндүк берет


Алган билимдер география мугалимине дүйнөнүн түзүлүшүн, динамикасын окуп-үйрөнүү, жана географиялык кабыкты таанып билүү жана окуучуларды ар тараптан өнүгүүсүн калыптандыруу рамкасындагы өнүгүү тенденциясы үчүн зарыл болот.
Курстун башкы мааниси көптөгөн тарыхый окуяларды, анын ичинде дүйнөлүк сугуштун келип чыгышын, саясий блоктордун калыптанышы ж.б. түшүнүү үчүн зарыл.
Өздөштүрүлгөн билим мектеп мугалимине дүйнөнүн түзүлүшүнүн учурдагы проблемаларына жана сабакты жогорку окуу жана илимий деңгээлде өтүүгө, географиялык илимдердин түрдүү тармактарында факультативдик сабактарды уюштурууга багыттайт.
Аталган курстун рамкасында окутулган билимдер географ адистер чарбанын тармактарында жана түрдүү деңгээлдеги башкаруу органдарындагы практикалык иш аракетинде пайдаланылышы мүмкүн.
Курсту окуп-үйрөнүүнүн натыйжасында студент төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл (знать):
- дүйнөнүн саясий картасындагы өзгөрүүлөрдүн себептери, саясий процесстердин элдердин жашоосуна, иш аракетине, чарбанын өнүгүүсүнө тийгизген таасирин;
- геосаясаттын проблемарларын жана принциптерин, илимий мектерин, негизги түшүнүктөрүн;
- мамлекеттердин саясий-географиялык абалынын өзгөчөлүгүн, саясий чек арасынын түзүлүшүн жана чек ара талаштарынын келип чыгышын;
- КРнын калыптануу поцессинин этаптарын;
- деңиз акваториясын саясий структурлаштыруу жана деңиз экономикалык ресурстар сферасында болуп жаткан тенденцияларды;
- мамлекеттик аймактардын саясий-географиялык структурасынын өзгөчөлүгүн, саясий ландшафтын калыптанышын.




Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   11




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет